Таза балды кантип билебиз?
Туура тамактанууда пайдасы бар жана шыпаа алып келүүчү балдын акыркы кездерде жасалма же аныктыгын билүү боюнча көп ыкмаларды айтып келишет. Чыныгы балды айырмалай билүү туурасындагы маалыматтардын көпчүлүгү туура эмес. Адистер, балдагы глюкозанын ченеми сырттан караганда эч качан жасалма экендигин көрсөтпөй тургандыгын айтышууда. Ал бир гана лабораториялык изилдөө ишинде белгилүү болот. Азык-түлүк сатуучулардын айтымында, арзан баада сатылган бал сөзсүз түрдө жасалма. Ал эми адистердин айтымына караганда, сатыктагы тамшандырган арзан балды бал деп айтууга негиз жок. Анда болгону шекерден же балга окшогон нерселерден жасалган жасалма таттуу. Адистер, балчелектеги аарылардын саны 80 миңдин тегерегинде болушу керек дешүүдө. Кыштан аман-эсен чыккан аарыларга жазында шире (сироп) берүү табигый жана пайдалуу нерсе. Алгач 3 айга чейин аарылар шире менен азыктануусу керек. Аларга жүгөрү, глюкоза, жүзүм, тыт ж.б. жасалган ширелерди берүү кажет. Аны аарылар балга айландырат. Ал эми бал болсо 7-8 айда барып даяр болот. Мындайча айтканда 3-айда берилген шекердин эч нерсеси калбай калат. Шекер аарыларга балдардын чоңоюусу үчүн берилет. Бирок кээ бир бал чыгаруучулар бал алуу мезгилинде да шекер беришет. Бул туура эмес. Тактап айтканда соода этикасына туура келбейт.


Муздаткычта туура эмес жайгаштырылган тамак-аштар сизге зыян
Пайдалуу тамак-аш жана жашылча-жемиштерди ылайыктуу жерде сактоо керек. Айрыкча муздаткычта туура эмес сакталган тамак-аш алардын эрте бузулушуна жана бактериялардын көбөйүшүнө алып келет. Базардан же маркеттен алынган жашылча-жемиштерди желим баштыктарга салынган боюнча муздаткычка коюу туура эмес. Мындайда алдын алуу үчүн базардан келгенде жемиштердин пакеттерин алмаштыруу зарыл. Албетте тамак-аш салынган пакеттерге да көңүл бурулушу керек. Себеби, жашылча-жемиштер кара пакетке салынбаса туура болорун адистер айтышууда. Алардын айтымында, кара баштыктагы боёктор акырындык менен түсүн жоготот, т.а. боёгу агат, ал жашылчаларга абдан зыяндуу. Анткени кара баштыктар пластикалык калдыктардан кайра иштетилип чыккандыктан жана акырындык менен андагы боёктор чыгып, ден соолукка ири өлчөмдө зыян алып келүүдө. Аны алдын алууга болоорун да адистер белгилешүүдө. Ошондуктан тамак-ашты сактоодо ак түстөгү баштыктарды же болбосо пластикалык идиштерди колдонгонуңуз оң. Андан тышкары жашылча-жемиштердин муздаткычта көпкө сакталуусун кааласаңыз, анда баштыктын бир канча жерин тешип коюу керек. Мындайда алар үч күндөн жети күнгө чейин бузулбастан сакталат. Эгерде жашылча-жемиштер муздаткычка жуулгандан кийин коюлса, алар тез эле чирип кетет. Аны алгач жакшылап кургатып, анан сактаса болот. Ошондой эле тамак-аш жана жашылча-жемиштерди муздаткычка туш келди коюуга да мүмкүн эмес. Себеби, муздаткычтын ар бир текчелеринин арасында жылуулук айырмасы бар. Муздаткычтын жогорку катмары муздак, ал эми ылдыйкы катмары ага салыштырмалуу анчалык суук болбойт. Үстүнкү текчеге балык, эт, тоок, ж.б., экинчи текчеге сыр, сүт, йогурт, айран жана ылдыйкы текчеге тамак-аш, ал эми эң ылдыйкы бөлүгүнө жашылча-жемиштер сакталышы керек. Бирок кээ бир муздаткычтарда, жумуртканы сактоочу бөлүгү жабык эмес. Аны муздаткычтын атайын жумуртка сактоочу бөлүгүнө сактоо керек жана сөзсүз түрдө алардын үстү жабык болушу кажет. Негизинен муздаткычка үстү ачык тамак-аштар коюлбашы шарт.