Көзү ачык осьминог Пауль каза болду
Бул жумада футбол дүйнөсү чоң жоготууга учурады. Шейшемби күнү Германиянын Оберхаузер шаарындагы "Зеелайф" аквариумда атактуу осьминог Пауль каза болду. Бирок быйыл Түштүк Африкада өткөн дүйнөлүк чемпионата финалдан башка бардык оюндардын жыйынтыгын алдын-ала туура айтып берген көзү ачыктын ордуна жаңы мураскерди даярдап жатышыптыр.
Россия мамлекети 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионатты өз өлкөсүндө өткөрүү үчүн ат салышып жатат (бирок ал ат салышуу ар кандай ызы-чуу менен коштолууда). Россия 2018-жылкы дүйнөлүк чемпионатты өз үйүндө өткөрүү укугуна ээ болобу, жокпу, ошону "нострадамус" осьминогдон сурайлы деп орус журналисттери Оберхаузер шаарында барышкан экен. Бирок журналисттердин ал жакка бир эмес, үчүнчү жолу барышы экен. Алар атактуу осьминогдон "интервью" алмак тургай, көрө да албай жатышыптыр. - "Мүмкүн Пауль журналисттерге интервью бергиси келбеген кээ бир орус футболчуларына окшоп "жылдыз оорусу" менен ооруп жүрбөсүн, -деген да ой кетиптир орус журналисттеринде. Анда "Зеелайф" аквариумунун кызматкерлери: "Чоочубаңыздар! Кайдагы "жылдыз оорусу"?! Жөн гана Пауль жашоо турмушунун графигин өзгөртүп күндү түнгө алмаштырган, күндүз "жумуш убактысында" эч кимге көрүнбөй эс алчу болду, аквариум ачылганда келип көрсөңөр мүмкүн жолугасыңар деп жооп беришиптир. Бирок кийинки жолу келгенде да Пауль көрүнбөптүр. - "Пауль менен эми эч ким көрүшө албайт, ал өлүп калды",-деп жооп беришиптир "Зеелайфтын" кызматкерлери.
Эми Паулдун өлүмү канчалык экономикалык зыян алып келерин эсептеш кыйын дейт "Зеелайтын" пиар-менеджери Таня Манциг.
- Албетте, жаныбарлар туулуп, өлө берет. Бирок Пауль башкача болчу. Эмне үчүн мындай болду. Мүмкүн Пауль чарчагандыр, мүмкүн ооруп жүргөндүр (ошон үчүн элге көрүнбөй жүргөнбү?). Дүйнөлүк чемпионаттагы финалдан башка баардык оюндардын жыйынтыгын туура айтып Испания чемпион болот деп айткандан кийин биз ага эс алуу берсекпи дегенбиз. Биз жөн эле анын тынчын алчу эмеспиз. Көптөгөн фотокамералардын жарыгы деле анча жолтоо болчу эмес, ар дайым суусун алмаштырып, тамакты жакшы берчүбүз. Ал өзү эле өлдү.
- Орус журналисттери: дүйнөлүк чемпионаттан кийин Паулду көбү сатып алууну каалашкан. Мисалы россиялык бир ишкана 100.000 евро сунуш кылган. Ошондой эле жайында дүйнөнүн ар кайсы бурчунан да Паулду сатып алуу жөнүндө ар кандай сунуштар түшчү. Мисалы, бир жигит эки кызды сүйөөрүн, бирок кимисине үйлөнөрүн билбей Паулдан жардам сурап кайрылган. Америкадан, Испаниядан, Англиядан телефон чалышып ар кандай ток-шоуларга чакырып, ал жөнүндө фильм тартууну сунуш кылышкан. Бирок биз алардын бирине да макул болгон эмеспиз жана өкүнбөйбүз. Анткени осьминог түбөлүк Оберхаузенде калат.
Пауль менен коштошуу тууралуу атайын церемония өткөрүлбөйт. Жөн гана анын күлү салынган челекти аквариумда атайын ачылчу мини-музейге коюшат. Ал жакта бир испандык чиновник алып келген сүрөт көргөзмөсү да болот.
Эң негизгиси Франциядан мурда эле Паулдун ордуна жаңы Пауль-2 алынып келиниптир. Азырынча ал кичинекей (эки айлык), карантинге турат, кийинчерээк элге көрсөтүшөт.
Эми ал Пауль сыяктуу жаңылбас көзү ачык болобу аны кийинчерээк көрөбүз дейт, аквариумдун ээлери. - Биз аны үйрөтүп, даярдайбыз. Адегенде Пауль-1 өзү үйрөтүп, өзүнүн өнөрлөрү менен тааныштырат деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, биз ага жетпей калдык. Эми анын канчалык деңгээлде жакшы көзү ачык экендигин Евро-2012де билинет окшойт. Ал эми 2018-дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугуна кайсы өлкө ээ болорун Пауль-2 айта алабы деген орустардын суроосуна аквариумдун кызматкерлери: Жок, аны айтууга Паулдун алы келбейт, анткени ал азыр өтө эле жаш деп жооп беришиптир.
Эмесе: "Кош бол, Пауль-1", "Жашасын "Пауль-2"! деп жатышат.
"Зеелайф" аквариумунун кичи-музейинде осьминогго эстелик коюлары да айтылууда "Совспорт".




"Нефтчи" - Кыргызстандын чемпиону
Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасы 2010-жылкы Кыргызстандын чемпиону болду. Өткөн жекшемби күнү өткөн чемпионатыбыздын акыркы турунда 40 упай менен өзүнүн негизги атаандаштары "Дордой" менен "Абдыш-Атадан" бир упай алдыда келаткан кочкораталыктар Бишкектин "Шер" командасын 4:0 эсебинде утуп, биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болушту. Ал эми ошол эле күнү Бишкекте акыркы оюнга чейин чемпиондук наамдан үмүтүн үзбөй келаткан "Дордой" менен "Абдыш-Атанын" ортосундагы оюн 2:1 эсебинде "Дордойдун" жеңиши менен аяктады. Бирок ал жеңиш акыркы алты жылдан берки өлкөбүздүн чемпионун экинчи орунга гана чыгарды. Ал эми өлкөбүздүн былтыркы вице-чемпиону "Абдыш-Ата" быйыл үчүнчү орунда калды.
Кочкор-Атада өткөн "Нефтчи" - "Шер" командаларынын ортосундагы оюндун 30-мүнөтүндө Александр Бельдинов эсепти ачты. Биринчи таймдын аягындагы кошумча убакытта Евгений Пилипас экинчи голду ал эми экинчи таймдын 62-мүнөтүндө Пилипас өзүнүн бул оюндагы экинчи голун киргизди. Ал эми экинчи таймдын кошумча 93-мүнөтүндө "Нефтчинин" чабуулчусу Таалай Жуматаев бул оюндагы акыркы голдун киргизип, эсеп 4:0 эсебинде аяктады.
Бишкектеги "Дордой" - "Абдыш-Ата" оюнунда "Дордойдун" коргоочу Фарух Закиров командасын алдыга чыгарган. Бирок 3 мүнөт өтпөй абдыш-аталык чабуулчу Павел Сидоренко эсепти теңеди. Экинчи таймдын 51-мүнөтүндө "Дордойдун" дагы бир коргоочусу Байматов айып тобун тээп экинчи голду киргизди. Андан кийин эки команданын тең эсепти өзгөртүү мүмкүнчүлүгү болду бирок …
Ошондой эле Бишкекте "Алга" Кара-Балтанын "Химик" командасын кабыл алып 4:2 эсебинде жеңди. 2010-жылкы чемпионаттын жыйынтыгында кийинки орундарды "Алга", "Шер" жана "Химик" командалары ээлешти. Ал эми бомбардирлердин арасында биринчи орунду быйыл 15 топ менен Таалай Жуматаев ("Нефтчи") ээледи. Даярдаган Табылды Асыгалиев




"Алтын топту" ким алат?
ФИФА 2010-жылкы "Алтын топтун" ээсин аныктоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты 23 талапкердин атын атады. Ага негизинен быйыл жайында Түштүк Африкада өткөн дүйнөлүк чемпионатта мыкты чеберчиликтерин көрсөтө алган оюнчулар кирип, алардын ичинде 7 испандык жана 5 германиялык оюнчу кирген. Клубдар арасында "Барселона" биринчи орунга чыгып, ал командадан "Алтын топко" 6 оюнчу талапкер экен. "Бавариядан" - 5 оюнчу көрсөтүлгөн.
Мурда дүйнөнүн мыкты оюнчусу бир учурда эки аныктоо аркылуу аталчу. Бир жагынан башкы лауреатты франциялык "France Football" журналы (журналисттери) аныктаса, ошол эле учурда ФИФА (курама командалардын башкы машыктыруучулары, капитандары менен бирге) да дүйнөнүн мыктысын аныктачу. Анан да 2005-жылдан баштап бул эки жактын көз караштары бирдей болуп: Роналдинью, Каннаваро, Кака, Криштиану Роналду, Месси мыкты оюнчулар болушкан.
Эми 5-июлда Йоханнесбургдагы келишим боюнча ФИФА менен франциялык басылманын конкурсу бирикти. Мындан ары "Алтын топ" Эл аралык футбол федерациясынын жетекчилигинде берилет. 6-декабрда Парижде ФИФА менен "France Football" машыктыруучулар менен капитандар ММК менен бирге эң көп добуш алган үч номинанттын атын аташат. Ал эми 10-январда Цюрихте ФИФА расмий түрдө 2010-жылкы "Алтын топтун" ээсин атайт.
Азырынча 23 талапкердин катарына: дарбазачылар - Икер Касильяс (Испания, "Реал"), Жулиу Сезар (Бразилия, "Интер"); коргоочулар - Даниэл Алвеc (Бразилия, "Барселона"), Филипп Лам (Германия, "Бавария"), Майкон (Бразилия, "Интер"), Карлес Пуйоль (Испания, "Барселона"); жарым коргоочулар - Сеск Фабрегас (Испания, "Арсенал"), Андрес Иньеста (Испания, "Барселона"), Лионель Месси (Аргентина, "Барселона"), Томас Мюллер (Германия, "Бавария"), Месут Езил (Германия, "Вердер" жана "Реал"), Бастьян Швайнштайгер (Германия, "Бавария"), Арьен Роббен (Голландия, "Бавария"), Весли Снайдер (Голландия, "Интер"), Хаби Алонсо (Испания, "Реал"), Хави (Испания, "Барселона"); чабуулчулар - Дидье Дрогба (Кот-д'Ивуар, "Челси"), Самюэль Это'О (Камерун, "Интер"), Диего Форлан (Уругвай, "Атлетико"), Асамоа Гьян (Гана, "Ренн" жана "Сандерленд"), Мирослав Клозе (Германия, "Бавария"), Криштиану Роналду (Португалия, "Реал"), Давид Вилья (Испания, "Валенсия" жана "Барселона").
ФИФА ошондой эле быйыл биринчи жолу жылдын "Мыкты машыктыруучусун" атайт. Ага он тренер талапкер экен, алар: Карло Анчелотти ("Челси"), Висенте Дель Боске (Испания кур.ком.), Алекс Фергюсон ("Манчестер Юнайтед"), Хосеп Гвардьола ("Барселона"), Йоахим Лев (Германия кур.ком.), Жозе Моуринью ("Интер" жана "Реал"), Оскар Табарес (Уругвай кур.ком.), Луи ван Гал ("Бавария"), Берт ван Марвейк (Голландия кур.ком.) жана Арсен Венгер ("Арсенал"). Ошондой эле аялдар арасында да "Мыкты оюнчу" жана "Мыкты тренер" аныкталат.