Жер алдындагылар куткарылды
Кенчилер камалып калган жерге жетүү үчүн атайын тешик оюлду жана бул үчүн 33 күн сарпталган. Ал эми аларды жер үстүнө алып чыгуу үчүн атайын даярдалган, бир гана адам бата турган капсула колдонулду. Бир адамды алып чыгууга 20-30 мүнөт убакыт сарпталды.

Чилиде эки айдан бери жер алдында камалып отурган кенчилерди куткаруу иштери ийгиликтүү аяктады. Чилинин түндүгүндөгү Сан Хосе кенинде 33 адам 662 метр тереңдикте камалып калышкан. Аларды куткаруу иштерине өлкө башчысы Себестьян Пиньера да катышты. Кенчилер камалып калган жерге жетүү үчүн атайын тешик оюлду жана бул үчүн 33 күн сарпталган. Ал эми аларды жер үстүнө алып чыгуу үчүн атайын даярдалган, бир гана адам бата турган капсула колдонулду. Бир адамды алып чыгууга 20-30 мүнөт убакыт сарпталды.
Кенчилер жер титирөөдөн улам жер алдында калып калышкан. Алар менен 17 күндөн кийин гана байланыш болуп, суу, тамак-аш, дары-дармектер атайын түтүк аркылуу түшүрүлүп турган. Бара-бара байланыш түйүнү орнотулган. Аман- эсен алынып чыккан кенчилерди тууган-уруктары чыдамсыздык менен күтүп алышты. Бул операцияны чагылдырыш үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан 1300 кабарчы чогулган. Куткарыл- ган адамдардын ден соолугун көзөмөлдөн өткөрүш үчүн алар дароо ооруканаларга жеткирилди. Ал эми өлкө башчысы Себестьян Пиньера "бул кен кырсыктардын узун тарыхына ээ. Андыктан биз бул жерде иштегендердин өмүрүн, коопсуздугун кепилдемейинче кен кайра ачылбайт",- деп билдирди.




Автобус менен поезд кагылышты
Украинанын Марганец - Никополь темир жолунда жүргүнчүлөрдү ташып бараткан автобус менен поезд кагылышып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча каза тапкандардын саны 43 адам. Алардын ичинен экөө жаш балдар болгон.
Каргашалуу бул кырсыкка автобустун айдоочусу күнөөлүү экендиги такталды. Анткени ал өтүүгө болбой турган белгилерди көрүп туруп, темир жолго чыккан. Кырсык болгон жерге куткаруучулар жана дарыгерлер келишти. Өлкө башчысы Виктор Янукович каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандар менен жолугушту. Укуккоргоо органдарына окуяны кылдаттык менен изилдеп чыгууну буйруду. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 12 миң доллар компенсация төлөнүп берилери да айтылды.

Эң бай аялдар кытайлар
"Хурун" деп аталган изилдөө институтунун изилдөөсүнө ылайык эң бай аялдар кытайлыктар. Тизмедеги алгачкы үч орундукту да кытайлык айымдар ээлешкен. Биринчи орунда 53 жаштагы Чжан Ин Кытайда кагазды кайра иштеткен "Тогуз ажыдаар кагаз" ишканасынын ээси турат. Анын байлыгы 5 жарым миллиард долларга бааланган.
Экинчи сапты 4 жарым миллиард доллар байлыгы менен "Лонфор Проперти" ишканасынын ээси У Яцзюн ээлеген. Ал эми үчүнчү орун 69 жаштагы "Фухуа Интернационал" мекемесинин жетекчиси Чен Лихуага ыйгарылды. Анын байлыгы 4 миллиард долларга эсептелген. Ал эми тизмеде 6-орунда Москванын мурунку мэрии Ю.Лужковдун аялы Е.Батурина турат. Анын байлыгы 3 миллиард деп көрсөтүлгөн. Изилдөөчүлөрдүн маалыматы боюнча кытай аялдары дүйнөдөгү аялзатынын ичинен эң эле дымактуу болушат экен.

Калкты кайрадан каттоо иштери башталды
Өлкө боюнча калкты кайрадан каттоо кечээтен баштап 25-октябрга чейин созулмакчы. Ал үчүн 50 миң адам атайын даярдыктан өтүп, элди каттоого алышмак. Алардын ичинен 35 миңи студенттер. Кайра каттоонун жыйынтыктары 2011-жылдын аягында жарыяланат. Жалпы өлкө боюнча коопсуздукту камсыздоо үчүн 130 миң милиция кызматкери тартылган. Каттоого кеткен чыгым 17 миллиард рублга бааланды. Буга чейин Россияда 2002-жылы каттоо болгон эле.

Кырсыкка кабылган учак
С-130 учагы жума башында Кабулдан анча алыс эмес тоолуу жерде кулап түшүп, жарылып кетти. Экипаждагы 8 адамдын баары, алардын алтоо Филиппин атуулдары, бир индеец жана бир кениялык каза болду деп билдирет Франс-пресс агенттиги. Аталган учак "National Air Cargo" авиакомпаниясына тиешелүү болгон. Ал Баграмдан Афганистанга эл аралык күчтөрдүн коопсуздугу үчүн атайын жиберилге жүктү ташып бара жаткан эле. Жыл башынан бери коммерциялык учактардын экөө кырсыкка кабылган.




  Борбор Азия

Карагандыдагы кырсык
14-октябрда таң эрте Казакстанда автокырсыктан 11 адам каза тапкандыгы кабарланды. Кырсык бир күн мурда түш ченде эле болсо да расмий түрдө айтылган эмес экен. Екатеринбург - Алма-Ата автожолунда эки автобус ("Сетра" жана "Мерседес") жана эки "КамАЗ" кагышкан. Окуя болгон жерде бир автобустан 10 жүргүнчү жана жүк ташуучу машинанын айдоочусу каза болгон. "КамАЗдын" бири жана эки автобус ордунда эле өрттөнүп кеткен. Дагы жети жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Экинчи автобустун адамдары кудай жалгап эсен-соо. Айтуудан кырсыктуу автобустагылар Өзбекстандын жарандары экен.

Картошка
өзүбүздө калсын
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдөн тышка мал, эт, картошка, жүн жана металлдарды сатууга тыюу салган токтом чыгарды. Максаты - атамекендик өндүрүштү коргоо жана ички рынокто бааларды жөнгө салуу. Өлкөнүн жалпы экспортунун 70 пайызын мамлекеттик Тажик алюминий компаниясы (Talco) өндүргөн металлдар түзөт, аларга ички керектөө жокко эсе болгондуктан сыртка сатылчу. Ал эми Дүйшөмбүнүн базарынан "тажик" картошкаларын таппайсың дале, жашылча-жемиштер болсо Иран менен Пакистандан келет. Соңку үч кварталда Тажикстанда ВВП 6,2 пайызды түзүп, инфляция 6,7 пайызга жеткен.

Чет элдик медреселерден кайтып келишүүдө
Тажик президентинин августтагы чет өлкөлөрдө ислам динине окуп жаткан жарандарыбыз өзүбүзгө кайтып келсин деген чакырыгы акырындап ишке ашууда. Өткөн жумада Ирандан 9 тажик жараны кайтып келди. Былтыр да Ирандын Захедан шаарынан 15 студентти кууп чыккан, себеби алар виза эрежесин сактаган эмес. Учурда Тажикстандын 1400 атуулу чет элдик диний окуу жайларында - медреселерде жана институттарда окуйт. Президенттин чакырыгынан соң алардын 15и кайтып келди. Келгендерди жергиликтүү диний жана башка окуу жайлары кабыл алууда.

Мамлекеттик герб 45 метр бийикте турат
Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын Тышкы ишмер министрлигинин 7 кабат имаратын куруу иши башталды. 200 адам иштеп жаткан бул имарат эки жылда бүтөт. ТИМ конушу Улуттар сарайынын каршысына салынуу менен аябай кооз болот. Анын алдына кийинки жылы эгемендүүлүктүн 20 жылдыгында бүтүүчү 45 метрлик пос- таментке 5 метрлик герб орнотулат.

Президент килемдерге сыймыктанды
Түркмөнстандын мамлекет башчысы Катар өлкөсүндө болуп, борбору Доха шаарында Ислам музейинде жана "Соук Вакиф" деп аталган жаңыланган байыркы араб базарын кыдырды. Ал базар аралап жүрүп эки чайханага кирсе, экөөндө тең түркмөн килемдери илинип туруптур, буга президент аябай сыймыктанды. Түркмөн жана катар адистери олимпиадалык мааниге ээ спорт жайларын курууга киришет. Мындай келишимге президент Гурбангулы Бердымухамедов менен Катар эмиринин баласы шейх Джасем бин Хамад Аль Тани кол койду. Ошондой эле Катардын туризм тармагындагы тажрыйбалары Каспий боюндагы "Аваз" туристтик аймагында колдонулары болжолдонду.

Сыйлыкка алтын чынжырлар
Түркмөнстанда "Түркмөндөрдүн алтын кылымы" деген маданий конкурс жыйынтыкталды. Эң төмөнкү сыйлык 500 доллар болуп, жогоркулары 3000 доллардан алды. Жазуучулар, ырчылар, артисттер, таланттуу жаш аткаруучулар, маданий жамааттар акча гана албастан алтын чынжырларды кошо алып, алтын кылымга ыраазы болушту. Мындай сыйга азербейжандык ырчы Гульянаг Закир гызы Маммадова да түркмөнчө ырдап татыктуу болду.

Түркиялык дарыгерлер жардам берет
Ташкентке жакынкы күндөрү Өзбекстандын "ЭКОСАН" жана Түрк эл аралык кызматташтык уюму (ТICA) түзгөн долбоор аркылуу Түркиядан атайын чакырык менен он жүрөк хирургу жана пластикалык хирург келет. Алар менен кошо жугуштуу ооруларга каршы 600 миң вакцияна жиберилет.

Кайрадан пахта жарменкеси
Ташкентте 6-эл аралык пахта жарменкеси ачылды. Ага дүйнөнүн 34 мамлекетинен 300 компаниядан 500дөн ашык чет өлкөлүк өнөктөштөр катышууда. Өзбекстан дүйнөдө пахта өндүрүү боюнча алтынчы, аны экспорттоо боюнча экинчи орунда турат. Жарменкеде өзбек пахтасынын 1000ден ашык түрү коюлуп, сатууга 600 миң тонна "ак алтын" чыгарылат, экспортко 500 млн доллар сатуу тууралуу келишимдерге кол коюшу күтүлүүдө. Өзбекстандык "ак алтынчылар" быйыл 600 миң тонна пахта жыйнап алууга чамынып жатат.