Балага кандай мамиле кылуу керек?
Адистер ата менен баланын ортосундагы мамилеге айрыкча көңүл бурушууда. "Атанын балдарына кылган жакшы мамилеси, тарбиясы баланы туура эмес жолдон алыстатат. Экзаменде балаңыз жакшы баа албай калса, аны урушуп же опузалоонун ордуна, аны менен ата-бала мамилесин түзүп, абалын түшүнүүгө аракет кылыңыз. Андан тышкары балаңызды анын достору же туугандарыңыздын балдары менен салыштыруудан алыс болуңуз. Айрыкча атанын кызына болгон мамилеси, кызын мактоо сыяктуу мамилелер баланын өзүнө ишенүүчүлүк сезимин жогорулатат",-дешет. Эмесе, адистердин сунушу менен аталардын эркек жана кыз балага кандай мамиле жасоо керектиги туурасында кеңештери:

Тартип эрежелерин алдын-ала белгилеңиз: Балдар сизге качан жана кандай мамиле жасоо керектигин мурдатан билүүгө муктаж. Сиз ар дайым тартипти сактоону алдын ала билдиргениңиз оң. Ашыкча кыйкыруунун же урушуунун кажети жок. Болгону балаңыздын мындан кабары болсо ар кандай учурда ал өзүн тартипке ала алат. Бир сөздү кайра-кайра кайталооңуздун кереги болбойт.
Өзүнө ишенүү сезимин өнүктүрүңүз: Ата менен кыздын ортосундагы тарбиялык байланыш кыз баланын өзүнө ишенүүчүлүгүн жогорулатат. Андан тышкары да атанын кызына болгон жакшы мамилеси, аны ар дайым мактоосу балага жакшы таасир калтырат. Ал үчүн кызыңыздагы кичинекей өзгөрүүлөрдү байкоого алыңыз жана андан көргөн эң жөнөкөй мамилени чыңдоону эч качан унутпаңыз.
Сабакка даярдануу зарыл эмес жоопкерчилик: Мектепте окуй баштаган балдардын сабакка даярдануусу татаалдашат. Мындай учурда, ата-энелер аларга кысым көрсөтө баштайт. Тапшырманы аткарууга милдеттүүсүң дегендин ордуна, "баарыбыздын жоопкерчилигибиз бар, апаң үйдө, мен жумушта, а сен болсо мектептеги бардык жоопкерчиликтериңди аткарууга аракет кылып жатасың" десеңиз балаңызга туура таасир берген болосуз.
Убакытты чогуу өткөрүңүз: Көпчүлүк учурда аталар кыздарынын жоопкерчилигин апасына (жубайына) жүктөшөт. Бирок бул туура эмес. Ар дайым кыз баланын энесинин жанында болуусу, эркектерди таанууга мүмкүнчүлүк түзбөйт. Ал эми кыз бала мындай нерсени алгач атасынан алат. Атасы ар дайым керек учурунда жардам бергендиги жана аталык тарбиясы менен кыздын өзүнө болгон ишенимди жогорулатат. Ошол себептен атасын жакшы көргөн жана аны менен чогуу убакыт өткөзгөн кыз балада өзүнө ишенүүчүлүк, күчтүүлүк жана өжөрдүк сезими пайда болот.
Шартсыз түрдө кабыл алууга аракет кылыңыз: Кээ бир аталар кыздарына өздөрү каалаган жана берген суроолорго жооп алуу талабын коюшат. Бирок сиздин мындай мамилеңиз кызыңызды коркунуч жана тынчсыздануу абалына алып келиши мүмкүн. Албетте, анын сабактарды өздөштүрүүсү сиз каалагандай болбосо да ал кызыңыз экендигин эч качан эстен чыгарбаңыз.
Жакшы мамиле кылыңыз: Кызыңызга болгон жакшы мамиле жана аталык мээрим алардын ортосундагы жылуу мамиленин бузулушунан сактайт. Эгерде кызыңыз экзаменде ийгиликке жетише албаса, анда аны урушуу же опузалоонун ордуна көңүл чөккөндүгүн түшүнүү менен жардам берүүгө аракет кылыңыз. "Балким сен өзүңдү жакшы сезбей жаткан чыгарсың" дегендей сөздөр аркылуу анын абалын туура түшүнүңүз. Мындан кийин кызыңыз сизге жашырбастан жана коркпостон баарын айтып бере алат. Ага мүмкүнчүлүк түзүп берүү бир гана сиздин колуңузда.
Кызыңыздын сырткы турпатын сыноодон алыс болуңуз: Кыз баланын дене көрүнүштөрү эркек балага салыштырмалуу алдыңкы планда турат. Айрыкча кыздар бойго жетүү курагына жакындай баштаганда дене турпатында өзгөрүүлөр пайда болот. Ал учурда алар түркүн кийим кийүүгө же тескерисинче семирүүгө чейин барышат. Андай учурда кызыңызга "сага бул кийим жарашпайт же аябай семирип кеттиң" деген сыяктуу сын пикирлерди айтуудан алыс болгонуңуз оң. Бул бойго жетүү курагына келип калган кызыңызды басынтышы мүмкүн.
Эркек балаңыз менен жыныстык темаларда сүйлөшүүдөн тартынбаңыз: Балдар кичине жаштан баштап ар дайым жыныстык темаларга кызыгып келишет. Аны аталарынан сурашат. Албетте берилген суроого кыска жана туура жооп берүүңүз шарт. Бирок 7 жаштан жогору жаштагылар жыныстык темаларга байланыштуу суроолорду берүүдөн тартынышат. Ошол себептен бул темада аларга туура түшүнүк бере алса, балага да жакшы болот. Себеби, ал атасынан жооп ала албаса, башка нерселерден, интернет ж.б. ала алышат. Андай учурда балаңыз туура эмес түшүнүккө кабылышы мүмкүн.
Башкаларга салыштырбаңыз: Эсиңизде болсун, балаңызды эч качан анын достору же туугандарыңыздын тартиптүү балдары менен салыштырбаңыз. Сиздин мындай мамилеңиз балаңыздын көңүл чөгүүсүнө, басынуусуна жол ачат. Ошондуктан балаңыздын колунан келбей жаткан жөнөкөй нерселерди туура түшүнүү менен ага жардам берүүгө аракет кылыңыз. Сенин колуңдан эч нерсе келбейт деп басынтуунун же урушуунун кереги жок. Анын да жасай ала турган колунан келчү иштери бар. Болгону сиздин балаңызга болгон камкордугуңуз абдан зарыл. Мисалы, "сен сүрөттү эжеңдей тарта албайт экенсиң дегендин ордуна эң мыкты боёт экенсиң" деген мактоо балага дем берет жана аны шыктандырат.
"Мен сенин жашыңда" дебеңиз: Эч качан мен сендей чагымда сабактарымды убагында бүтүрчүмүн, улуулардын сөзүн ар дайым укчумун, аларга жаман мамиле кылчу эмесмин дебеңиз. Мындай салыштырууларыңыз балаңызга терс таасир калтырат. Балаңыз да өзүн жаман абалда сезип сизге каяша айта баштайт. Бирок балаңыз башка бир чөйрөдө жашап жаткандыгын, эч качан эскиге салыштыруу мүмкүн эместигин унутпаңыз. Албетте, сиздин учурдагыдай боло албайт.
Мактоолоруңузду башкаларга айтыңыз: Эгерде балаңызды мактагыңыз келсе, анын жакшы мамиле, жүрүш-турушу сизди ыраазы кылган болсо, аны башкаларга айтып мактансаңыз болот. Башка адамдардын жанында атасынан уккан мактоо баланы кубанычка бөлөйт.
Балаңыз менен активдүү болуңуз: Ар дайым балаңыз менен чогуу болгонго аракет кылыңыз. Аны эч качан өзүңүздөн оолак кармап, бөлбөңүз. Тескерисинче балык кармоо же футбол ойноого чогуу барганыңыздар оң. Ал гана эмес үй-тиричилигинде да оңдоо иштерин чогуу жасаңыз. Бул балаңыздын сиздин жаныңызда өзүн мыкты сезүүсүнө жол ачат.
Ага эң мыкты ата болуңуз: Балаңызга карата ар дайым сабырдуу, оор басырыктуу, түшүнүктүү, туруктуу жана жакшы көрүү мамиледе болуңуз. Мындай мамилеңиз балаңызга жагып, сизге дагы да жакшы мамиле кылуусу толук мүмкүн. Катуу сүйлөө, буйрук берүү, оор сындоолор, урушуу менен сиз балаңызга эч кандай пайда бере албайсыз. Тескерисинче анын сизден көңүл калуусуна жана ата-баладай мамиледе эмес чоочун адамга кылган мамилеси пайда болот. Ал гана эмес, сиздин орой мамилеңизден улам калп айтуу өзгөчөлүгүнө ээ кылат. Андан тышкары балаңыз сизден жаман тарбия алып чыгуу коркунучу алдында турат.