Ошко оомат кайра келет
Назгүл Бостонбаева, Ош
Жыл сайын 5-октярбь Ош шаарынын күнү катары белгиленип келет. Салтка айланган бул күнү шаарда ар кандай спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар, атайын жарманкелер өткөрүлдү. Шаардыктарды майрамы менен куттуктаган калаа жетекчиси М.Мырзакматов 3000 жылдык бай тарыхы бар касиеттүү Ош шаарыбыз өз башынан жүрөк толкуткан кубанычтуу да, көңүл чөгөргөн кайгылуу да катаал күндөрдү өткөрүп келгенин айтып, "Биз улут аралык араздашууга алып келген кандуу калабадан туура жыйынтык чыгаралы. Эң оболу, байыркы шаарды мекендеген элибиз "өткөн ишке салабат" деп, келечекке ишенимдүү кадам шилтегени оң. Коңшу коңшуга, аркы көчөдө жашагандар берки көчөдөгүлөргө кек сактабашы керек. Ансыз биз ордолуу Ошто түбөлүк тынчтык орното албайбыз", - деди.
Мындан сырткары, коогалаң болгонуна карабай шаарды өнүктүрүү багытындагы иштер ыргактуу баратканын кошумчалады. Планга ыйык Сулайман Тоону, Ак-Буура дарыясынын корук зоналарын сактоо, "Кыргыз көчү" аталган Чыгыш дарбазасынын курулушун куруу, Барсбек баатырдын эстелигин орнотуу, борбордук көчөлөрдөгү транспорттук агымдарды жеңилдетүү максатында Ак-Буура дарыясы аркылуу эстакадалык көпүрөнү, жаңы жолдорду куруу сыяктуу иш чаралар киргизилген.

Кош майрамдын ээси - Амирхан
5-октябрь күнү эрте менен Ош шаардык төрөт үйүндө наристе жарыкка келди. Шаар күнүнө туш келген бул кубанычты мэриянын кызматкерлери тең бөлүшүп, мэриянын атынан белектерди тапшырды. Шаар күнүндө төрөлгөн ымыркайга ата-энеси Амирхан деген ысым ыйгарышты.

Жарманке жаркын маанай тартуулады
Жарманкени Ош шаардык мэриясы уюштуруп, дыйкандар тарабынан жашылча-жемиштер, буудай, күрүч сыяктуу айыл-чарба азыктары, турмуш тиричилик керектөөлөрү 50%га арзан шаардын жашоочуларына тартууланды. Бул иш чаранын максаты бир гана шаар күнү үчүн эмес айыл менен шаардын жашоосу бири-бирисиз өтпөстүгүн далилдөө, элдердин достугун бекемдөө болуп саналат, - дейт шаар мэринин биринчи орун басары Таалай Сабиров. Жарманке катышуучуларынын алып келген азык-түлүктөрүнүн сапаттарын баалоо үчүн атайын комиссия да түзүлүп, мыкты катышкан ишкерлерге Ош шаардык мэриясы тарабынан Ардак грамоталар берилди.
Белгилей кетсек, 5-октябрь - Ош шаарынын күнү катары, "Ош шаарынын макамы жөнүндөгү" 2000-жылдын 4-октябрында кабыл алынган мыйзамдын жана калаанын 3000 жылдыгын майрамдоо тарыхый салтанатын тарыхта калтыруу, Оштун маданий мурастарын сактап калуу максатында 2001-жылдын 22-февралында Ош шаардык депутаттардын Кеңешинин чечими менен белгиленип келүүдө.




Мугалимдерге камкордук көрүлөт, айлык акылары жогорулайт
К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалуу драма театрында мугалимдердин кесиптик күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарада областтын губернатору Мирбек Асанакунов "мамлекетибиз тынч болсо, экономикабыз өнүгүү жолунө түшсө мугалимдерге камкордук көрүлүп, алардын айлык акылары жогорулайт. Билим берүүнүн сапатын көтөрүү жаатындагы көйгөйлүү маселелер чечилет",-деп айтты. Иш-чарада тастыктаган маалыматына караганда быйылкы окуу жылына карата республика боюнча 20дан ашуун орто мектептин курулушу бүткөрүлсө, анын 15и областка таандык. Жаңы жылга чейин дагы 5 мектеп пайдаланууга берилет. Область боюнча 194 мектеп болсо, анын 80-90 пайызы дээрлик заманбап техника менен камсыз. Спорттук комплекстерди куруу иштери да колго алынууда. Акыркы 15 жылдан бери областтын мугалимдери, окуучулары "Жыл мугалими" кароо-сынагынын жана предметтик олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнүн катарын толуктап, Бишкек шаарынан кийинки экинчи орунду башка бир дагы областтарга берише элек. "Билим берүүнүн отличниги" төш белгисине ээ болгон агартуу тармагынын мыкты адистеринин да саны өсүүдө.
Ал эми областтык билим берүү институтунун директору Догдургүл Кендирбаеванын тастыктоосунда, жакында эле Бишкек шаарында беш номинация боюнча өткөн республикалык кароо-сынакта Каракол шаарындагы №9 орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бактыгүл Абдубалиева өзүнүн кесиптик деңгээлинин мыкты экендигин далилдей алды. Ал "Жыл мугалими - 2010" байгесине ээ болуп, экинчи орунду жеңип алды. Ошондой эле Каракол шаарындагы № 2 балдар бакчасы, ушул эле калаадагы А.П.Чехов атындагы орто мектеп да республикалык кароо-сынактын жеңүүчүлөрү деп табылып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту. МЕРСИКО мектептерди өнүктүрүү жана жаш балдарды тамактандыруу, ЮСАИД сапаттуу билим берүү программасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын алдындагы "Айылдык билим берүү" долбоору менен алакалаш иштешүү аркылуу агартуу тармагындагы бир топ көйгөйлүү маселелер чечилип, мугалимдер моралдык, материалдык колдоолорго ээ болууда.
Иш-чарада мыкты мугалимдерге ар кандай деңгээлдеги сыйлыктар ыйгарылды, куттуктоо сөздөр да оголе арбын айтылды, алардын жарпын жазган, сезим күйүн жандырган жагымдуу ырлар обого жаңырды.




Санжар Бакиевдин кылмыш иши шаардык сотко өттү
Жалал-Абад облусунун прокурору Каныбек Турдумамбетовдун берген маалыматына караганда, 24-сентябрь күнү Санжар Бакиев жана анын шериги Бектурсун Келдибековдун кылмыш иштери Жалал-Абад шаардык сотуна өткөн. Санжар Бакиев жана анын шеригине карата "КР Кылмыш-Жаза" Кодексинин 97-беренеси: "Киши өлтүрүү", 229-беренеси: "Мыйзамсыз түрдө куралдуу кошундарды уюштуруу жана ага катышуу", 233-беренеси: "Массалык тартипсиздиктер", 241-беренеси: "Ок атылуучу, ок атпоочу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу жасалгаларды мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү", 343-беренеси: "Кызмат адамынын наамын жана бийлигин өзү билип ыйгарып алуу" деген беренелер боюнча айыптары угузулган. "Ушул жылдын 14-октябрында соттук териштирүү башталат. Бүгүнкү күндө С.Бакиев менен Б.Келдибеков КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторунда кармалып турушат", - дейт К.Турдумамбетов.




"Өлкө үчүн! Республика үчүн!" деген жазуусу бар каптагы ундар сатылып жатат
Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясы менен облустук прокуратуранын биргелешкен иш аракетинин негизинде 5-октябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы навайкана жана "Адилет" базарында "Өлкө үчүн! Республика үчүн!" деген жазуусу бар каптагы ундар сатылып жаткан бир нече контейнерлер текшерилди. Текшерүүнүн натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын Биринчи май көчөсүндө жайгашкан навайканага бир күндө эле "Өлкө үчүн! Республика үчүн!" деген жазуусу бар 10 кап ун келген. Навайчы Расул Халдаров ундарды "Адилет" базарындагы Соня деген сатуучудан 1 миң 50 сомдон алганын айтты. Бирок, текшерип барганда, Соня деген сатуучу өзүнүн контейнерин жаап кетип калыптыр. Ошол базардагы ун сатуучулар бир айдан бери "Мариям" ишканасынан "Өлкө үчүн! Республика үчүн!" деген жазуусу бар 50 кг каптагы ундарды 1 миң 30 сомдон сатып алышканын, алар кайра кардарларга бир кап унду 1 миң 50 сомдон сата турушкандыгын айтышты. Сатуучулар бул каптагы жазууну шайлоо учурунда "Республика" партиясына карата үгүттөө катары жазылганын билбей турушкандыгын билдиришти. Ал эми аталган партиянын облустагы штабына чал- ганда, алар бул маселе боюнча иликтөө жүргүзүп жатышканын, "жыйынтыгын 7-октябрь күнү билдирибиз" деп убада кылышкан. Бирок, штабдын башчысы бул факты боюнча эч кандай тактоону берген жок. Тактоо үчүн "Мариям" ишканасына чалсак, алардын телефондорун эч ким албады. Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад





Нарында мектептердин китеп менен камсыздалышы 58 пайыз
Мындай маалымат облустук акимчиликтен алынды. Мунун ичинен окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектепте окуу китептер 66 пайызды түзсө, орус тилинде окутулган мектептерде китептердин камсыздалышы 47 пайыз. Облуста жалпысы 1128 компьютер бар. Бул керектөөнүн 39 пайызын түзөт дегендик. Же болбосо облус мектептерине 1053 компьютер, 162 принтер, 138 көчүрмө аппарат керек. "Жаш мугалимдер" депозити программасынын алкагында облуста 158 мугалим иштеп жатат. Бирок 87 мугалим жетишпейт.

Кочкордо окуучулар палаткада окуп жатышат
Молдо Кылыч айылындагы У.Малтабаров атындагы орто мектептин окуучулары 5 палаткада 35-40тан олтурушуп окушууда. Ошондой эле окуучулардын бир бөлүгү айылдын тургуну Сагынбек Орозовдун үйүндө окуп жатышат. Облустук акимчиликтен алынган маалымат боюнча бул мектеп 1989-жылы элдик "Ашар" ыкмасы менен бүткөрүлгөн. 2006-жылдагы жер титирөөдөн кийин мектептин имаратынын 75 пайызы жараксыз болуп калган. КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2010-жылдын 9-марттагы актысынын негизинде имарат пайдаланууга жараксыз деп табылган.

Нарындын келерки жылга үрөн таңкыстыгы 1484 тонна
Быйылкы жылы Нарын облусунда 592 гектарга тектүү үрөн себилген. Бирок дубандагы 25 үрөн чарбанын 8 үрөн чарбасы бир да гектарга үрөн сепкен эмес. Жыйынтыгында 432 гектар аянт апробациядан өткөрүлгөн. Ал эми келерки жыл үчүн 7023 тонна үрөн керек. Азыркы маалда тектүү үрөндү камсыздоо 39 пайызды түздү. Мындан сырткары дандык эгинден үрөн камдоолорду кошкондо эсептөө боюнча 1484 тонна жетпейт. Бул тууралуу Нарын облустук үрөн инспекциясынын жетекчиси Самар Нурдөөлөтов билдирди.

Нарын шаарынын 4 чакырым жолу качан асфальтталып бүтөт?
Үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттен 50 миллион сом бөлүнүп, Нарын шаарынын борбордук көчөсүнүн 4,3 чакырым аралыгын асфальттоо август айында башталган. Алгачкы асфальт жаткыруу 1-сентябрь күнү Президент Роза Отунбаева Нарын шаарына келгенде ишке ашырылган эле. Бирок азыркыга чейин жолду толук бүткөрүү аягына чейин аткарыла элек. "Азыркы маалга бөлүнгөн каражаттын 40 миллион сому келип, 25 миллион сому пайдаланылды. Шагыл төшөө жумуштары дээрлик 90 пайызга бүткөрүлдү. Октябрь айынын аягына чейин жол асфальттоо толук бүткөрүлөт деп турабыз",-дейт Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев. Күмөндөр Усуптегин, Нарын