Кыргыз гезиттери



Шайлоо да болоор, шайлоонун эртеси да болоор...
Негизинен эл көп партиянын программасын, максатын жакшы билген жок, кээ бир партиялар шайлоо үчүн эле түзүлө калгандай болду. Адамдар болсо көпчүлүгү бул же тигил партиянын программасы үчүн эмес, ошол партияда куда-сөөгү, таяке-жээни, кошунасы бар үчүн гана аларды колдоп добуш бергени турат.

СҮРӨТ: АЛИЖАН ЯКУБОВ

Абдыкерим Муратов
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ

Партиялар кайда баштап барат?
Кыргызстанда парламенттик шайлоодо депутат тандоо биринчи учурда эки палатага - жергиликтүү округдар менен жүргөн, кийин бир палаталуу болгон кезде да аймактар боюнча талапкерлер көрсөтүлүү менен партияларга да бир аз кворум бөлүнгөн. Мында дале кыргыз уруулары ар кимиси өз кулундарын сүрөп чыгарып, кокту-колот, жердешчилик жана акча, жалган убада башкы күч болуп берген. Бир катар жерлерде уруш-талаш, айрым учурда чабышуулар чыккан. Натыйжада кийин партиялык тизме кылдык, анда болсо негизги байлар бир партияга "Алга, Кыргызстанга", кийин "Ак жолго" топтолуп, шайлоодо ошол партия утту болуп, алар жеке кишиге - президентке унчукпай баш ийип берди.
Эми болсо таза партиялык тизме менен парламенттик шайлоо өткөрүп парламенттик республика түзөлү десек, кашайып дүйнөдө кайталанбас көрүнүш болуп, катталган 148 партиядан 57 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, 29 партия Борбордук Шайлоо комиссиясынын каттоосунан өттү.
Шайлоодо талапкер утпайт, анын үгүт иштери утат деп коюшат. Быйыл үгүт иштери аябай жүрдү, маданияттуусу да болду, маданиятсызы да болду, мисалы, кайсыл бир партия үгүт жарнаамасы үчүн чыгарган газетасынын так нускасын көрсөтпөй койду дешсе, башка бир партияга акча таратты деген айып коюлуп жатса, дагы бирөөлөр улуу державалардын жетекчилери менен жолугушуу учурларын телероликтерден тынбай берип өздөрүнүн ким экендиктерин тастыктап таштады. Бир партиянын үгүт баракчаларын чаптары менен артынан аларды айрып чыккандар, бирөөлөрүнүн үгүт баракчасынын үстүнө экинчисин чаптап койгон фактылар көп эле кездешти. Булар болсо биздин шайлоо өткөрүү маданиятыбыздын төмөндүгүн тастыктады.
Бир партиянын өкүлдөрү экинчилерин жамандамай, "кара пиар" менен шыбатуу, а түгүл бир партиянын "Баарына каршы добуш бергиле" деген атайын баракчаларды чыгарып илиши - быйылкы шайлоонун кызык да, таң калыштуу да окуялары болду. Учактар менен баракчалар таратылып, шаардык стадиондорго 10-25 миң адам топтогон партиялар чыкты. Кайда барса 10 миңдеген адамдар тосуп алганын көргөн айрым партиялык лидерлер бизди ушулардын баары колдойт экен деп ишенип алып, эрте эле сүйүнүп жүрүштү. Ошол эле эл эртеси башка партияга, анын эртеси башка партияга жолугушууга барып атканы менен кимдин иши болсун.

Партиялар ынтымагы баарынан ыйык
Негизинен эл көп партиянын программасын, максатын жакшы билген жок, кээ бир партиялар шайлоо үчүн эле түзүлө калгандай болду. Адамдар болсо көпчүлүгү бул же тигил партиянын программасы үчүн эмес, ошол партияда куда-сөөгү, таяке-жээни, кошунасы бар үчүн гана аларды колдоп добуш бергени турат. Мында дагы бир жолу алданганы жатабыз. Партиялардын көбү үгүт иштерин популизм, ашыкча мактаныч менен жүргүздү, андайга азыр эл көп дале ишене бербегени менен ал партия баёо адамдарда бир аз болсо да симпатия жаратты. Айрым лидерлер элди бөлүп-жаруу аракетин да көрүштү. Негизи үгүт иштерине таң каларлык каражаттар короду, ошол акчалар экономиканы көтөрүүгө жумшалса, өлкөбүз дурус эле байып алмак экен дейсиң...
Өтө көп партиялардын алдыңкы сабында "баягылардын" гана болгондугу, тизмеге кирүү үчүн акча төлөө керектиги тууралуу имиш-имиштер, миңдеген таза, акчасыз, партияга мүчө эмес жарандардын шайлоого бара албай калгандыгы, албетте, жаңы кыргыз тарыхынын өксүгү катары ошол тарых барактарында жазылып калат.
"Ата Журт" партиясынын үгүт материалдарынын өрттөлүшү, УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин "Бакиевдер алардын кызыкчылыгын көздөгөн партиялар үчүн өтө чоң суммадагы акча которуп жатышат" деп айтышы, канткен менен кооптонууларды жаратпай койбойт. Кээ бир партиялар мандат алып алгандай жүрсө, кээ бирлери кокус иши жүрүшпөй калса ар кандай чагымчыл аракеттерге барууга да даяр тургандай туюлушу жалпы элди коркутуп жаткандыгын кантип танабыз.
Шайлоо таза өтсүн үчүн бийлик административдик ресурстарды пайдаланбаса жана жеңилген тарап ошол жеңилүүсүн моюнга алса гана Кыргызстан оңолуу жолуна кадам коёт, болбосо жаңы толкундоолордун от алышы күтүлөт.
Жекшембиде шайлоо, биз болсо тагдыр чечер күндөрдө турабыз, бул учурда бизге сабырдуулук, өлкөнүн бүтүндүгүн, келечегин ойлоодон маанилүү нерсе жок. Шайлоо өтөт, эл калат...


o Өлкөдө шайлоого укуктуулардын саны 2 миллион 836 миң 569 адамды түзөт;
o Кыргызстанда шайлоо участокторунун саны - 2289;
o Кыргызстандан тышкары 22 өлкөдө 44, анын ичинде Россия Федерациясында 18, Казакстанда эки шайлоо участогу жана башка өлкөлөрдө бирден шайлоо участогу түзүлдү;
o Шайлоого көз салуу үчүн 30-сентябрга карата жалпысынан 42 өлкөнүн 15 эл аралык уюмунан 525 эл аралык байкоочу катталды;
o БУУ тарабынан 2 миң 400 факс участкалык шайлоо комиссияларына, ЕККУ тарабынан БШКнын, облустук, райондук, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө 2 миң 600 мобилдик телефондор берилет. Шайлоо күнү корпоративдик телефон аркылуу шайлоо участкаларынан канча шайлоочу келгени боюнча маалыматтар ар бир саат сайын СМС аркылуу берилип турат. Факс менен шайлоонун жыйынтыгы чыкканда түзүлгөн протоколдор ошол замат БШКга жиберилет.
o "Учкун" басмаканасында 2 миллион 866 миң 681 шайлоо бюллетени даярдалды.
o Шайлоо учурунда 7 миң милиционер, 13 миң дружинниктер тартипти көзөмөлдөйт, Бишкек шаарында милиция кызматкерлерине жеке менчик күзөт агенттиктеринин 3 миң кызматкери, 300 атчан жана таксисттер жардам көрсөтөт.
o Партиялык тизме боюнча депутаттыкка талапкерлердин жалпы саны - 3351, Бишкектен - 1577, аймактардан - 1774, алардын 904ү жумушсуздар.




Жалал-Абад облусттук прокуратурасында шайлоого карата ишеним телефондору ачылган
Жалал-Абад облусунун прокурору Каныбек Турдумамбетов 2010-жылдын 10-октябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого карата прокуратура органдары тарабынан аткарылып жаткан иштер боюнча бизге кыскача маек куруп берди.

- Каныбек Жолдошбекович, 10-октябрда боло турган КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого карата облусттук прокуратура кандай иштерди аткарып жатат?
- Жалал-Абад облустунун прокурорунун 2010-жылдын 18-августундагы буйругу менен облусттук прокуратурада шайлоону өткөрүүдө мыйзам бузуулардын алдын алуу жана аныкталган мыйзам бузуучулуктарга карата өз убагында чара көрүү үчүн штаб түзүлгөн, ушундай эле штабдар райондордун жана шаарлардын прокуратураларында түзүлгөн. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде ар кандай мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында арыз кайрылууларды өз убагында каттап чечүү үчүн прокуратура органдарында ишеним телефондору ачылып, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына жарыяланып, элге жеткирилген. Прокуратура органдары бүгүнкү күндө облустук жана район-шаарлардын шайлоо комиссиялары менен тыгыз байланышта иштеп жатышат. Мыйзамдуулукту так көзөмөлдөө максатында 2010-жылдын 28-августунда Жалал-Абад облустук прокуратурасынын имаратында облустук шайлоо комиссиясынын төрагасынын катышуусунда прокуратура кызматкерлери менен шайлоону өткөрүүдө мыйзам бузуучулуктардын алдын алуу жана аныкталган мыйзам бузуучулуктарга карата өз убагында чара көрүү үчүн семинар өткөрүлүп, ар бир прокуратура кызматкерлерине методикалык колдонмо, "Шайлоо жөнүндөгү" Кодекс жана башка шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды жөнгө салуучу укуктук-нормативтик актылар берилип толугу менен камсыз болушкан.
- Шайлоо жакындап калган мезгилде жана шайлоо күнү ар кандай мыйзам бузуулар болот эмеспи. Ошонун алдын алуу боюнча кандай иш-чаралар кабыл алынды?
- Ошондой эле, КР Башкы прокурорунун жана КР Ички Иштер министринин биргелешкен буйругунун негизинде 2010-жылдын 5-октябрында Жалал-Абад облустунун прокурору жана облусттук ички иштер башкармасы тарабынан ар кандай укук бузуучулуктарга карата өз убагында процессуалдык жактан документтештирүү тобу түзүлдү. Бул топ шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө, добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде облустубуздун аймагында катталган же аныкталган мыйзам бузуучулуктарга карата токтоосуз түрдө чара көрүү үчүн иштейт. Облустун прокурору тарабынан район-шаарлардын прокурорлоруна шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө жана добуш берүү мезгилинде мыйзамдуулукту сактоо боюнча бир нече жолу көрсөтмөлөр берилип, аткарылган иштер боюнча маалыматтар өз убагында алынып, облустубуздун аймагындагы саясий абал көзөмөлдө турат.
- Облустубуздун район-шаарларында шайлоого карата даярдыктар боюнча сиздер тараптан кандай текшерүүлөр болду?
- Облустубуздун аймагындагы прокуратура органдары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөндөй, жүктөлгөн милдеттердин алкагында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө облусттук, райондук жана участкалык шайлоо комиссияларынын аткарып жаткан иштери, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишине көмөктөшүүсүнө карата текшерүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары менен бир нече жолу мыйзам бузуулар аныкталып, ал мыйзам бузууларга карата өз убагында чаралар көрүлүп, мыйзам бузуучулуктар четке кагылды. Мисалы айтып кете турган болсом, Аксы райондук прокуратурасы тарабынан райондун аймагындагы шайлоо участкаларынын шайлоого даярдыгын текшерүү мезгилинде №2310 сандуу Жетиген шайлоо участкасында шайлоого даярдыгы жок экендиги аныкталып, 2010-жылдын 22-сентябрында аталган шайлоо участкасынын төрагасы Т.Тургунбаевге талап келтирилгенден кийин, мыйзам бузуучулуктар жоюлган. Ноокен районунда текшерүү мезгилинде №178 сандуу Ноокен шайлоо участкасында КР "Шайлоо жөнүндөгү" Кодексинин 9-ст. 1-пунктунун талаптары бузулгандыктан, Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан талап келтирилгенден кийин мыйзам бузуучулуктар жоюлду. Базар-Коргон районунда шайлоочулардын тизмелерин тактоо мезгилинде кетирилген кемчиликтер үчүн өз убагында талаптар келтирилип мыйзам бузуучулуктар жоюлган. Жалпысынан Жалал-Абад облустунун прокуратура органдары тарабынан мыйзам бузуучулуктарга карата 29 талап жана 3 сунуш келтирилди. Мындан сырткары, шайлоого чейин жана шайлоо күнү добуш берүү жана жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде да прокуратура органдары өз иш орундарында ишетешет. Мыйзам бузуучуларга карата чаралар көрүлөт. Маектешкен Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад шаары






кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"