Кыргыз гезиттери



Өкмөт менен талиптердин сүйлөшүүлөрү башталды
Сүйлөшүүгө өкмөттүн, талип-тердин Квета Шурасынын жана Пакистан өкмөтүнүн өкүлдөрү катышууда. Мындай үч жактуу жыйындын максаты Афганистандагы согушту токтотуу боюнча жол жоболорду иштеп чыгуу.

Кабулда Афганистан өкмөтү менен талиптер өлкөдөгү согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Сүйлөшүүгө өкмөттүн, талиптердин Квета Шурасынын жана Пакистан өкмөтүнүн өкүлдөрү катышууда. Мындай үч жактуу жыйындын максаты Афганистандагы согушту токтотуу боюнча жол жоболорду иштеп чыгуу. Талиптердин жайлары Пакистанда жайгашкандыктан, сүйлөшүүдө Пакистан өкмөтү башкы ролду аткарууда. Анткени алардын талиптерге таасири күчтүү деп жазат "Вашингтон Пост" гезити. Пакистандык өкүлдөрдү Кабулга мурдагы тышкы иштер министри Афтаб Ахмад Ширпав алып келди. Ошондой эле талиптердин мурдакы тышкы иштер министри Малави Мутавакал жана Улуттар Уюму боюнча чабарманы Абдул Хаким Мужахед бар. Эске сала кетсек, ооган өкмөтү менен талиптердин өкүлдөрү мындан мурда 2008-жылы Саудияда сүйлөшүү жүргүзгөн. Анда өкмөт талиптерден куралдуу күрөштү токтотууну жана өкмөттү таанууну талап кылган. Талиптер болсо чет элдик аскерлерди өлкөдөн кетирүүнү жана конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган. Ал эми азыркы сүйлөшүүлөрдө кандай талаптар коюлуп жаткандыгы азырынча белгисиз.




Эквадордо өзгөчө абал киргизилди
Эквадордо мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылынгандыгы үчүн өзгөчө кырдаал киргизилди деп билдирет Франс-пресс агенттиги. Мындай буйрукка өлкө президенти Рафаэль Корреа жума башында кол койду. Президенттин айтымында, мындай абалды киргизүүнү Улуттук ассамблеянын депутаттары суранышкан. Мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети 30-сентябрда болуп бирок ишке ашпай калган. Анткени парламент мамлекеттик чыгашаларды, айлык акыны жана полиция кызматкерлерине берилген жеңилдиктерди кыскарткан мыйзам кабыл алганына байланыштуу өлкөдө башаламандык башталган. Полиция кызматкерлери парламенттин имаратын жана эларалык аэропортту басып алышкан. Ал эми аскер адамдары төңкөрүштү болтурбай, абалды жөнгө салып, 47 полицияны камакка алышты.




Парламенттин имаратын жумуртка менен ургулашты
Исландияда парламенттин астында өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу митинг болуп өттү. Митингге чыккандар жумуртка, помидор жана баштыкка атайын боекторду куюп алып парламенттин имаратын көздөй ыргытышты. Жергиликтүү маалымат каражаттарына ылайык, акцияга 8 миңдей адам катышты. Алар ошондой эле полицияларга петардаларды, депутаттардын машиналарына таш ыргытышты. Бул жүрүш өлкөнүн премьер-министри Йоханны Сигурдардоттирдин парламентте сүйлөп жаткан учурунда болду. Ал өз сөзүндө депутаттарга жаңы экономикалык программаны сунуштап жаткан. Аталган өлкө 2008-жылкы экономикалык кризисте катуу жабыр тарткан. Инфляция күчөп, жергиликтүү валютанын курсу аябай төмөндөп кеткен. Натыйжада бийлик эларалык валюта фондунан жардам сурап, 4,6 миллиард доллар кредит алган.




Согушчандар бензин ташуучу машиналарды өрттөдү
Пакистандын Кветте шаарында согушчандар НАТОнун бензин ташуучу 40 чоң машинасын өрттөп, бир айдоочуну атып салышты. Куралданган согушчандар шаршембиде эртең менен НАТОнун бензин ташуучу машиналары токтоочу терминалга кол салып, ок чыгарган. Буга чейин автоколонналарга 4 жолу кол салуу болгон. Талибан кыймылы бардык кол салууларды мойнуна алып, Афганистанга жүк ташуу токтотулмайынча мындай иш дагы улана берерин эскертти.


Миллиондой адам суусуз калды
Панамада суу түтүктөрүнүн сынып калуусунан улам, мамлекеттин борборунун жашоочулары суусуз калышты. Суу түтүгүндөгү басымдын ашыкча берилүүсүнөн улам авария болуп, шаар боюнча сууну токтотууга мажбур болушкан. Буга байланыштуу шаарда мектептер, бала бакчалар жана университеттер жабылган.


Кол жазмасы жок тил табылды
Индияда тилчилер өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Аруначал Прадеш аймагында тибет-бирма тилинин бир бөлүгү болгон коро деген тилди табышты. Аталган өлкөдө миңдеген тил, ар кандай диалектилер бар бирок бул тилдин жазмасы болгон эмес. Коро тилинде болгону 200дөй гана киши сүйлөшөт.


Президенттик шайлоо 2-турга калды
Бразилияда президенттик шайлоого добуш берүү 2-турга калды. Анткени талапкерлердин бири да биринчи турда жетишерлик добуш ала алган эмес. Мындай маалыматты Бразилиянын жогорку шайлоочу трибуналы билдирди. Президенттикке талапкер Дилма Роуссефф добуштардын 45 пайызына ээ болсо, анын негизги атаандашы Жозе Серре да жетишерлик добушка ээ боло алган жок. Шайлоонун 2-туру 31-октбярга белгиленди.


Украин өкмөтү кийим кодексин киргизди
Украин өкмөтү мамлекеттик кызматкерлерге бир кийген кийимин экинчи күнү кийбөөгө, тыкан, жупуну кийинип жүрүүгө кеңеш берди. Жаңы кодекске ылайык аялдар кыска этек, үстү өтө ачык көйнөк кийбеш керек. Баалуу зергер буюмдарды тагынууга да тыюу салынды. Аны күйөөсү бар аялдар гана тагынууга укуктуу. Ал эми президенттик админинстрациянын жетекчисинин орун басары Хана Херман өкмөттүн кийим кодексин мезгилден артта калган деп айыптады.



  Борбор Азия

Журналистти уурдоого жана өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды
Алма-Атада кыргыз журналистти Геннадий Павлюкту уурдап жана катуу сабап, көп кабат үйдөн таштап жиберген деген шек менен эки адам суракка алынып жатат. Алма-Атанын ресторандарынын биринен колго түшүрүлгөн бул жигиттердин айыбы али толук ачыла элек. Айта кетсек 2009-жылы 22-декабрда ооруканада эсине келбей жан берген Г.Павлюкту өлтүрүүгө кыргыз атайын кызматтарынын катыштыгы бар деп Казакстан Ички иштер министрлиги ошол мезгилде эле кабар тараткан. Жогоруда кармалган эки шектүүнүн кимдер экендиги, кайсыл өлкөнүн жарандары болорлугу ачык айтыла элек.

Тажик тил борборун ачуу керек
Президент Эмомали Рахмон тажик тилинин мамлекеттик макам алганына байланыштуу министрлер, депутаттар, тилчилер жана жалпы эле коомчулуктун өкүлдөрү катышкан жыйында сөз сүйлөп жатып ушундай пикирин билдирди. Ал ошондой эле өткөн жылы кабыл алынган "Мамлекеттик тил" тууралуу мыйзамга ылайык мамлекеттик кызматка жана депутаттыкка талапкерлер тажик тилин канчалык билерлиги тууралуу сынак тапшырыш керек деди.

Тикучак кыйроого учурады
6-апрелде Тажикстандын Рашт районунун аэропортуна конуу учурунда Улуттук гвардияга таандык тикучак кырсыкка кабылды. Толук такталбаган маалымат боюнча өлгөндөрдүн саны 27-28 адам болушу мүмкүн, анын ичинен 20сы "Альфанын" жоокерлери, калгандары Улуттук гвардиядан. Баарыбызга белгилүү бул аймакта түрмөдөн качып чыккан куралдуу топ жүргөн жана аларга кармоо үчүн операция өтүп жаткан. Кыйроонун себеби техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу делгени менен али акыр аягына чейин такталган бүтүм чыгарылган жок.

Жылдыздын жылдызы кайра жанабы?
Ош жана Жалал-Абад окуялары болору менен кыргыз элине көө жаап ырдап чыккан Юлдуз Усманова үч жылдык үн катпоодон соң Өзбекстанда кайрадан ырдоо укугун алгансып атат. Бирок ал өз өлкөсүнүн аймагында эмес АКШнын Ташкенттеги элчилигинин аймагында гана ырдады. Дүйнөлүк музыка күнүнө жана музыкант-журналист Даниэль Перлени эскерүүгө арналган жеке концертинди эки саат бою ырчынын ырынын коштоосунда оюнга түшкөндөр бир жыргады дейсиз. Үч жылдан бери Түркияда элине келе албай жүргөн Усманова ушул эле жерден "Тик-так" деген жаңы альбомунун таанытымын да жасап ийди жана элин сүйөрү тууралуу эбирип-жебиреди.

Ойдин Юсупова Таш-Түрмөдө
Өзбекстандын жаш десе жаш, сулуу десе сулуу актрисасы Ойдин Юсупова 5-октябрда Ташкенттеги "Continent" супермаректинен чыгып келе жатып атайын кызмат адамдарына кармалган. Аны бир үй-бүлөгө шантаж кылып, 5 миң доллар өндүргөн деген шек менен колго түшүргөн жана Таш-Түрмөгө камаган деп жазат "Харакат" басылмасы.

Казак активисти түрмө ооруканасына которулду
Оппозициянын мүчөсү Ермек Нарымбаев эки айга чукулдап калган ачарчылык акциясынан кийин саламаттыгы начарлап кеткендиктен, жумуш лагеринен түрмө ооруканасына которулду. 40 жаштагы Нарымбаев оппозициядагы "Арман" кыймылынын жетекчиси. Ал июнь айында "полицияга каршылык көрсөткөн, сотту сыйлабайт" деген кине менен төрт жылга кесилген. Ал 1-майда "Назарбаев кетсин" деген президентке каршы акциянын мезгилинде камакка алынган эле.





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"