Мустафа Шокай - азаттыкка жетпеген армандуу атуул
Мустафа Шокайдын дайыны 2-Дүйнөлүк согуш учурунда дагы катуу угулат. Адегенде аны Лондондон чыккан "Таймс" журналына жарыяланган макалаларынан улам немистер англис шпиону болсо керек деп шекшинет. Бирок бара-бара анын укуккоргоочу жана журналист, эң негизгиси СССРден куулган, ал өлкөнүн оппоненти экендигин түшүнүшөт да, ишеним арта баштайт.


Абдыкерим Муратов
Казак киночулары Мустафа Шокай (Мустафа Чокай, Мустафа Чокаев, Мустафа Чокай-оглы) тууралуу тарыхый-биографиялык фильм-драма тартуу менен улуу тарых алдында, бабалар арбагы алдында жөрөлгөлүү чоң иш жасады. Фильмде башкы ролду кыргыз уулу Азиз Бейшеналиев аткарган. Режиссеру Сатыбалды Нарымбетов. Чынында Борбор Азиянын тарыхындагы эң татаал да, эң карама-каршылыктуу да инсан жөнүндө эстөө, ал тууралуу жазуу, тартуу качандыр бир кезде сөзсүз ишке ашырылышы керек эле... Бирок бул кечигүү менен аткарылды... Бирок аткарылды...

Казак талаасы,
Петербург калаасы
Мустафа Шокайдын эмгектери өткөн кылым башында жазылса да күнү бүгүнкүдөй түрк, мусулман элдерине күйүп-бышкандыгы, мекенчилдиги көрүнүп турат, ал адам тууралуу жары Мария Горина-Шокай да өз күндөлүктөрүндө анын абдан билимдүүлүгүн, чыныгы лидерлигин, Дүйнөлүк 2-согушта фашисттик концлагерден он миңдеген туткундарды, алардын ичинде казактар менен кыргыздарды куткарып чыккандыгын жазат.
Мустафа Шокай 1890-жылы 25-декабрда (7-январда) Ак-Мечитте (азыр эми Кызыл-Ордо) Аулие-тарангыл деген айылда ак сөөктөрдүн үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Теги - кыпчак. Атасы "датка" даражасына жеткен айтылуу бий, апасы Бакты айым кадимки Батый хандын уругунан эле, ал аял арабча, фарсча жакшы билип, аны-муну жаза да койчу экен. Дал ошол апасы үй-бүлөнүн кенжеси Мустафага беш жашынан окуп жазганды үйрөтүп, бала домбура да чертип, ар тараптуу өсүп чоңоёт. Булардын тамы аулдагылардын алды болгондон го, эки жолу орус оторчулары алардын жайын тартып алып, мектепке же мугалимдерге деп башкаларга берип койгон. Орустардын ичинен айрым көпкөндөрү менен жергиликтүү казактар кеп бышырып, алардын максатын ашырууга каршы болгондорду түрмөгө кесип, Шиберге сүргүн кылган. Анан калса 1898-жылдагы Анжиан көтөрүлүшү бул айылды да кыйгап өтпөгөн, падыша төбөлдөрүнүн кыргыздарга, казактарга, өзбектерге кылган адилетсиздигин бала өз көзү менен көргөн. Дал мына ошол кезде орус тилин билүүнүн зарылдыгын эл түшүнө баштады. Мустафанын атасы да уулунун орус тилин билүүсүн каалап, 1902-жылы Ташкент шаарындагы гимназияга берет, бала аны 1910-жылы мактоо баракчасы жана алтын медаль менен аяктайт. Бирок ортого орус генералдары түшүп, анын алтын медалын Зепрометов дегенге алып берип, ага күмүш медаль гана тийип, бала жүрөгүн дагы бир мертебе жаралашат. Канткен менен карапайым жана билимдүү орустар алтын Мустафага гана таандык экендигин айтып чыгат, а түгүл анын классташы кийин Убактылуу өкмөттүн башчысы болгон Александр Керенский да Шокайды колдойт.
Гимназияны эң мыкты бүткөн Мустафа Санкт-Петербург университетинин юридикалык факультетине тапшырат, бул окуу жайы падышалык Орусиянын эң мыкты окуу жайынын катарында турган. Студент чагында ал Түркстан чөлкөмүндөгү казактар менен кыргыздардан мешок-мешок арыз каттарын алып, падыша менен элдин, сот органдары менен карапайым калктын ортосунда адвокаттык кызмат аткарган. 1916-жылы ал Мамлекеттик Думанын Мусулмандар фракциясына жетекчилик кылат, ал фракцияда мусулмандар Алаш Алихан Букейхан, Ахмет Байтурсын, Мир Якуб Дулат, Мухамеджан Тынышбай ж.б. болгон. Ушул 4-Думада биздин Жети-Суудан Кадыр аке да катышат, демек алар жакшы тааныш эле.
Ошол кезде Мустафа Шокайдын кадыр-баркы ушунчалык өсөт, казандык көпөстөр жерине чакырып, Казань шаарынан жер аянтын да бөлдүрүп берет. Түрк биримдиги, Түркстан эгемендүүлүгү үчүн алгачкы аракеттер башталып, коомдор уюштурулат. Кийин Убактылуу өкмөт түзүлгөндө анын башчысы классташы Керенский министрлик орунга да чакырат, бирок Мустафа ага макул болбойт да өз Ата журту тарапка келе берет.

Кокон мухтар жумуриятын түзүүнү көздөп...
1917-жылдын кышы оңой менен чыкпай, жут болуп, Баргана өрөөнүнүн малынын тең жарымы кырылып калды. Калк каржалды. Өлүм, кесел көбөйдү. Эгин кургакчылыктан болбой калды. Орусиядан жардам дээрлик келбей калды. Ушуларды көрүп-билген Паргананын билимдүү, илимдүү кишилери 1917-жылдын 11-12-декабрында (эски эсепте 27-28-ноябрда) Кокондо мусурмандардын 4-чукул курултайын чакырат. Бир нече шаарлардан топтолуп келген курултай катышуучулары, биринчи кезекте молдолор, имамдар, казылар, сопулар сырттан келип аткан, буерлерге таңууланган бийлик жүргүзүүгө каршы сүйлөшкөн.
Алар Орус бийлигинен азат болобуз, башка диндегилер менен бир дөөлөт түзүп, кыямат кайымга бирге бара албайбыз деп катуу турушту. Хан Сарайда өткөн, 203 өкүл катышкан курултайда делегаттар Түркстан автомониясынын убактылуу элдик уламалар кеңешин түзөт жана ага 32 киши шайланат. Курултайда Түркстан Мухтар (Автоном) Жумуриятынын аткаруу комитетин - Өкмөттү курайт. Өкмөт башчылыгына адегенде казак Мухаммаджан Тынышбай отурат да, кийин анын ордуна Тышкы иштерди тейлеген Мустафа Шокай шайланат.
1917-жылы 6-декабрда Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммед алайхи саламдын туулган күнүнүн урматына Кокондун чоң жаамы мечитинин алдына 60 миңдей киши чогулду. Алар мечиттин купасына тагылган жаңы Түркстан Мухтар Жумуриятынын байрагын карап, бул жаңы мамлекетти таануу маселесин көтөрүп чыкты. 13-декабрда Ташкенде чоң жүрүш белгиленип, анын алдынан кыштактарга уламалар үгүт жүргүзгөнү чыгышты. 6-декабрда Ташкендин Бегларбеги медресесинде жыйын болуп, анда Түркстан автомониясынын убактылуу элдик кеңешинин мүчөлөрү чыгып сүйлөшөт.
Ушундай толкунга Орусия кыйылып, башын оорутту. Адегенде улуттарга жана элдерге укук берем, ким эмне кылса өзү билет деген Лениндин сөзү алдамчылык болуп чыкты. Большевиктер жеңип алган революциясын эгер ушинтип арасынан бөлүп чыгара берсе, анда акыры Владимир Ильчтин кабинетинен башка эч нерсеге ээ боло албасын түшүндү. Түшүнбөгөндөргө түшүндүрүштү. Ташкенде 1-жана 2-Сибирь аткычтар полку жана армян элдик кошундары жайгашып, бир топ күч алып калган эле. Алар большевиктердин сөзүн эки кылмак эмес жана жергиликтүү калкты жыгып бермек. Ошолорго ишенген жана Петр шаарындагы В.И.Лениндин идеяларына шыктанган Түркстан Эл Комиссарлар Кеңеши жанагы жаңы чыккан Түркстан Мухтар Жумуриятын тан алган жок, алардын мыйзамдуу укугун мыйзамсыз деп, өлкөнү бөлүп-жарган аракет деп түшүндүрүшөт. 11-февралда эл арасында алсыз Кокон Кеңеши ошол жердеги абройлуу боло баштаган Түркстан автоном өлкөсүнө куралсыздануу жана ислам аскерлерин таратуу тууралуу ультиматум жиберет. Андан кийин эле Кокон замбирек тобу менен талкаланды, туш тарабынан атылган уютулган октор хан калаасын ташбараң кылып, канывайранын чыгарды. Орусия кандай күч экенин, ага каршы баш көтөрүү канчалык оорго турарын автоном түзгүсү келген патриоттор да, өз өлкөбүздү курабыз деген караламан калк да жон териси менен сезип-туйду. Мухтар жумуриятчыларга жардам келчүү жолдор тосулду, анын үстүнө алар куралсыз эле. Армян дружинниктери ("дашнакчылар" дешкен, себеби алардын уюлун армян буржуазиялык улуттук "Дошнакццтюн" партиясынын мүчөлөрү түзгөн) 500дөй жарадарлар жана оорулуулар жаткан Кокон шыпааканасын өрттөп ийди. 50 кишини көчөдө эл алданда атты, асты, өлтүрдү. Өкмөттүн 30 мүчөсү камакка алынды, бирок Осипов жакшылык кылып, алардын 20сын качырып ийди.
Кокондон кийин замбирек топтору башка шаар, калааларына, өзгөчө көбүрөөгү Парганага (Скобелев) жаады. Эгемен Кокон жумуриятынын башкы командачысы Эргеш кол баштап айыл аралап чыгып кетти. "Автономчулардын" көбүнүн колго түшүшү жана өлтүрүлүшү, Мустафа Шокай баш болгон бир тобунун чет өлкөгө өтө качышы большевиктерди шердентти, карапайым калктын коркконунан орустар тарабына ооп кетишин шарттады.
Кокондогу 62 күн гана жашаган башында жергиликтүүлөр жана аларга дем болгон М.Шокай турган Мухтар Жумуриятты кулатуу үчүн большевиктер эч нерсе аябады, баарын кан төгүү менен жасады.

Кош, Түркстан, эмки жашоо Европада!
Мустафа Шокай Парганадан Ташкенге жетет, андан Грузия (айрым варианттарда Баку, Батуми) аркылуу Стамбулга өтүп, Парижге келип жашап калат, ансыз аны коммунисттер жер үстүнөн сууруп чыкмак. Өз кезегинде анын кадыр-баркын И.В.Сталин да жогору баалап, кечирим берип, келсе, биз менен чогуу иштешсе, "басмачылар" кыймылын басышса деген экен. Бирок жалындуу патриот бул таклибге көнгөн жок, Парижде жатып 20-жылдардын соңунда "Түркстан Советтер бийлигинин астында" деген өтө тарыхый фактылары так жана маанилүү китебин жазат да большевиктердин душманына айланат, артынан аңдуу жүрөт, ошентсе да Париждин быкынындагы Ножан-Сюр-Марн деген шаарчада жашап, журналистика менен шугурланат, анын жетекчилиги астында Түркияда, дагы башка жерлерде 1924-жылдан "Яш Туркестан" деген журнал да басылат, ага да антисоветтик макалалары менен чыгып турат, ал Лондонго англис, Германияга немис, Францияга француз, Варшавага польяк тилдеринде таратылат. Ушул Түркстан жери боштондукка чыкса, өзүнүн улуттук эгемендүүлүгү, дини жашаса деген тилектер менен жүрөт, саясатчы катары Мустафа Кемал Ататүрктү туу тутат.
"Түркстан Советтер бийлигинин астында" деген китебинде Казакстанда жана Кыргызстанда совет учуру башталуу менен "варвардык салт" - "баранта" (мал уурдоо) башталганын газеталар тынымсыз жазып жаткандыгын, "пролетардык бийликте" аялдарды кордоо көбөйүп кеткендигин, андай ишке аялдарды азаттыкка чыгаруучулар - коммунисттер жана жооптуу кызматкерлер өздөрү катышып жаткандыгын, ичкиликпоздук, паракорлук, эл байлыгын талап-тоноочулук партия мүчөлөрүнүн "адистик" жеңилдиктери болуп калгандыгын жазат.

Түркстан легионун түптөп...
Кийин Мустафа Шокайдын дайыны 2-Дүйнөлүк согуш учурунда дагы катуу угулат. Адегенде аны Лондондон чыккан "Таймс" журналына жарыяланган макалаларынан улам немистер англис шпиону болсо керек деп шекшинет. Бирок бара-бара анын укуккоргоочу жана журналист, эң негизгиси СССРден куулган, ал өлкөнүн оппоненти экендигин түшүнүшөт да, ишеним арта баштайт. Мына ошондо ал түркстандыктарды немистердин туткунунан куткаруу үчүн чоң күрөшкө чыкканын көрөбүз. Орусча жакшы билбеген түркстандык мусулмандардын ичинде арамдыгы жоктугун, эң алдыга аларды коюп "ураа" десе кете берип, туткунга түшүп калышарын каңкакшап айтып, Германиянын Тышкы иштер министри Риббентропко эчен курдай кат жазып, а түгүл Гитлер өзү да бул маселеге киришип, Гете, Фейербах, Бах, Бетховен, Шопенгауэр сыяктуу генийлерди жараткан элдин азыркы жетекчилерин намыстантып, Түркстандан колго түшкөн жигиттерди союздашыңар катары концлагерден кийин жарым жыл реаблитациялоо үчүн Түркияга өткөрүп бергиле, аларды кайра согушка киргизбей, тылга койгула деген сыяктуу өтүнүчтөр менен кайрылып турган. Чынында эле бул согушта жалпысынын 5,7 млн. советтик аскерлер туткунга түшсө, ошолордун үчтөн бири түркстандыктар болгону эле эмнени каңкуулабайт дейсиз. Ал кыргыздар менен казактар үчүн өзгөчө күйгөн, ушул элдер тукумкурут болуп кетпесе экен деген.
Шокай 1941-жылдын сентябрь-декабрь айларында немецтик концлагерлерде болуп, ал жерлердегилерге чечендик менен жалындуу сөздөрүн айткан, советтерге каршы сүйлөгөн, муну үчүн туткундагы советтик коммунисттер менен комсомолдордон кагуу да жеген, бирок баары бир 180 миңдей туткун менен жекеме-жеке сүйлөшүп, алардын өмүрүн сактап калгандыгын тарыхый фактылар менен айта баштадык. Аны "француз, англис, жапон чалгындоо кызматынын агенти" дегендер да, "СССРдин чыккынчысы" дегендер да болгон. Аябай көп тилде сүйлөй да, жаза да билген.
Дал ушинтип элчилик милдет аткарып иштеп турганда капысынан эле аялы Мария Яковлевнаны 1942-жылы мартта Берлинге чакырат, күйөөсү Мустафа Шокайдын өлүмү тууралуу айтат, бирок анын эмнеден өлгөндүгүн ашкере чыгарышпайт. Айрым маалыматтарда ал 1942-жылы мартта каза болгон дешсе, айрым булактар 1941-жылы 27-декабрда өлүмгө учураганын тастыктоого аракеттенет. Кээ бирлер анын жакын эле кишиси тарабынан уулангандыгын кеп кылышат.
Ошентип "Алаш" деп, "Түркстан" деп соккон жүрөк түбөлүк токтойт...