"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова:
"Кумарканалар карыларды да азгырды"
"Биздин коомду араккечтик, наркомандык, сойкулук жана игромания каптады. Баарынан да кумар оюндарына берилгендер жаман болот экен. Анткени алар убакыттын кандай өткөнүн билбей, оюнга берилип, качан гана бүт дүйнөсүн уттургандан кийин эсине келет. Мындай жайларды иштетип жаткан мурдагы депутаттар бар экени баарына белгилүү",-дейт Бүбүсара Рыскулова

Кыргызстанда турмуштун оор кырдаалдарынан жапа чеккен адамдарга бир топ коомдук уюмдар психологиялык жактан жардам берип келет. Бул кызматтардын дээрлик көпчүлүгү акысыз. "Сезим" кризистик борбору да көп жылдан бери олуттуу программалардын үстүндө иштеп, элге кызмат кылууда. Аталган борборго күн сайын турмуштун катаал тагдырына туш болгон ондогон жарандар кайрылып, психологдордон кеңеш алып турат. Коомдогу терс көрүнүштөр тууралуу уюмдун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова менен баарлаштык.

- Кыргызстандагы акыркы болгон каргашалуу окуялар сиздердин борборуңуздарга таасирин тийгиздиби?
- Албетте, болуп өткөн кайгылуу окуялардан кийин жардам сурап кайрылгандардын саны өстү. Бир чети биздин уюмду элдер билип калды, же көйгөйлүү маселелер көбөйдү. Ага изилдөө жүргүзгөн жокпуз. Башаламандыктардан жапа чеккендерге да колдон келген көмөгүбүздү көрсөтүп жатабыз. Негизи эле бизге кайрылгандардын 65 пайызы арактан, наркотикалык заттардан жабыр тарткандардын үй-бүлө мүчөлөрү.
- Сиздерге кайсы көйгөйлөр менен көп кайрылат?
- Бизге көбүнчө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка жана адам сатууга туш болгондор жардам сурап көп кайрылат. Жакында төбө чачты тик тургузган окуядан жапа чеккендер келиптир. 14 жаштагы кызды 4 жигит уурдап кетип бир жумадай кыйнап зордуктаган. Аны биз көзөмөлгө алып жардам беребиз. Адамдар кайсы жакка баратат билбеймин. Эне баласын, баласы атасын өлтүргөн фактылар өстү. Жаш кыздарды мурда сыртка алдап алып барып сатып жиберсе, азыр болсо, региондордон Бишкекке алдап келип, секс индустрияга пайдаланып жаткандар көбөйдү.
- Көп жылдардан бери кызмат көрсөтүп келесиздер, мындан 3-4 жылга салыштырмалуу кайрылуулардын саны кыскардыбы?
- Тескерисинче көбөйдү. Мурда болбогон зордук-зомбулуктар катталууда. Боло турган шайлоого карата партия лидерлери элге убадаларды берүүдө. Алардын көпчүлүгүн көргүм келбейт. Эл башкарам дегендердин ичинде көп аял алууну үгүттөгөн адамдар бар. Ошондо мен каршы чыктым. Алар айтат, эже сиз эмне тырышасыз кыргыздарды көбөйтпөйлүбү дейт. Мен айттым, биринчи төрөлгөн балдарды багып ошолорду бутуна тургузуп алалы. Ушундай адамдарга эл кантип ишенсин. Бир канча жыл мурдагыга салыштырмалуу адамдардын аң-сезими өзгөрдү, коомдо кайдыгерлик күч алды. Үй-бүлөдөн канчалык туура тарбия алганы менен акча негизги орунга келип жетти. Бул деген "пулуң болсо кулуңмун" дегендик.
- Жаштар кандай проблемалар менен кайрылат?
- Кечээ жакында эле бир кыз кайрылды, боюнда бар экен. Убактылуу жашап боюна бүткөндөн кийин жигити Казакстанга качып кетиптир. Ушундай окуядан жабыр тарткан кыздар көбөйүүдө. Жеңил ойлуу, жоопкерчиликсиз айрым эркектер кыздардын башын айлантып, эч кандай каттоого турбай эле бирге жашап, убактысы келгенде көчөгө таштап кетип жатат. Натыйжада болочок наристенин тагдырын ойлогон жан жок. Айрымдары баш кошкондон бир-эки жыл өтпөй эле турмуштун мыйзамдарына чыдабай ажырашып кетүүдө. Психология илиминде үйлөнгөндөн кийин бир, же бир жарым жылдан кийин кризистик этап жүрөт. Ошондо көпчүлүк жаштар сүйүү бүттү деп, турмуштагы кыйынчылыкты көтөрө албай ажырашып кетүүдө.
- Турмуштун запкысын тартып, арыз-муңу менен жардам сураган эркектер да барбы?
- Негизи эле эркектер бирөөгө арыз муңун айта берүүнү каалашпайт. Ошентсе да, үй-бүлөдө экономикалык, психологиялык басмырлоого туш болгон мырзалар бар. Бизден жардам сурап кайрыл-гандар көп эмес.
- Бизде кыз ала качуу кеңири жайылып кетпедиби, ушунун коомго тийгизген таасири канчалык?
- Акыркы кездери тааныбай эле сүйрөп алып кеткендер көбөйбөдүбү. Беш кол тең эмес, кээ бирөөлөрү барган жеринен бакыт таап кетет. Бирок, айрымдары ажырашып тынышат. Тааныбай туруп ала качуу бул адам уурдоо болуп саналат. Ала качып үйлөнгөндөрдүн арасында айрым эркектер жубайына сен убагында бой көтөрүп макул болгон эмессиң деп кордук көрсөтөт экен. Сүйлөшүп жүргөн жигити болсо, сенин сүйгөнүң бар турбайбы деп бир балалуу болгондон кийин азапка салат. Анда сен эмнеге ала качтың деген адам жок. Айрым аялдар күйөөсүн чанып, мен сага турмушка чыкмак эмесмин дегендей сөздөрдү айтып, өнөрүн көрсөтөт. Буларды көрүп өскөн балдар кандай тарбия алат? Мындай көрүнүштөр коомго терс гана таасирин тийгизет.
- Бул проблемаларды чечүү үчүн кандай кадамдар жасалышы керек деп ойлойсуз?
- Биринчи кезекте үй-бүлө жөнүндө мамлекеттик программа болушу керек. Россияда бала төрөлүү кыскарды эле мамлекет шарт түзүп койду, натыйжада үч жылдын ичинде чоң өзгөрүү болду. Биздин өлкөнүн андайга алы жетпейт, бирок, мүмкүнчүлүгүнө жараша аракеттер болсо акырындан мындай көйгөйлөрдүн саны кыскарат.
- Балким улуттук идеология жоктугунан ушундай терс көрүнүштөрдүн саны өсүп жат-кандыр?
- Идеология десе эле кагаз менен жазып мыйзам кабыл алууну түшүнбөшүбүз керек. Аны кагазга деле жазып көрбөдүкпү. Идеология ар бир жарандын жүрөгүнөн чыгышы зарыл. Кыйкырып сүйлөп жаткандардын жасаганы башка. Көпчүлүк карыларыбыз акыйкат сөзүн айталбай калды. Ушундай боло берсе кайдагы идеология.
- Жакында оюн-зоок борборлорун (казинолор) жаптыруу боюнча кайрылуу жасадыңыздар эле, ушундан натыйжа чыктыбы?
- Учурда республиканын баардык аймактарын караңгы бөлмөдө ойногон оюн-зоок борборлору каптады. Айрыкча Бишкекте көп. Бул жайлардан кумар оюндарын ойноп нечендеген адамдар үйүнө чейин уткузуп көчөдө калууда. Бизге жолдошунун же баласынын игроманиядан (кумар оюндарына берилүү) жабыр тартканын айтып кайрылгандар көбөйдү. Мен атайын изилдөө үчүн аталган борборлорго баш бактым. Көздөрү жанган жаш жигиттер эже келиң ойнойсузбу деп тосуп алды. Көрсө мендей улуу жаштагыларды да азгырыптыр. Байкуш пенсионерлер да пенсиясын уттурат экен. Ошол балдарга айттым, башка бизнес кылып эле жан бакпайсыңарбы деп. Жаны кашайган айрым ата-энелер муну жайылткандардын үй-бүлөсү тукум курут болсун деп каргашат. Тилекке каршы, шайлоо өнөктүгү башталып бул иш токтоп калды. Мындай жайлардын иш аракетине шайланып келген эл өкүлдөрү чекит коёт деген ойдобуз.
- Оюн-зоок борборлору бар айрым экс - депутаттардын аты аталып жүрөт, мындай жайларды жаптырып салуу кыйынга турат болуш керек…
- Биздин коомду араккечтик, наркомандык, сойкулук жана игромания каптады. Баарынан да кумар оюндарына берилгендер жаман болот экен. Анткени алар убакыттын кандай өткөнүн билбей, оюнга берилип, качан гана бүт дүйнөсүн уттургандан кийин эсине келет. Мындай жайларды иштетип жаткан мурдагы депутаттар бар экени баарына белгилүү. Бирөөнү какшатып тапкан каражаттарын кайра эле элге чачып, депутат болом дегендерди шайлоо өтө кооптуу. Ал адамдар эл үчүн иштеп жарытпайт. Анан дагы алар өзүнчө ассоциация ачып алышыптыр. Мамлекет үчүн салык төлөп жатабыз дешет. Ошол салыкты канчалаган атуулдарды сыздатып төгүп жатпайбы. Акчасын уткурган адам сөзсүз жаман жолго түшүп кылмыштуу ишке барат. Жарандардын татаал тагдырга туш болгонунан көрө ошол салыктардан баш тарткан оң. Бул жайлардын ишин токтотуу биздин эл үчүн президентти кетиргенге караганда алда канча оңой. Кумарканаларга массалык каршы чыксак тез эле аларга чекит коёбуз. Маектешкен АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ




Көйгөйү курч коомдон суурулуп чыксак…
Бир кездерде дүйнөнү дүңгүрөтүп турган кыргыз элинин бүгүнкү акыбалы өтө кейиштүү. Эгемендик алган жылдан берки ташталган кадамдар алдыга эмес артка карай бет алууда. Биз менен тагдырлаш болуп, 90-жылдардын башында суверендүүлүктү алган советтик державанын курамындагы башка өлкөлөр бир топ ийгиликтерди багынтты. Эл башчыларынын акмакчылыгынан бүгүн кыргыз эли жарды турмушта жашап жатканы аз келгенсип, башка элдерге жырткыч катары таанылып отурат. Жумушсуздуктун айынан нечендеген жарандарыбыз чет жерде укугу тебеленип, иттей таланып, кыздарыбыздын намысы жерде калды. Жакында Казакстан чек арачысы кыргыз кызын поездден түшүрүп, абийрин тепсеп, зордуктап салды. Мындай көрүнүштөр тынымсыз кайталанып турат. Өлкөдөн тышта иштеген мигранттарыбыздын айтуусу боюнча акыркы каргашалуу окуялар сыртта жүргөн биздин жарандар үчүн чоң сокку болгон. Дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган бул капсалаңдан кийин Кыргызстан атуулдарын чет элде адам катары санашпайт экен.
Ал эми өлкө ичинде паракорчулук, жакырчылык, кылмыштуулук кулач жайып, натыйжада жаш араккечтер, нашакорлор, кумарпоздордун саны өстү. Мындай кыйын кырдаал нечендеген үй-бүлөгө бүлүк салды. Анчалык сезилбегени менен акыркы жылдары Кыргызстанда бир топ оор маселелер бышып жетилди. Коомдогу баалуулуктар өзгөрүп, жаштар арасында жаман жолго түшүп кеткендер көбөйдү. Турмуштун оор сыноолоруна чыдабай баш кошкон жаш жубайлардын дээрлик жарымынан көбү ажырашып кетүүдө. Жакында маалым болгондой Бишкек шаарына караштуу Ленин районунан жыл башынан бери 500 катталган никенин 300ү ажырашап кеткен. Борбордун көчөлөрүн аралап бассаң жашы 40тан ашпаган ал-күчкө толгон кырчындай кыз жигиттер селсаякка айланып, таштанды челектерди аңтарып жүргөнүн көрөсүң. Бир убакта улуу жазуучуларыбыздын чыгармаларына күбө болгон сейил бактарына баш баксаң тамекинин түтүнүнө ууланасың. Келечек муундарды жарык дүйнөгө алып келе турган жаш кыргыз кыздар тамекини буркурата чегип, өзүнүн гана эмес улуттун саламаттыгына доо кетирүүдө. Бутунда туралбай абийири төгүлгөн мас эже-карындаштарыбызды көрүп жүрөгүң ооруйт. Жеңил ойлуу жаштар никесиз баш кошуп, кароосуз калган балдардын саны саат санап өсүүдө. Акчаң же таанышың жок болсо өлкө ичинде татыктуу жумуш таба албайсың. Чет жерден терең билим алып, мекен үчүн кызмат кылам деген жаштар каражаты жок жумушсуз жүрөт. Айрымдары башка мамлекеттердеги белгилүү фирмаларда кызмат кылып, чет өлкөнүн экономикасына салым кошууда. Майлуу кызматтарды атасынын байлыгына, кадыр-баркына көпкөн балдар ээлеп алган. Кайсы гана мекемеге барба таанышың болбосо эч ким сени карабайт. Кокус ооруп бейтапканага акчаң жок түшүп калсаң, дартың оор болсо ошол жерден жарык дүйнө менен коштошосуң. Ондогон балдардын каны менен келген бийликтен күткөн тилектер орундала элек. Эл ишенген бийик даражалуу чиновниктердин кыңыр иштери ачыкка чыгып элдин эсин тандырды.
Ал эми буга чейин мамлекет мүлкүн тоногондор ошол акчаны шайлоо алдында чачып, убадаларды тоодой берүүдө. Мындай азаматтарыбыз турганда биздин эл алдыга жылышына көз жетпейт. Алар эртең бийликке келгенде короткон каражатын элдин эсебинен эки эсе кылып толтуруп алары шексиз. Учурда кайсы гана маалымат каражатындагы элдин пикирин укпа шайлоо тынч өтүп, өлкө өнүгүү жолуна түшсө деген тилектер. Чыдамкай элибиздин тилегин кудай орундатса.