Акча, акча дейбиз
ал туурасында эмне билебиз?
Пул капчыгыбызда турганы менен анын тарыхына кызыгуу анчалык эмес. Колдо турган акчанын качан пайда болгондугуна жана банк билети туурасында да карап көрөлү. Пулдун тарыхына саресеп салып, бирге үңүлөлү.

Учурда АКШнын кагаз жана темир метал пулдарынын жалпы баасы 829 миллиард долларга туура келет. Бирок бул көлөмдөгү акчалардын үчтөн эки бөлүгү өлкөнүн тышында, т.а. башка өлкөлөрдө кездешет.

* Батышта кеңири жайылган кредит жана салыктарды төлөө иштери мындан 5000 жыл мурда Египетте башталган.
* Тилекке каршы акчанын чыгышы менен уурулук да пайда болду. Чөнтөк аңтаруу ж.б. алдын алуу үчүн банк картын колдонуу өнүгө баштаган.
* Ал эми кагаз акча алгач мындан 910 жыл мурда Кытайда пайда болгон. Кагаз акча пайда болгондон 300 жылдан кийин өлкөгө аяк баскан атактуу саякатчы Марко Поло таң калган. Себеби, Кытай падышасы Кубилай хандын кагаз акчаларды ири өлчөмдө чыгаргандыгына таң калгандыгын ал өзүнүн саякат дептерине жазып калтырган.
* Ири сандагы кагаз акчаларды чыгаруу да аталган өлкөнүн экономикасына абдан терс таасирин тийгизген. Ашыкча акчанын айынан пайда болгон инфляциядан Кытайда кагаз акчаны колдонууга тыюу салынган. Бул ХV кылымга туура келген.
* Жарандык согуштун кесепетинен улам чыгашага учураган АКШ өкмөтү 1861-жылы июль айында "арткы бети жашыл" болгон кагаз акчаларды басып чыгарган.
* Учурда АКШнын кагаз жана темир метал пулдарынын жалпы баасы 829 миллиард долларга туура келет.
* Бирок бул көлөмдөгү акчалардын үчтөн эки бөлүгү өлкөнүн тышында, т.а. башка өлкөлөрдө кездешет.
* Кир акча: Мындан бир канча убакыт мурда ар башка өлкөлөрдүн акчаларын изилдөө иши жүргөн. Андан эң көп АКШнын акчаларындагы кир нерселер табылгандыгы белгилүү болду. Ал акчалар вирус, ар кандай ооруларды козгоочу бактериялардын түрлөрүнө көмүлгөндүгү такталган.
* Мындай абалдан чыгуу үчүн 1916-жылы Вашингтонго кир акчалардын баары алынып келинген жана аны сууга жууп, үтүктөп, андан кийин кайрадан колдонууга бериле баштагандыгы далил боло алат.
* Андан кийин кагаз акчалардын ордуна Америкада жыгачтан жасалган жана анын 75 пайызы пахта, 25 пайызы кездемеден жасалган банк билети (банкнот) колдонула баштаган.
* Ошол учурда ар дайым жасалма акчалар өкүм сүрүп келген. Анын алдын алуу же жасалма экенин тактап билүү максатында эң акырында жасалган жана 5 доллардык банк билетине 650 миң кичинекей айнектен турган коопсуздук зым жайгаштырылган. Анын жардамы аркылуу билеттин кандай экендигин ажыратып билүүгө ыңгайлуу болгон.
* Кызыктуу бир окуя 1949-жылы катталган. Франк Мс Намара аттуу бирөө дос-торун Нью-Йорктогу бир ресторанга кечки тамакка чакырган. Бирок, тилекке каршы жанына акча алууну унутуп койгондуктан, ал кечте акча төлөй албай уялгандан жердин жети катмарына кирип кете жаздаган. Мына ушундан тартып, ал мындай окуя бир дагы кайталанбасын деген максат менен "Diners Club" кредиттик билетин ойлоп чыгарган.
* Аталган билет алгач картон кагаздан жасалган. Анын арткы бетинде аларга мүчө болгон 14 ресторандын тизмеси орун алган. Ал эми билеттин жылдык баасы 3 долларды гана түзгөн.
* Шотландиялык Джон Шепперд-Берон 1967-жылы Түндүк Англиядагы "Barclay's" банкы үчүн алгачкылардан болуп, АТМ акча алуу аппаратын ойлоп чыгарган.
*Аппараттын долбоорунда кийинчерээк шоколад сатылуучу даяр аппарат чыга баштады.
* Бирок ал учурларда, т.а. мурда пластикалык билеттер чыга элек болгондуктан, Джон Шепперд-Берондун АТМсы аларды тактап көрсөтүүчү радиоактивдүү карбон-14 менен белгиленген сатуу чектери гана кабыл алынган.
* Ал эми бул аппарат радиоактивдүү чекти таанып, тааный электе, алуучуга төрт тамгадан турган жашыруун номерин ачууга мүмкүнчүлүк түзгөн.




Пайдалуу жана шыпаалуу таштар
Организмдеги заттардын алмашуусун калыбына келтирген, күч, шанс, бакыт жана сүйүү берген жана холестеринди тең салмактаган ден соолукка шыпаагер пайдалуу таштар айрыкча аялзатынын көңүлүнөн кетпейт. Алар таштардын пайдалуу экендигин билгенден тарта андан ар кандай түрдөгү сөйкө, шакек жана мончок сыяктуу аялзатына тиешелүү сулуулук таштарын колдоно башташты. Албетте, металлдан жасалган бижутериялардын ордуна кадимки көз жоосун алган таштар пайдалуу жана көрк берүүчү сапатка ээ эмеспи. Бул таштар күмүш менен кооздолсо абдан пайдалуу болоору белгилүү. Ал гана эмес мындай керемет таштардан теспе да жасалууда.

Шыпаа таштардын пайдалары:
Таштар ар түркүн түстө жана көргөндүн көз жоосун алуу менен анын ден соолукка пайдасы бир топ.
* Янтарь: Психологиялык абалды жөнгө салат, алкым бездерин дарылайт, жаман энергияны, күчтү жакшыртууга чоң өбөлгө түзөт. Андан тышкары эсин жоготуп коюу коркунучуна кабылгандар үчүн бул таш миңден бир дары болуп эсептелет. Янтарь-акча жана береке ташы.
* Акак: Шартка байланышпаган сүйүү берет. Бактылуу сүйүү күткөндөр үчүн акак биринчи жардам болмокчу. Эркти күчтөндүрүп, кайраттуу кылат. Зат алмашуунун жакшы иштешине өбөлгө түзөт.
* Аквамарин: Бул таш керексиз жаман нерселерди ойлоодон куткарат. Андан тышкары бир чекитти тиктеп олтура бергендер үчүн да жардамын аябайт. Акыл-эсти күчтөнтөт. Астма жана бронхит ооруларына жардам берет. Тамак-ашты сиңирүүдө кыйынчылык тарткандарга пайда алып келет.
* Амазонит: Негизинен бардык ооруларга абдан пайдалуу. Денеге да жакшы жардамын бере алат. Зат алмашууга чоң түрткү болот.
* Бирюза: Адамдын денесин физикалык жана психологиялык жактан чыңдап, ар дайым жаш, сулуу жана күчтүү боюнча калууга жардам көрсөтөт.
* Малахит: Радиациялык терс таасирлерден коргойт. Көрүнүшү, бир караганда эле адамды өзүнө тартуу жөндөмдүүлүгүнө ээ.
* Седеп: Баш айлануу кыйынчылыгына дуушар болгондорго табылгыс дары. Көздүн көрүүсүн жакшыртат. Көздөгү катаракт оорусуна жардамчы.
*Жылдыз ташы: Бакыт, тынчтык жана чыйрактыкты берет.




Жашылча-жемиштерди көлөкөдө кургатыңыз
Кышка камылга башталды. Жашылча жана жемиштерди кургатуу аны кышка сактоо түйшүгүн жайы менен тартып келе жатасыз. Бирок көпчүлүк даярдап жаткан пайдалуу жемиштердеги витаминдерди жок кылып жаткандыгын биле бербейт. Кургатуу ишине айрыкча, өрүк, калемпир, тыт, баклажан, абрикос, жүзүм, анжир, алча ж.б. бир топ жашылча жана жемиштер кирет. Аны кышка сактоодо сиз витаминсиз жемиштерди жеп жатам деп ойлой берсеңиз болот. Себеби, жашылча жемиштерде ири өлчөмдөгү витаминдерди күндүн нуру жок кылып коёт. Тактап айтканда, кургатуу иши туура эмес жасалгандыктан пайдасыз нерселерди жеп жатабыз. Биз билгендей өрүк кургатуу иши Орто Азияда башталган. Андан өнүгүп олтуруп, акырындык менен дүйнө жүзүн кучагына алган. Айрыкча аны сактоо жана туура кургатууну кааласаңыз, анда ал үчүн даярдалган жашылча жана жемишти күнгө эмес, көлөкө жана мээлүүн жел жүрүп турган жерде кургат-каныңыз оң. Бул сиздин мээнетиңиздин текке кетпесине жана витаминдүү жемиштерди зыянсыз кургатуу менен кышында да жей берсеңиз болот. Кургатуу учурунда жемиштердеги С витамини тез арада өзүнүн күчүн жоготот. Ал эми аны туура эмес кургатсаңыз, анда бул витаминди сөзсүз түрдө жок экендигине ишене берсеңиз болот. Бирок сиздин жашаган жериңиз же айлана-чөйрөңүз көлөкөдө кургатууга мүмкүн болбосо, анда бул сунушту да карап көрсөңүз жетиштүү: күнгө, бирок анын үстүнө бир нерсе жаап коюу менен сактоого болот. Бул аз да болсо күндүн терс таасирлеринен сактайт. Андан тышкары кургатуу учурунда чаң, кир нерселерден да алдын алган болосуз. Өрүктөрдү кургаткандан кийин, кургак баштыкка же айнек идиштерге салып койсоңуз, мээнетиңиз текке кетпейт.

Кургатылган жемиштерде каллория жогору
Өрүк, алча, жүзүм, анжирди кургатууда аны бирден жана кеспей кургатуу керек. Ал эми андагы витаминдер көп кесилбегендиктен жок болбойт. Болгону аны жогорудагыдай ыкмада кургатсаңыз жана сактасаңыз туура болот. Баары бир кургатылган жемиштерде витамин калат. Сиз билесизби, эмне үчүн кургатылгандан кийин жемиштер кичине жана катуу болуп калат? Себеби, кургатуу учурунда жемиштердин курамындагы суунун өлчөмү 90 пайыздан 15 гана пайызга түшөт. Мындай учурда андагы шекердин көлөмү, витамин жана минералдар топтолушат. Ошол себептен, жемиштердеги витаминдин баалуулугу чогулуп, анын даамы да жогорку деңгээлге жетет. Мисалы, таза жүзүм менен кургатылган жүзүмдөн алынган каллориянын көлөмүнүн арасында айырмачылык бар. Кургатылган жүзүмдөн алынган каллория жөнөкөй жүзүмгө караганда андагы көлөм жогору турат. ДАЯРДАГАН САМАРА КАБЫЛБЕКОВА