Кыргызстан дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурду
Кыргызстандын Президенти Роза Отунбаева баштаган делегация үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 65-сессиясынын алкагында өткөн Кыргызстандын расмий делегациясынын кеңейтилген жолугушуусуна катышты. Ошону менен катар бир топ жогорку кызматтагы өкүлдөр менен кездешип, маанилүү маселелерди козгоо менен Женева жана Нью-Йорк шаарларында болду. Дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандагы абалга тынчсызданып жаткандыгын да, колунан келген жардамдарын аябастыгын да билдирүүдө.

АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Роза Отунбаева: "Кыргызстан донордук жардамга муктаж болбой калган күн келет деп ишенемин"
Президент Роза Отунбаева үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 65-сессиясынын алкагында өткөн Кыргызстандын расмий делегациясынын кеңейтилген жолугушуусуна катышты. Ошону менен катар бир топ жогорку кызматтагы өкүлдөр менен жолугушуп, маанилүү маселелерди козгоо менен Женева жана Нью-Йорк шаарларында болду. q КАБАРЛАР 02



Орусиянын аскерий объектилери биригет
21-сентябрдан баштап Кыргызстан менен Россиянын аскер жетекчилиги сүйлөшүүлөрдү баштаган. Жолугушуу аяктарга жакын Россия-нын Коргоо министри келиши күтүлгөн, бирок белгисиз себептер менен ал келбей калды. Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн штаб жетекчисинин орун басары Валерий Герасимовдун айтымында, Кыргызстандагы орус аскер базалары бирдиктүү аскер түзүмүнө биригет. В.Герасимов белгилегендей буга байланыштуу ар кандай талаштуу маселелер эки тараптуу сүйлөшүүлөр учурунда жөнгө салынган. Эскерте кетсек, биздин өлкөдө орустардын Канттагы аскер аба базасы, Ысык-Көлдөгү торпедо сыноочу палигону, Чалдовардагы байланыш түйүнү жана Майлы-Сууда сейсмикалык станциясы бар. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ




Тил - улуттун жаны
Кечээ 23-сентябрда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Мамлекеттик тил күнүнүн урматына арналган салтанаттуу жыйналыш болуп, ага өкмөт курамынын айрым өкүлдөрү, тилчилер, мугалимдер, котормочулар, коомдук ишмерлер катышты. Жыйында Президенттин администрациясынын жетекчиси Эмил Каптагаев: "Кыргыз тилинин анык мамлекеттик тилдин деңгээлине жете албай жаткандыгына өзүбүз гана күнөөлүүбүз. Биздин элдин сыпайылыгы, меймандостугунун кесепетинен кыргыз тилин өнүктүрүү ар качан көз жаздымда калууда"- деп айтты.
"Тил - улуттун жаны" урааны астындагы өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Азимжан Ибраимов аткарылган иштер жана алдыда турган милдеттер тууралуу баяндама жасады. Анын айтуусу боюнча быйылкы жылдын башынан бери Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бюджеттен 10 миллион сом бөлүнгөн. Улуттук комиссия түзүлгөндөн бери он жыл ичинде алар беш жолу таратылып, кайра беш жолу ачылган. АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ




Шайлоо жакын, даярдык кандай?
Каттоосуз жарандар кайгысы
Баш мыйзамда жазылгандай бийликтин негизги булагы - эл. Кандай гана бийлик болбосун элдин көйгөйүн угуп, аны чечүүгө милдеттүү. Атуулдар конституциядагы укугун шайлоого катышып, добушун берүү аркылуу пайдаланат. Тактап айтканда өзү каалаган адамга добуш берип, мамлекеттик башкарууга алып келет. Жарандардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү бийликте тургандардын милдети. 10-октябрь жакындап шайлоо алдында турабыз. Саясий партиялар тынымсыз үгүт иштерин жүргүзүп, элдин көңүлүн алуу үчүн колдон келгенинин баарын жасап жаткан чагы. Башкы максатыбыз шайлоону таза өткөрүп алуу болсо, экинчи тилек, бардык жарандарга шайлоого катышуу шартын түзүп берүү. q КАБАРЛАР 02






PDF формат