Кыргыз гезиттери



2012-жылы дүйнөнү коркунуч каптайт
Астронавтар ушул айда Дүйнөгө Күн тарабынан көрсөтүлгөн нурлардан улам Күндүн алааматы өтө коркунучтуу абалда келе тургандыгын алдын ала билдиришти. Алардын айтымында, божомолго караганда 2012-жылга туура келүүчү мындай күн алааматы 100 миллион суутек бомбасынын күчүндөй өтө күчтүү ылдамдыкта дүйнөгө сокку кылмакчы.
fАндан тышкары Американын массалык маалымат каражаттарынын берген маалыматтарына караганда, НАСА 2006-жылдан бери Күндөгү болуп жаткан мындай хаоско көз салып турган. Ошондой эле, азыркы учурда да алай-дүлөй болуп жаткандыгын кабарлашууда. Ал акырындык менен көбөйүп олтуруп, алардын божомолунда 2012-жылга туура келип турат. Эгерде мындай алаамат иш жүзүнө ашса, бир гана дүйнө эмес, бүтүндөй планета жабыр тартат. Бирок мындай көрүнүш алгач боло турган көрүнүш эмес. 1859-жана 1921-жылдарда да мындай алаамат болгон. Андан дүйнө бир хаосто калган жана телефон түйүндөрү ж.б. иштен чыккан. Ал эми ошол учурга салыштырмалуу азыркы боло турган хаос дагы да көбүрөөк жана опурталдуу болот дешет изилдөөчүлөр. Астроном жана жазуучу Дэйв Ринейктин айтымында, астрономдордун негизги далили 2012-жылы болуучу хаосу жүз жылдын эң күчтүү жана коркунучтуусу катары өтүшү мүмкүн. Мындай апааттан эң көп аба базалары, байланыш тармактары жана көпчүлүк техникалар жабыр тартат. НАСАнын ушул боюнча даярдаган докладына караганда, мындай алааматтан дүйнө жабырлануу менен ири өлчөмдө зыян тартат; т.а. эгер мындай кырсык боло тургандыгы анык болсо 1 же 2 триллион доллар зыян тартаары анык. Ал эми кыйроого учураган курулуштарды кайрадан оңдоп-түздөө үчүн кеминде 4 жылдан 10 жылга чейин убакыт коройт.




Пластиканы колдонуу пайдалуу
Табиятта кездешүүчү пахта, жибек, жүн, каучукка окшогон полимерлерди көп жылдар бою колдонуп жатсак да, пластиканын жасалма түрдө чыгарылышы ХХ кылымдын башына туура келет. Учурда колдонууга ыңгайлуу жана баасы да арзан болгон пластикалык каражаттар көбүрөөк чыгарылууда. Биз билгендей мурда жыгач, темир, пахта, кагаз ж.б. материалдардан жасалган бир канча буюмдардын ордун пластикадан жасалган буюмдар алууда. Акырындык менен күнүмдүк жашоодо колдонууга ыңгайлуу турмуш-тиричилик буюмдардын баары пластикадан жасалууда.


Унааларда пластиканын колдонулушу
Пластика жыртылууга, айрылууга чыдамдуу. Ошол себептен ал авто унааларда колдонулууга абдан ыңгайлуу. Себеби, темир менен курчалган унаанын ордун пластика менен курчоо алда канча пайдалуу. Унаа өндүрүшүндө ага керектелүүчү бардык техникалык жабдуулар жана каражаттар пластикадан болуусу кырсык учурунда өмүргө да чоң коркунуч алып келбейт. Анткени ал жеңил. Андан даярдалган унаалар да жеңилдигинен айырмаланышы толук ыктымал. Андан тышкары мотордон чыккан түтүн айлана-чөйрөнү булгап жатат. Ал эми пластиканын жардамы менен анын зыяндуулугу өтө азаят. Жакын арадан бери курулуш жана унаа чыгаруу инженерлери автомобиль өндүрүшүндө колдонулуучу темирлердин ордуна колдонулуучу жеңил, жөнөкөй, чыдамдуу пластикаларды чыгара башташты.

Учактарда колдонуу
"Airbus А380" учагы 853 жүргүнчү ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, дүйнөнүн эң чоң ташуучу учактарынын бири. Ал учактын көкүрөгү негизинен алюминийден жасалса да, анын курамында, т. а, 25% пластиктин жогорку деңгээлдеги түрлөрү колдонулган. Мисалы, алар, карбон лайф, айнек-лайф аркылуу жогорку деңгээлде сапаттуу пластикалар чыккан. Айрыкча, учактын бир гана көкүрөгү гана эмес, анын канат жана куйругунда колдонулуп келүүдө. Андан тышкары пластикалык каражаттарды колдонуу менен учак киши башына жол жүрүүдө аз гана май (керосин) кетире алат. Учак канчалык оор болсо, ошончолук керосин кетирүүгө мажбур болот. Андан тышкары бул учактын өзгөчөлүгү көп жүргүнчү ташуу менен бирге аз гана керосин сарптайт. Мисалы, "Airbus А380" учагы 14800 чакырым жүргүнчү ташууда, ар бир 100 чакырымда киши башына 3,3 литр керосин колдоно алат, ал эми "Boeing 747" учагы болсо, 12 200 чакырым аралыкта ар 100 чакырым жерде киши башына 4,3 литр май коротмокчу.


Кийинчерээк аба жолу өндүрүшүндө бир учакта 40 пайыз пластикалык каражаттар колдонулуусу пландалууда.

Турак-жайларда пайдасы
Технологиянын өнүгүшү менен пластиканын кошкон салымы зор. Турак-жайларда колдонуу, албетте, жеңил, чыдамдуу жана сапаттуулугу менен башка каражаттардан айырмаланып турат. Алсак, жылуулук изоляциялык каражаттар, труба, мор, эшик, терезе, чатыр ж.б. үй курулуштарынын бардыгында колдонулат.

Дүйнөнүн уюлу чыгышка карай жылууда
Билим адамдары дүйнөнүн ички борбордук бөлүгүнүн чыгыш-батыш ассиметриясы туурасында маанилүү билдирүү жасашты. Кыска бир убакыт мурда "Nature" табият журналына жарыяланган маалыматка караганда, дүйнөнүн ички уюлу акырындык менен каалгып чыгышка карай жылып жатат. Бирок анын ички катуу жана тышкы суюк ядросунун арасында да коюу, калың бир заттын жаңылануусу сөз болууда. Бул негизде анын алдыңкы бети эрүү менен арткы бетинде кристаллдашуунун негизинде темирдин өлчөмү чогула баштайт. Божомолдорго караганда, ички катуу ядро миллион жыл ичинде акырындык менен көбөйөт. Себеби, ички катуу ядрону курчап турган суюк ядро тынымсыз жана аз өлчөмдө курамындагы темир менен кристаллдашып, ички ядронун үстүнө чогула баштайт. Ага каршы күкүрт жана кычкылтекке окшогон заттар суюк зат бөлүгүндө калат жана жогорулайт. Теорияларга караганда, мындай иш-чара бардыгынан мурда дүйнөнүн магниттик талаасына таасир калтыруучу динамикалык багытты түзөт. Бирок мындай теория кээ бир изилдөө иштерине ылайыкталган негиздер менен гана чектелген. Негизинен бул берилген негиздер жалгыз гана тышкы уюлдун суюк катмарына эмес, ички уюлдун өзгөчөлүгү, айырмачылыгына байланыштуу болот. Ал жарым тегерек негизде чыгыш-батыш ассиметриясын көрсөтүп турат.


Зилзаладан коргоочу керебет чыкты
Технологиянын өнүгүшү менен адамдар анын жардамы менен ар кандай буюмдарды ойлоп чыгара башташты. Айрыкча дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгү жаратылыш кырсыгы, зилзаладан жабыркап келүүдө. Алардын ичинде Кытай өлкөсү да бар. 66 жаштагы Кытай жараны Ванг Винши жаратылыш кырсыгынан коргонуу максатында атайын зилзаладан сактоочу керебет ойлоп чыгарган. Бул туурасында Кытайдын "Daily" гезити жарыялап чыккан. Керебеттин төрт бурчу суу, консервалык азыктар, мегафон жана балка менен курчалган. Эгерде кырсык болуп жер титиресе, анда жер алдында калгандарды биринчиден керебет сактайт, экинчиден, ачкадан өлбөгөндөй даярдалган азыктар бар. Андан тышкары жер силкинген учурда керебетти курчап турган такта керебеттин үстүн жаап калуу менен ичиндеги адамды тирүү сактап кала алат. Бул керебеттер бетондон жасалган жана аз кабаттуу үйлөргө абдан ылайыктуу экендигин билдирген Ванг "Винчуен жана Йушу зилзалалары көптөгөн адам өмүрүн алды. Менин колумдан келүүчү жана өлүмдү азайтуунун айласы буга каршы бир нерсени ойлоп табуу болгон",-дейт. Эске сала кетсек, 2008-жылы Кытайдын түштүк батыш бөлүгүндө жайгашкан Шихуан аймагына караштуу Винчуен шаарындагы болгон жер титирөөдө 87 миңдей, апрель айындагы Чинхай аймагынын Йушу шаарында 2 миң 700гө жакын адам курман болгон.


Буурчактын көлөмүндөй бакалар табылды
Дүйнөнүн эң ири үчүнчү аралы катары таанылган Борнеода изилдөөнүн жыйынтыгында буурчактын көлөмүндөй кичине бакалар табылган. Аны Малайзиянын Saravak университетинен Индранаил Дас, 2006-жылы аталган аралда бакаларга жасаган изилдөө учурунда алардын жаңы түрүн көрүшкөн. Ал кесиптеши Александр Хаас менен биргеликте "Kubah" улуттук сейил багындагы бийик тоонун чокусуна карай кеткен жолдун жээгинде мына ушундай бакалардын түрүн көрүшкөн. Бирок алар алгач бакалардын балдары экен деп анча маани беришкен эмес. Изилдөөнүн жыйынтыгында, алар кичине эмес эле чоң бакалар экендиги аныкталган. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, күн батканда чыгарган бул бакалардын үндөрү аркылуу гана аларды табууга мүмкүнчүлүк болгон. Бирок, кичине болгондуктан аларды күүгүмдө табуу өтө кыйындыкка турган. Эркек баканын көлөмү 10,6 миллиметр менен 12,8 миллиметр арасында болгондугун таң калуу менен айтышууда. Тактап кете турган нерсе, мындай жаратылыштын сырдуу жана таң калычтуу көрүнүштөрү алгач жолугуп жаткан жок. Окумуштуулардын айтымында, мындай эң кичине жаныбардын түрлөрү Кубада табылгандыгын жана алардын көлөмү 9,8 миллиметр чоңдукта болгондугу аныкталган.

Даярдаган Самара Кабылбекова




кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"