Шайлоодо талапкерлерге жеңишке жетүү үчүн пайдалуу кеңештер
АЙДЫН ПАЗАРЖЫ
1950-жылдар... Ушул жылы Түркия жаңы саясий шайлоого багыт алган учурда Демократ Партиясы облустук жана райондук конгресстерди өткөрүп жатты. Токат шаарынын Артова аймагында губернатордун шайланышы күтүлгөн. Ага эки талапкер Илхан Бычакчы жана Ибрахим Дирижан ат салышкан. Анын ичинен Илхан Бычакчынын жеңишке жетүүсү сөзсүз эле. Себеби, ал аймакта жашаган жана көпчүлүк сыйлаган ишкер Ибрахим Тунжер колдоо көрсөтүүсүн сунуштагандыгын жарыялайт. Шайлоо күнү ишкер добуш берүү үчүн келет да ал жерден бир топко чейин тышка чыкпайт. Ал күнү добуш берүүдө эмнеге мынчалык кечиккендигин ал эч кимге айтпайт. Болгону Илхан Бычакчы каза болгонго чейин... Ошол себептен ал ишкердик адатына салып, талапкерлигин көрсөтүп жана колдоо берип жаткан И.Бычакчынын ысмын "унутуп", ал анын атаандашы Ибрахим Дирижанга таразанын ташын оодарат. Тактап айтканда, бир добуштан эмне болмок эле деген ой менен ал өзүн колдоого алган И. Бычакчынын ордуна анын атаандашына добушун берет да чыгып кетет. Шайлоонун бүтүшү менен добуш берилген үкөктөр ачылганда Ибрахим Дирижандын атаандашынан бир добуш айырмачылыгы менен шайлоону жеңгендиги көрүлөт. Бирок, бир гана добуш берүүдөн эмне болмок эле дебегиле! Бир добуш менен өлкөнүн келечегин чечип коюу мүмкүн, албетте.

Талапкерлердин эң таасирдүү көзүрү "Труман тактикасы"
Жогоруда мен сөз кылган мындай окуялар талапкерлердин кулагына күмүш сырга болушу абзел. Депутаттыкка талапкерлердин үгүт ж.б. иш-чаралары 10-октябрга жакындаган сайын күндөн-күнгө тездетилүүдө. Стратегиялар белгиленип, алардын акчалары самандай сапырылып жаткан учуру. Кээ бир саясатчылар шайлоону жеңүү максатында адистик тажрыйбасына таянуу менен жарнама берүүчү фирмалар менен иш жүргүзүп жатса, кээси тубаса жөндөмдүүлүгүнө ишенүүдө. Бирок шайлоого мыкты даярдык көрүлсө да талапкер, күтүлгөн убакыт жана белгиленген күн келмейинче оор мезгилге дуушар болот. Аларды мындай оор, кыйын учурда аз да болсо жардам берүүгө аракет кылуу менен бирге шайлоону жеңүүчү шарттарды изилдеп чыктык. Эң таасирдүү жана керектүү пропагандалык иш-аракет бул - байланыш болуп эсептелет. 1948-жылы АКШнын өкмөт башчысы катары шайланган Хенри Труман шайлоо кампаниясында ушул эрежени колдонгон. Ал ушул жол аркылуу ийгиликке жетише алган. Себеби, Труман поезд жүргүнчүсү катары 32 күндүн ичинде 15 миллиондон ашуун адамдар менен бетме-бет көрүшүп, аларга өзүнүн жасай турган иш-аракеттерин калайык калкка айтып берген. Саясат айдыңына "Труман тактикасы" катары кирген мындай эреже Труманга сандыктан жеңишке жетишүүсүнө жардамчы болгон.

Эл кайда болсо сиз да ошол жерде болуңуз
Талапкердин мекендештери менен жакын мамиледе болуусу анын жеңишке жетүүсүнө шарт түзмөкчү, т.а. талапкер ар дайым эл менен чогуу болуусу зарыл. Алардын жакшылык жана жамандыгында, ачуу жана таттуу күндөрүндө, айылында, шаарында, жада калса жайлоосунда да болсо эл аны сыйлайт жана колдойт.

Саясатчы сөзмөр жана чечен болушу керек
Алардын эң чоң катасы, аянттарда үнү чыкпай калгыча бакырып сүйлөгөндүгү. Андан алар туура кылып жатам деп ойлоп жатышкан чыгаар. Бирок алар терең жаңылышат. Талапкер ар дайым ачык жана түшүнүктүү кылып сүйлөөсү шарт. Андан тышкары, талапкер эл менен сүйлөшүп жаткан учурда өзүнүн эне -тилинде жана башка тилдеги сөздөрдү кошпостон так сүйлөөгө аракет кылышы керек. Ал үчүн алдын ала даярданып алса болот. Себеби, ар кандай сөздөрдү сүйлөп, же сөгүнүп, сагынуу да аны ээрчиген элди иренжитип жибериши мүмкүн.




Талапкерлерге баалуу кеңештер
Сиз даярдаган долбооруңуз мыкты болсо да аны элге жеткиликтүү негизде түшүндүрө албасаңыз, анда шайлоодон утушка ээ боло албайсыз. Ал үчүн сизге төмөндөгүдөй баалуу жана керектүү кеңештерди сунуш кылмакчыбыз:

*Өлкөдө "имидж мейкер" агенттери бар болсо андан сөзсүз түрдө пайдаланыңыз.
*Сүйлөө эрежелерин үйрөнүңүз. Ал үчүн театр ишмерлеринен жардам алыңыз.
*Ден-соолугуңузду текшерткенди унутпаңыз.
*Үй-бүлөңүз туурасында жашыруу туура эмес. Аларды да эл билиши керек. Сиздин кандай адам экендигиңизди шайлоочунун билүүсү абзел.
*Айрыкча жаш балдарга көңүл буруңуз. Аларды ата-энесинин көзүнчө сыйлаңыз. Бул сиздин аброюңуздун көтөрүлүшүнө түрткү берет.
*Ар кимдин жолу менен кетпеңиз. Сиздин үгүттүк стилиңиз башкалардан айырмаланып туруу менен өзгөчө болушу керек.
*Массалык мааалымат каражаттары аркылуу эл менен тыгыз байланышта болуңуз. Тартынуу сиздин максатыңызды ойрон кылат.
*Оорукана жана кырсыкка кабылган үйлөрдү кыдырыңыз жана алардын арыз-муңун уга билүү менен сөз берип, аны аткарууга аракет жасаңыз. Сөз берүү жана аткаруу сизди көккө жеткирет.
*Аянттарда көкүрөгүңүздөн башка жүзүңүз көрүнбөй турган жерге караганда, элдин арасында болуу абдан зарыл. Алар менен учурашуу, жакындан саламдашуу өтө керектүү.
*Ар дайым таза, тыкан болуңуз. Сиз караламан калктын арасында сыноодо экениңизди унутпаңыз.
*Бой көтөрүүчүлүк жакшы сапаттардан эмес экендигин эске алсаңыз жетиштүү.

Талапкерлерге кеңештер:
*өзүңүзгө ишениңиз;
*туура сүйлөөгө аракет жасаңыз;
*кыска, бирок маанилүү түшүндүрүүнү тандаңыз;
*протолдук тартипти сактаңыз;
*убакытты туура тандаңыз;
*сабырдуу болуңуз;
*куру кыйкырыкка караганда ишендирүүчү сапаттарга ээ болуңуз;
* "мен" эмес, "биз" деген түшүккө ээ топ менен иштешиңиз;
*сөздү жыйынтыктоо иши сизде болсун.

Сүйлөшүү учурунда эмнелерге көңүл буруу керек?
*Сүйлөө да өзүнчө бир тартипти талап кылат. Андыктан "силер билесиңер" же болбосо "мына ушуга окшогон" деген маанисиз, түшүнүксүз сөздөрдү колдонбоңуз.
*Сүйлөмдүн арасынан "бирок, окшойт" деген сөздөрдү алыс кууп, туура сүйлөөгө аракет кылыңыз.
*Ар дайым жүзүңүз жарык болсун.
*Эл алдына чыгып, сүйлөп жаткан учурда мүмкүн болушунча туруп сүйлөөгө аракет жасаңыз.
*Эгерде сүйлөө учурунда ката кетсе анда дүрбөлөңгө түшпөстөн, сабырдуу болууга аракет жасаңыз.
*Сөзсүз түрдө айта турган сөздөрдү жазып алыңыз. Ар кандай окуялар болуп кетиши мүмкүн. Ал эми шайлоочунун жанында болсоңуз кагазды кароонун кереги жок.

Таасирдүү сүйлөшүү үчүн:
*алгач угуңуз.
*башкаларды кызыктырган темалардан сөз кылыңыз.
*тажатуучу кайталануучу сөздөрдөн алыс болуңуз.
*сөзсүз аткарыла турган иштерден баштаңыз.
*сиздин да бере турган суроолоруңуз бар. Аны ошол жерден жана убагында сурап калууга үлгүрүңүз.
*ачууландырбай каршы чыгууну үйрөнүңүз.
*эч качан эч кимдин сөзүн бөлбөңүз.
*түшүнүктүү жана чыдамкай болуңуз.

Талапкерлер телепрограммаларда кандай мамиле кылуусу керек:
*Теле жана радиолордон келген шайлоо программаларына келген чакырууларды кабыл алыңыз жана барыңыз.
*Бирок алдын ала көрсөтүүгө кимдер келээрин, канча убакытка созуларын, алып баруучунун кандай алып барарынан бери жана көрсөтүүдө кандай сөз болоорун билүүңүз кажет.
*Ар түрдүү суроо жана темага даяр болуңуз. Атаандашыңызды да сиз айткан маселелердин үстүндө кандай пикирде экендигин билиңиз, жана анын айтуусуна жол бериңиз.
*Турпатыңызга да кам көрүңүз.
*Ар бир сүйлөнүп жаткан сөздөн сиз өзүңүздү мыкты талапкер катары көрсөтүңүз.




Жүрөгүбүз менен чечим чыгарсак
2010-жыл Кыргызстан үчүн оор жылдардан болду. Үстүбүздөгү жолборс жылы кыргыз тарыхына каргашалуу окуялар менен жазылып калаары бышык. Өлкөдөгү кан төгүлгөн калабалар дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурду. Бир канча мамлекеттер Кыргызстандын ыдырап кетишин каалап тымызын аракеттерди жасап жатканы белгилүү. Дос кыйын күндө билинет дегендей бизге кайсы мамлекеттер душман экени ачык байкалды. Өйдө тура албай жаткан өлкөнү буттан алганга аракеттер жүрдү жана жүрүп жатат.
2005-жылы эл бийликтин адилетсиздигинен жадап 15 жыл башкарган президентти кууп чыктык. Ошол учурда журт үчүн күйүп, сөз менен бакубат турмушту элдин көз алдына келтирген азаматтарды бийликке алып келдик. Андагы кубанычтар, келечекке болгон ишенимдер көп өтпөй талкаланды. Арадан беш жыл өтүп 7-апрелде тагдырдын буйругу менен ишенимди актабаган журт башчысын командасы менен Ак үйдөн кууп чыктык. Тилекке каршы, бул окуя канчалаган жаш жигиттердин өмүрүн алды. Жаңы Убактылуу бийлик орноп сегиз жолу өзгөртүлгөн баш мыйзамды реформалап, парламенттик өлкөгө бет алдык. Эми алдыбызда кыргыз элинин тагдырын чечүүчү депутаттарды шайлоо маселеси турат. Учурда парламенттик шайлоо өнөктүгү старт алып үгүт иштери кызуу башталды. Кыргызстан үчүн мындай оор кырдаалда шайлоо өткөрүү чоң сыноо экени белгилүү. Жакында өлкө башчысы баардык шайлоого катышуучу партия лидерлерин чогултуп алдыдагы шайлоону мыйзам чегинде өткөрүүгө чакырды. Өз сөзүндө президент мамлекеттин бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаралса жарышты токтотоорун эскертти. Билген кишиге алдыдагы шайлоо президенттик шайлоодон да маанилүү. Анткени жеңген партия өлкөнүн башкаруу тутумдарынын дээрлик көпчүлүгүн колго алат. Кыскасын айтканда жарыштын жеңүүчүлөрүн чоң байге күтүп турат. Маарага жетүү да оңой эмес, анткени 29 партиянын ортосунда кыл чайнашуу жүрүп, атаандаштык күч. Үгүт иштери башталганына аз эле болгонуна карабай нааразычылыктар жана таарынычтар башталды. Тилекке каршы бул шайлоо алдында биз күткөн жаңы нерселер жок. 19 жылдан берки "кассета" кайталанып, куру убадалар тоодой айтылууда. Элди ишендиребиз дегени менен мындай кооз сөздөрдөн баары тажаган. Көчөдө, теледе, радиодо, гезитте, деги эле кайсы жакка барба "калпычылардын" жалган сөздөрү. Бишкектин көчөлөрүндө үгүт баракчаларын бири-биринин үстүнө чаптоолор орун алып, эл башкарам деген эрендер маданиятсыздыгын дагы бир жолу көрсөттү. Айрым партия лидерлери таштандыдан башкага жарабаган үгүт баракчаларын тыюу салынган көчөлөргө чаптап таштаган. Шаардын тазалыгын камсыз кылган кызматкерлер аны кошумча убара тартып тазалоо иштерин баштаса, бут тосуулар башталды деп элди дүрбөтүүдө.
Кыргыз эли үчүн шайлоо өнөктүгү кандай жакшы. Өткөндө Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында Убактылуу өкмөт Кыргызстанга жыйырмадан ашуун ири инвесторлорду алып келди деп айтты эле. Көрсө Азике шайлоого катышкан партияларды айтыптыр. Расмий эмес маалыматтарга караганда боло турган шайлоого жалпысынан 150 млн. дон ашуун америка доллары чачылат экен. Экономикалык жактан кыйын абалда турган элге бир аз болсо да бул каражаттар пайдалуу. Бирок ушул каражаттардын көпчүлүгү элдин эсебинен тонолгон акчалар экенин көпчүлүгү билбесе керек. Муну да эске алып коюу зарыл. Албетте бул иш-чарада орустун "арам суусу" дарыядай агылып, эт тоодой төгүлөт. Айрым жакын санаалаш достор бири-бирине кас болуп чыгат. Кандай болгон күндө да шайлоо кабинасына киргенде терең ойлонуп, жүрөгүбүз менен чечим чыгарсак. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ