Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0917_6.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0917_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0917_6.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0917_6.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0917_6.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0917_6.htm on line 2
КР Президенти Роза Отунбаева:
"Кыргыз-Түрк мамилесинин келечеги өтө кең"
КР Президенти Роза Отунбаева Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын салттуу жолугушуусуна катышууда. Ошондон улам, ага Түркиянын "Zaman" гезити менен "Жихан" маалымат агенттигинин кабарчылары биркатар суроолор менен кайрылган эле.

- Роза айым, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан кийин Кыргызстан аймагында болуп өткөн аркандай толкундоолор менен этникалык топтордун ортосундагы кагылышуулардын арты басаңдап, туруктуулук орной баштаганы байкалып турат. Эми, Кыргызстан менен анын Президентинин негизги иш-аракети эмнелерге бурулат?
- Чын-чынына келгенде, апрель ыңкылабынын да, ага улай болуп өткөн башаламандыктардын баарынын башкы себеби барып-келип эле узак мезгилден бери калк ичинде топтолуп калган көйгөйлөргө барып такалат. Бийлик башындагылар менен карапайым калктын калың катмарынын ортосунда ажырым алыстап кеткендигинен улам болуп отурат. Мурдагы бийлик төбөлдөрү менен дагы башка кызыкдар күчтөр мына ушундай кыйчалыш кырдаалдан пайдаланып, журт арасын козутуу аракетин азыр да көрүп жатышат. Муну элдин өзү деле азыноолак түшүнүп калды. Буюрса, алдыда турган парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алсак, мамлекеттик бийлик бутактарынын баары толугу менен лигитимдешип, коомдук-саясий абал мындан дагы турукташа баштай тургандыгына ишеним бар. Албетте, дүйнөлүк каржы каатчылыгы, мурдагы жекебасар алкы бузук бийликтин калыстыктан караманча тайганы, ага кошул, өгүңкү башаламандыктар өлкө экономикасы менен калк биримдигине өз кесепетин тийгизди. Жаңы бийлик жаңыча чече турган көйгөйлөр көп. Биз иштин башын калк арасындагы ынтымак менен ырашкерликти чыңдап, эл ишенимине ээ болуудан баштап жатабыз. Мурдагы бийлик эл ишениминен таптакыр чыгып калган болчу, эми ошол ишенимди кайра кайтарып алышыбыз керек. Азыр элдик бийлик орногондугун элдин өзүнө жетик түшүндүрүү милдети турат. Анткени, жалпы элдик колдоого ээ болмоюнча, кырдаалды турукташтырып, калктын турмуш деңгээлин жакшыртуу өтө кыйын. Ошону менен бирге, коңшу мамлекеттер, түпкүлүгү бир элдер, салттуу өнөктөштөр менен да өзара алакабызды арттырууга тийишпиз. Алардын кадыр-баркы мына ушундай кыйын учурда чындап билинет тура. Аларга абдан ыраазыбыз, колдон келишинче колдоо көрсөтүп жатышат.
- Кыргызстан менен Түркия мамилелеринин артыкчылык багыттары кайсылар жана кандай алакалар аркылуу ишке ашырылууга тийиш?
- Түркия Кыргызстандын эгемендигин биринчи болуп тааныган өлкө экендигинин өзү эле көп нерсени айтып турат. Ага чейин эле миңдеген жылдык боордоштук мамилеси бар, тили жагынан да, дили жагынан да, маданияты менен салт-санаасы жаатында да бизге өтө жакын өлкө катары билебиз. Кыргыз менен түрк элдери байыртадан бир аймакта аралаш жашап, мамилеси түптөлүп, алакасы артып калган, бир сөз менен айтканда, түпкү тарыхый таржымалы менен маданий башаты бир эл болуп саналат. Мындай тектештик жана тарыхый белгилер эки эгиз элдин алакасынын чыңалышына бекем пайдубал түзөрү бышык. Алардын мындан ары да өнүгүүсүнө саясый жана экономикалык жактан толук мүмкүнчүлүктөр бар. Менин оюмча, жалпы эле түрк тилдүү мамлекеттердин, анын ичинде эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү артыкчылыктуу багыттардан болууга тийиш. Ушул тармакта ачык-айкын, иштиктүү натыйжаларга жетишүү үчүн баардык күч-аракетибизди топтошубуз керек. Чынын айтсам, мени Түркиянын туризм тармагындагы жетишкендиктери айрыкча кызыктырат. Сиздер жакшы билгендей, Кыргызстандын да туристтик даремети абдан зор. Анын бүтүндөй Борбордук Азиянын гана эмес, Орусиянын Сибирь аймагынын тургундары үчүн да денсоолук чыңдооо борборуна айлануу мүмкүнчүлүгү бар. Аны туура жана натыйжалуу пайдалануубуз керек. Акыркы мезгилде көп тармактуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну ар тараптан тереңдетүү үчүн түрк тилдүү мамлекеттердин эбегейсиз экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу өзгөчө мааниге ээ болууда. Келечекте көзгө көрүнгөн, иштиктүү натыйжалар жалпы дүйнөдө элдеринин алдында биздин түрк дүйнөсүнүн абыроюн дагы кыйла көтөрө алат. Көп тараптуу мамилелер менен бирге, эки тараптуу мамилелер да кызматташуунун ченемдик-укуктук базасын жакшыртууну талап кылууда.
- Укуктук база демекчи, 2008-жылдан бери Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясы (ТүркПА) да иш жүргүзүүдө...
- Ооба, ТүркПА жаш болгону менен, келечеги чоң уюм. Анын биз үчүн саясий гана мааниге ээ эмес, күндөлүк турмушубузда да өз орду бар. Анткени, ааламдашуу доорунда кандайдыр бир өлкөнүн башкалардан четтеп, жалгыз-жарымдап жашоосу кыйын. Эгер биз башка элдер чындап эле алысты көздөгөн алакаларды түзөбүз десек, анда улуттук мыйзамдарыбызды жакындаштыруу милдети келип чыгат. Ошондуктан, ТүркПАга тили менен дили, маданияты менен салт-санаасы, тарыхый таржымалы жакын элдер ортосунда бирдиктүү мыйзам үлгүлөрүн иштеп чыгуу милдети бекеринен жүктөлүп жаткан жери жок. Кыргызстан парламенттик башкаруу таризин тандап алды. Түркия дагы парламенттик башкаруудагы мамлекет. Демек, ал биздин өлкөнүн андан аркы өнүгүүсү үчүн жакшы мисал болуп калды. Мурда жөн гана өзара тажырыйба алмашып келсек, эми түздөнтүз сабак ала баштайбыз. Мисалы, биздин алдыбызда парламенттин жаңы түзүмүн калыптандыруу, жаңы өкмөт курамын жана башка бийлик бутактарын түзүү, алардын өзара мамилелерин жолго салуу сындуу биркатар кечиктирилгис милдеттер турат. Демек, Түркия тарап менен кеп-кеңеш алып, кызматташуу алкагы дагы кеңейгени турат. Жогоруда айтып өтпөдүкпү, алдыда парламенттик шайлоолор турат деп. Буюрса, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыш шайланып келген соң, орток мыйзам үлгүлөрүн иштеп чыгуу демилгеси кайрадан колго алына баштайт. Анткени, Түркиянын туруктуу өнүгүү көрсөткүчтөрү абдан жогору өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Учурда Кыргызстанда көптөгөн түркиялык ишканалар, окуу жайлар, маданий жана соода борборлору ийгиликтүү иштеп жатат. Ошондой эле, дүйнөлүк соода-сатык атаандаштыгы күчөп турган маалда, Түркиянын рынок шартында иш алпаруу тажрыйбасы чоң. Алардан биз айрыкча орто бизнести жүргүзүү өнөрүн жакшылап үйрөнүшүбүз керек. Анткени, орто бизнести өстүрмөйүнчө, өлкөнүн тез арада бутуна туруп кетиши өтө кыйын. Андан тышкары, Кыргызстанда кыргыз-түрк биргелешкен "Манас" жана "Ата Түрк-Ала-Тоо" университеттери, дагы башка биркатар орто билим берүү мекемелери ийгиликтүү иш алпарууда. Алардын ар биринин Кыргызстандын келечеги үчүн кошуп жаткан салымы зор. Ал эми Түркияда болсо, биздин миңдеген жаштарыбыз заманбап жогорку билим алышууда. Албетте, парламенттер аралык алакада деле да болсо айрым бир өз деңгээлинде чечиле элек маселелер бар дечи, тактап айтканда, билим берүү, дин, экология, жаратылышты коргоо жана башка багыттардагы мыйзам чыгаруу базасын жакындаштыруу жаатында түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттери менен биргелешип иш жүргүзүү зарыл. Ошондой эле, жогорку адистиктеги кызматкерлерди даярдоо боюнча, туризмди өркүндөтүү, тарыхий-маданий эстеликтерди коргоо, салык саясатын жакшыртуу, жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү тармагында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча өзара тажырыйба алмашуу сындуу мамилелерибизди мындан ары да жигердүү уланта бермекчибиз.
- Роза айым, ушундан улам Кыргызстандын парламенттик башкаруу бийлик таризин тандап алышынын негизги себептерине токтоло кетсек…
- Кыргызстан эгемендик алгандан берки жыйырма жыл аралыгында адегенде президенттик башкаруу таризин, андан кийин президенттик-парламенттик аралаш башкаруу таризин басып өттү. Тилекке каршы, аталган эки тариз тең жарамсыз болуп чыкты. Буга Башмыйзамды өз кызыкчылыктарына жараша каалагандай өзгөртүп алып, жекебасар бийлик тутумун түзгөн Кыргызстандын мурунку эки президентинин тагдыры айныгыс мисал болуп берет. Эки президент тең кыска мезгил аралыгында эле үй-бүлөлүк жекебасар башкаруу тутумун түзүп алгандыгын кантип унутабыз. Алтурсун, акыркы президент кызмат ордун мурастоо жолун, мындайча айтканда, "кеңешме демократиясын" да ойлоп таап чыкпадыбы. Баштагы бийлик төбөлдөрү башкаруунун мыйзамдык ынанымдарын сөз жүзүндө гана калтыруу менен, иш жүзүндө өз кызыкчылыгы үчүн иштеп турбадыбы. Өз ыйгарым укуктарынын гана чегинде гана иш жүргүзө турган укук коргоо органдары, сот бийлиги, мамлекеттик кызмат тутумунан тартып жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына чейин саясатташып, бийлик башындагылардын тикелей жана кыйыр көрсөтмөсү менен иштеп калган. Ошондой эле, аткаруу бийлиги кылмыш дүйнөсү менен чырмалышып, коомчулук арасы криминалдаша баштады. Андан сырткары, өкүлчүлүк органы катары, башка бийлик бутактарынын ишине көзөмөл кыла турган парламент бийлик төбөлүнүн колбаласына айланып тынды. Бийликтин жападан жалгыз ээси болуп саналган эл өзүнүн түздөнтүз милдети болуп эсептелген башкаруу бийлик органдарын түзүү жана анын ишин көзөмөлдөө туткасынан таптакыр эле ажырап калбады беле. Мына ушундай өзүмбилемдиктин акыры эмне менен бүткөндүгүнө өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Бул - өткөндүн сабагы. Ошондуктан, апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн элдик бийлик органы - Убактылуу Өкмөттүн алдында мамлекеттик башкаруу тутумуна бийлик тизгинин чоюп турган адамдардын жеке таасирине туруштук бере ала турган жоболорду иштеп чыгуу, дегеле башкаруу тутумун түп-тамырынан бери өзгөртүү милдети турган. Биз анын өтөөсүнө чыктык деп ойлойм.
- Парламенттик башкаруу таризи чет өлкөлөрдө колдоо таап жатабы?
- Эми, парламенттик башкаруу таризин жеке мен же утурумдук бийлик башында туруп калган саясатчылар тобу тарабынан таңууланып жаткан жери жок, жалпы элдик добуш берүү аркылуу элдин өзү тандап албадыбы. Референдумдун өтөр-өтпөстүгүнө анчалык ишенкирбеген айрым саясатчылар менен реваншисттик күчтөрдүн калк арасын козутуп, абалды курчутуу аракеттерине карабастан, 2010-жылдын 27-июнунда болуп өткөн жалпы элдик добуш берүү жыйынтыгында парламенттик башкаруу таризи камтылган КР Конституциясынын жаңы редакциясы шайлоочулардын дээрлик 90,55 пайызынын добушуна ээ болду. Башкача аталып келгени менен, парламенттик башкаруу усулу кыргыз эли үчүн таптакыр эле жат же жаңычыл усул деле эмес. Кыргыз элинде жалпы элдик башкаруу ыкмалары байыртан эле боло келгендигин тарыхый таржымалыбыздын өзү дагы таасын тастыктап турат. Чынын айтканда, биздин парламенттик башкаруу таризине өтүү демилгени колдоп жаткандар да бар, анчалык жактырбай жаткандар да жок эмес. Эң негизгиси, биздин элдин өзүнө жагып, Кыргызстанды өркөнү өскөн өлкөгө айлантуу менен, калк керегине жарап берсе болгону. Баса, көптөгөн өлкөлөрдө, ичинде Түркиянын өзүндө дагы дал ошондой башкаруу таризи ийгиликтүү иштеп жатпайбы. Биз алардын буга чейин топтогон иш-тажырыйбасынан үлгү алуу менен, өз ишибизде ийгиликтүү колдонууга аракет кылабыз.
- "Темир Жибек жолу" аталган Бакы-Тблиси-Карс темир жолунун курулуш долбоору байыркы Жибек жолун кайра калыбына келтирүү менен, Кыргызстандын экономикасына өз салымын кошо алабы?
- Сөзсүз кошот. Байыркы Жибек жолунун баардык тармагы Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөн. Байыркы Жибек жолун калыбына келтирүү долбоору өткөн кылымдын 90-жылдары Кыргызстандын демилгеси боюнча башталбады беле. Кыргызстан деңиз жолунан кыйла окчун жаткан тоолуу өлкө. Жүктүн баары жер бетиндеги унаалар менен гана ташылат. Ошондуктан, транспорттук коммуниканцияны өнүктүрүү - биз үчүн стратегиялык жактан өтө орчундуу милдет. Мунун саясий жактан да, экономикалык жактан да мааниси зор. Ушу тапта өз өнөктөштөрүбүз менен дагы ири долбоордун - Өзбекстан-Казакстан-Кыргызстан-Кытай темир жолунун үстүндө иштеп жатабыз. Ал жол аркылуу деңизге чыкса болот. Долбоор негизинен даяр, азыр каражат булактары караштырылууда. Аны баштоо мөнөтүнүн кийинкиге жылдырылышына дүйнөлүк каржы каатчылыгынын кесепети тийип кетти окшойт. Бирок, бул жолдун курулушуна баардык тараптар кызыкдар болууда.
- Түрк тилдүү мамлекеттердин бирлигин түзүүгө кандай карайсыз?
- Тарыхый таржымалы менен маданияты жакын, өтө бай жаратылыш байлыктарына эгедер, эбегейсиз кол күчү бар түрк тилдүү мамлекеттер чөлкөмү дүйнөлүк экономикалык жүрүм менен геосаясаттын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Алардын өзара карым-катнашта болушу түрк дүйнөсүнүн эларалык абыроюн андан бетер арттырары бышык. Эларалык жана мамлекеттер аралык уюмдардын иш-тажрыйбасы көрсөтүп жаткандай, өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү жана кеңейтүү тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана келишим ынанымдарына таянуу аркылуу жүзөгө ашырылууда. Азыркы Евробирликте деле ошондой болуп жатпайбы. Мында эң башкы планга эксперттик камсыз кылууну күчөтүү, бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү жана ар тараптуу байланыштарды арттыруу зарылдыгы келип чыгат. Азыркы ааламдашуу шартында, бир да мамлекет ички жана тышкы коркунучтар менен, улуттук коопсуздук үчүн жалгыз-жарым күрөшө албай тургандыгын көрсөттү. Ошондон улам, жалпы жамааттык коопсуздук маселелери кечиктирилгис чаралардын бирине кирет жана ал эриш-аркак биргелешкен күч-аракетти талап кылат. Биргелешкен программаларды иштеп чыгып, ар тармактуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу зарылчылыгы бар. Кыргызстанда болуп өткөн акыркы окуялар, башкалар менен бирге, түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык, саясий, маданий жана руханий мамилелерди тереңдетүү жана өнүктүрүү зарылдыгын таасын тастыктап койду. Ошондуктан, түрк дүйнөсү дагы башка кадыр-барктуу эларалык уюмдардын арасында өзүнүн татыктуу ордун таба тургандыгына ишенем. Түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы тарыхый тамыры, теги бир экендигине карабастан, анын курамына кирген элдердин ар биринин өздөрүнө гана тиешелүү айырмачылыктары менен касиеттери да бар. Дал ошонусу менен мыкты болуп жатпайбы. Ал эми, тил жаатына келсек, бири-бирибизди түшүнүшүп алганга чаркыбыз жетет деген ойдомун. Маектешкен АЙДЫН ПАЗАРЖЫ





кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"