Кыргыз гезиттери



Роза Отунбаеванын Ош сапары
Президент Роза Отунбаева Ош аймагында эки күндүк иш сапары менен болуп, анда июнь коогалаңында каза тапкандарга куран окутуп, алардын жакындары менен жолугушту. Ошондой эле жабыркагандар үчүн курулуп жаткан 75 батирлүү үйдүн курулушу менен таанышты. Мындан сырткары түштүктүн аксакалдары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жергиликтүү журналисттер менен жолугушуп, баарлашты.

НАЗГҮЛ Бостонбаева Ош

Кандуу окуянын күнөөкөрлөрү жазасыз калбайт
Президенттин түштүк калаага болгон иш сапарынын алгачкы күнү кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үйлөрүндө болуп алардын жакындарына көңүл айтуу менен башталды. Коогалаң мезгилинде кандуу окуядан каза болгон Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Адыл Султанов жана анын айдоочусу Уран Шамурзаев мыкаачылык менен кылмышкерлердин колунан каза болгон. Өз өмүрүн мекен үчүн арнап каргашалуу окуянын курмандыктары болгон кызматкерлер кесиптештер арасында гана эмес бүткүл кыргыз элинин жүрөгүндө сакталарын белгилеген өлкө башчысы кандуу окуянын күнөөкөрлөрү жазасыз калбасын билдирди. Ошол эле июнь окуяларында эки элди элдештирүү үчүн барган жеринде окко учкан Ош шаардык кеңешинин депутаты Аскар Шакировдун үй-бүлөсүнө барган мезгилде Роза Отунбаева депутаттын ата-энесине, балдарына көңүл айтып, сабырдуулукка чакырды.

Роза Отунбаева: "Коопсуздукту камсыз кылууга күчүбүз жетет"
Президент Роза Отунбаева Оштогу иш сапары учурунда облустун аксакалдары менен жолугушуусунда ушинтти. Аксакалдар саясий партиялардын санын кыскартуу, чагымчыл күчтөрдү чукул арада таап, жазалоо, бийликке таза адамдарды тартуу маселелерин козгошту. Ошондой эле элди дүрбөлөңгө салган ушак сөздөргө чара көрүү маселелерин да көтөрүштү.
Президент Роза Отунбаева июнь айындагы жаңжалды жөнгөрүүгө ал учурда өкмөттө каражат да, күч да болбогондугун айтып, эми мамлекет чет өлкөдөн атайын керектүү каражаттарды алып жаткандыгын, өлкөдөгү ар кандай чыр-чатактардын алдын алууга өкмөттүн кудурети жете тургандыгын билдирди. Президент учурда түштүктө элдин коопсуздугу үчүн кооптонууга эч кандай негиз жок экендигин белгиледи. Мындан тышкары ал эки элдин ортосунда элдешүү чараларын күчөтүү керектигин айтты.

Президенттин коомдук кабылдамасы ачылды
Р.Отунбаева Ош шаары жана облусттун жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабыл алуу кеңсесинин расмий ачылышына катышты. Алгач июндагы коогалаңда каза тапкан жарандардын жакындарын кабыл алды. Маркумдардын жакындарынын айтымында, алардан ушул убакка чейин бийлик кабар алган эмес. Ошондой эле бийликтен июндагы коогалаңда каза тапкандардын үй-бүлөсүн социалдык жактан колдоону жана каза болгондор үчүн компенсация төлөп берүүсүн суранышты. Белгилей кетсек, коомдук кабыл алуу республиканын Түштүк аймагы боюнча Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында ачылып, борбордук кабыл алуу кеңсеси Ошто жайгашкан. Президенттин коомдук кабыл алуу штабы 7-сентябрдан баштап иштей баштаган. Алар өлкө жетекчисине кайрылууларын, арыз-армандарын жеткирүү үчүн Бишкек шаарына барып отурбай эле, жер-жерлерде ачылган кеңселерге кайрылышса болот.

Кырдаал туруктуу, бирок, кооптонууга негиз бар
Роза Отунбаева Ош облусунун жана шаарынын укук коргоо, сот органдарынын жетекчилери менен жолугушуп, аймактагы акыркы кездеги коомдук-саясий кырдаал талкууга алынды. Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облусу жана шаары боюнча башчысы Турат Асанбаев кырдаал турукташып бараткандыгын, бирок айрым саясий күчтөрдүн иш-аракеттери, ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын июнь окуяларын бир жактуу чагылдыруусу абалдын жакшы нукка бурулушуна кедергисин тийгизип жаткандыгын маалымдады. Ошол эле учурда президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев акыркы кезде элди катуу дүрбөлөңгө салган чагымчыл күчтөрдү токтоосуз табуу жана жазалоо багытында укук коргоо органдары, айрыкча улуттук коопсуздук кызматы чабал иштеп жаткандыгын сынга алды.




Кандуу калабанын күнөөкөрлөрү жазаланышын коомчулук талап кылууда
НАЗГҮЛ Бостонбаева Ош
fОш окуясынын күнөөкөрлөрүн жана кылмышкерлерин аныктоодо укук коргоо кызматкерлеринин ишине коомчулук канааттанбайт. Мындай пикир Ош шаардык мэриясында өткөн кеңейтилген аппараттык жыйында айтылды. Ага катышкан коомчулуктун өкүлдөрү сот органдарынын маалыматы элге толук жетпей жана июнь окуясы толугу менен ачылбай жаткандыгын айтып чыгышты. Ошондой эле башаламандыкка тиешеси барларга мыйзам чегинде тийиштүү жазалар берилбей жаткандыгына да нааразычылыктарын билдиришти. Ош шаарынын тургуну Ж.Кадырова элге бир дагы туура маалымат жетпей жатканын айтып, тиешелүү кызматкерлерден коомчулукка чындыкты айтуусун талап кылды. "Буга дейре брондолгон КАМаздарды, даярдалган курал-жарактарды таптык деп телевизордон жар салышты. Эмне үчүн ушуларды камдагандар, уюштургандар жазасын ала элек. Эмне үчүн маалыматты жашырасыңар. Эл дагы акыйкатты күтүп олтурат", - деген дооматын койду.
Белгилүү болгондой, июнь окуясындагы кылмышкерлерди аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына бардык күч түзүмдөрү киргизилген. Ош шаарынын прокурорунун орун басары Данияр Сатыбалдиевдин берген маалыматына караганда, аймакта 2100дөн ашуун адам жабырланып, 2 миңден ашуун кылмыш иши катталган. Кармалган атуулдарга болсо кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Акыркы он күндүн ичинде түштүк борбордо ар кандай ушак-айыңдар айтылып, элди бир топ дүрбөткөн. Улуттук коопсуздукту коргоо кызматынын кызматкерлери бул багытта ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшкөнүн айтышат. Бирок алигиче ушак тараткандар аныктала элек. Улуттук коопсуздукту коргоо кызматынын Ош облусу жана шаары боюнча башчысынын орун басары Абдразак Дунаев "Ушак тараткандар табыла элек. Биринен сурасаң дагы бирөөдөн укканын айтат, ага барсаң дагы башка адамды айтат. Айтор, конкреттүү далил таба албай жатабыз", - дейт. Буга кошумча саясий партиялардын үгүт иштеринин башталышы менен ар кандай имиштердин тарашы күч алгандыгын кошумчалады.
Жергиликтүү бийлик жетекчилери тийиштүү кызматтарга кооптондуруучу жагдайлардын үстүндө иш алып барууну жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү милдеттендирди. Учурда шайлоо өнөктүгүнө карата Ош шаарында 82 добуш берүү тилкеси түзүлгөн. Калаадагы коомдук тартипти сактоо үчүн ички иштер кызматкерлери тарабынан чечкиндүү иш-аракеттер көрүлүп, күчөтүлгөн тартипте күзөтчүлүк кылмай болушту. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Марат Орозбаев шайлоого карата тартипти сактоо үчүн 300дөн ашуун кызматкер бөлүнгөнүн, ошондой эле аларга жардамчы катары ыктыярдуу топтор түзүлгөнүн маалымдады.




Жалал-Абад облусунун губернатору партиялардын облустагы координаторлору менен кеңешме өткөрдү
14-сентябрь күнү Жалал-Абад облусттук мамлекеттик администрациясында облус губернатору Бектур Асанов парламенттик шайлоого ат салышкан саясий партиялардын облустагы кооординаторлору менен кеңешме өткөрүп, алдыдагы шайлоону таза өткөрүүгө бийлик өкүлдөрү өздөрү кызыкдар экендигин билдирди.
Кеңешмеге шайлоого катышып жаткан 29 партиянын 12синин координаторлору жана тартип сакчылары катышып, алар үгүт барактарын бириникин бири айрыбай, бири-бирине сый мамиле жасоосу керектигин айтышты. Ошондой эле алар үгүт иштерин таза өткөрүү, мыйзамды бузбоо, шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча каалоолорун билдиришти. Жүрүп жаткан үгүт иштери боюнча партия өкүлдөрү өз ара сындарды айтып өтүштү.
Губернатор Б.Асанов "Бийлик өзү шайлоонун таза өтүшүнө кызыкдар. Болбосо коомдо стабилдүүлүк болбойт", - деп чакырык таштады. Партиянын өкүлдөрүнүн суроолоруна жыйынга катышкан Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бакыт Козуев жооп берди. Анархан Жаныбаева, Жалал-Абад шаары

Нарындын "Кыргыз шырдагы" фестивалы
Кыргыз Республикасынын Эгемендик тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан бул фестивалга өлкөнүн бардык облустарынан 200гө жакын улуттук дөөлөттөрдү сактап, өркүндөтүп келишкен не бир кол өнөрчүлөр, усталар, уздар катышты. Бул фестивалга Бишкек, Ош шаарларынан өкүлдөр келишкен жок. Алгач кыргыздын улуттук көркөм буюмдарынын бардык үлгүлөрүнүн көргөзмө-жарманкесинин ачылышы шаардык ден соолукту чыңдоо борборунда болуп өттү. Ал эми шаардык спорт майданда фестивалдын ачылыш салтанаты башталып, анда Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Эмилбек Алымкулов, Нарын шаар мэри Баатырбек Жээналиев, Германиянын техникалык кызматташтык коомчулугунун кеңешчиси, доктор Петер Х.Фёрстер мырзалар куттук сөз сүйлөштү. Бул күнү жергиликтүү райондордун өкүлдөрү тарабынан кыз узатуу, келин алуу, жентек той, тушоо кесүү боюнча улуттук каада салттар тартууланып, "Мыкты шырдак", "Ак өргөө", "Чебер" көл өнөрчү, "Улуттук кийим", "Сыйкырдуу түстөр" боюнча сынактар болду. Ал эми 16-сентябрь күнү болсо Борбор Азия Университетинин кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинде "Кыргыз Шырдагы" жергиликтүү экономикалык өнүгүүсүнүн жолу аттуу тегерек үстөл жыйын өткөрүлдү. Кыргыз элинин улуттук көөнөрбөс дөөлөттөрүн чагылдырган алгачкы фестиваль тууралуу кеңири баяндама гезиттин кийинки санында жарыяланмакчы. Күмөндөр Усуптегин, НАРЫН

Сулуулук сынагы ай чырайлуу кыздарды тандады
К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалуу драма театрында "Ысык-Көл периси - 2010" сулуулук сынагы өттү. Областтык мамлекеттик администрациясынын материалдык жана моралдык колдоосу менен уюштурулган бул сынак белгилүү продюсер жана шоумен Бакыт Букаевдин демилгеси менен ишке ашты. Сынак түптүү кыргыз элинин улуттук каада-салтын, үрп-адатын, баалуулуктарын даңазалоо аркылуу келечекте үйдүн куту болчу кыздардын мекенчил сезимдерин ойготуу, билим деңгээлдерин көтөрүү, билүү чөйрөсүн кеңейтүү, ошондой эле табият тартуулаган ай чырайлуу жүздөрүн бир бүтүндүктө кармай билүү менен сулуулуктун маани-маңызын түшүнө билүү керек деген максатта өттү. Сынакка ар бир шаардан жана райондон экиден, бардыгы болуп 12 кыз ат салышты. Шейшекан ЖАНАЛИЕВА, Ысык-Көл




кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"