Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0917_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0917_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0917_2.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0917_2.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0917_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0917_2.htm on line 2
Түрк дүйнөсүн баш коштурган Кызматташтык Кеңеши
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн президенттеринин башын кошкон бул жолугушуунун максаты былтыркы жылы Кеңешке катышуудан баш тарткан Түркмөнстандын өкмөт башчысы Гурбангули Бердимухаммедовду көндүрүү болуп саналат.


БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Түркмөнстан жолугушууга биринчи жолу катышууда, бирок, азырынча Кеңеште орун ала элек. Уюмду түзүү иштери Абдуллах Гүл Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын лидери Роза Отунбаева жана Түркмөн мамлекет башчысы Гурбангули Бердимухаммедов менен болгон жолугушуудан соң жыйынтыкталат жана аны менен катар Түрк Кызматташтык Кеңеши күчүнө кирет. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн президенттеринин башын кошкон бул жолугушуунун максаты былтыркы жылы Кеңешке катышуудан баш тарткан Түркмөнстандын өкмөт башчысы Гурбангули Бердимухаммедовду көндүрүү болуп саналат. Аны менен катар Түрк дүйнөсүндөгү кызматташтык чегараларын кеңейтүү маселеси кирген. Ал эми бул жолугушууга Өзбекстан өлкөсү катышуудан азырынча баш тартып жатат. Ал жактан эч кандай делегация келген жок. Ал эми түрк тилдүү лидерлер кийинки жылы Өзбекстандын да Кызматташтык Кеңешине мүчө болуусун каалагандыктарын билдиришти.

3-октябрь Түрк күнү болмокчу
Булактарга таянсак, Түрк дүйнөсүнүн бир уюм айланасында жолугушуусун жана анын катчылык кызматы болушу керектиги билдирилүүдө. Катчылык кызмат кызматташтыктын өнүгүшүнө жана ар кандай иш-чаралардын өткөрүлүп турушуна жооп бермекчи. Ага кетүүчү каражат Түркия тарабынан колдоого алынат. Кызматташтык Кеңештин борбору Стамбулда болуп, катчылык кызматтын башчылыгына үч жыл мөөнөт менен элчи Халил Акынжы шайланат. Түрк Кеңешинин негизги максаты ар түркүн чөйрөдө, бирок бир максатта гана иш алып барууну пландоодо: Мамлекеттик министрлик кеңеши, Тышкы иштер министрлигинин кеңеши, Жогорку даражадагы кызматкерлер Комитети, ар бир өлкөдөн эки өкүлдүн турган Аксакалдар делегациясы, парламенттик Ассамблеясы (T?RKPA), Академиялык Кеңеш жана Түрк маданий жана Көркөм орток башкармалыгы (Turksoy) кирмекчи. Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглунун берген маалыматына караганда, Түрк Кызматташтык Кеңешинин кызматтык абалы дагы да кеңеймекчи. Андан тышкары Түрк Иш Кеңешинин да ачыларын Ахмет Давутоглу белгиледи. Анда түрк тилдүү өлкөлөр арасында тыгыз иш кызматташтыгы жүзөгө ашмакчы. 1992-жылы бул Кызматташтык кеңеште орус жана англис тилдеринде сүйлөшүү болсо, азыркы учурда жалаң гана түрк тилинде сүйлөшүү болмокчу.

Өзал стилинде башкарууга өттүк, Түрк ишкерлерин Кыргызстанда күтөбүз
Түркияны дүйнөгө тааныткан өкмөт башчы маркум Тургут Өзалдын мамлекетти башкарууга болгон мамилеси, каза болгондугуна 17 жыл өткөнүнө карабастан азыркы убакка чейин дүйнө жүзүн кызыктырып келүүдө. Түрк ишкерлери жана Өндүрүшчүлөр Конфедерациясы (TUSKON) даярдаган Кыргызстан-Түркия Соода жана инвестиция форумуна катышып, сөз сүйлөгөн өлкөнүн президенти Роза Отунбаева, мындан ары Өзалдын жүргүзгөн саясий стилине өткөндүгүн белгилеп, Түрк ишкерлерин Кыргызстанга чакырды. TUSKON Стамбулда Түрк жана Кыргыз ишкерлердин башын бириктирди. Аталган федерациянын ачылышын Форумдун башчысы Рызанур Мерал ачты. Ал жерге Кыргызстандын өкмөт башчысы Роза Отунбаева да атайын кадырлуу конок катары чакырылды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн мурун сөз сүйлөгөн Роза Отунбаева, учурда Кыргызстан Тургут Өзалдын башкаруу стилине өткөндүгүн белгилеп, "Мындай негизде инвестициялар жана калктын колдоосу менен биздин эң биринчи досубуз болгон Түркиянын ишкерлери дагы да болсо ар дайым биздин жаныбызда болсун. Ал эми капиталдык салым кошууда аларга эң мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз",-деди. Алар үчүн Кыргыстанда ири маселелер болгондугун баса белгилеген Р.Отунбаева, "Европага чыгуучу жол бир гана Кыргызстандан өтөт. Ошондуктан дагы күчтүү дос болушубуз абзел. Албетте, биздин да чоң максаттарыбыз бар. Ошондуктан бул сүйлөшүү эң мыкты болот",-деп билдирди. Андан тышкары өлкөдөгү салык иштери 10 пайызга, НДС 12 пайызга төмөндөтүлгөндүгүн айтып өттү. Ал өз сөзүндө Кыргызстандын башкаруу системасы Түркияга окшош экендигин, бул жолду тандап алгандыгыбыз үчүн кээ бир өлкөлөр биздин саясий өнүгүүбүзгө шектенүү менен карап жатышат, бирок 27-июнда иш жүзүнө ашкан референдум демократиянын атына карата ташталган кадам экендигин аныктады. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында да парламенттик шайлоонун болорун, ага 29 партиянын катышарын жана сөзсүз түрдө коалициялык бир өкмөттүн куруларын, ошону менен катар жакырчылыкка каршы согуш ачыларын айтты..

Түркия ар дайым сиздин жаныңызда
Кыргыз элинин кыйын күндөрдү башынан өткөргөндүгүн TUSKON башчысы Рызанур Мерал белгилеп, "Түркия бир тууган боордошторубуздун жанында ар дайым болдук жана боло беребиз. Учурда биздин ишкерлердин да мээнети жана эмгеги зор. Кыргызстандын келечеги кең",-деп тастыктап өттү. 2005-жылы ачылган TUSKONдун бюджетинде 50 миң ишкана жана 15 миң ишкер бар. Конфедерация ушул убакка чейин Африка, Азия Тынч океан жана Европага жакындоо менен 8 тышкы соода көпүрөсү программасы ишке ашты. Өткөн жылы Түркия-Дүйнө соода көпүрөсү пайда болду. Аталган конфедерацияда бүгүнкүгө чейин даярдалган иш-аракеттерде 14 миллиард доллардык киреше түшкөн. ZAMAN




Роза Отунбаева Нурсултан Назарбаев менен жолугушту
16-сентябрда түрк тилдүү мамлекеттердин саммити өтүп жаткан Стамбулдун "Чараган" сарыйында Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаеванын Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу болду. Эки башчынын жолугушуусу массалык маалымат каражаттары үчүн жабык эшик аркасында өттү.
Р.Отунбаева ошондой эле Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул жолугушуу дагы жогорудагыдай эле форматта өттү.

ТИМ башчылары жолугушту
Стамбулда өтүп жаткан түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусунда бул өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин отуруму болду.
Ага тышкы иштер министрлери Азербайжандан Эльмар Мамедьяров, Түркия Ахмет Давутоглу, Кыргызстан Руслан Казакбаев жана Казакстандан Канат Саудабаев, ошондой эле Түркмөнстандын эл аралык байланыштар боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана тышкы иштер министри Рашид Мередов катышты.
Отурумда Түркиянын ТИМинин башчысы саммиттин жыйынтыгында маданият, билим берүү жана социалдык тармакта биргелешкен программаларды ишке ашыра турган түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин Башкы катчылыгы түзүлөт деп айтты. АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Электр энергиясы кымбаттабайт
"Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшү тууралуу сөз да болбойт",-дейт Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев. Анын сөзү боюнча калк үчүн 1 киловаттына 70 тыйын жана уюмдар үчүн 1,5 сом болгон тариф азырынча өзгөрүүсүз калат. "Токтогул суу сактагычында жетишерлик суу топтолгон, биз жазында ал жерде 12 миллиард кубометрге жакын суу болот деп пландап жатабыз. Бул оптималдуу көрсөткүч",-деп белгиледи Осмонбек Артыкбаев.
"Электр энергиясын пайдаланууда чектөөлөр, же болбосо мезгил-мезгили менен өчүрүү каралган жок. Биз муну убада кылабыз",-деп ишендирди министр. Анын сөзү боюнча, энергетиктерди үч фазалуу электржабдуусуна туташкан пайдалануучулар шектендирет. "Биз алар үчүн электроэнергиянын баасы коомдук талкуунун жүрүшүндө аныкталышы керек деп эсептейбиз. Анткени мындай абоненттер адаттагыдан 3-4 эсе көп пайдаланышат. Каттоого алынган 1 млн. 200 миң пайдалануучунун ичинен алардын саны 54 миңге жетет. Алар көп учурда электр менен жылытылат, муну болсо каражаты жетиштүү жарандар гана жасай алат",-деп белгилейт О.Артыкбаев. АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 22 миң бала бар
Мындай маалыматты "Тынчтык, эмгек жана социалдык адилеттүүлүк үчүн" акциясында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелер ассоциациясынын жетекчиси Тамара Жумабекова билдирди. Анын сөзүнө караганда алар балдардын церебралдык параличи, Дауна оорусу жана башка оорулардан жапа чеккендер. Мындай балдарга жардамчы керек, алардын эмгегин мамлекет, тагыраак айтканда, Социалдык камсыздандыруу мамлекеттик агенттиги төлөп бериши керек. "Бирок, иш жүзүндө эч нерсе жасалбайт, ата-энелерге оорулуу балдарды өздөрү караганга туура келип жатат",-дейт Т.Жумабекова.
Ассоциациянын өкүлдөрү парламентке маселени чечүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Иш ордунан жылгандай болгон. Мурдагы бийликтер 2011-жылы асисстенттердин эмгегин төлөп берүү үчүн 7 миллион сом бөлүп берүүнү убада кылышкан. "Жаңы бийлик бул чечимди колдойбу, азырынча белгисиз",-дейт Т.Жумабекова. АЙМИРА МЕНДЕЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"