Кыргыз гезиттери



Тагдыры тайкы тил
Асылбек Айтманбетов
Ош МУнун доценти
Жыйырма жылдан бери 23-сентябрь - мамлекеттик тил күнүнө карата республикада түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп, кийинки жылга чейин ың-жыңсыз тынчтык өкүм сүрөт. КМШга кирген өлкөлөрдүн ичинен бир гана Кыргызстанда тилдин тагдыры тайгак кечүүгө кептелип, кургак убадалар, кайтарымсыз иш-аракеттер менен ордунан жылбай келүүдө. Кыргызмын деп өзүн санаган ар бир инсан бул көйгөйдү өз дараметине жараша ар кандай ченеп, өлчөп, бирок дегеле жандуу колдоо болбой, көңүл коштуктун, кенебестиктин кемесинен чыга албай жатабыз.
"Тил - улуттун жаны" (Гумбольт), "Мамлекеттин, маданияттын сакталышындагы негизги элементи - тил" (Ататүрк), "Тил - адам рухунун түпкү теги, суу ичкен булагы" (Х.Карасаев) ж.б.у.с. айтымдар тарыхтын так таразасында тастыкталып, өтмүш турмуштагы ар бир жашоочунун күндөлүк өмүр сүрүүсүнүн, келечек муунга мурас энчиленишинин бирден-бир уюткусу, негизи экенин капарыбызга албайбыз.
Кыргыз эли акыркы жылдарда өтө эле саясатташып кетип, тилдин көңүл кейиткен келбетин, абалын билмексенге салып, бирок келечегибиз үчүн кудай кечиргис, урпагыбыз унутпай узакка наалат айта турган мезгил келе турганын элес албай келебиз. "Өзүңдө турат бир айып, кайда барасың кылайып" дегендей биз, кыргыздар, өзүбүз кыргыз тилинин көркөмдүүлүгүн, боёктуулугун ыңгайлуу колдонуп, сүйлөбөй, жазбай бөтөн улуттун өкүлдөрүнө доомат артканга гана көнүп алдык.
2010-жылдын 30-августунда өткөн Ош МУнун Окумуштуулар Кеңеши жылкы теппей, жылан чакпай туруп эле 2001-жылы филология илимдеринин доктору, профессор, маркум Т.Аширбаев негиздеген мамлекеттик тил жана кеп маданияты кафедрасы жоюлсун деген токтом чыгарды. Жыртыгын бүтөй албай, кемтигин толтура албай жатканда даңазалуу окуу жайынын бул бүтүмүн кандай калчоого болот? Окуу жайларында ушундай мамиле болсо, анда мамлекеттик тилдин чындап эле ооматы кеткенби?
7-сентябрда Убактылуу өкмөттүн алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүүнү талкуулаган форум жалаң орус тилинде өтүп, мамлекеттик тилде бирөө да сүйлөбөгөнүн көрүп, көңүл иренжиди. Жалпы журтка бүдөмүк болуп жаткан маселенин расмий тилде өтүлүшү "эл жакшыларын" ойлонтуп да койбогонуна, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын 8-11-беренелерин каратып туруп бузганына күбө болдук. "Кыргыз мас болсо, орусча сүйлөйт" деген турмуштук тажрыйбадан чыккан кеп бар. Бирок биздин ишенген жетекчилерибиз сопсоо туруп эле бир күн кечке орусча сүйлөшкөнүнө издеп жооп таба албадык. "Кыргыз бийликке жеткенче эле. Бийликке жеткенде башка улутка өтүп кетет" деп маркум Дооронбек Садырбаев даана сыпаттама берип кеткен экен.
"Кулак укса, курсак кайнайт" демекчи Казакстандын Президенти Н.Назарбаевдин: "Казак менен казак казак тилинде гана сүйлөшөт" деген сөзү көчөлөргө илинип, жакшы жөрөлгө катары элдин, жаштардын колдоосуна ээ болгонун уккан жайыбыз бар. Жакын арада биз ушундай жакшылыкка күбө болор бекенбиз... Россиянын телекөрсөтүүлөрүндө (ОРТ, РТР) Кыргызстанды Киргизия деп атаганы дүйнөлүк коомчулукта кайсынысы мамлекеттин аталышы экенин ажырата албаган абал жараларын көңүлгө алган, кайрылуу жасаган пенде жок.
Учурдагы абалдан кантип чыгабыз?
10-14-июндагы Ош коогалаңынын себептеринин бири - тил саясатына байланыштуу экени жалпыга маалым болду. Бул күтүүсүздөн пайда болгон көрүнүш эмес. 20 жылдан бери өкүм сүрүп, мамлекеттик тилдин аброюнун өз даражасына жетпей, аксап келе жатканынын кесепети болду. КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын статусун (макамын) жогорулатуу керек. Себеби бул комиссиянын үнүн угуп, сунуш-пикирлерин колдогон мекенчил, улутман жетекчилер али күнгө чейин чыга элек.
Казакстанда мамлекеттик тил боюнча комитет бар. Жетекчи кызмат орунга сунушталган адам ушул комитеттин сынагынан өткөндөн кийин гана өз ишмердүүлүгүн аткара алат. Бул жакшы саамалыкты улуттук комиссиянын жоопкерчилигине берсе эмнеге болбосун?
Парламенттик шайлоодон өткөн депутаттардан сөзсүз кыргыз тилинен сынак алуу зарыл. Себеби элибиз алардын сөзүн угууга, татыктууларын талдап аныктоого куштар эмеспи. Буга чейин унчукпаган балык депутаттарды (кыргыз) көп эле көрбөдүкпү.
Ар бир кыргыз жараны алмустактан өчпөй келе жаткан кыргыз тилин бузбай туура жазып, туура сүйлөп, улутман болуп, учурдун зарыл муктаждыгы, улуттун көрөңгөсү, келечеги - мамлекеттик тил экенин пир тутуп, аздектей алганда гана орчундуу маселелер чечилет, оң жолго түшөт.
Казак акыны Туманбай Молдогалиевдин:
Жигит бирде кедейленер, байыр да,
Тагдыр, учкул канатымды кайырба.
Айырсаң да нечен кымбат дүйнөдөн,
Сенден тилейм - эне тилден айырба, - деген саптары бардыгыбыздын көөдөнүбүздө кыттай уюп, келечек багытыбызга жол көрсөткүч болуп кала берсин.





Кеп устаты - Жээренче чечен
Кабылбек Жумабаев Кочкор району
Жаныбек хан менен Жээренче чечендин айтышы, кеп күрөштүрүшү - кийин Төлө бий менен тархан Жаныбектин тил безенген окуялары менен көп учурда бутташтырылып калган!
Жаныбек баатыр Жээренче чеченге келип: - Айныбай тийген мылтык, алгыр куш, арымдуу тайган, тегеректеген жигит, жылкынын күлүгүн күтсөм дечү элем. Ошолорду болтурам деп түнү уктабай, күнү олтурбай, далай ачуу тер төктүм. Лакылдаган жигиттерим бар, лапылдаган жүйрүк күлүктөрүм бар, не болтурсам деп турган чак. Эми мындан аркысын кантсем? Боз уландай бороондоп эрдик кылсамбы, мыйзам мыкчып бийлик курсамбы? Элиңде карың болсо жазылуу катың, жай жайлаган көлүңдүн четинде кырың болсо - токулгалуу атың дечү эле, өзүңүз менен кенен олтуруп, акыл ооштурайын деп келдим! - деген экен. Анда чечен компоё тартып: - И, баатыр, өгүздү өргө тартпа, канатың талаар, жаманга көзүңдү, артпа шагың сынаар. Досуңа жалган айтпа, ишеничиң кетээр, касыңа сырыңды айтпа, түбүңө жетээр. Жал-куйругу каба деп жарамсыздан айгыр салба, жоокерчилик болгондо жоого минээр ат туулбас. Жакыным деп жамандын малы үчүн жакшыны жакадан алба, өрүшүң тарылат. Курал жыйсаң мылтык жый, жөө жүрсөң - таяк, ач калсаң - тамак. Ал эми, ит агытып, куш салсаң - аңазаң артылат, жарпың жазылып, көөнүң ачылат. Аял алсаң айнектей тунук экен деп өңүнө караба, заги менен тегине, дама, чарк, дээрине кара. Арбыныраак жигит да күтүпсүң, бүгүн намысыңа жараган менен, акыры ар кылыгы чыгаар, доого да жыгаар. Дооматынан этият бол. Азоо, чалпоо аргымак күтсөң, жазы - жарга жыгаар, кышы - карга жыгаар. Тумоо түбү курт болот, туман түбү - кут болот. Элге бай кут эмес, бий - кут. Капталга чыга кар жааса, атан менен нарга күч, эл четине жоо келсе, баатыр менен бийге күч. И, карап отурганча, кай бир ишке жарап отур. Кесип болбой насип болобу? Менден кеңеш сурасаң айтканым ушу, сенин укканың ушу! - деп кеп чубап барып токтотот.
Кыргызда Жаныбек баатырды Жаныбек хан деп коюшат. Минткенде, кайсы Жаныбек хан деген собол туулат. Жээренче чечен качан туулган деген суроо коюп, анын туштугун аныктаганга аракет кылгандардын бир даары - 1357-жылы өлтүрүлгөн Алтын Ордодогу Жаныбек ханды эске алышат. Ал 1312-1342-жылдары хан тактында олтурган атасы Өзбек хандын ордуна хан болгон эле. Дагы бир даары - казак хандыгын кураган Жаныбек ханды (Аз Жаныбек хан, Абусаид, Жаныбек султан - 1417-1477-жылдар) эске тутушат. Бул жерде хан эмес, бирок салмагы ханга тете, философ кыпчак, ары таңдайы такылдаган тилдүү чечен, ары баатыр - Жаныбек тархан айтылып жатат. 1738-жылы кичүү жүздүн Абулхаир ханы менен бирге калмакка жортуул жасашкан. Ага бекеринен "тархан" (даркан) деген титул ыйгарылган эмес. Тархан - генерал-фельдмаршалга туура келет. Бул тарыхый инсан - жогары чекти аргын ичиндеги шакшак (чакчак) Жаныбек делет. Ал кичүү жүз ханы Абулхаирдин (1693-1748-жылдар) эжесине, же карындашына үйлөнгөн. Улуу жүздөгү Төлө бийге (1663-1756-жылдар) замандаш жашап, экөө көп ирет кеп жарыштырышкан. Төлө бийдин даңазасы Жаныбек тарханды да катарлаш көтөрмөлөп кетсе керек? Атактуу орто жүз бийи, каз дооштуу Казыбек бий (1667-1763-жылдар): - "Төлө бий өлдү дегенче дүйнөдөгү адилеттик өлдү десеңчи! Бүтүн бийликке Төлө жеткен, бүтүн хандыкка Эшим жеткен! Бул экөөнө ким жеткен?!." деген экен учурунда. Эгерде анын (Жаныбектин) түп атасы кыргыз Тагай бий менен катарлаш, же чамалаш жашаган Өткир сопы деп билсек, андан бери карата - Элебес - Үсембай - Эрмек - Чагыр - Аманжол - Чакчак - Көшей - Кочкар - Жаныбек. Жаныбек, Тыныбек, Турлыгул - үч бир тууган. Атасы - Кочкар, Тиней, Калкаман, Кожакара (Тамбет) ж.б. - баары алты бир тууган болгон. Мунун ичинен Калкамандан бери мындай: Калкаман - Байсейит - Үмбетей - Аралбай - Танбай - Шошак - Байтурсун (1843). Байтурсундан Кали, Ахмет (1873-1937), Машен, Какиш. Какиштен Шамырат (1924). Казактын биринчи Алиппе китебин түзгөн Байтурсунов Ахмет ушул эмеспи.
Төлө бий да андан мурунку Жээренче чечендин типтешме образын берген инсан шекилдүү. Элде бир кеп калган. Улуу жүздөгү он эки ата ширгелинин ичинде, жарлыкамыс уругунда Чойбек, Сеңкибай, Кара Тилек деген адамдар болуп, ошолордун бирөөсүнүн кызын (калмак колуна түшүп кетип, кайра кайтарылган) Сеңкибайдын Карабайы асырап алган. Ал асыранды кыздын аты - Аршын. Абылай ханды (1711-1781) ушул Аршын төрөгөн деген уламыш бар! Абылай хандын өз аты - Абылмансур. Аны кичинесинде Сабалак деп коюшчу. Кебетеси, самсаалак кийинип жүрсө керек? Түп теги - Жаныбек хандан келет. Жаныбек хан - Жадик - Шыгай хан (1580-1582-ж. хан) - Эшим хан - Жангир хан - Вали - Абылай кан ичээр - Вали - Абылай хан (1711-1781) - Вали (1741-1821) - Чыңгыш (1811-1847) - Чокан (1835-1865). Чокан да кыргыздын жээни. Кыргыздагы Саргалдак кожонун Кожахметинин кызы Айганым ханышаны (1783-1853) Абылай хандын (1711-1781) уулу Вали хан (1741 -1821) токол кылып алып, Вали хан 1781-1819-жылдары хан болуп туруп өлгөндө, бул токолу анын ордуна 1821-1834-жылдары ханыша болгон. Андан Чыңгыш (1811-1847) туулат. Чыңгыш 1853-жылы Кушмурун дубанына ага султан шайланып, полковник чинин алып, ошондон тарта казакта хан шайлоо жосуну токтолот. Абылай хандын калмак аялынан төрөлгөн бир баласы - Касым (1746-1841). Андан Кененсары (1802-1847), андан Акмат(1842), андан Азимкан, андан Натай (1908-1975), андан Мурат. Эшим хандын Жангиринин Валисинин уулу кан ичээр Абылайдан болгон Вали көпкө бала көрбөй жүрүп, Аршын төрөгөн баланы (Абылай ханды) асырап калат. (Абылай ханды кыргыздар өздөрүнө жээн көрүшөт). Элдик дагы бир улама боюнча, Аршындын өз атасы, же чоң атасы - Бакир, анын атасы - Тилеңбай, анын атасы - Атан, анын атасы - Жак, анын атасы - Жээренче чечен! Ошол Жээренче чечен Шыгай хандын (1580-1582-жылдардагы хан), же анын атасы Жадиктин тушташы, атүгүл Жадиктин атасы Жаныбек хандын (1417-1477) замандашы да болуп турат! 1400-1550-жылдары ичинде болгондой туюм калтырат.






кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"