Кыргыз гезиттери



Шайлообек Өмүралиев:
"Алкоголизм - жан дүйнөгө бүлүк салган, акылдан алган, азапка салган оору"
Аракечтик бүгүнкү күндүн арылгыс көйгөйү жана айыккыс дарты болду. Бул каргашалуу кесепеттин айынан канчалаган кырсыктар чыгып, кылмыштар жасалып, канча үй-бүлө талкаланып жатат. Ушул дарт тууралуу "Дем-Нур" медициналык борборунун директору, жогорку категориядагы дарыгер-нарколог Шайлообек Өмүралиев менен маек курдук.

- Шайлообек мырза, айтыңызчы, аракечтик деген эмне, аны оору катары кабыл алууга болобу?
- Аракечтик, албетте, бул оору, ал башка ооруларга караганда абдан татаал дарт. Анын клиникалык белгилери элге кеңири жеткен эмес. Буга чалдыккан адамдар аны мойнуна албайт. Бул кеселди медицинада "тануу оорусу" деп коюшат. Эгерде адам кургак учук же башка бир кеселге чалдыгып калса, сөзсүз мойнуна алат. Ал эми мында болсо танат, анткени адамдардын психологиясына аракечти экинчи сорттогу адам катары кабыл алуу калыптанган. "Бул коомдун саркындысы, муну менен эң эле жаман адамдар ооруйт" деген түшүнүк бар. Бирок, чынында бул президенттен баштап, карапайым адамга чейин эч нерсесине карабастан бирдей эле оорутат. Статистика боюнча ала турган болсок, буга дуушар болгондордун ондон бири гана дарыланат.
- Бул оорудан арылуу үчүн эмне кылуу керек?
- Андан арылуунун жолдорун бир нече кадамдарга бөлүп айтууга туура келет. Биринчи кадам аутодиагностикадан өтүү, же болбосо өзүнө өзү диагноз коюу. Муну тесттин жардамы менен жасоого болот. Анда эгерде 16 баллдан жогору топтой турган болсо "аракеч" деген диагноз коюлат. Мына ушуну тактап алгандан кийин, эми бул оорунун эмне себептен келип чыккандыгын аныктоо зарыл. Аракечтиктин төрт себеби бар, муну америкалыктар "Биопсихосоциомодель" деп аташат. Биофактор - адамдын денесине, организмине, биохимиялык процесстерге тиешелүү факторлор. Адамда ичкиликке тиешелүү эки фермент болот. Мисалы, кант диабети менен ооруган адам, инсулин деген фермент жок, кант жей албагандыктан ошол оору менен жабыркайт. Анын сыңарындай эле аракечтикке чалдыккан адам, канында эки фермент жок болгондуктан ушул дартка чалдыгат.
- Аталган ферменттер тууралуу кеңири түшүндүрүп берсеңиз?
- Батыштын өнүккөн Германия, Франция, Голландия сыяктуу өлкөлөрүндө бала төрөлгөндө эле бул ферменттерди такташат. Аларда төрөлгөн балдардын 7-8 пайызында бул фермент жок болот. Ал эми биздин кыргызда 25 пайызында тубаса болбойт. Бул фермент төрт түрдө болот, бирөөндө такыр жок, экинчисинде алсыз, үчүнчүсү орточо активдүү, төртүнчүсү өтө күчтүү. Күчтүү фермент организмге келип кирген алкоголду талкалап жок кылып турат. Эгерде канында фермент жок болсо, ичкилик иче коюп жүргөн адам 3-5 жылдын ичинде эле алкоголизм дарты менен ооруп калат. Адам эгерде оозуна такыр ичкилик албаса, ал эч убакта буга чалдыкпайт, кичине эле иче турган болсо ал кылтакка илинет. Менин дарыгерлик тажрыйбамда алкоголизм оорусуна дуушар болгон 19-20 жаштагы кыздар да кездешип жүрөт. Булардын ичкиликтин даамын тата баштаганына 3 же 5 жыл болгондор.
Ал эми алсыз ферменти барлар 5 жылдан 8 жылга чейинки аралыкта аракечтикке дуушар болушат. Орточо активдүү ферментте болсо 10 жылдан 15 жылга чейинки убакыт ичинде дартка чалдыгуу коркунучу бар. Бул көбүнчө орус улутундагыларга тиешелүү. Ал эми күчтүү ферменттер жалаң жүзүм жеп, жүзүм ширеси, жүзүм виносун ичип жашаган калктарга тиешелүү. Мисалы, Франция, Италия, Кавказ элдери тамактануу учурунда иче беришет. Алар канчалык күн сайын колдонушпасын, ферменти күчтүү болгондуктан аталган дартка чалдыкпайт.
Ферменттер укумдан-тукумга берилет. Ата-энесинде бул фермент жок болсо, ал жети атасына чейин кете берет. Негизинен алганда Борбор Азиянын элдеринин ичинде бул ферменттер кыргыз, казактарда абдан алсыз жана жок.

ЭРТЕСИ БАШ ЖАЗУУ
АРАКЕЧТИКТИН БИРИНЧИ БЕЛГИСИ
- Бул ферменттерди синтездесе болобу, же башкача айтканда илим-билимдин дүркүрөп өскөн маалында адамдын организмине аракечтикке каршы турууга кандайдыр бир жардам берүүгө мүмкүнбү?
- Бул суроону абдан көп берип келишет. Бул татаал фермент. Мисалы инсулинди канча жылдан бери синтездей албай келишет, аны чочконун колтугундагы бездеринен алышат. Ал эми алкоголизмдин ферменттери андан жүз эсе татаал. Ошондуктан ала албай келишет. Эми бул ферментти кыргыз элине тубаса бербегенден кийин бул дагы Алла Тааланын "аларды ичпесин дегени" деп түшүнүү керек. Бул ферментти лабораторияда бүгүнкү күндө 100-150 доллардын тегерегинде аныктоого болот. Айрым адамдар арак ичпей жүрүп эле бир күн ичип, ошондон ары 3-5 же андан ары да 1 айга токтоно алышпайт.
- Ферменти жок экендигин эмнеден улам болжолдоого болот?
- Кыргызда бир жаман сөз бар "Көр казган менен баш жазган чоң сооп" деген, анын сыңарындай, кимде ким арак ичкендин эртеси баш жаза турган болсо демек анын ферменти жок деп эсептей берүүгө болот. Бул да көп нерсеге байланыштуу. Ал адамдын жашоо образына, тамактанганына, үй-бүлөсүнүн караганынан да көз каранды. Көп учурда жакыр жашаган адамдар начар тамактанышат, жалаң суу менен арак ичип жүрө берип өлүп калууда. Ал эми жакшы жашаган, жакшы кызматта иштегендер, чиновниктер капельница алышып, жакшы тамактанышып бул кырдаалдан чыгып кете алышат.
- Арактын психологияга же болбосо аң-сезимге тийгизген таасири кандай?
- Психикалык фактордон алып караганда курамында этил спирти бар бардык ичимдиктер баңги заттарга кирет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму арак менен тамекини эң эле коркунучтуу зат деген чечим чыгарган. Булар психоактивдүү же башкача айтканда, адамдын аң-сезимине, психикалык-активдүүлүгүнө таасир берүүчү заттар. Арак адамдын мүнөзүндөгү кемчиликтерди кандайдыр бир деңгээлде компенсация кылат. Ичкенден кийин бирөө менен жадырап-жайнап сүйлөшө албаган адам ачылат, эгерде өзүндө кемсинүүнү сезе турган болсо анысы да жоголуп өзүн кадимкидей дүйнөсү түгөл сезет.
Адамдын арак ичкенден кийин аң-сезими өзгөрөт. Анын көңүлү көтөрүлөт, жадырайт-жайнайт, арман-күйүтү жоголуп баары ойдогудай болуп калат. "Жашоо көрсө ушунусу менен кызык турбайбы" деген ойду мунун даамын татып калгандан кийин мээнин клеткалары жакшы сактап калгандыктан дайыма эңсеп калат. Ичкилик ичпей жүргөн учурда адамдын эртең менен турганда көңүлү куунак болуп турса бул норманын жогорку чеги, ал эми көңүлү чөгүп турса, норманын төмөнкү чеги. Арак ичкенден кийин норманын жогорку чегине 3+ ка жетет, барып эле токтоп калбайт, ал андан кайра төмөндөйт. Анын таасири 7-8 саатка чейин жетет. Андан кийин маанай +3төн төмөндөй баштайт дагы -3кө чейин түшөт, ошого барып эле токтоп калбастан, депрессиялык абалга чейин келет. Ага дүйнөдөгү бардык жаман нерсенин бардыгы тең башына үйүлүп алгандай сезилет. Арак болсо 15-20 жылдан кийин жыргаткан касиетин жогото баштайт. Жыргап-куунаш үчүн көп өлчөмдөгү арак талап кылына баштайт, адам 1-2 шишеге мас болбой калат. Ошондо адамдын организминде аракка болгон карама-каршылык күчөй баштайт. Депрессия болуп көңүлү чөгүп жаткан учурда жүз грамм ичип ахыбалын оңоп алат, бирок, көп өтпөй эле кыйнала баштайт. Анткени адам жакшы тамактанбагандан кийин организмдеги глюкоза, ферменттер, гормондор болобу бардык энергетикалык заттар азая баштайт. Ушундан кийин 10 күн же бир ай ичип туруп анан ичпей койсо мунун кесепеттери өтө коркунучтуу болушу ыктымал.

АРАК МЕНЕН ЖАКЫРЧЫЛЫК
ЭГИЗ КОЗУДАЙ…
- Социалдык фактордун себептерин айтып берсеңиз?
- Эң чоң социалдык фактор, биз союз учурундагы эң жаман жерибиз ар бир майрам, даталуу күндөрдү арак менен белгилөөнү орустардан үйрөнүп алганыбыз болду. Бул жерде дагы бир маанилүү нерсе коом канчалык жакыр жашаса, арак ошончолук көп ичилет. Анткени учурда социалдык абал абдан начар, жакырчылык белден басып, бирине тартса, бирине жетпей турган учур. Демек, арак депрессияга каршы каражат катары колдонулуп калды. Жакырчылык менен аракечтик эгиз козудай эриш-аркак чогуу жүрөт. Эл канчалык жакыр болсо арак ошончолук көп ичилет. Учурда кыргыз калкынын 80 пайызга жакыны ортодон төмөнкү абалда жашайт. Мисалы, шаарда "Народный" ж.б.у.с. дүкөндөр, ал эми айылдарда күркөлөр күндүр-түндүр иштейт. Ар бир булуң-бурчта куруту менен чогуу стакандап арак сатылат. Каалаганы келип ичип алып кете берет, ал эмне арак экенин ичкен киши өзү дагы билбейт. Ошентип, аракечтикке туш-тарабынан төп келишкен эң сонун шарттар түзүлгөн.
- Руханий фактордун аракечтикке таасири канчалык?
- Аракечтиктин жогоруда аталган себептеринин төртүнчүсү руханий фактор. Мисалы, Батыштагы калктын Кудайга болгон ишеними өтө чоң. Бизде болсо 70 жыл бою союздун алдында орустардын басымы менен жашап, атеист катары тарбияландык. Бардыгы "Кудай жок" деп андан качып, Ислам дининде аракты арам дегенине карбастан ага кирип кетишти. Кыргыздардын басымдуу көпчүлүгү Кудайга ишенбегендиктен кыйынчылыктар болгондо жардамды арактан сурап жатып, ага берилип кетүүдө. Жанга баткан жалгыздыкты ошонун жардамы менен чечүүгө аракеттенишет. Алкоголизм - жан дүйнөгө бүлүк салган, акылдан алган, азапка салган оору. Ичкиликти токтото турган руханий программа бар. Ошол программа аркылуу адамдын мүнөзүндөгү кемчиликтер тууралуу кенен сөз болот. Бул "Срывга каршы тригер программасы" деп аталат. "Срыв" - түз маанисинен которгондо "үзүлүү" дегенди түшүндүрөт. Ошол сыяктуу эле ичпей жүргөн аракеч дагы дүрмөттөлгөн мылтык сыңары. Ал бир күнү эчтекеден эчтеке жок эле "үзүлүп кетет", же башкача айтканда ичип кетет. Анын үзүлө турган маалында кандай белгилери боло тургандыгын жубайы, балдары, туугандары, аракечтин өзү дагы билиши керек. Ал такай эле үзүлө бербейт, анын 15 күндө, бир айда же үч айда бир ичкиликке түртө турган белгилери пайда болот.
- Аракты токтобой ичип жаткан адам бир күнү кыйын абалга келип, кыйналат, ошондой учурларда 100 грамм арак бере коюу туурабы?
- Аракты токтоно албай иче берген учурда организм ууланат. Эң биринчи кезекте боор менен бөйрөк жабыркайт. Эгерде ал киши тамеки тартса өпкөсү кошо жапа чегет. Жүрөк-кан тамырды талкалайт, эң негизгиси эритроциттердин май менен капталган сыртын эритип жиберет, ошол себептүү кан коюуланып кетет. Ал гана эмес, бир айлап ичкен кишилердин канынын коюлугунан дары өтпөй калат. Мына ушул учурда арак бере коюшуп өлтүрүп алып жатышат. Мисалы ошол абалга арак ичип олтуруп келип жатат да, анан ансыз дагы чөгүп бара жаткан адамга арак берүү ого бетер тумчуктуруп өлтүрүү менен барабар болот. Анткени мурда баш жазып жүргөн абалы башка, бул медицинада критикалык же болбосо агониялык абал деп аталат. Мында ушундай учурда организм өзү чыдабай калган болот, аракеч өзү дагы доктур деп жардам сурай баштайт. Мындайда кыйналып жаткан адамга "аспирин" же "тромбас" деген дары каражатынан 2 таблеткадан ичирүү керек, андан кийин тез арада дарыгерди чакыруу зарыл. МАЕКТЕШКЕН АЙМИРА МЕНДЕЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"