Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 2
Дүйнөлүк медиа Кыргызстандагы
окуяларды кантип чагылдырууда?
Төрөкул Дооров Азаттык
Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар соңку күндөрү дүйнөдөгү маалымат каражаттарында башкы тема катары чагылдырылууда. Анткен менен айрым учурларда окуяны үстүртөн гана стереотипдүү маанайда чагылдырып жатышат.
Кыргызстандагы окуяны дүйнөдөгү эң негизги маалымат телеканалдары Би-Би-Си менен Си-Эн-Эн өздөрүнүн ал жактагы кабарчылары аркылуу чагылдырышууда. Би-Би-Си бул күндөрү көбүрөөк Өзбекстанга кеткен өзбек улутундагы качкындардын абалына, алардагы гуманитардык жагдайга басым жасоодо.
"Азыр деле Өзбекстан менен чектеш аймакта жүздөгөн адамдар өмүрүн сактап калыш үчүн коңшу мамлекетке кире албай турушат. Бул адамдар азыр таза сууга, тамак-ашка муктаж, - деди Би-Би-Синин азыр Ошто жүргөн кабарчысы Рейхан Демитри. - Мен турган жердеги качкындар азыр бул үйдө таза суу чыкпай калганын, эми сууну каналдардан алыш керектигин айтышты. Гуманитардык абал Ошто да оор бойдон. Адамдар көчөгө чыгуудан коркушат, чыккан менен дүкөн-базарлар жабык".
Ал арада бүгүн Орусиядагы Russia Today телеканалы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Британияда кармалганы жөнүндө маалыматка кайрылып жатты. Алар "Риа-Новости" маалымат агенттигинин аналитиги Самир Шахбаз менен интервьюну көрсөтүштү. Ал түштүктөгү соңку тополоң үчүн Бакиевдердин үй-бүлөсүн күнөөлөдү.
"Албетте, Кыргызстандагы соңку күндөрдөгү тополоңго бийликтен кулатылган президенттин үй-бүлөсү жооптуу, - деди орусиялык эксперт. - Буга өлкөнүн экономикасынын кыйраганы да шарт болуп берди. Анткени өнүккөн мамлекеттерде бул өңдүү окуялар болушун элестетүү кыйын. Бакиевдин уулу Максим сырттан келген бүт инвестицияны колуна алган эле. АКШдан, Орусиядан түшкөн миллиарддаган долларды башкарып турган жана андан өлкөнүн бюджетине эч нерсе түшкөн эмес.
Франциядагы Эларалык радионун кабарчысы бүгүнкү берүүдө кыргыз аскер күчтөрүн да айыптады. "Өзбек кварталдарында азыр кыямат кайым болгондой абал, - деди ал. - Армия болсо кыргыздарга келгенде жумшагыраак боло калат".
Анткен менен мына ушул өңдүү кабарлардын дүйнөлүк медиада чыгып жатканын Борбор Азияда көп жылдардан бери иштеп келген даниялык журналист Майкл Андерсен айыптады. Анын айтымында, Батыштагы маалымат каражаттары Кыргызстандагы окуяларды үстүртөн гана чагылдырып жатышат.
"Оштогу окуялар "этникалык тазалоо, кагылышуу" эмес экенин түшүнүшүбүз керек. Бул - чыныгы бандитизм, - деди М.Андерсен "Азаттык" радиосуна. - Мен бир маанилүү нерсеге көңүлүңүздөрдү бургум келет. Менин Оштогу көптөгөн өзбек тааныштарым аларды кыргыз достору үйлөрүндө жашырып, коргоп жатышканын айтышууда. Менимче, бул өзгөчө маанилүү нерсе. Өзбектер менен кыргыздар бири-бирине жардам берип, колдоп жатышат. Бул Ошто чынында "этникалык калыгышуу" болбогонун ачык далилдеп турат".
Бүгүн дүйнөдөгү эң башкы гезиттер да Кыргызстандагы окуяларды кеңири чагылдырганга аракет кылышты.
Financial Times "Алыс көрүнгөн Кыргызстан азыр эларалык коомчулукту тынчсыздантып, оор абалга коюп койду" деп жазды. Макалада "Бир чети, улам кагылышуулар күчөп жатканы ыкчам аракеттерин болушу зарыл экенин көрсөтүүдө. Экинчи жагынан, Кыргызстанга чет өлкөлүк аскер күчтөрүн киргизүүнүн мыйзамдык жагы оор суроолорду жаратууда".
Кыргызстандын түштүгүнө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) тез аракеттенүүчү күчтөрүн киргизүү-киргизбөө талкууланганы да ушул макалада жазылды.
Ал талкуу жөнүндө басылмалардын көбүндө эле айтылат. Мисалы, Washington Post "Жамааттык коопсуздук келишими Кыргызстанга учактардан, аскерий техникалардан жамдам берээрин билдирди" деди. Гезит азыр кыргыз жериндеги окуя "Москваны да, Вашингтонду да саясий дилеммага салганын" билдирди. Жаңылыкка New York Times, Daily Telegraph жана башкалар да кайрылышты.




Барселона аялдардын паранжы жамынуусуна тыюу салды
Барселона Европадагы калк арасында паранжы жамынууга тыюу салган алгачкы ири шаарлардын бири болду. Шаардык базарларда, жергиликтүү кеңештин имараттарында жана китепканаларда аялдардын паранжы жамынуусуна тыюу салынган. Бирок, көчөлөрдө салттуу исламдык кийимдер жана паранжыларды жамынууга тыюу салынган жок. Тыюу салуунун максаты катарында мамлекеттик кызматкерлердин айтымында, паранжы жамынгандардын кимдиги билинбегендиги жолтоо болууда. "Бул тыюу салуу эч качан диний көз караш менен байланышы жок",-деп билдирди Барселонанын мэри Хорди Эреу. Бирок Барселонанын шаардык кеңешинде, паранжыга тыюу салуу бул символикалык нерсе катары көрүлүшү мүмкүн. Себеби, шаардагы көпчүлүк аялдар паранжы жамынып жүрүшөт. Божомолдорго караганда, паранжыга тыюу салуу иши күзүндө күчүнө кирет. Франция жана Бельгияда исламдык салттуу кийимдер туурасындагы дебаттар өтүлүүдө. Дебатта аталган өлкөлөр паранжы жамынууну коомдук жайларда да тыюу салууну талкуулоодо.




"Ош окуясы" Борбор Азияга "экспорттолбойбу"?
Бүт Борбор Азияны дүрбөлөңгө түшүргөн Ош окуясы бул аймакта жашаган ар бир мамлекеттин жетекчилерин гана эмес, ал жерлерди байыртадан байырлап келген жөнөкөй элдерин да сарсанаага батырып турат. Мунун себеби - жаңжалдын улуттар аралык өң-түс алышына байланыштуу. Эң эле табышмактуусу - алааматтын Шанхай кызматтыштык уюмунун Ташкенттеги саммитине "сюрприз" болушу эле. Эмнеге ошол окуя менен тушташтырылды? Анан дагы, неге бул согуш 1990-жылдыгы Ош окуясынын 20 жылдыгына арналды?
Чагылгандай тез болгон кыргындан Өзбекстан өзүн жоготуп койду, улутташтарын коргоп, аскер киргизейин дейт, Жамааттык коопсуздук келишими уюму сыяктуу эл аралык күчтөр бар, анан калса, мындай кылуу өзбек оппозициясынын чырагына май тамызганы турат. Экинчиси, И.Каримов режими өзү бул чырдын артында Өзбекстан ислам кыймылы - өзбек оппозициясы турган жокпу деп чочулап жатат, чегараны бузуп кандайдыр бир күчтөрдүн Өзбекстанга кирип барышы, ал өлкөгө эки жолку "кыргыз революциясын" экспорттоп жибериши да Ташкентти ойго салбай койбойт. Анан калса Өзбекстанда негизинен Фергана өрөөнүндө 600-700 миңдей этникалык кыргыздар жашайт, алардын качкын өзбектер менен мунасасы бузулса, бул дагы эң эле кооптуу жагдайды жаратат. Үчүнчү бир нерсе - Өзбекстан байдай көрүнгөнү менен эли жарды, алар 100 миңдеген качкындар өтсө, баарын бага албайт. Андыктан да Өзбекстан өз алапайын таппай туру. Ошон үчүн да Өзбекстанда массалык-маалымат каражаттары Кыргызстандагы окуялар тууралуу өз элине "ооз ачпады", бир жолу Маргалан телевидениеси ана көрсөтөбүз, мына көрсөтөбүз деп отуруп, бирок ал окуя тууралуу сюжетти бере албай калган. Айтуудан азыр Өзбекстандын бизге чектеш аймактарында темир каалгалардын, сухарилердин, канттын баасы жогорулап кеткен.
Ош окуясы Тажикстанды да чарпып өттү. Бул чырдын чыгышына тажик улутундагы жалданма жарандардын тиешеси бар деген Жалал-Абад коменданты К.Байболовдун пикири Дүйшөмбү чоңдорун дүрбөлөңгө түшүрдү, 15-июнда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул ойду туура эмес деп билдирүү таратты. Антпесе Кыргызстанда Үч-Коргон сыяктуу этникалык тажик айылдары бар, Өзбекстанга караган чырлуу Сох анклабынын калкынын негизги бөлүгүн - 55 миңин да тажиктер түзөт, Баткен областында тажик айылдары кыргыздар ичине кирип барган, кыргыз-тажик чегарасы миң чакырымга созулат.
Казакстан болсо Оштон алыс турса да, кошуналарга эл аралык тынч-тыкты сактоочу күчтөр кирет да чегараларын темир зымдар менен тосуп баштаганын бүт күчтөрү менен ыкчамдатты, а түгүл Каркырада али тактала элек участкаларды да бөлүп алды дешет. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы генерал-лейтенат Адиль Шаяхметов "Шыгыс", "Оңтүстүк" чегара заставаларына учуп келип, "Кордой" текшерип-өткөрүү жайындагы күчтөр менен таанышты, "Беткайнар" заставасында болгондо ал жердеги итканаларды жана атканаларды көрүп чыгып, жакын арада түштүк чегарада ушундай заманбап 25 комплекстерди курабыз деп кетти. Такталбаган маалыматтар боюнча казакстандыктар кыргыз жарандарынан автоматтарды, дагы башка куралдарды сураган бааларын берип сатып ала баштаптыр.
Ош окуясынан унчукпаган Түркмөнстан Оштогу студенттерин алып чыгып кетти, эми алардын кайрылып Сулайман тоосунун астындагы жатаканаларга келиши күмөн…
Ошентип Ош окуясы жалпы Борбор Азияны кыймылдатып, термелтип турат, ал кыймылдын тез бүтүшүнө, башка өлкөлөргө "экспорттолуп" чыкпашына аймактагы акыл-эстүү күчтөрдүн баары кызыкдар, ошол эле кезде Борбор Азияны "экинчи Ооганстан" кылып ийгиси келген күчтөр да толтура…




Корея БУУну аскер күчтөрү аркылуу коркутууда
Үстүбүздөгү жылдын март айында Түштүк кореялык кеменин чөгүүсүнө байланышкан кырсык туурасында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) коопсуздук кеңеши Пхеньяндагы байланышты кабыл алса, анда Корея бийлиги буга тийиштүү аскердик чараларды көрөрүн эскертти. Пресс-конференциянын убагында, БУУнун Корея боюнча туруктуу өкүлү Син Сон-хо, Түштүк Кореяда кароолчулук "Чхонан" кемесиндеги кырсыкты иликтөө максатында Пхеньянга тийиштүү адистерди жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү талап кылды. БУУнун атайын жана жеке сүйлөшүүлөрүнөн кийин өлкөнүн эки тарабы тең өздөрүнүн мурдагы версиясынан кайтышкан жок. Акүйдүн спикери Филипп Кроули, "Түндүк Корея өзүнүн аскердик кылыктарын токтотот деген үмүттөбүз",-деп билдирди.

Дипломатиянын бүтүшүбү?
Март айында деңизде болгон кырсыкта 46 моряк каза тапкан. Түштүк Корея курман болгондордун жоопкерчилигин Түндүк Кореяга жүктөп, БУУ тарабынан кандайдыр бир чара көрүлөт деп күткөн. Ал эми БУУ болгону Сеул менен Пхеньяндын ортосундагы чыр-чатак, пикир келишпестиктердин курчугандыгына абдан бушайман экендигин билдирген. Син Сон-хонун билдиргенине караганда, ушул убакка чейин Сеул түндүк кореялыктарга деңиздеги болгон кырсыкты изилдөөгө уруксат бербей жатат. "Бизге карата кандайдыр бир документтерди БУУнун коопсуздук кеңеши чыгарчу болсо анда мен элчи катары эч нерсе кыла албайм"-, деп билдирет Пхеньян тарабынан жиберилген атайын элчи. "Мындан кийинки аракеттер биздин аскердик күчтөр аркылуу ишке ашат"-, деп кошумчалады ал. Аналитиктердин пикирине караганда, Коопсуздук кеңеш ушул убакка чейин эч кандай чечимдерди кабыл алган жок. Кеменин чөгүшү жана андагы адамдардын курман болушунан кийин Сеул түндүк кошуналары менен соода байланыштарын токтоткон.






кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
18-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Ош окуялары кантип башталды?
2-бет
ЖАМАНДЫКТЫ АМАНДЫК ЖЕҢЕТ!
3-бет
Дүйнөлүк медиа Кыргызстандагы
окуяларды кантип чагылдырууда?

4-бет
Ош окуялары кантип башталды?
5-бет
"Айти" мечитинде жарашуу жыйыны болду
6-бет
Көзүбүздөн жаш эмес, кан агат
7-бет
Ак Үйдүн кара анты жана күйүп жаткан түндүк
8-бет
ОШ
9-бет
Кайгыңарды тең бөлүшөбүз
10-бет
Абал салыштырмалуу тынчый баштады
11-бет
Марат Казакбаев саясат таануучу:
"Тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү киргизбеш керек"

12-бет
2010-Дүйнөлүк чемпионат жаңылыктары
13-бет
Мына, күйөрмандар күткөн күн да келип,
14-бет
Кыргыздын магнити жана түзүлгөн кырдаал



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 56

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 56

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 56


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 56

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 56

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 56


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 56

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 56

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/zn/10/0618_3.htm on line 56