Тайланддагы талашуу токтодубу?
Тайланддын куралдуу күчтөрү Бангкоктун борборунда жайгашкан "кызыл көйнөкчөндөрдүн" лагерин курчоого алды. Мурунку премьер Таксин Чинаваттын тарапкерлери менен аскерлердин ортосундагы кагылышуудан шаршемби күнү 5 адам набыт болуп, 60 адам ар кандай жаракат алган.

Тайланддык "кызыл көйнөкчөндөрдүн" лидерлери алты жумадан бери болуп жаткан нааразылык акцияларын токтотушуп, бийликке багынды жана өз тарапкерлерин тарап кетүүгө чакырышты. Лидерлердин бири Чатупхон Прампхон жаңы кан төгүүлөргө жол бербөө үчүн акция токтотулганын айтты. Экинчи лидер Наттхавут Сайкыа эрегишчилерди өкмөт берген автобуска түшүп, үй-үйлөрүнө тарап кетүүгө үндөдү.
Тайланддын куралдуу күчтөрү Бангкоктун борборунда жайгашкан "кызыл көйнөкчөндөрдүн" лагерин курчоого алды. Мурунку премьер Таксин Чинаваттын тарапкерлери менен аскерлердин ортосундагы кагылышуудан шаршемби күнү 5 адам набыт болуп, 60 адам ар кандай жаракат алган. Алардын ичинде Италиянын фото-журналисти да көз жумду. "Кызыл көйнөкчөндөрдү" курчоого алуу шаршемби күнү эрте менен башталды. Ал эми Тайланд өкмөтү оппозиция менен сүйлөшүүдөн баш тартып, алар ээлеп алган райондорго куралдуу күчтөрдү киргизип, аскер техникалары менен курчоого алды. Ал аралыкта оппозиция лидери Таксин Чинават бул жүрүшкө эч кандай тиешеси жоктогун айтып, бийликти ок атууну токтотууга чакырды.
Курчоого алуу учурунда бир топ адамдар кармалып, алар турган шаарчадан кээ бир лидерлердин качып кеткени айтылууда. Ал эми демонстранттардан лагерди өз ыктыяры менен таштап кетүүсүн чакырып, ал үчүн атайын транспорттор сунуш кылынды.
Бирок армиянын чабуулуна кыжырданган эл Бангкоктогу эң ири соода борборун, фондулук биржанын, бир нече банктын жана "Chanel 3 TV" телестанциясынын имаратын өрттөп жиберишти. Телестанциянын кызматкерлери өрттөн тик учактын жардамы менен куткарылды. Мындан сырткары жети провинцияда тополоң чыгып, үч чоң шаардык өкмөттүн имаратын да өрттөштү. Ушундан улам премьер-министр Абхисит Ветчачив шаршемби күнү кечки саат сегизден эртең мененки алтыга чейин Тайланддын бардык 21 провинциясында коменданттык саат киргизди.

Оппозиция лидерлери багынды…
"Кызыл көйнөкчөндөр" аскер техникалары менен курчоого алынгандан улам массалык каршылык көрсөтүүнү токтотуп, лидерлер полицияга багынып беришти деп билдирет "AFP" агенттиги. Мындай каршылык акциялары үстүбүздөгү жылдын март айынан бери болуп келүүдө. Алардын негизги талабы учурдагы өкмөт башчысы Апхисит Ветчачивдин отставкага кетиши жана кезексиз шайлоо өткөрүү.
Ал эми алардын лидерлеринин бири Кхаттийа Савасдипол 13-майда Банкгкокто митинг учурунда чет элдик кабарчыларга интервью берип жаткан мезгилде башына ок тийип, ооруканага жеткирилген. Оор абалдан улам ал өзүнө келе албай, жума башында көз жумган. Мындай кабарды жергиликтүү маалымат каражаттары таратты.
Соңку маалыматтар боюнча, Бангкоктогу өткөн бейшембиден берки кагылышта 40тан ашуун адам өлгөн жана 250дөн ашуун адам жарадар болгон.




Ирандык кылмышкерди Франция боштондукка чыгарды
1991-жылы Ирандын мурунку премьер-министри Шапур Бахтиярды өлтүргөндүгү үчүн айыпталган ирандык жаран Али Вакили Рад Франциянын түрмөсүнөн бошотулду. Франция мындай кадамга Ирандагы президенттик шайлоодо тыңчылык кылгандыгы үчүн кармалган франциялык мугалим Клотильда Рейссти түрмөдөн бошотуу максатында барды деген божомолдор бар. Ал эми анын адвокаты Сорин Маргулис "Эч качан мындай кырдаалды алмашуу катары карабоо керек",-деп билдирди. Али Вакили Радды жаза мөөнөтүнөн мурда бошотуу туурасында, дүйшөмбү күнү Франциянын тышкы иштер министри депортациялоо туурасында буйрукка кол койду. Ирандык Али Вакили Рад мурдагы премьер-министрди өлкөдөгү кырдаалдан улам Францияга качып келген жеринен, үйүнө жашыруун келип, бычак менен бир канча жерине сайып кыйнагандан кийин, асып өлтүргөндүгү маалымдалды. Ирандык жаран мындай кылмыш менен 1994-жылы айыпталган.




Банкоматтын "атасы" дүйнөдөн кайтты
АТМ банкоматын ойлоп тапкан 84 жаштагы Жон Шепард-Баррондун каза болгондугун "Associated Press" билдирди. Ал Шотландиянын түндүк бөлүгүндө жайгашкан ооруканада ишемби күнү көз жумган. Дүйнөлүк баалуу кагаздарды чыгаруучу ири жана көрүнүктүү британиялык компанияда эмгектенген Шепард-Баррон банк иштерине керектүү 24 саат бою каалаган учурда акча каражаттарын берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон аппараттарды ойлоп чыгарган. Анын пайдалуу жана керектүү аппаратты ойлоп чыгарышынын себеби, акчасы калбай калгандыктан банктан алуу үчүн иш убактысы бүткөн учурда келип, ал жердин жабык болгондугуна байланыштуу күнү-түнү ачык туруучу банкоматты ойлоп тапкан. Анын эмгеги менен алгач Лондондун түндүк бөлүгүндө жайгашкан "Barclays" банкына 1967-жылдын 27-июнь айында күнү-түнү иштөөчү банкомат курулган. Ошондой эле, дагы бир шотландиялык Жим Гудфеллоу ойлоп чыгаруучу Шепард-Баррондун иштерин дагы да мыктылаган жана анын жолун улаган. Ал жеке идентификациялык кодду жана пластикалык карттарды иштеп чыккан.


Белорусияда оппозиция өкүлдөрүн камай баштады
Бүт өлкө боюнча тинтүүлөрдө келерки шайлоого өз талапкерлигин жарыялаган Уладимир Некляев баш болгон ондогон киши камакка алынды. Өлкөдө оппозиция өкүлдөрүн куугунтуктоо күчөдү деп билдирет аталган өлкөнүн укуккоргоочулары. "Чындыкты айт" тобунун жетекчиси, Уладимир Некляевдин айтымында, анын Минскидеги жана башка шаарлардагы батирлерин, кеңсесин бийлик тарабынан тинтүүгө алышкан. Ал мындай кабарды Минскидеги камак жайынан телефондон билдирди. 16 жылдан бери бийликте турган президент Александр Лукашенко оппозицияны жана көз карандысыз маалымат каражаттарын ар дайым куугунттукка алып келет. Европарламент Белорус оппозициясы өкүлдөрүнүн камалышына тынчсызданууларын билдирип, анын президенти Йержи Бузек оппозицияны куугунтуктоону токтотууга чакырды.




Президентке кол салуу болду
Жума башында Йемендин президенти Али Абдулла Салихке кол салуулар болду деп билдирет "Associated Press" агенттиги. Өлкөнүн түштүгүндө өтүп жаткан салтанаттуу жыйын учурунда согушчандар тарабынан ок атуулар болгон. Мамлекет башчынын бир жан сакчысы каза болуп, үчөө жаракат алган. Аларга каршы атылган октон бирөө окко учуп, экөө жарадар болгон. Ал эми өткөн жумада Шабва провинциясында өлкөнүн вице-премьеринин кортежине да белгисиз адамдар ок чыгарган.
Түндүк-түштүк бөлүнүүсү токтотулуп, 1990-жылы бирдиктүү мамлекет болуп, өлкө башчылыгына Али Абдалла Салех келген.
Төрт миллион калкы бар түштүк аймагы өзүнчө көзкарандысыздыкты талап кылууда. Акыркы мезгилде алардагы абалга дүйнөлүк уюмдар байкоо жүргүзүүдө. Ал эми бир катар мамлекеттер АКШ, Англия, Япония жана Франция бул өлкөдө иш жүргүзүүнү токтотушкан.
Йемен бийлиги мамлекеттер аралык элчиликтерди жана Сан аэропортунун коопсуздугун коргоого күчөтүүдө.


Афганистан: Баграм абабазасына талибдер кол салды
Бул туурасында Түндүк Атлантика келишим уюмунун (НАТО) маалымат булактары кабарлаган. Атышууда жети согушчан курман болгон жана дүйнөлүк коалициалык аскердик кызматкерлердин беши жаракат алган. Кол салуунун жоопкерчилигин "Талибан" кыймылы моюнуна алгандыгын алардын өкүлү Забаюлла Муджахад билдирди. Анын айтымында, абабазасындагы рейдге жыйырмадан ашуун өлүмгө өкүм кылынгандар катышкан. Алар граната, ракета жана куралдар менен жабдылган. Баграм абабазасы Афганистандын ири аскердик базасы катары бааланып, ал жерде америкалык аскердик база негизделген. Кабул шаарынын алдында өлүмгө өкүм кылынган адам НАТОнун автоколоннасын жардырууга аракет жасаган. Жарылуунун жыйынтыгында 18 адам курман болгон.