Адам сабырдуулук менен баарын жеңет
Жашоодо адам баласы өмүрүн акыл-эстүү пайдалануу, элине кызмат кылуу менен бирге кандайдыр бир өнөргө ээ болуу максатында жашап келет. Эл ичинде не бир сонун таланттуулар көп. Кыргыздын тарыхында залкар чыгармачыл инсандарыбыздын эмгеги бүгүнкү күнгө чейин жаңырып келүүдө. Алардын эмгегинин алдында жаралган филармония, эл аспаптар оркестри азыр да эл алдында. Учурда филармонияда эмгектенип жаткан, К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисткасы, КРнын эмгек сиңирген артисти, опера ырчысы Бермет Байкелова кыргыз классиктеринен тартып, батыш Европа классиктеринин чыгармаларын да мыкты аткарып келет. Ырларынын көпчүлүк бөлүгүн кыргыз композиторлорунун чыгармалары түзөт. Андан сырткары Б.Байкелова Искусство институтунда окутуучулук кесипти аркалап, азыркы жаштарга таалим-тарбиясын берип келүүдө.

ФИЛАРМОНИЯ жана ОРКЕСТР
- Кыргызстанда филармония, оркестр экөө бир жылда 1936-жылы түзүлгөн. Алгач оркестр чакан гана түзүлүп, бирок алардын ичинде М.Күрөңкеев, М.Баетов, К.Акиев, К.Орозов, Ы.Туманов ж.б.у.с. белгилүү элдик таланттар түзгөн. Аларды бекеринен элдик музыканын төбөлдөрү, жаңы доордун жарчылары деп атабайбыз. К.Орозов эл аспаптар оркестринин 2006-жылы 70 жылдыгын белгилебей калганыбыз өкүнүчтүү. Башка болбогон эле ЖОЖ, мекемелердин 5-10 жылдыгын сөзсүз түрдө белгилеп өтүшөт. Бул да жетекчиликтин кайдыгер мамиле жасагандыгы болуп жатпайбы. Оркестрде 30-40 жыл иштеген артисттердин эмгегин баалап, эки барак грамота да ыйгара алышпады. Буга чейин маданият жаатында иштегендер, мамлекет көбүнчө жаштарга көңүл буруп келди.

БАЙКЕЛОВА ЖЕТЕКЧИ БОЛОБУ...
- Эми мен ырчымын, ошондуктан ырчы болуп эле иштегеним туура деп ойлойм. Себеби, мына көрүп жатпайбызбы жетекчилерди бүгүн бар да, эртең жок. Ал эми талант түбөлүктүү эмеспи. Ооба, директор болуңуз, жүрүңүз Тураповдун ордуна азыр эле барып олтургузабыз - деген бизде эр жигиттер болду. Анан да директор болсоң жакшы болот эле, өмүр бою чындык үчүн жетекчилер менен алышып келе жатасың, биз колдойбуз деген эже-агай, чогуу иштеген айрым коллегаларым да өз ойлорун айтышты. Бирок мен ага анчейин умтулуп аракеттенгеним жок. Эми директорду филармониянын жалпы жамааты өздөрү чечиши керек. Мурдагыдай жогортон өздөрү каалаган кишисин алып келишпесе болду. Биз азыр убактысы келгенде маданият министри филармонияга келип, эл менен жолугушуп, анан бул ишти чечип берет деп турабыз.

ИШЕНЕМ жана КОЛДОЙМ
- Азыркы убактылуу бийлик, негизи эле БЭКтин лидерлерин мурдатан тааныгандыктан (Бекназаровдон башкасын) жакшы билем, оппозиция лидерлери элдин тарабын талашкан, элдин сөзүн сүйлөгөн, эл менен чогуу экенин баарыбыз жакшы билебиз, аларга ишенем жана колдойм. Буга чейин да оппозиция бийликке каршы турганда мен да каршы сүйлөгөндөрүм болгон. "Бакиев кетсин" деп түз эле айтканмын, көп учурда каршылыгымдын себебинен көптөгөн кыйынчылыктарга, бут тосууларга туш болдум. Баарына бүгүнкү күнгө чейин чыдап келгем. Ошондой учурларда атын атоонун деле кереги жок, өзүмдүн эле коллегаларымдан бийликтин сөзүн сүйлөп, ошолордун чоорун созуп, ошонун ырын ырдап калгандар болду. Убагында чогуу билим алып, окуп жүргөнбүз, адамды "байлык, бийлик" берип сына демекчи, кээ бир адамдардын көздөрүн май басып калат тура. Жетекчи деген баарына бирдей, тегиз мамиле жасоого тийиш, сабырдуу болушу керек. Бул "Бакиевге каршы" деп көп эле кордоонун кереги да жок болчу, ал эми бийлик келет, кетет. Башкасын айтпай эле коёюн өзүбүздүн маданиятты эле алалы, маданияттын жетекчилери түз эле көз-карашта боло берсе. Далай артисттерибиз бийликтин кол астында иштегендер кордуктарды көрүштү. 2006-жылы митингден кийин концертеримди экрандан бербей, а түгүл маданият тармагында аттестация болуп, мени жылдык мөөнөткө калтырып, бир жылдан кийин угабыз деп, башкаларды үч жылдык мөөнөткө өткөрүшкөн. Бирок ошол кездеги маданият министри С.Раев "сизди эч ким эч нерсе кыла албайт, ырдап концерттериңизди берип жүрө бериңиз. Аттестацияны ойлоп да койбоңуз" деп билдирген. Мындай бут тосуулар кимдер тарабынан болгонун жакшы билчүмүн, өзүмө айтпаса да жанымдагылардан угуп жүрдүм. Ошол учурда Саламат Садыкова деле өзү арыз жазып чыгып кетти, булардын кордугуна чыдабай. Биздин филармонияда да көп кыйынчылыктар болду.

БАЛАЛЫК КЫЯЛДАНУУ
- Өзүмдү бактылуумун деп сезем, себеби балалык кыялдарым орундалып, "Жаштын тилегин берет" деген туура экен. Балалыгым Жумгал районунун Кызарт, Мин-Куш, Байзак айылдарында өттү. Себеби мен таенемдин колунда чоңойгондуктан, ал киши бат-бат жер которуп жашачу. Таенем өзү Байзак атанын келини болгон, аябай көлөмдүү, күчтүү кадимкидей жигиттер менен күрөшчү балбан аял болгон деп эскеришет. Мени чыгармачылыкка үндөчү, жетелечү. Айыл аралап барып калсак, "Бермет ырдап берет" деп мени ырдата берчү. Ошентип мектепке чейин да, кийин да ыр кружогуна катышчу болдум. Анда азыркыдай эмес, башкача системада болчу. Эрте кетип, кеч кайтчумун Абдил жездем

"Бермет эрте барып мектебин ачып, кечинде жаап кайтат" деп тамашалап калаар эле. Мектепте конкурстарда "Ажардын" монологун айтып катышып жүрчүмүн. Ыр да жазып жүрдүм "Ленинчи Жаш" журналына үч-төрт ырым чыгып калды. Бара-бара чыгармачылыкка, поэзияга болгон кызыгуум арта баштады. Мектепти аяктасам М.Күрөңкеевке тапшырсам деп жүргөм, а бирок ал убакта замат аттестатты колуңа карматчу эмес, чарбага бир аз иштеп кийин алчубуз. Ошентип мен экзаменге кечигип барып калдым, үйдөгүлөрдүн каалосу боюнча жен.педке тапшырдым. Кийин окуумду уланта албадым, себеби мугалим болгум келбеди. Бир жыл тек гана өтпөсү үчүн "Кыргыз-Автомаш" заводуна жаштар бригадасына ишке орноштум, ал жерде жыгач устанын жумушун алып бардым, 50-60 мыкты бир кармап чаап иштеп жүрдүм. Кийинки жылы Күрөңкеевке тапшырып, вокалдык бөлүмүндө окудум. Мурда чарбачылык иштерге жардамга барчубуз, бригадага ондон бөлүнүп, алма терүүгө барып, салыштырганга жашиктерди мыктап даярдап жатсам, "ой, Бермет бул сен кайдан уста болуп" деп Асанбек Асакеев агай таң калган эле. Кийинчерээк СССРдин эл артисти Б.Миңжылкиевдин классында 5-курста окуп жатып, филармонияга К.Орозов атындагы оркестрге ырчылыкка кабыл алышып, андан көп өтпөй алып баруучулукту да өткөрүп беришти, ошондон тартып филармонияда иштеп келе жатам. 2000-жылы эмгек сиңирген наамын алгандан кийин, ар жыл сайын жеке концертимди берип келем. Алган сыйлыгыңа татыктуу болууң керек, элге тартуулаган отчеттук концерттен артисттер өздөрү да рахат алат. Пландарымдын бири, элиме күзүндө чоң бенефис концертимди тартууласам деп турам. Азырынча компакт-дисктеримди жаздырып, даярдыктарды көрүп жатам. МАЕКТЕШКЕН Гүлжамал Момбекова