Грекия эми үнөмдөп жашоого мажбур
Грекиянын өкмөт башчысы Георгиос Папандреу элине теледен кайрылып, аларды өлкөнүн жашап кетүүсү жөнүндөгү маселе тургандыгын, карыздан кутулмайынча көп нерсеге кайыл болууга туура келерин айтып, биримдикке чакырды.

Эл аралык валюта кору жана Европа өлкөлөрү Грекияны карыздан куткаруу жолу боюнча планды өткөн жумада бекитүүгө киришкен. Булардын макулдашуудагы планы үч жылга жана бир нече миллиард еврого эсептелген. Эл аралык валюта кору жана евроаймакка кирген өлкөлөрдүн каржы министрлери макулдашкан план 110 миллиард еврого эсептелгендиги маалымдалды. Бул албетте, Грекиянын экономикасын сактап калуу боюнча чара түзүлгөндүгү. Өткөн жумада Брюсселдеги жыйындан кийин булардын ортодогу макулдашуусу жарыяланган. Жалгыз өлкө үчүн көрүлгөн мындай чара еврону колдонгон мамлекеттер арасында алгачкы ирээт жасалып жатат. Эң биринчи максат - карыздарын төлөй албагыдай абалга туш болгон Грекияны дефолт болуудан сактоо. Ошону менен бирге жалпы евроаймактагы кырдаалды турукташтырууга жардам берүү. Грекиядагы кризис каржы базарларын солкулдатып, еврону башка өлкөлөргө салыштырмалуу курсун төмөндөтүп, евроаймактын карызы көп Испания, Португалия сындуу башка өлкөлөрүнө да тарай баштаган болчу. Андан сырткары 110 миллиард евронун 80ни евроаймакка кирген 15 өлкөдөн, 30 миллиарды Эл аралык валюта корунан келет. Бул насыя үч жылдын аралыгында берилиши керек. Насыя катаал шарттар менен берилмекчи. Мындан ары Грекияда ашкере үнөмчүлдүк талап кылынаары белгилүү. Мындайча айтканда, үч жыл аралыгында мамлекеттик сектордо иштегендердин айлык акысы жана пенсиялар көтөрүлбөйт, ал эми салыктардын айрым түрлөрү жогорулашы мүмкүн. Өкмөт көрүүчү катаал чаралардан улам Грекиянын ар бир жерлеринде көчө жыйындары өтүүдө. Өткөн ишембиде Афинада демонстранттар менен полиция кагылышкан. Грекиянын өкмөт башчысы Георгиос Папандреу элине теледен кайрылып, аларды өлкөнүн жашап кетүүсү жөнүндөгү маселе тургандыгын, карыздан кутулмайынча көп нерсеге кайыл болууга туура келерин айтып, биримдикке чакырды. Ошондой эле каржы министри Георгиос Папанконстантиноу өлкө "кыйроонун же сакталуунун" бирин тандап алуусу керек деп билдирген. 7-майда планды расмий түрдө ишке киргизүү үчүн евроаймактын өлкөлөрү саммитке чогулган. Бул маселени өткөн аптада Эл аралык валюта корунун башчысы Доминик Стросс Кандын жана уюмдун Директорлор кеңеши карашмакчы болгон. Мындай макулдашууга евроаймакка кирген өлкөлөрдүн кээ бирлеринде парламенттердин ратификациясын талап кылат. Маселен, макулдашууну акыр аягында Германиянын канцлери Ангела Меркел колдогону менен коомдук пикир буга каршы болууда. Себеби Европанын эң ири экономикасы катары эсептелген Германия насыянын ири бөлүгүн - 22 млрд. евросун берүүдө. Ушул насыя үчүн Грекия жылына 5% үстөк төлөйт. Бул акыркы күндөгү Грекиянын карыздарын сатып алуудагы инвесторлор талап кылган үстөктүн жарымы болгон.




Жарылуудан жапа чеккендердин саны өсүүдө
Батыш Сибирдеги Кемеров областындагы "Распадская" шахтасындагы жарылуудан каза болгондордун саны 43 адамга жетти. Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин билдирүүлөрү боюнча 39 сөөк таанылды.

Батыш Сибирдеги Кемеров областындагы "Распадская" шахтасындагы жарылуудан каза болгондордун саны 66 адамга жетти. Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин билдирүүлөрү боюнча 58 сөөк таанылды. Ал эми жер астында калган 24 адамдын тагдырлары алигече белгисиз. Жума башында Кемеров областында каза болгондорду жерге берүү зыяраты өтөт. Ооруканаларда 80ге жакын жабырлануучу жатат. Абалы өтө оор алты адам Москвага жеткирилди. Издөөчү-куткаруучулар бир мүнөткө да токтобой издөө иштерин жүргүзүүдө, бирок урандылардын алдынан тирүүлөрдү табуу мүмкүнчүлүгү саат сайын азаюуда. Россиянын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин маалыматы боюнча, жарылуу мезгилинде жумушчулар жайгашкан шахтанын иштелип жаткан коркунучтуу эки точкасын суу каптап кеткен.
Биринчи жарылуу 8-майда кечки саат 9да болгон. Жер астында 360 адам бар эле. Куткаруучулар дароо ишке киргизилген бирок төрт сааттан кийин дагы бир жарылуу болгон.
Эгер биринчи жарылууда адамдык факторлор версиясы каралып жаткан болсо, экинчи жарылуу аны толугу менен жокко чыгарды. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Владимир Путин Новокузнецкиде каза болгондордун туугандары менен болгон жолугушуусунда билдирди.




Пакистанда талибдер жок кылынды
Пакистандын түндүк-батышында америкалык аскерий авиация 20дан ашуун талибдерди жок кылды. Чалгынчылардын маалыматы боюнча бул райондо "Аль-Каида" жана "Талибандардын" көптөгөн лидерлери жашырынып жүрөт. Акыркы убактарда АКШнын учкучсуз аткычтары тездик менен катышууда. Бул Вашингтондо пакистандык Шахзада Фейсаланын группалык террорчулар менен катышы бар деген далилинин пайда болушунан улам болууда. Ал 1-майда Нью-Йоркто теракт жасоого аракет кылган. Америкалык учкучсуз аткычтардын колдонулушу карапайым калк тарабынан сынга алынууда, анткени мындай жагдайда жөнөкөй жашаган эл көп жабыр тартууда.

Дмитрий Медведев Туркияда
Россиянын президенти Дмитрий Медведев эки күндүк иш сапары менен Анкарага келди. Эсенбога аэропортунан өлкө башчысын Энергетика министри Танер Йылдыз, Анкаранын губернатору Кемал Өнал, Россия Федерациясынын Туркиядагы элчиси Владимир Ивановский жана башка саясатчылар тосуп алышты. Андан соң президент Абдуллах Гүл жана премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу башталды. Иш сапарда эки өлкөнүн ортосундагы соода, энергетика, байланыш, виза ж.б. 25ке жакын келишимге кол коюлушу күтүлүүдө.

Жаңы премьер-министр шайланды
Улуубританияда 13 жылдан бери бийлик жүргүзүп келген Гордон Браун өткөн аптадагы шайлоонун жыйынтыгында экинчи орунга калып, отставкага кетүүгө мажбур болду. Анын ордуна шайлоодо биринчи орунга татыган Консервативдик партиянын лидери Девид Камерон бийликке келди. Жаңы премьер-министр Д.Камерон Консервативдик партия менен Либерал Демократ партиялардын жардамы менен коалициялык өкмөттү курууну максат кылгандыгын белгиледи. Ал максат күчтүү жана стабилдүү өлкөнү камсыз кылуу экендигин айтып өттү.

Франция паранжыга тыюу салды
Франция парламентинин генералдык ассамблеясында паранжы жамынуу менен коомдо жана ачык жерлерде жүрүүгө тыюу салуу темасында талкуу болуп, чечим кабыл алынды. Генералдык Ассамблеянын добуш берүүсүнө Жашылдар жана Коммунисттер катышпастан, бийликтин партиялары жана Социалисттик партиянын жардамы менен ишке ашты. Чечимде, паранжынын мамлекеттин принцибине жана аял эркектин теңдигине карама-каршылыктын пайда болуусу белгиленди. Өкмөттүн темага ылайык даярдалган мыйзамы 15-майда башкарууга сунулат жана ал жерден каралып чыккандан кийин, июль айында парламенттин күндемине келет. Паранжыгы тыюу салуу боюнча даярдалган мыйзам долбоору, коомдук жайларда жүзү жабык паранжы кийгендерге 150 евро, тыюу салынган кийимдерди кийүүгө мажбурлап, кысым кылгандарга бир жыл түрмө жана 15 миң евро жазасы каралууда.




  Борбор Азия

Улут лидери табылды
Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы (мажилиси) 12-майдагы отурумунда өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаевге "улут лидери" статусун берүү тууралуу конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун бекитти. Ага ылайык эми Н.Назарбаевге эч качан, эч ким тарабынан кылмыш иши жана административдик жаза колдонулбайт, кокус кызматтан түшүп калса да анын мүлкүнө жан адамдын колу тийбейт. Ошондой эле Астана шаарында анын айкелин тургузуп, музейин куруу да пландаштырылууда. Эми мыйзам долбоору Жогорку палатага - Сенатка берилет, алар колдосо маселени "журт атасы" өзү чечет. Кудай буйруса, 6-июлда ал киши 70ти багындырат.

Жеке менчикке жол жок
Өзбекстан парламенти "Жарандардын ден соолугун коргоо тууралуу" мыйзам чыгарып, ага ылайык жеке менчик дарылоо мекемелерин ачууга тыюу салынды. Себеби алар санитардык эрежелерди сактабайт, колдонгон материалдарды жок кылуу жана аспаптарды стерилизациялоо иштерин талаптагыдай жүргүзбөйт. 2007-2008-жылдары Намангандагы 147 балага ВИЧ-СПИД дартынын жугуп калышына да алар күнөөлүү. Ошондой эле президенттин жарлыгы менен май айынын башында жеке менчик нотариалдык канторалар да ишин токтоткон.

Машина газдан жарылды
11-майда Ташкенттин Бектемир районунда көпүрөдөн ылдыйышка түшүп келе жаткан газ менен жүргөн автобус жарылып кеткен. Натыйжада, жети адам жайында жан берген, дагы 11и ар кандай деңгээлде жараат алган. Айтуудан газ менен жүрүүчү машиналардын 90 пайызы коопсуздук техникасынын эрежелерин сактабай газ баллондорун орнотот экен. Жарылган машинанын газ багы анын үстүнө коюлган.

"Айни" оңдолду, талаш токтобойт
Дүйшөмбү шаарынын түндүк-батышында, шаарга 15 чакырым жерде "Айни" деп аталган аэропорт реконструкциядан өттү. Ага орусиялык аскерлер жайгаштырылды деген туура эмес деп чыкты Тажикстандын Коргоо министринин биринчи орунбасары Рамиль Надиров. Ал жерде өзүбүздүн гана аскер-аба күчтөрүбүз болот деди. Чынында бул жерди Индия мамлекети өз каражаты менен эпке келтирген жана алар аскерлерин жайгаштырат дешкен. Андай да болбоду. ОФнын Коргоо министри А.Сердюков өткөн жылы бул жерди тажик-орус аскерлери бирге иштетебиз десе, эми ал жердеги орус аскерлерин Борбор Азиянын башка жерине - Кантка алып чыгып кеттик дешүүдө.

Кызыл-Ордодогу уулануу
Казакстандын Кызыл-Ордосунда тамак-аштан ууланып 48 адам ооруканага кайрылып, алардын 39у жаткырылды, ичинде 8и жаш балдар. Булар кандайча, эмнеден ууланганы азырынча тактала элек, ачыгын айтышпай жатышат.

"Гокнар-2010" өтүүдө
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Коопсуздук кеңешинде айрым бир укук коргоо органдарынын кызматкерлери баңгизатын соодалоочулар менен тил табышып алгандыгын айтып катуу сындады жана ИИМде тарбиялык иштердин начарлагын белгиледи. Turkmenistan.ru агенттигинин билдирүүсүнө караганда мамлекет башчысы атайын мамлекеттик "Гокнар-2010" программасын иштеп чыккан, ага ылайык баңгизаттарын сатуу менен шугулдангандарды кармоо үчүн тикучактар жана атайын техникалар, жер-жерлерде тажрыйбалуу кадрлар ишке тартылды.

Чегирткелердин чабуулу
Айдар-Көл тарапка каптап бараткан чегирткелердин зор тобу Өзбекстандын Жизак жана Навои облустарынын бир катар талааларын, кыштактарын жана даңгыр жолдорун ээлеп алды. Uznews.net булагынын ырастоосунда быйылкы жаздагы кургакчылыкка кошо бул кырсык дыйкандарды өзгөчө түйшүккө салды, эгиндерди жана чөптөрдү жеп кетип өлкөнүн эт жана сүт азыктарынын негизги булагы болгон жизактык малдарды да жабырлантты.