Роза Отунбаеванын Оштогу сапарында
Баш мыйзам долбооруна сындар айтылды
Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Ош жергесинде болгон сапарында өлкөдөгү коомдук-саясий абал негизинен бир нукка түшүп баратканын, бир катар коңшу жана алыскы өлкөлөр Кыргызстанга жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Андан сырткары 2500 улан-кыз Россиядагы атайын окуу жайлардан окутулуп, башкаруу кызматтарында иштөөгө даярдаларын айтты. Q ДУБАН 02

Түштүктө абал туруксуз, Убактылуу өкмөт бул аймак боюнча атайын өкүл дайындады
Кечээ Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдына К.Бакиевди жактагандар жана Убактылуу өкмөттү колдогондор митингге чыгышты. Эки каршылаш пикирдеги элдин жалпы саны 1000 гө чукулдап барды. Q КАБАРЛАР 02




Апрель курмандыктарынын кыркылыгы болду
12-май күнү 7-апрелде бийликтин огунан курман болгондордун кыркылыгы өттү. Бул күн кайгылуу окуяда шейит кеткендердин туугандарына жана жалпы эле кыргыз журтуна оор күн болду. "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги эскерүүгө келген эл көзүнө жаш алып, курман болгондордун бейитине гүл чамбарларды коюшуп, Куран окулду. Бул иш-чарага Убактылуу өкмөттүн жетекчилери катышты. 86 жигиттин арбагына багышталып тигилген боз үйлөр борбордук аянттан чечилип алынды. Тарых музейинде бул окуяларда тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү ачылды. Ушул эле күнү Бишкек шаарындагы "Жал" кичи районунда 126 батирден турган көп кабаттуу үй апрель окуяларында каза болгондордун туугандарына жана мурдагы бийликтен запкы жеп майып болуп калгандар үчүн курулуп башталып, студенттер тарабынан баатырлардын элесине арналып бактар отургузулду. АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ






PDF формат