presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



БИРИНЧИ ГЛАВА
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ
1-берене.
1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, унитардык, демократиялык, укуктук, динден тышкаркы, социалдык мамлекет.
2. Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт жана анын бүтүндөй аймагын камтыйт.
3. Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат.
4. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат.
Эл шайлаган Президент жана Жогорку Кеңеш Кыргызстандын элинин атынан чыгууга укуктуу.
5. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби жана референдумга алып чыгылуучу маселелердин тизмеги конституциялык мыйзам менен белгиленет.
6. Шайлоо эркин болуп саналат жана жашыруун жалпы добуш берүү менен тең жана тике шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.
Эркин шайлоо өткөрүү мыйзамда белгиленген тартипте саясий партиялардын катышуусу менен түзүлгөн шайлоо комиссиялары аркылуу камсыз кылынат.

2-берене.
1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат.
2. Мамлекетте элдин кайсы бир бөлүгү, кайсы бир бирикмеси же бир да жеке адам бийликти ээлеп алууга укуксуз.
3. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамда аныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга албайт.

3-берене.
1. Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы бүт аймагы кол тийгис жана бөлүнгүс.
2. Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзам менен аныкталуучу администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.
Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар болуп саналат, алардын статусу мыйзам менен аныкталат.

4-берене.
1. Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай формалары таанылат жана менчиктин бардык формаларынын - жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана менчиктин башка түрлөрүнүн корголушу кепилдикке алынат.
2. Менчик кол тийгис. Эч ким өз мүлкүнөн жөндөн-жөн ажыратылбайт; менчик ээсинин эркинен тышкары аны алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.
3. Мыйзамда каралган өзгөчө учурларда мамлекеттин муктаждыктары үчүн мүлк анын ордун алдын ала жана ага тете толтуруу жүргүзүлгөн шартта гана ажыратылышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасы өз жарандарынын жана юридикалык жактарынын менчигин, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагында турган өз менчигин коргойт.
5. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жашоо-тиричилигинин жана иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат.
Жайыттардан башка жер да менчиктин жеке, муниципалдык жана башка түрлөрүндө боло алат, жайыттар жеке менчикте боло албайт.
Жер ээлеринин өз укуктарын ишке ашыруунун жана аларды коргоо кепилдиктеринин чектери жана тартиби мыйзам менен аныкталат.

5-берене.
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили кыргыз тили болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.
3. Кыргыз Республикасы Кыргызстандын элин түзгөн бардык улуттардын өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет.
4. Мамлекеттик же расмий тилди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктерин кысымга алууга жол берилбейт.

6-берене.
1. Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго - Желекке, Гербге, Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги сом болуп саналат.

7-берене.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик:
бүткүл эл тарабынан шайланган мамлекет башчысы - Кыргыз Республикасынын Президенти - мамлекет башчысы жана Жогорку Кеңеш өкүлү болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүнүн;
мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарына бөлүштүрүүнүн;
мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана элдин таламдарында алардын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунун;
мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүүнүн принциптерине негизденет.

8-берене.
1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү катары таанылышы мүмкүн эмес.
2. Кыргыз Республикасында саясий көп түрдүүлүк таанылат.
3. Кыргыз Республикасында саясий партиялар, кесиптик бирликтер жана башка коомдук бирикмелер түзүлүшү мүмкүн. Мамлекет алардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышын камсыз кылат.
4. Саясий партиялар мамлекеттик иштерге ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган формаларда гана катыша алат.
5. Кыргыз Республикасында:
мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдарды түзүүгө жана алардын иштешине, мындай жумуштарды кызматтык иштерден сырткары жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, мамлекеттик кызматкерлердин партиялык иштерди жүзөгө ашырышына;
аскер кызматчыларынын, укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияны колдоп чыгышына;
диний негиздеги саясий партияларды түзүүгө, диний уюмдардын саясий максаттарды көздөшүнө;
диний уюмдардын жана дин кызматындагылардын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө;
жарандардын бирикмелери тарабынан аскерлешкен түзүлмөлөрдүн түзүлүшүнө;
саясий максаттарды көздөгөн чет өлкөлүк саясий партиялардын, коомдук жана диний уюмдардын, алардын өкүлчүлүктөрү менен филиалдарынын иштешине жол берилбейт.

9-берене.
1. Кыргыз Республикасы экспансия, басып алуучулук максаттарды жана аскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт, мамлекеттик турмушту милитаризациялаштырууну, мамлекетти жана анын ишин согуш жүргүзүү максатына баш ийдирүүнү четке кагат. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык куралат.
2. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге түздөн-түз кол салынган учурларды кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргызстандын аймагынан сыртка жиберүүнүн ар бир учуруна уруксат Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен ашыгынын добушу менен кабыл алынган чечими боюнча кабыл алынат.
3. Мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн пайдаланууга тыюу салынат.
4. Кыргыз Республикасы жалпыга бирдей жана адилет тынчтыкка, өз ара пайдалуу кызматташууга, дүйнөлүк жана жергиликтүү проблемаларды тынчтык жолу менен чечүүгө умтулат.

10-берене.
Кыргыз Республикасында өзгөчө абал жана согуштук абал ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте киргизилиши мүмкүн.

11-берене.
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети мамлекеттин чыгашаларын жана кирешелерин камтыган республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат.
2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн, кабыл алуунун жана аткаруунун тартиби, ошондой эле аларды аткаруунун аудити мыйзам менен аныкталат. Республикалык бюджет жыл сайын мыйзам менен кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык системасы иштейт. Салыктарды белгилөө укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таандык. Жаңы салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

12-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.
2. Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана нормалары Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.


ЭКИНЧИ ГЛАВА
АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН ЭРКИНДИКТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ
Биринчи бөлүм
Адамдын эркиндиктери жана укуктары

13-берене.
1. Адамдын негизги эркиндиктери жана укуктары ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Адам эркиндиктери жана укуктары ар дайым күчүндө болот. Алар талашсыз, ажыратылгыс чындык катары таанылат, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийликтеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин маанисин жана мазмунун аныктайт, мыйзам жана сот аркылуу корголот.

2. Кыргыз Республикасында адамдын инсандыгы жана кадыр-баркы ыйык жана кол тийгис.
3. Кыргыз Республикасында бардык адамдар мыйзам жана сот алдында бирдей. Эч ким теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий жана диний ынанымдары үчүн же жеке жана коомдук мүнөздөгү кандайдыр-бир башка жагдайлар боюнча басмырланып, эркиндиги жана укугу кысымга алынбайт.
4. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей эркиндиктерге жана укуктарга, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

14-берене.
Ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ. Эч кимдин өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес.

15-берене.
1. Ар кимдин өзүнүн жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын жана кадыр-баркынын урматталышына жана корголушуна укугу бар.
Ар ким кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык жана башка кабарлашуулардын купуялуулугуна укугу бар.

16-берене.
Турак жай кол тийгис. Эч ким турак жайга анда жашаган адамдардын эркине каршы кире албайт.
Тинтүү жана турак жайда башка процесстик иш-аракетти жасоого сот чечиминин негизинде гана жол берилет. Шашылыш тинтүүнүн мыйзамдуулугу сот тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.

17-берене.
1. Ар бир адамга ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган анын эркиндигин жана укуктарын соттук коргоого кепилдик берилет.
2. Ар бир адам өзүнүн эркиндигин жана укугун мыйзамда тыюу салбаган ыкмалар менен коргоого укуктуу.
3. Эл алдында же башка жол менен ар кандай күнөө коюлганда ар бир адам өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын, ишкердик беделин жана өз укуктарын сотто коргоого укуктуу. Кандай гана жагдайларда болбосун, мындай соттук коргоодон баш тартууга жол берилбейт.

18-берене.
1. Эч ким соттун чечими болмоюнча камакка алынбайт же камакта кармалып турулбайт, ал мыйзамда белгиленген негиздерде жана тартипте гана жүргүзүлөт.
2. Сот чечимине чейин, адам 48 сааттан ашык кармалууга тийиш эмес.
3. Кармалган ар бир адамга кармоонун жүйөлөрү тез арада билдирилүүгө, анын укуктары түшүндүрүлүүгө жана кармалган учурдан тартып өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын укуктук жардамынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш

19-берене.
1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен күнөөсү таанылмайынча ар бир адам кылмыш жасагандыгына күнөөлүү деп эсептелинбейт.
2. Соттун өкүмү чыкканга чейинки кылмыш үчүн адамдын жоопкерчилигине жүктөлгөн бардык аракеттерге жол берилбейт жана сот аркылуу материалдык жана моралдык жапа чеккендигинин ордун толтуруу үчүн негиз болуп саналат.
3. Жазык иши боюнча айыпталуучу өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экендигине бардык шектенүүлөр айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.
4. Кылмыш-жаза иштери боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгү күнөөлөчүгө жүктөлөт.
5. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер таанылбайт жана сот өндүрүшүндө пайдаланылбайт.

20-берене.
1. Эч ким өзүнө, өзүнүн жубайына жана жакын туугандарына каршы күбө өтүүгө милдеттүү эмес, алардын чөйрөсү мыйзам менен аныкталат. Көрсөтмө берүү милдетинен бошотуунун башка учурлары мыйзам менен белгилениши мүмкүн.
2. Мыйзамда каралган учурларда ар бир адам сот арачыларынын катышуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу.

21-берене.
1. Эч кимдин өзүнүн кылмыш жасагандыгын мойнуна алгандыгынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес.
2. Жазыктык кылмыш үчүн соттолгон ар бир адам мыйзамда белгиленген тартипте, өкүмдүн жогору турган сот баскычтарында кайра каралышына, ошондой эле ырайым кылууну же жазаны жеңилдетүүнү өтүнүүгө укуктуу.
3. Бир эле укук бузгандык үчүн эч ким эки жолу юридикалык жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес.

22-берене.
1. Адамдын жоопкерчилигин аныктаган же оордоткон мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Жасалган учурда укук бузуу катары таанылбаган аракеттер үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес. Эгерде укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылса же жеңилдетилсе, жаңы мыйзам колдонулат.
2. Жазык мыйзамы окшоштук боюнча колдонулбайт.

23-берене.
Кылмыштан жана бийликти кыянат пайдалануудан жабыркагандардын укуктары мыйзам менен корголот. Мамлекет алардын сот адилеттигинен пайдалануусун жана келтирилген зыяндын же чыгашанын ордун толтуруп алуусун камсыз кылат.

24-берене.
Ар бир адам эл аралык сотторго кайрылууга укуктуу.

25-берене.
Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде ар ким ары-бери жүрүү эркиндигине, бара турган жана жашай турган жерин тандап алууга укуктуу.

26-берене.
Ар ким өзүнүн кайсы улутка таандык экендигин эркин аныктоого укугу бар.

27-берене.
Ар бир адамга дин тутуу жана атеисттик ынанымда болуу эркиндигине кепилдик берилет.

28-берене.
Ар ким ой жүгүртүү, сөз жана басма сөз эркиндигине, ошондой эле өзүлөрүнүн ойлору менен ынанымдарын тоскоолдуксуз билдирүүгө укуктуу.
Эч ким өзүнүн ой-пикирин жана ынанымын билдирүүгө мажбурланышы мүмкүн эмес.

29-берене.
Ар бир адам төмөндөгүлөргө укуктуу:
өз мүлкүнө, өзүнүн интеллектуалдык, чыгармачылык ишинин натыйжаларына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
экономикалык эркиндикке, мыйзам менен тыюу салынбаган ар кандай экономикалык иш үчүн өзүнүн жөндөм-шыгын жана өз мүлкүн эркин пайдаланууга;
эмгек эркиндигине, эмгекке болгон өзүнүн жөндөм-шыгын пайдаланууга, кесипти жана иштин түрүн тандап алууга, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгек шартына жана аны коргоого, ошондой эле эмгеги үчүн сыйакы алуу жана мыйзамда белгиленген тиричилик минимумунан төмөн болбогон социалдык жактан камсыздандыруу укугуна.
Мамлекет эмгекке берилген укукту бекемдөө максаты бар эл аралык уюмдардын ишине көмөк көрсөтөт.

30-берене.
Ар бир адам:
мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга;
мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелердеги жана уюмдардагы өзү жөнүндөгү мамлекеттик сыр болуп эсептелбеген маалыматтар же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун билдирмелер менен таанышууга.

31-берене.
Ар бир адам кызмат милдеттерин аткарган учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракети менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен төлөтүп алууга укугу бар.


32-берене.
Ар бир адам:
маалыматты эркин жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка жол менен жайылтууга;
өзү жана өзүнүн үй-бүлөсү жөнүндө жалган маалыматтарды төгүнгө чыгаруу жана алып коюу, ошондой эле жалган маалыматты жыйноо, сактоо жана жайылтуу менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруп алуу талабы менен сотко кайрылууга укугу бар.
Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адам жөнүндө анын макулдугусуз жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.

33-берене.
Бала эмгегин пайдаланууга, ошондой эле согуш, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу, эпидемия, өзгөчө кырдаалдар учурунда, ошондой эле соттун өкүмү боюнча жаза аткаруу тартибинен башка учурларда, чоң жарандарды мажбурлап эмгекке тартууга тыюу салынат.

34-берене.
1. Кыргыз Республикасында адам эркиндиктерин жана укуктарын чектебеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.
2. Үйбүлө коомдун негизи; үйбүлө, ата болуу, эне болуу, балалык бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот; балдарга камкордук көрүү, аларды тарбиялоо - ата-энелердин табигый укугу жана жарандык милдети. Эрезеге жеткен эмгекке жөндөмдүү балдар ата-энесине камкордук көрүүгө милдеттүү.
3. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.
4. Улууларды урматтоо, бир туугандарына жана жакындарына камкордук көрүү - ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

35-берене.
1. Ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башка адамдардын эркиндиктери менен укуктарын, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого милдеттүү.
2. Өз эркиндиктери менен укуктарын жүзөгө ашырып жаткан ар бир адам башкалардын эркиндиктери менен укуктарын чектөөгө тийиш эмес.

36-берене.
1. Ушул Конституция менен белгиленген эркиндиктер жана укуктар толук деп эсептелбейт жана алар адамдын жалпыга таанылган башка эркиндиктери менен укуктарын тануу же кемсинтүү катары чечмеленбөөгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасында адамдын эркиндиктери менен укуктарын жокко чыгаруучу мыйзамдар чыгарылууга тийиш эмес.
3. Башка адамдардын эркиндиктери менен укуктарын, коомдук коопсуздукту жана тартипти, аймактык бүтүндүктү камсыз кылуу, конституциялык түзүлүштү коргоо максатында гана адам эркиндиктери менен укуктарынын чектелишине Конституция жана мыйзамдар менен жол берилет. Мындай учурда конституциялык эркиндик менен укуктун маани-маңызына доо кетирилбеши керек.

37-берене.
1. Инсандын дене-боюнун жана моралдык колтийбестигине тиешелүү чектөөлөргө жасалган кылмыш үчүн жаза катарында мыйзамдын негизинде чыгарылган соттун өкүмү боюнча гана жол берилет. Бир да адам кыйноого, зордоого же адамгерчиликке сыйбаган мазактоочу жазалоолорго дуушар болбоого тийиш.
2. Талапка ылайык жол менен тастыкталган жана ырасталган ыктыярдуу макулдугу болмоюнча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйба жүргүзүүгө тыюу салынат.
3. Кыргыз Республикасы саясий жүйөлөр боюнча куугунтукталган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга мыйзам менен белгиленген тартипте башкалкалоо укугун бере алат.


Экинчи бөлүм
Жарандык. Жарандын укуктары жана милдеттери
38-берене.
1. Адамдын Кыргыз Республикасына таандык экендиги жана анын статусу жарандыгы аркылуу аныкталат.
2. Кыргыз Республикасынын жараны өзүнүн жарандуулугуна байланыштуу укуктарга ээ жана милдеттерди мойнуна алат.
3. Кыргыз Республикасынын бир да жараны өзүнүн жарандыгынан жана өзүнүн жарандуулугун өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык макулдашууларына ылайык башка мамлекеттин жарандыгына таандык экендиги таанылат.
4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнүн тартиби жана шарттары мыйзамда белгиленет.
5. Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен тышкары чыгарылып салынышы же башка мамлекетке берилиши мүмкүн эмес.
6. Кыргыз Республикасы өзүнүн чегинен тышкары жактарда өз жарандарынын корголушуна жана калкаланышына кепилдик берет.
7. Жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоо, укук бузууларды болтурбоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү - мамлекеттин, анын бардык органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын милдети.

39-берене.
1. Кыргыз Республикасынын жарандары, алардын бирикмелери ушул Конституция жана мыйзамдар менен тыюу салынгандан жана чектөө коюлгандан башка бардык аракеттерди жана иштерди жүргүзүүгө укуктуу.
2. Жарандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө мыйзамдар бардык жарандарга бирдей колдонулууга жана ушул Конституцияда жана жарандарды социалдык жактан коргоо боюнча мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, алардын бирине да эч кандай артыкчылыктарды жана жеңилдиктерди бербөөгө тийиш.

40-берене.
1. Кыргыз Республикасынын жарандары:
мыйзамдарды жана республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга;
мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте катышууга укуктуу;
конституциялык мыйзамда каралган тартипте референдумга катышууга.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин маселелери, дагы башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый ыйык салты болуп саналган элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет.
3. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамда аныкталган тартипте республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгымдалган каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө бирдей укуктарга ээ болот. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

41-берене.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын биригүүгө укугу бар.

42-берене.
Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик бийлик органдарын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алдын ала кабарлоо шарты менен саясий чогулуштарды, митингдерди, жөө жүрүштөрдү, демонстрацияларды жана пикеттерди тынч жана куралсыз өткөрүү укугуна ээ. Аларды өткөрүүнүн тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

43-берене.
Кыргыз Республикасынын жарандары иш таштоого укуктуу.
Иш таштоону өткөрүү тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

44-берене.
1. Кыргыз Республикасынын жарандары эс алууга укуктуу.
2. Иштин эң узак убактысы, эс алуунун ар жумалык эң кыска мөөнөтү жана жыл сайын акы төлөнүүчү өргүү, ошондой эле эс алуу укугун ишке ашыруунун дагы башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.

45-берене.
1. Кыргыз Республикасынын жарандарына улгайганда, ооруп калганда жана эмгекке жарамдуулугун жоготкондо, багып-көрөөрүнөн ажыраганда мыйзамда каралган тартипте жана учурларда социалдык жактан камсыз кылуу кепилденет.
2. Мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия, социалдык жардам мыйзамда аныкталган тиричилик минимунун өлчөмүнөн кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш.
3. Ыктыярдуу социалдык камсыздандыруу, камкордуктун кошумча башка социалдык түрлөрүн түзүү жана кайрымдуулук колдоого алынат

46-берене.
Мамлекеттин социалдык иштери экономикалык эркиндикти, активдүүлүктү чектеген мамлекеттин камкордугу формасын кабыл алууга жана жарандын өзүнүн жана өзүнүн үй бүлөсүнүн экономикалык жыргалчылыгына өзү жетишүү мүмкүнчүлүгүн алмаштырылышына алып келбөөгө тийиш.

47-берене.
1. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны билим алууга укуктуу.
2. Жалпы негизги билим - милдеттүү жана акысыз, аны ар бир адам мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларынан алууга укуктуу.
3. Мамлекет ар бир жаранды мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен тартып негизги билим берүүгө чейин мамлекеттик тилди жана эл аралык эки чет тилди окутуп, үйрөтүүгө шарттарды түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны акысыз, ошондой эле акы төлөп билим алууга укуктуу.
5. Мамлекет жарандарды кесипкерлик квалификацияга даярдоого жана аны жогорулатууга камкордук көрөт.

48-берене.
Кыргыз Республикасынын жарандары турак жайга укуктуу. Бул укук мамлекеттик, муниципалдык жана жеке турак жай фондунун, уюмдардын турак жай фондунун өнүгүшү, жарандарга мыйзамдарда белгиленген шарттарда жана тартипте турак жай алууга көмөк көрсөтүү менен камсыз кылынат.

49-берене.
Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынан сырткары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укугу бар.

50-берене.
1. Кыргыз Республикасынын жарандары ден соолугун коргоого жана медициналык жардам алууга укуктуу.
2. Алгачкы медициналык жардам жана мыйзамда аныкталган ооруулардын айрым түрлөрү боюнча медициналык жардам, ошондой эле калктын социалдык жактан аялуу катмарларына медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт; аны ар бир адам мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерден алууга укуктуу.
Медициналык жардам алуу тартиби мыйзам менен жөнгө салынат.
3. Кызмат адамдары тарабынан адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч жараткан фактыларды жана шарттарды жашырышы мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

51-берене.
Кыргыз Республикасынын жарандары жашоосу жана ден соолугу үчүн жагымдуу курчап турган жаратылыш чөйрөсүн пайдаланууга жана жаратылышты пайдалануу жаатындагы аракеттерден улам саламаттыгына же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу.

52-берене.
1. Маданият, көркөм өнөр, адабият, илим жана жалпыга маалымдоо каражаттары - эркин.
2. Мамлекет тарыхый эстеликтерди коргойт, адабият, көркөм өнөр, илим, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана спорттун өнүгүшү үчүн камкордук көрөт жана зарыл шарттарды түзөт.
3. Жарандар маданий дөөлөттөрдөн пайдаланууга, көркөм өнөр жана илим жаатында иштөөгө укуктуу.

53-берене.
1. Ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт.
2. Адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугу катары адвокатураны уюштуруу жана анын иши, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзамда аныкталат.

54-берене.
Жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары бейтарап сотторду уюштурууга укуктуу.
Бейтарап сотторду түзүү тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат.

55-берене.
Кыргыз Республикасында жарандар аксакалдар сотторун уюштурууга укуктуу.
Аксакалдар сотторун уюштуруу тартиби, алардын ыйгарым укуктары жана иштеши мыйзам менен аныкталат.

56-берене.
Ар бир адам курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө аяр мамиле жасоого милдеттүү.

57-берене.
Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте жана учурларда салыктарды жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.

58-берене.
Ата Мекенди коргоо - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйык парзы жана милдети.
2. Жарандарды аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдүү кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленет.

59-берене.
Адамдын жана жарандын эркиндиктерине, укуктарына жана милдеттерине тиешелүү мыйзамдардын, дагы башка ченемдик укуктук актылардын жарыяланышы аларды колдонуунун милдеттүү шарты болуп саналат.

ҮЧҮНЧҮ ГЛАВА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
60-берене.
1. Президент мамлекеттин башчысы, Кыргыз Республикасынын эң жогорку кызмат адамы болуп саналат.
2. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин чагылдырып турат.
3. Президент Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча чара көрөт, мамлекеттик бийликтин биримдигин жана жолун жолдоочулугун, мамлекеттик органдардын макулдашып иштешин жана өз ара шайкеш аракеттенишин, алардын эл алдындагы жоопкерчилигин камсыз кылат.

Биринчи бөлүм
Президентти шайлоо

61-берене.
1. Президент беш жылга шайланат.
2. Бир эле адам катары менен эки жолку мөөнөткө Президент болуп шайлана албайт.

62-берене.
1. Президент болуп 35 жаштан жаш эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон, анысы жоюлбаган же мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган жаран Президент болуп шайлана албайт.
2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Президенттикке талапкер болуп кеминде 30 миң шайлоочунун колтамгасын топтогон адам каттала алат.
Президентти шайлоо тартиби мыйзам менен аныкталат.

63-берене.
1. Президент кызматына киришип жатып, Кыргызстандын элине төмөнкүдөй ант берет:
"Мен, ..., Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришип жатып: Конституцияны жана мыйзамдарды ыйык сактоого; кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого; Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын эркиндиги менен укуктарын урматтоого жана камсыз кылууга; бүткүл эл ишенип мага жүктөгөн Президенттин бийик милдетин ар намыстуулук менен талыкпастан аткарууга өз элимдин жана Ата Мекенимдин алдында ант берем.".
2. Президенттик мандат ант берген учурдан тартып иштей баштайт. Президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган Президент кызматка киришкен мезгилден тартып токтотулат.
3. Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде Президентке жаңы шайлоо башталганга чейин саясий партиялардагы жана уюмдардагы өз ишмердигин токтото турат.


Экинчи бөлүм
Президенттин ыйгарым укуктары
64-берене.

1. Президент:
1) ушул Конституцияда аныкталган тартипте Премьер-министрди жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт;
2) ушул Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Премьер-министрдин, Өкмөттүн же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүчүн кабыл алат; Өкмөттүн отставкасы, Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
3) Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн айрым мүчөсүн бошотот;
4) өзүнүн аппаратынын түзүмүн аныктайт, анын жобосун бекитет жана жетекчисин дайындайт;
5) Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

2. Президент:
1) Сот адилеттиги иштери боюнча Улуттук кеңештин сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларын кызмат орундарына шайлоо жана аларды кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштайт;
2) Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт жана Соттор кеңешинин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот;
3) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин макулдугу же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү жактырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Башкы прокурорду бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана бошотот;
4) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкармасынын мүчөлөрүн дайындайт; аларды кызматтан бошотот;
5) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин талапкерлерин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизет;
6) Эсептөө палатасынын аудиторлорунун үчтөн биринин талапкерлерин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизет;
7) Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган Эсептөө палатасынын аудиторлорунун ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт.

3. Президент:
1) эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Өкмөт менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коет;
3) ратификациялоо грамоталарына кол коет;
4) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы дипломатиялык өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ишеним жана кайра чакырып алуу грамоталарын кабыл алат;
5) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу, саясий башбаанек берүү маселелерин чечет.

4. Президент:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;
2) Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарат;
3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды, класстык чендерди жана башка атайын наамдарды ыйгарат;
4) ырайым кылууну ишке ашырат.

5. Президент:
1) зарыл болгон учурларда Жогорку Кеңештин жыйналышын мөөнөтүнөн мурда чакырууга жана карала турган маселелерди аныктоого укуктуу;
2) мыйзамдарга кол коет жана аларды элге жарыялайт; өзүнүн каршы пикирлери менен мыйзамдарды Жогорку Кеңешке кайтарып берет;
3) Жогорку Кеңештин жыйналышында Кыргызстандын элине кайрылуу жасайт;
4) Өкмөттүн жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө укуктуу.

6. Президент:
1) кеминде 300 миң шайлоочунун, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
2) Ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт;
3) жергиликтүү кеңештерге шайлоону дайындайт; мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кеңештерди таркатууну ишке ашырат.
7. Президент конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгон учурда аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет.
8. Президент жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет; өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун коргоо таламдарында согуш абалын жарыялайт жана бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна токтоосуз киргизет.
9. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана бошотот.
10. Президент коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат; Премьер-министр менен макулдашуу боюнча бул органдардын жетекчилерин жана жетекчилеринин орун басарларын дайындайт жана бошотот.
11. Президент ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

65-берене.
1. Президент Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде жана аткаруу үчүн жарлыктарды жана буйруктарды чыгарат.
2. Президенттин жарлыктары жана буйруктары Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында аткарылууга милдеттүү.

66-берене.
Президент ушул Конституциянын 64-беренесинин 3-пунктунун 2-пунктчасында каралган ыйгарым укуктарын Премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнө жана башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу.

67-берене.
1. Президенттин ыйгарым укуктары, ал арызы менен кызматынан кеткен учурда, ушул Конституцияда каралган тартипте кызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу же анын кайтыш болгонунун натыйжасында ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
2. Президент оорусуна байланыштуу өз милдеттерин аткара албай калганда Жогорку Кеңеш өзү түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

68-берене.
1. Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана, Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы прокуратуранын корутундусу менен бышыкталганда Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.
2. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо кабыл алынышы керек.
3. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы күнөө коюлгандан тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде ушул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылды деп эсептелинет.

69-берене.
1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын аткара албаганда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбой калган учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр аткарат. Мындай учурда жаңы Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган учурдан тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, референдум дайындоого, Өкмөттүн ыйгарым укуктарын токтотууга укуксуз.

70-берене.
1. Ушул Конституциянын 68-беренесинде белгиленген тартипте кызматынан четтетилгендерден башка, бардык мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат.
2. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет.


ТӨРТҮНЧҮ ГЛАВА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ
Биринчи бөлүм
Жогорку Кеңеш

71-берене.
1. Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.
2. Жогорку Кеңеш пропорционалдык система боюнча беш жылдык мөөнөткө шайланган (биринчи вариант - 120, экинчи вариант - 105) депутаттан турат. Парламентке өтүү үчүн шайлоо чеги шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 5 пайызын түзөт.
Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияларга парламентте (биринчи вариант - 65, экинчи вариант - 60) көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн.
Курагы 25тен жаш эмес, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.
Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жаран, анын соттолгондугу жоюлбаса же мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаса, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана албайт.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби мыйзам менен аныкталат.
3. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет.
Жогорку Кеңеште фракциялардын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп саналат.
Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозициясы катары жарыялаган фракция же фракциялар парламенттик азчылык болуп саналат.

72-берене.
1. Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына конституциялык курамдын үчтөн экисинен кем эмеси шайлангандан кийин 30 күндөн кечикпестен чогулат.
2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын Жогорку Кеңештин жашы боюнча улуу депутаты ачат.
3. Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн тартып башталат.
4. Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып жана анда жаңы шайланган курамдын үчтөн экисинен кем эмес депутаттары ант бергенден кийин мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары токтотулат.

73-берене.
1. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык иштерине байланыштуу айткан ой-пикирлери үчүн же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Өзгөчө оор кылмыш жасоону кошпогондо, депутатты жазык жоопкерчилигине, ошондой эле сот тартибинде администрациялык жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жол берилет.
2. Жогорку Кеңештин депутаты бир эле убакта башка мамлекеттик же муниципалдык кызматта боло албайт, жеке ишкердик менен алектениши, коммерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес.
Эгерде мындай иштер Жогорку Кеңештин депутатына депутаттык милдеттерди аткаруусуна залакасын тийгизбесе ал илимий, педагогикалык жана башка чыгармачыл иштерди аткара алат.

74-берене.
1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары тийиштүү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу менен бир учурда токтотулат.
2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ушул берененин 1-пунктунда каралган негиздерден тышкары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат: ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткону же фракциядан чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде; депутат саясий партиядан чыкканда; жарандыктан чыкканда, жарандыгын жоготкондо же болбосо башка жарандыкты алганда; башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда; шайлоолор жараксыз деп табылганда; туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде; депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда; аны дайынсыз жок болду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде, депутат каза болгондо; ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарына жүйөлүү себепсиз 30 жана андан да көп жумушчу күнү катышпаганда.
Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын кабыл алган чечими менен ишке ашырылат.
3. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында пайда болгон бош мандатты ээлөөнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

Экинчи бөлүм
Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары
75-берене.
1. Жогорку Кеңештин карамагына төмөнкүлөр кирет:
1) ушул Конституцияда белгиленген тартипте ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү;
2) Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктоо;
3) мыйзамдарды кабыл алуу;
4) өзү тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды расмий чечмелөө;
5) Кыргыз Республикасынын чек араларын өзгөртүү;
6) Өкмөт киргизген республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү отчетту бекитүү;
7) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин чечүү;
8) Президентти шайлоону дайындоо;
9) Өкмөт киргизген социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүү;
10) Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына макулдук берүү;
11) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени чечүү;
12) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө;
13) Президенттин сунушу боюнча Жогорку Соттун судьяларын шайлоо жана кызматынан бошотуу;
14) Президенттин сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлоо;
15) курамынын үчтөн бирин - Президент, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүк жана үчтөн бирин - парламенттик азчылык сунуш кылуучу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлоо; аларды мыйзамда каралган тартипте жана учурларда кызматтарынан бошотуу;
16) курамынын үчтөн бирин - Президент, үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүк жана үчтөн бирин - парламенттик азчылык сунуш кылуучу Эсептөө палатасынын аудиторлорун шайлоо; аларды мыйзамда каралган тартипте жана учурларда кызматтарынан бошотуу;
17) Омбудсменди (Акыйкатчыны) шайлоо жана кызматынан бошотуу; аны сот тартибинде салынган кылмыш-жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү;
18) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушу боюнча Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орунбасарларын шайлоо жана кызматынан бошотуу; аларды сот тартибинде салынган кылмыш-жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү;
19) Башкы прокурорду дайындоого макулдук берүү; аны сот тартибинде кылмыш-жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү; депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмеси менен Башкы прокурорду кызматынан бошотууга макулдук берүү;
20) чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлдөрүн дайындоого макулдук берүү;
21) мыйзамда белгиленген тартипте Сот адилеттиги боюнча улуттук кеңештин курамын бекитүү;
22) мыйзамда белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо;
23) өзгөчө абалды киргизүү, бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү жана жокко чыгаруу;
24) согуш жана тынчтык маеслелерин чечүү; согуш абалын киргизүү, согуш абалын жарыялоо, бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу;
25) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылчылыгы болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн маселесин чечүү;
26) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын, класстык чендерин жана башка атайын наамдарын белгилөө;
27) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуу наамдарын уюштуруу;
28) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу;
29) Президенттин кайрылуусун угуу;
30) чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин жана башка өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угуу;
31) Жогорку соттун төрагасынын, Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ар жылдык баяндамаларын угуу;
32) Премьер-министрдин Өкмөттүн иши жөнүндө, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угуу;
33) Президентке каршы айып коюу; Президентти кызматынан четтетүү.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын угуу тийиштүү мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз алдынчалуулугу жана көз карандысыздыгы жөнүндө ушул Конституциянын жана мыйзамдардын жоболорун эске алуу менен ишке ашырылат.
3. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

76-берене.
1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын шайлайт. Жогорку Кеңештин бардык фракцияларынын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары болуп саналышат.
2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:
1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;
2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчилик кылат;
3) Жогорку Кеңеш кабыл алган актыларга кол коет;
4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин Президент, Өкмөт, мамлекеттик бийликтин аткаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара байланышын камсыз кылат;
5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана контролдук кылат;
6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча Жогорку Кеңештин Регламентинде ага жүктөлгөн дагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке отчет берет жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добуш менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

77-берене.
1. Жогорку Кеңеш өз депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссияларды уюштурат, алардын курамын түзөт, мында парламенттик азчылыктын өкүлдөрү бюджет жана укук тартиби маселелери боюнча комитеттердин төрагалары болуп саналат.
2. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашырууга контролдук кылат.
3. Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин ченемдик укук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.
4. Мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо жана кызматтан бошотуу үчүн шайлоо, ошондой эле Жогорку Кеңештин макулдугун берүү Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринин корутундусу болгон учурда жүргүзүлөт.

78-берене.
1. Жогорку Кеңештин сессиясы жыйналыш түрүндө жүзөгө ашырылат жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.
2. Эгерде каралып жаткан маселелердин мүнөзү жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, Жогорку Кеңештин жыйналыштары ачык жүргүзүлөт.
3. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан чакырылат.
4. Жогорку Кеңештин жыйналышы ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса ыйгарым укуктуу болот.
5. Жогорку Кеңештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын добуш берүүсү менен кабыл алынат.

79-берене.
1. Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим боюнча таратылышы мүмкүн.
2. Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынышы мүмкүн.
3. Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону жаңы шайланган Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи жыйналышына мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган күндөн тартып 60 күндөн кечикпей чогулгудай кылып дайындайт.


Үчүнчү бөлүм
Мыйзам чыгаруу иши
80-берене.
Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:
10 миң шайлоочуга (элдик демилге);
Жогорку Кеңештин депутаттарына;
Өкмөткө.

81-берене.
1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.
2. Өкмөт кечиктирилгис деп аныктаган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.
3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн;
4. Эгерде ушул Конституцияда аларды кабыл алуунун башка тартиби каралбаса, мыйзамдар жана Жогорку Кеңештин токтомдору Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
5. Конституциялык мыйзамдар, конституциялык мыйзамдарды чечмелөө жөнүндө мыйзамдар, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар кеминде эки окуу өткөрүлгөндөн кийин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
6. Өзгөчө жана согуш абалы учурунда конституциялык мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынат.
7. Сөз жана басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга жол берилбейт.

82-берене.
1. Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам бир айдын ичинде Президентке кол коюуга жиберилет.
2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен ага кол коет же аны өзүнүн каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайрадан кароого кайтарат.
3. Президент тарабынан кайра кайтарылган мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч айдан эрте эмес каралууга жатат. Эгерде Жогорку Кеңеш Президенттин каршы пикирине макул болсо бул эреже колдонулбайт.
4. Эгерде мыйзам кайра каралганда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен мурда кабыл алынган редакциясында жактырылса, мыйзам келип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде Президент тарабынан кол коюлууга тийиш.
Мурда кабыл алынган редакцияда жактырылган мыйзамда белгиленген мөөнөттө кол коюлбаса, мындай мыйзам кол коюлду деп эсептелинет жана жарыяланууга тийиш.

83-берене.
Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башкача каралбаса, анда мыйзам жарыяланган учурдан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


БЕШИНЧИ ГЛАВА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ
84-берене.
1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин дагы башка органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ишке ашырат.
2. Өкмөт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
3. Өкмөттүн ишине Премьер-министр жетекчилик кылат. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.
Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.

Биринчи бөлүм
Өкмөт
85-берене.
1. Депутаттык мандаттардын теңинен көбүн алган саясий партиянын депутаттары Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып, 5 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтөт.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер аны көрсөткөн күндөн тартып, 10 жумушчу күндүн ичинде сунуш кылынган Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына Жогорку Кеңештин макулдугун алууга тийиш. Сунуш кылынган Өкмөттүн түзүмү жана курамы менен Жогорку Кеңеш макул болбогон учурда Президент Өкмөттү түзөт жана Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону жарыялайт.
Президент тарабынан түзүлгөн Өкмөт Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын парламенттик көпчүлүгү тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушул Конституцияда каралган тартипте иштейт.
2. Эгерде шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын бири дагы депутаттык мандаттардын жарымынан көбүн албай калган учурда, Президент фракциялардын бирине 5 жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүү жолу менен Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүсүн сунуш кылат.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер аны көрсөткөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде алар сунуш кылган Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына Жогорку Кеңештин макулдугун алууга тийиш.
3. Эгерде ушул берененин 2-пунктунда көрсөтүлгөн фракция тарабынан көрсөтүлгөн Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкердин сунуш кылган Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына, Жогорку Кеңештен макулдук алынбаса, Президент экинчи фракцияга парламенттик көпчүлүктү түзүү жолу менен 5 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер аны көрсөткөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде сунуш кылган Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына Жогорку Кеңештин макулдугун алууга тийиш.
4. Эгерде ушул берененин 3- пунктунда көрсөтүлгөн фракция тарабынан көрсөтүлгөн Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкердин сунуш кылган Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына Жогорку Кеңештен макулдук алынбаса, Президент үчүнчү фракцияга парламенттик көпчүлүктү түзүү жолу менен 5 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат.
Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер аны көрсөткөн күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде сунуш кылган Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына Жогорку Кеңештин макулдугун алууга тийиш.
5. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлбөсө же Премьер-министрдин кызмат ордуна сунуш кылынган талапкерге жана Өкмөттүн курамына Жогорку Кеңештин макулдугу алынбаса, Президент Өкмөттү түзөт жана Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Президент тарабынан түзүлгөн Өкмөт, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын парламенттик көпчүлүгү тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө чейин ушул Конституцияда каралган тартипте иштейт.
6. Президент тарабынан Премьер-министр жана Өкмөттүн мүчөлөрү дайындалбаган учурда, 3 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн түзүмүнө жана курамына Жогорку Кеңеш тарабынан макулдук берилген күндөн тартып Премьер-министр жана Өкмөттүн мүчөлөрү дайындалды деп эсептелинет.

86-берене.
1. Өкмөт өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Жогорку Кеңештин алдында жооптуу болот жана отчет берип турат.
2. Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кеңешке отчет берип турат.
3. Жогорку Кенеш Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санын үчтөн биринин демилгеси боюнча Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.
4. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
5. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Жогорку Кеңеш тарабынан Президентти кезектеги шайлоого чейин алты ай калганда каралышы мүмкүн эмес.
6. Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин Президент Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.
7. Эгерде Жогорку Кеңеш үч айдын ичинде Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алган учурда Президент Өкмөттү отставкага жиберет.

87-берене.
1. Премьер-министр жылына бир жолудан көп эмес Жогорку Кеңештин алдына Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени кое алат. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартылган учурда Президент 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.
2. Өкмөт отставкага кеткен учурда Президенттин тапшырмасы боюнча Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин иштөөсүн улантат.

88-берене.
1. Премьер-министр, Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү кызматынан кетүү жөнүндө сураныч кылууга акылуу, ал Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.
2. Премьер-министрдин кызматтан кетишин кабыл алуу Өкмөттүн жана администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин кызматтан кетишине алып келет.
3. Өкмөт түзүлгөнгө жана администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери дайындалганга чейин Премьер-министр, Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин жана башка органдарынын жетекчилери өзүнүн милдеттерин аткарууну улантат.
4. Өкмөт отставкага кеткен учурда жаңы Өкмөт ушул Конституциянын 85-беренесинде каралган тартипте жана мөөнөттө түзүлүүгө тийиш. Президентке Премьр-министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди киргизүү мөөнөтүн эсептөө Президент тарабынан Премьр-министрдин же Өкмөттүн отставкасы кабыл алынган күндөн башталат.
5. Өкмөт мүчөсү кызматтан кеткен же болбосо кызмат ордунан бошотулган учурда Премьер-министр 5 жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүнүн бош кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Президентке киргизет.

89-берене.
1. Өкмөт:
1) Конституциянын жана мыйзамдардын; мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын ишке ашырылышын камсыз кылат;
2) мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
3) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;
4) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке сунуштайт жана анын аткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет;
5) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
6) экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
7) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;
8) мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук жана коомдук коопсуздукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;
9) тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү уюштурат жана камсыз кылат;
10) жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;
11) Конституция жана мыйзамдар менен өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
2. Өкмөттүн ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

90-берене.
1. Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин, Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Өкмөт токтомдорду жана буйруктарды чыгарат, ошондой эле алардын аткарылышын камсыз кылат.
2. Өкмөттүн токтомдору жана буйруктары Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
3. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин түзүмүнө кирбеген аткаруу бийлигинин, башка органдарынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялык органдардын ишине жетекчилик кылат.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары өз компетенциясынын чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат жана алардын аткарылышын камсыз кылат
5. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын отчетторун угат жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген актыларын жокко чыгарат.

Экинчи бөлүм
Жергиликтүү мамлекеттик администрация
91-берене.
1. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация ишке ашырат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо жана бошотуу тартиби мыйзам менен аныкталат.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишин уюштуруу жана иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

92-берене.
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштейт.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдери тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.


АЛТЫНЧЫ ГЛАВА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАШКА БОРБОРДУК ОРГАНДАРЫ
Биринчи бөлүм
Прокуратура
93-берене.
Прокуратура мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алданча башкаруу органдары, юридикалык жактар тарабынан мыйзамда белгиленген чектерде мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат. Прокуратура органдары жазык куугунтугун ишке ашырат, мыйзамда каралган учурларда жана тартипте соттук иштерди териштирүүгө катышат.
Прокуратура органдарын уюштуруу жана анын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.


Экинчи бөлүм
Улуттук банк
94-берене.
Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын башкарат, Кыргыз Республикасында акча - кредит саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүргүзөт, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүнүн өзгөчө укуктарына ээ, банк каржылоосунун ар кандай формаларын жана принциптерин жүзөгө ашырат. Улуттук банкты уюштуруу жана анын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

Үчүнчү бөлүм
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия
95-берене.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду даярдоону жана аларды өткөрүүнү камсыз кылат. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияны уюштуруу жана анын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.


Төртүнчү бөлүм
Эсептөө палатасы
96-берене.
Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышынын, бюджеттен тышкаркы каражаттардын, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануунун аудитин ишке ашырат. Эсептөө палатасын уюштуруу жана анын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

Бешинчи бөлүм
Акыйкатчы (Омбудсмен)
97-берене.
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктери менен укуктарын сактоого контролдук кылуу Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан ишке ашырылат. Омбудсменди (Акыйкатчыны) уюштуруу жана анын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.


ЖЕТИНЧИ ГЛАВА
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ БИЙЛИГИ
98-берене.
1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат.
Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышуу укугуна ээ.
2. Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, администрациялык жана башка сот өндүрүшү аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституцияда жана мыйзамдарда белгиленет, Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат. Конституциялык мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.
Атайын сотторду түзүүгө жол берилбейт.
4. Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзам менен аныкталат.

99-берене.
1. Судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет.
2. Судья кол тийгистик укугуна ээ жана кылмыш үстүнөн тутулгандан тышкары учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке текшерилүүгө тийиш эмес.
Судьянын кол тийгистиги ошондой эле анын турак жайына, кызматтык жайына, пайдалануучу транспортуна жана байланыш каражаттарына, анын кат-кабарына, ага таандык мүлккө жана документтерге да жайылтылат.
3. Судьядан конкреттүү бир сот иши боюнча отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.
4. Судья өзүнүн статусуна ылайык өзүнүн көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат.
5. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими бар жана укуктук кесиби боюнча кеминде он жыл иш стажысы бар, анын ичинде беш жылдан кем эмес судья болуп иштеген Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Соттун судьясы боло алат.
Жогорку Соттун судьялары Президенттин сунушу боюнча жаш курагынын жогорку чегине жеткенге чейин Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат.
Жогорку Соттун судьялары өздөрүнүн курамынан Жогорку Соттун Төрагасын жана анын орун басарларын эки жылга шайлайт. Бир эле адам эки мөөнөт катары менен Жогорку Соттун төрагасы болуп шайлана албайт.
6. Курагы 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча кеминде беш жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат. Судьялардын статусу жөнүндөгү конституциялык мыйзамда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызматына талапкерлерге карата кошумча талаптар белгилениши мүмкүн.
Жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттигинин иштери боюнча улуттук Кеңештин сунушу менен Президент тарабынан биринчи ирет беш жылдык мөөнөткө, кийин жаш курагынын жогорку чегине жеткенге чейин дайындалат. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер Президент тарабынан үч жумушчу күндүн ичинде бекитилбеген учурда, ал дайындалды деп эсептелет.
Жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңештин сунушу менен Президент жергиликтүү соттордун төрагаларын жана алардын орунбасарларын эки жылдык мөөнөткө дайындайт. Бир эле адам эки мөөнөткө катары менен жергиликтүү соттун төрагасы болуп шайлана албайт.
7. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат.

100-берене.
1. Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат.
2. Жогорку соттун судьясы Президенттин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.
3. Судья каза болгондо, өлдү же дайынсыз жок болду деп жарыяланганда, аракетке жөндөмсүз деп таанылганда, жарандыгын жоготкондо, жарандыктан чыкканда же башка мамлекеттин жарандыгын алганда судьянын ыйгарым укуктары конституциялык мыйзамга ылайык негиздер келип чыккан күндөн тартып аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан токтотулат.
4. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди тандап алуу, аларды дайындоого жана которууга (ротациялоого) сунуштоо Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңеш тарабынан конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу Соттор кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын бардык сотторунун судьяларын жазык жана сот тартибинде салынган администрациялык жоопкерчиликке тартууга Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңештин макулдугу менен жол берилет.
5. Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңеш бийликтин мыйзам чыгаруучу, сот бутактарынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт. Мында сот органдары Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңештин курамынын кеминде жарымын көрсөтөт. Жогорку Кеңештин депутаты Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңештин мүчөсү боло албайт.
6. Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кеңешти уюштуруу, анын иши, ыйгарым укуктары жана аны түзүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

101-берене.
1. Жогорку сот мыйзам менен каралган тартипте соттук актыларды кайра кароо аркылуу жергиликтүү соттордун ишине көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу жогорку соттук орган болуп саналат.
2. Конституциялык сот өндүрүшү тартибинде Жогорку сот Конституцияга каршы келген учурда мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес деп табат; Конституциянын ченемдерине расмий чечмелөө берет.
3. Жогорку сот тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп табылышы алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле соттук актыларды кошпогондо, конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген ченемдик укуктук актылардын колдонулушун жокко чыгарат.
Конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдардын ченемдерине негизделген соттук актылар укуктары менен эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары боюнча ар бир конкреттүү учурда сот тарабынан кайра каралат.
Конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.
4. Жогорку соттун Пленуму сот практикасынын маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет.
5. Жогорку соттун көзөмөлдүк тартибинде, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында кабыл алган чечимдери акыркы чечимдер болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

102-берене.
1. Мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн каржылоону жана талаптагыдай шарттарды камсыз кылат.
Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
2. Сот системасынын бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтери менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетке киргизилет.

103-берене.
1. Териштирүү бардык соттордо ачык жүргүзүлөт. Ишти жабык жыйналышта жүргүзүүгө мыйзам менен каралган учурларда гана жол берилет. Соттун чечими ачык жарыяланат.
2. Мыйзамда каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди соттордо сыртынан кароого жол берилбейт.
3. Сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Сот актысын жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тарабынан мыйзам менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка соттук актыларга даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.

104-берене.
1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, чарба жүргүзүүчү субъекттер, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жарандар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
2. Сот актыларын аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аларды аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

105-берене.
1. Сот ушул Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыларды колдонууга укуксуз.
2. Эгерде кандай гана болбосун сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши ага көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот суроо-талапты Жогорку сотко жиберет.

106-берене.
1. Соттордун ишинин ички маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.
2. Судьялардын курултайы жана Судьялар кеңеши соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.
Судьялар кеңеши судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контролдоону, судьяларды окутууну жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурууну, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу, жергиликтүү соттордун судьяларын кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу жөнүндө маселелерди кароону жүзөгө ашырат.
3. Соттук өз алдынча башкаруу органдарын уюштуруу жана алардын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

107-берене.
1. Мыйзам менен каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген кандай гана учурда болбосун сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт.
2. Бардык соттор жана судьялар үчүн сот адилеттигинин ушул Конституцияда көрсөтүлбөгөн принциптери мыйзамдар менен белгиленет.


СЕГИЗИНЧИ ГЛАВА
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ
108-берене.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында чечүүнүн ушул Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.
2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү маанидеги маселелердин калк тарабынан өз алдынча чечүүсүн камсыз кылат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандар тарабынан түздөн-түз же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу жана башка органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык менчикти өз алдынча башкарат, жергиликтүү бюджетти түзөт, бекитет жана аткарат, жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизет, ошондой эле жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен жана республикалык бюджеттен камсыз кылынат.

109-берене.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Конституция жана мыйзамдар менен белгиленген өз ыйгарым укуктарынын чегинде алардын аймагында аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды кабыл алат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын системасын төмөнкүлөр түзөт:
айылдардын, шаарчалардын жана райондук маанидеги шаарлардын башчылары, шаарлардын мэрлери;
жергиликтүү кеңештер - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары;
айыл өкмөтү, шаардык жана шаарчалык башкармалыктар, мэриялар-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары;
башка кызмат адамдары жана органдары.

110-берене.
1. Айылдардын, шаарчалардын жана райондук маанидеги шаарлардын башчылары, ошондой эле шаарлардын мэрлери мыйзам менен каралган тартипте шайланат.
2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жашаган жарандар тарабынан мыйзам менен белгиленген тартипте шайланат.
3. Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык:
жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт, ошондой эле жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет;
жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитет;
жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды мыйзамга ылайык киргизет, ошондой эле мыйзам менен каралган учурларда жана тартипте алар боюнча жеңилдиктерди белгилейт.

111-берене.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттар өткөрүлүп берүү менен ыйгарылышы мүмкүн. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын негизинде берилиши мүмкүн. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет берип турат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдары алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында - өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат.
3. Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдар менен каралган ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз.

112-берене.
1. Мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкарууга колдоо көрсөтөт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн укуктарынын бузулушуна байланыштуу соттук коргоого кайрылууга укуктуу.


ТОГУЗУНЧУ ГЛАВА
УШУЛ КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ
113-берене.
1. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу боюнча Президент тарабынан дайындалуучу референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынышы мүмкүн.
Референдум өткөрүүдө, эгерде ага шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын жарымынан ашыгы катышкан шартта, ал үчүн добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жарымынан көбү добуш берсе, ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам референдумда кабыл алынды деп эсептелинет.
2. Ушул Конституциянын үчүнчү-сегизинчи главаларынын жоболоруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу боюнча же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
3. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
Ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда үч ай тыныгуу менен кеминде эки окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк депутаттарынын талабы боюнча референдумга чыгарылышы мүмкүн.
4. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат.
5. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө кабыл алынган мыйзам Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюуга жатат.


ОНУНЧУ ГЛАВА
КОРУТУНДУ ЖАНА ӨТМӨ ЖОБОЛОР
114-берене
1. Референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Конституциянын 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 16-беренесинин 3-пунктунун экинчи абзацынын жоболорун кошпогондо, референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Конституция күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) ага киргизилген бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) 1993-жылдын 5-майындагы № 1186-XII "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) 2007-жылдын 23-октябрындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3. Ушул Конституция күчүнө киргенге чейин колдонулган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
Конституциялык, жарандык, жазык жана администрациялык сот өндүрүшүнүн тартибин жөнгө салуучу мыйзамдар аларды ушул Конституцияга ылайык келтиргенге чейин колдонулат.
4. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Алгачкы Конституциясы кабыл алынган күндүн тарыхый маанисин эске алып, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү деп эсептелинсин.
5. Убактылуу Өкмөт Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декрети менен өзүнө жүктөлгөн Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн 2007-жылдын 21-октябрында референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган Конституцияда белгиленген ыйгарым укуктарын ушул Конституция менен каралган тартипте Президент кызмат ордуна киришкенге, ошондой эле Жогорку Кеңеш жана Өкмөт түзүлгөнгө чейин сактап калат.
6. Ушул Конституция күчүнө киргенге чейин шайланган же дайындалган судьялар шайланган же дайындалган мөөнөттөрү бүткөнгө чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат.
Ушул Конституция күчүнө киргенге чейин дайындалган соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары ушул Конституция менен каралган тартипте соттордун жаңы төрагалары жана алардын орун басарлары өз ыйгарым укуктарын сактап калат.
Бош кызмат орундары ушул Конституция менен белгиленген тартипте ээленет.
7. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары, шаарлардын мэрлери, шаардык башкармалыктарынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары алар шайланган мөөнөт бүткөнгө чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат.


кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ
2-бет
Сессияда спикерди жумуртка менен аткылашты
3-4-5-6-7-бет
БИРИНЧИ ГЛАВА
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

12-бет
Улугбек Бакенов: "Жыйырма бир жаштан
бийликке тартууну сунуштайбыз"

13-бет
Башмыйзамдын долбоорунун өзгөчөлүктөрү
14-бет
Финалда "Бавария" менен "Интер" беттешет





??.??