Сессияда спикерди жумуртка менен аткылашты
Ратификацияга каршы экендиктерин билдирип, сессиянын жүрүшүндө оппозициячыл депутаттар ызы-чуу салышты. Залды түтүн каптап, депутаттардын жоон тобу залдан чыгып кетти. Айрымдары спикер Владимир Литвинди жумуртка менен аткылай баштады.
СҮРӨТ: REUTERS

Украинанын Жогорку радасында Россиянын Кара деңиз флотуна байланыштуу жаңы келишим бекитилди. 21-апрелде Харковдо эки өлкөнүн президенттери кол койгон келишимге ылайык, Кара деңиз флотунун мөөнөтү дагы 25 жылга узартылган. Ал эми эски келишим боюнча аталган флоттун мөөнөтү 2017-жылы аяктамак. Буга жооп иретинде Москва Киевге бериле турган газдын баасын 30 пайызга арзандатат. Ратификацияга каршы экендиктерин билдирип, сессиянын жүрүшүндө оппозициячыл депутаттар ызы-чуу салышты. Залды түтүн каптап, депутаттардын жоон тобу залдан чыгып кетти. Айрымдары спикер Владимир Литвинди жумуртка менен аткылай баштады. Ошого карабастан спикер жыйынды токтоткон жок. Акырында келишим 236 добуш менен кабыл алынды. Ал эми оппозиция өкүлү Ю.Тимошенко "бул күн өлкөнүн тарыхында кара так болуп каларын" айтып, келишимди жокко чыгарууну талап кылгандарды 11-майга Раданын алдына митингге чакырды. Өлкө президенти В.Янукович аталган документ боюнча "кырдаалды курчуткусу келгендер тиешелүү жазасын аларын" эскертти.




Орус тилинин статусун өзгөртүүнү сунушташты
Кыргызстандагы жаштар уюмдарынын бири орус тилинин статусун өзгөртүүнү сунуштайт. Мындай билдирүү менен "Ак-Шумкар Кут" уюмунун өкүлдөрү жаштардын "Азбука" форумунда чыгышты.
Партиянын мүчөлөрүнүн айтымында, республикадагы расмий жана мамлекеттик тил кыргыз тили гана болушу зарыл, ал эми орус тили улуттар аралык пикирлешүүдө гана колдонулушу керек. "Эгер ушундай болсо ата-энелер балдарын кыргыз тилинде окуткан мектептерге берүүгө кызыкдар болушат. Алар балдары эне тилин билбесе, коомчулукта татыктуу орунга келе албай тургандыгын түшүнүшөт",-деп айтышты "ак шумкарчылар".
"Биз башка улуттардын тилдерине өтө урматтоо менен мамиле кылабыз. Бирок, кыргыз тилинин статусун жогорулатуу мамлекеттик башкаруу тармагына оң таасирин тийгизет", -деп айтты партиянын мүчөлөрүнүн бири. АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Нарындын "Жаш таланттары"
Нарын дубанынын жер-жерлеринен озуп келген 300дөн ашуун өнөрпоз улан кыздардын ХIII облустук кароо-сынагы жыйынтыкталды. Быйылкы "Жаш таланттар" фестивалы "Мурас" жылына арналып, келечектин таланттары жети багыт боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында Кочкор районунун музыкалык мектебинин комузчулар ансамбли баш байгеге татыктуу деп табылып, түстүү телевизор менен сыйланды. Ал эми Манас айтуудан Түмөнбай уулу Муканбетке (Ат-Башы), ырдоодон Калматай кызы Акжаркынга (Ат-Башы), көркөм сүрөттөн Манас Бакытбековго (Кочкор), дастан айтуудан Аблабек уулу Даниярга (Кочкор), бийден "Алтын балалык" ансамблине (Нарын шаары), айкелчиликтен Кашкелең уулу Азыкка (Нарын шаары) жана улуттук аспаптарда ойноодон "Накай" ансамблине (Нарын району) биринчи орундар ыйгарылды. Быйылкы жылдагы таланттууларды баалоого Самара Токтакунова, Уркаш Мамбеталиев, Сездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев келишти. Фестиваль "Дордой" бирикмесинин, "Балтаттуу" коомдук уюмунун жана облустук акимчиликтин колдоолору аркылуу өткөрүлүп келет. Күмөндөр Усуптегин, Нарын




Дыйкандар митингге чыгышты
Франциянын борборунда 10 миңге чукул дыйкандар митингге чыгышып, аларды 1500 трактор коштоп жүрдү. Өлкө тарыхында айыл-чарба машиналары биринчи жолу Париж көчөлөрүн кыдырды. Алар өкмөттөн дыйканчылыкты жактаган, коргоого алган чечимдерди кабыл алышын талап кылышты. Европа биримдиги айыл-чарбасын өнүктүрүү үчүн бирдиктүү иш-чараны иштеп чыгып, жетишпеген чыгашаларды жабуу үчүн берилүүчү мамлекеттик жөлөкпул (дотация) берүүнү да талап кылышты. Анткени өткөн жылы француз дыйкандары чыгымдарды жабуу үчүн 1,8 миллиард евро кредит алууга мажбур болушкан.




Индияда массалык иш таштоо болду
Индиянын көпчүлүк штаттарында массалык иш таштоо башталды деп билдирет ИТАР-ТАСС агенттиги. Күйүүчү майдын жана тамак-аштын кымбаттыгына каршылык көрсөткөн демонстранттарды оппозиция өкүлдөрү жана профсоюз уюмдарынын жетекчилери баштап жүрдү. Миңдеген жумушчулар көчөгө чыгышып, өкмөттү инфляциянын өсүшү менен күрөшө албайт деп күнөөлөштү. Анткени товарлардын баасы бир жарым жыл ичинде 9,9 пайызга, тамак-аштын баасы 20 пайызга, күйүүчү майдын баасы 13 пайызга көтөрүлүп кеткен. Өлкөнүн 13 штатында болгон иш таштоонун кесепетинен авиакаттамдар токтоп, темир жолдогу кыймылдар үзгүлтүккө учураган. Бир катар мамлекеттик ишканалар жабылып, бир канча саатка созулган жол тосуулар менен коштолду. Полиция 400гө жакын адамды кармап кеткен.




Афганистанда кыздар ууланды
Афганистандын түндүгүндө жайгашкан Кундуз провинциясындагы мектептерде окуучу кыздар ууланышты. Өткөн жумада катталган бул окуя жалпы ооган элин дүрбөлөңгө салды. Биринчи окуя жуманын шаршемби күнү Фатиматхул Зохра мектебиндеги 23 кыздын эс-учун жоготуп жыгылышы болду. Андан соң ишемби күнү Хадижатул Кубра мектебинде 47 кыз ооруканага жеткирилген. Ал эми жекшемби күнү Сахе Дара мектебиндеги 13 кыз эстен танган. Кыздардын баары башы ооруп, көңүлү айнып жатканын айтышкан. Дарыгерлер аларды ууланган деген бүтүм чыгарып, кыздардын баарынан кан алынып, текшерүүгө Кабулга жөнөтүштү. Бирок кантип, эмнеден ууланганын эч ким аныктай алган жок. Ата-энелер, мугалимдер жана жергиликтүү бийлик муну талиптерден көрүп жатышат. "Талибан" кыймылы кыздардын билим алышына каршылык көрсөтүп жатышат деп эсептешет. Ал эми президенттин басма сөз катчысы Вахид Омар муну террордук иш деп атап, ал дыкаттык менен иликтенерин билдирди. АЙША КУРБАНОВА




1-июндан тарта балдарды эмдөө башталат
Кыргызстанда июнь айынан тартып балдарды полиомиелиттен эмдөө башталат. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин астындагы Республикалык эмдөө борборунун башчысы Жолдош Калилов билдирди. Анын сөзүнө караганда эмдөө кампаинясы кооптуу аймактарга кирген Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй областтарында, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлөт. "Бул аймактарда беш жашка чейинки 547 миң бала бар. Аларды эмдөөгө жалпы суммасы 210 миң 300 доллар болгон 1 миллион 315 миң вакцина талап кылынат",-дейт Ж.Калилов.
Борбордун башчысы белгилегендей, учурда эл аралык донорлор менен аталган ооруга каршы вакцина сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. "Эгерде донорлор менен оң жагына чече албай калсак, анда убактылуу өкмөткө кайрылабыз", -деп кошумчалады ал.

Жабыр тарткандарга экспертиза жүргүзүлүүдө
7-8-апрелдеги окуялардан жабыр тарткан 80ден ашуун жаранга соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча оордук даражасы аныкталды. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Анын маалыматы боюнча, компенсация жараттын оордугуна карата төлөнмөкчү. "Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү улантылууда. Күндөн күнгө ооруканага жаткандардын саны азаюуда. Ушул тапта стационардык дарылоодо 170 адам жатат, алардын ичинен 8и оор акыбалда, анын экөөсү реанимация бөлүмүндө",-деп кошумчалашат алар. Орточо оордуктагы жараттарга 50 миң, ал эми оор абалдагыларга 100 миң сом төлөнүп берилгендигин эскерте кетмекчибиз. АЙМИРА МЕНДЕЕВА