presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Финалда "Бавария" менен "Интер" беттешет
"Барселона" чемпиондор лигасында финалга чыкпай калды. Алар өз үйүндө "Интерди" 1:0 эсебинде утса да, Италиядагы оюнда 3-1 эсебинде жеңилгендиктен максатына жете албай калышты.
СҮРӨТ: GI

Лион - Бавария: 0-3 (0-1)
Гол: Олич, 26 (0:1). Олич, 67 (0:2). Олич, 78 (0:3).
"Барселона" - "Интер": 1-0 (1-3)
Гол: Пике, 84.
Ошентип, клубдар арасындагы дүйнөнүн чемпиону, учурдагы эң күчтүү команда - "Барселона" чемпиондор лигасында финалга чыкпай калды. Алар өз үйүндө "Интерди" 2:0 же, андан көп эсеп менен утушу керек эле, бирок атактуу Моуриньонун командасы ага жол берген жок. Ооба, "Барселонанын" жаш оюнчусу Боян Кркич кошумча убакытта гол киргизди бирок судья аны жаратпай койду.
"Интердин" машыктыруучусу Моуриньо: "Мен чемпиондор лигасын мурда эле уткам ("Порту" -2003/04), бирок бул күн мен үчүн эстен кеткис күн болот. Бүгүн биз жеңилгенибиз менен баары бир жеңдик. Эгерде бир оюнчубуз оюндан куулуп чыкпаганда биз бүгүн да утмакпыз. Анткени, менин оюнчуларым бүгүн мыкты оюн көрсөтүштү. "Барселона" биринчи оюндан кийин бизден коркуп калган. Быйылкы турнирде "Интер" "Челси" менен "Барселона" сыяктуу күчтүү командаларды мелдештен чыгарганын унутпаңыздар"-деди.
Ал эми биринчи жарым финалда "Лион" менен "Бавария" беттешип, анда немистер атаандаштарын чоң эсеп менен утушту. "Лион" өткөн жумада Мюнхенге барып 0:1 эсебинде гана утулуп келген. Андыктан алар финалга чыгуу үчүн өз үйүндө атаандаштарын эки топ айырмачылык менен утушу керек эле. Бирок алардын да ою ишке ашпай "Бавариянын" чабуулчусу, хорватиялык Ивица Олич биринчи таймдын жарымында эле эсепти ачып, экинчи таймда дагы эки гол киргизип командасын финалга чыгарды. Ошентип, чемпиондор лигасынын финалдык оюнунда "Интер" менен "Бавария" беттешет. Финалдык оюн 22-апрельде "Реалдын" "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өтөт.





"Ак-Барс" - "Гагарин" кубогунун ээси
"Ак-Барс" - МВД ХК - 4:3
"Ак-Барс" (Казань) 2009/10-жылкы Континенталдык хоккей лигасынын "Гагарин кубогун" жеңип экинчи жолу катары менен чемпион болду. Финалдык оюнда Татарстандын командасы Москва областынын МВД ХК командасын акыркы, жетинчи оюнда гана жеңип чыкты.
Айтмакчы, Зинетулла Билялетдинов машыктырган былтыркы 2008/-09-сезондо да жети оюнда "Локомотивди" (Ярославль) утуп чемпион болгон. Ошондой эле "Ак-Барс" акыркы төрт жылдын ичинде плей-офф оюндарын үч жолу жеңип олтурат. Бирок татарлардын быйылкы жеңиши өзгөчө жеңиш болуп эсептелет. Анткени, Россия хоккейинде быйыл Магнитогорск, Уфа же, Санкт-Петербургдун командалары чемпион болот деп жатышкан. Анткени алар НХЛден келген хоккей жылдыздары менен толукталышкан эле. Бирок Татарстандын "Ак-Барсы" "Салаватты" (Уфа) да, "Металлургду" (Магнитогорск) да утуп, футболдогу "Рубин" сыяктуу эле экинчи жолу катары менен өлкөнүн эң мыкты командасы болду.

Коби Брайант 32.000.000 $ алмай болду
Түндүк Америкадагы Улуттук Баскетбол Ассоциациясындагы (НБА) "Лос-Анжелес Лейкерс" клубунун супер жылдызы Коби Брайант командасы менен дагы үч жылга жаңы келишим түздү. Ал келишимдин жалпы суммасы - 90 млн.доллар. 2011/12-сезондо Брайант 27,4 млн.айлык алат. 2012/13-ж.ж. - 30,2 млн. ал эми 2013/14-ж.ж. - 32 млн.доллардан жогору айлык алат. Анын акыркы жылдагы кирешеси НБАнын тарыхындагы экинчи чоң келишим болуп эсептелет. НБАдагы эң чоң келишим - 33 млн.$ атактуу Майкл Жорданга ("Чикаго Буллз" -1997/98-ж.ж.) таандык. Эгерде инфляцияга салыштырмалуу айтсак, Жордандын ошол кездеги жылдык айлыгы Брайанттын азыркы айлыгына салыштырмалуу эки эседен да көп болмок экен.
НБАдагы эң кымбат оюнчулар - 2009/10-ж.ж.
1. Трэйси МАКГРЭДИ Нью-Йорк $23 239 561
2. Коби БРАЙАНТ Лейкерс $23 034 375
3. Джермэйн О'НИЛ Майами $22 995 000
4. Тим ДАНКАН Сан-Антонио $22 183 218
5. Шакил О'НИЛ Кливленд $20 000 000
11-12. Поу ГАЗОЛЬ Лейкерс $16 451 250
11-12. Андрей КИРИЛЕНКО Юта $16 451 250

Даярдаган Табылды Асыгалиев




Роналдинью калабы же, кетеби?..
Бразилиялык Роналдинью "Милан" менен жаңы келишим түзүүдө клуб анын мурдагы айлыгын 25 %ке азайтып жатканына капа болууда. Андыктан, азыр жылына 8 млн.евро алчу оюнчу төрт жылга созулган жаңы келишимге кол коюуга шашпай турат. ФИФАнын 2004-жана 2005-жылкы дүйнөнүн эң мыкты оюнчусуна учурда "Манчестер Сита" да көз артууда.

Луиш Фигу тренер болом дейт
Мурда "Барселона", "Реал", "Интер" жана Португалия курама командасында ойногон атактуу Луиш Фигу учурда миландык клубдун жетекчилик тобунда иштеп тренерлик карьерага өтсөм деп турган чагы. "Азыр мен өзүмдү тренер катары элестете албайм, бирок кызыктуу сунуштар түшсө эмнеге болбосун"-дейт ал.

Алдыда Месси менен Роналду
Castrol Rankings март айы боюнча Европада эң күчтүү беш өлкөдө ойногон оюнчулардын рейтингин жарыялады. Биринчи, экинчи орундарда дагы эле "Барселонанын" жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси менен "Реалдын" жарым коргоочусу, португалиялык Криштиану Роналду турат. Ал эми буга чейин үчүнчү орунда келаткан "Ливерпуль" жана Испания курама командасынын чабуулчусу Фернандо Торрес бешинчи орунга жылып, алдыга англиялык Уэйн Руни ("Манчестер Юнайтед") менен аргентиналык Гонсало Игуаинди ("Реал") кое берген.

Футбол. Кыргызстандын чемпионаты
"Дордой" (Бишкек) - "Химик" (Кара-Балта) - 2:0
"Абдыш-Ата" (Кант) - "Нефтчи" (Кочкор-Ата) - 0:0
"Абдыш-Ата"- 7 очко, "Дордой" - 6.
Апрель айындагы саясий окуяларга байланыштуу өлкөбүздүн 2010-жылкы чемпионаты башталбай жатып токтоп калды эле, 25-апрелден баштап оюндар кайрадан улантылды. Өткөн ишембиде "Дордой" өз үйүндө Кара-Балтанын командасын кабыл алып, 2:0 эсебинде утту. Эртеси, "Дордой" сыяктуу эле 6 очкосу бар вице-чемпион "Абдыш-Ата" Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасы менен ойноп, оюн 0:0 эсебинде аяктады. Ошентип, "Абдыш-Ата" 7 очко менен турнирдик таблицанын алдына чыкты.
Учурда Кыргызстандын чемпионатында 7 команда - "Дордой" (Бишкек), "Абдыш-Ата" (Кант), "Шер" (Бишкек), "Алга" (Бишкек), "Химик" (Карабалта) жана "Нефтчи" (Кочкор-Ата) командалары катышып жатат. Адегенде чемпионатта 9 команда ойной турган болгон, бирок акыркы саясий кырдаалга байланыштуу Кара-Суунун "Жаштык-Ак-Алтын" жана Аравандын "Ак-Жол" командалары чемпионатка катышпай тургандыгын билдиришкен. Ошондой эле Оштун "Алай" командасы да чемпионатка катышар-катышпасы билинбей турат.




кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ
2-бет
Сессияда спикерди жумуртка менен аткылашты
3-4-5-6-7-бет
БИРИНЧИ ГЛАВА
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

12-бет
Улугбек Бакенов: "Жыйырма бир жаштан
бийликке тартууну сунуштайбыз"

13-бет
Башмыйзамдын долбоорунун өзгөчөлүктөрү
14-бет
Финалда "Бавария" менен "Интер" беттешет





??.??