Башмыйзамдын долбоорунун өзгөчөлүктөрү
Нуржигит Кадырбеков
26-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору иштелип чыгып, жалпы элдин сынына коюлду. Эгер долбоор кабыл алынса анда кириш сөздөн (преамбула) баштап мамлекетти башкаруу принциптери, бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары жана алардын ортосундагы өз ара кызматташуу жол-жоболору орчундуу өзгөрүүгө учурайт. Мамлекет башчысынын бийликтери кескин кыскарып, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн жана саясий партиялардын мамлекетти башкаруудагы ролу күчөтүлүп, Конституциялык Сот жоюлмакчы.
Бул макалада эч кандай комментарийсиз, башмыйзамдын бул долбоорунун азыркы иштеп жаткан конституциядан айырмачылыктарын гана көрсөтүүнү чечтик.
Долбоор 98-беренеден турган азыркы конституциядан айырмаланып 114-беренеден куралган. Азыркы баш мыйзамыбыздын кириш сөзүндө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусу жана өнүгүүсү, кыргыз элинин биримдигинин өлкөдөгү стабилдүүлүк жана улуттар аралык ынтымак үчүн мааниси тууралуу айтылса, жаңы долбоордо адам укугу, демократия, мыйзамдын үстөмдүүлүгү жана социалдык адилеттүүлүк маселелерине басым жасалат.
Жер жана башка табигый кен байлыктарга жеке жана муниципиалдык ээлик кылууга жол берилип келсе, долбоордо табигый кен байлыктарды менчиктештирүү тууралуу айтылган эмес. Жайыттарга жеке ээлик кылууга да тыюу салынган.
7-беренеде элдик бийликтин үстөмдүүлүгүн камсыз кылуу бүткүл эл тарабынан шайланган Президенттин милдети болуп келсе, долбоор боюнча мындан ары бул жоопкерчиликти Жогорку Кеңеш да тең бөлүшмөкчү.
8-беренеде партиялык жана мамлекеттик институттардын биригүүсүнө, мамлекеттин ишмердүүлүгүн партиянын программаларына жана чечимдерине баш ийдирүүгө тыюу салган жобо алынып салынган.
29-беренеде мамлекет атуулдардын эмгекке болгон укуктарын "бекемдөө максаты бар эл аралык уюмдардын ишине көмөк көрсөтөт" деген жаңы жобо киргизилген.
Дагы бир кызык жери, долбоордо азыркы Конституциянын 16-беренесиндеги элдик салт-санаалар, үй-бүлө, эмгекке жөндөмдүү жашы жеткен балдардын ата-энелерине кам көрүү милдети, мамлекеттин жетим балдарга карата милдеттемелери тууралуу жоболор алынып салынган. Андан сырткары, адам укугуна кесирин тийгизген мыйзамдардын кабыл алынышына, кишинин ыктыярына каршы анын үстүнөн медициналык, биологиялык жана психологиялык тажрыйба жүргүзүүгө, адамды кыйнап-кыстоого, кемсинтүү менен жазалоого тыюу салган, башка өлкөлөрдүн атуулдарына саясий баш-паанек берүү мүмкүнчүлүгүн караган жоболор да жаңы долбоордо жок.

Кыргыз Республикасынын Президенти
Президент мамлекет башчысы жана эң жогорку мамлекеттик кызмат адамы бойдон калса да, ал мурдагыдай элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин "символу", "Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин гаранты" болуп эсептелбейт. Мамлекетибиздин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктоо, Кыргызстанды өлкөнүн ичинде жана эл аралык байланыштарда сунуштоо укуктары да көрсөтүлбөгөн.
Мурдагыдан айырмаланып, бир эле адам катары менен эки мөөнөткө Президент болуп шайлана албайт. Президентикке талапкердин курагы 35 жаштан кем, 65 жаштан жогору болбош керек деген талап бар эле. Долбоордо үстүнкү 65 жаш курактык чектөө алынып салынган. Талапкер болуп катталуу үчүн зарыл болгон шайлоочулардын колтамгаларынын саны 50 миңден 30 миңге түшүрүлгөн.
Президенттин кадр саясатындагы ролу кескин чектелген. Маселен, Премьер-министрдин сунушусуз мурдагыдай өз демилгеси менен өкмөт мүчөлөрүн, коргоо жана улуттук коопсуздук кызматтарынын жетекчилерин кызматтан ала албайт. Сот жана башка кызмат адамдарын дайындоодо жана бошотууда да ошондой эле тартип каралган. Президент, ошондой эле, Жогорку Кеңештин макулдугу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Төрагасын дайындоо укугунан да ажыратылат. Эч ким менен кеңешпей БШКнын мүчөлөрүнүн тең жарымын өзү дайындап жана бошотуп келсе, долбоор боюнча үчтөн бирин гана, болгондо да, парламенттин макулдугу менен дайындап жана бошотууга акылуу. Эсептөө Палатасынын Төрагалыгына жана аудиторлугуна кимди сунуштоо өз эрки болуп келсе, долбоор боюнча аудиторлордун үчтөн бирин гана Жогорку Кеңеш аркылуу дайындап жана бошото алат. Түздөн-түз Президентке караган Мамлекеттик коргоо кызматы жанан Улуттук Гвардия сыяктуу структуралар кыскартылат. Өз чечими менен каалаган кызматын уюштуруп, кайра түзүп же анын ишмердүүлүгүн токтотуп коюу укугунан да ажырайт. Карамагында мурдагыдай бүтүндөй администрация эмес, аппарат гана болот.
Референдумду да жеке өз демилгеси менен өткөрбөстөн, 300 миңден кем эмес атуулдардын жана парламенттин талабы менен гана өткөрө алат. Мурдагыдай мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүү укугуна ээ болбойт. Өкмөттүн кеңешмелерине катышып, аткаруу бийлигинин алдына максаттарды жана тапшырмаларды коё албайт.
Президенттин кол тийбестик укугун, аны жана анын үй-бүлөсүн тейлөөнү жана коргоону мамлекеттин эсебинен камсыздоону караган жоболор да жокко чыгарылат.

Мыйзам чыгаруу бийлиги
Жогорку Кеңештин курамы, анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары, маккамдары жана милдеттери да маанилүү өзгөрүүлөргө учураган. Акыркы парламенттеги депутаттардын саны 90 гана болсо, долбоордо көрсөтүлгөндөй келечектеги ЖК курамы 105 же 120 депутаттан турушу мүмкүн. Бир партия 60 же 65тен ашуун мандат ала албайт. Мындай жол менен бир партиянын мыйзам чыгаруу бийлигиндеги толук үстөмдүк кылуусуна чек коюлат. Долбоордо буга чейин болбогон парламенттик көпчүлүк жана азчылык түшүнүктөрүнө аныктама берилген.
Депутаттык кол тийбестик түшүнүгү айтылбаганы менен, иш жүзүндө парламент мүчөлөрү кол тийбестикке ээ болушат. Эгерде депутат фракциядан чыгуу тууралуу арыз берсе, автоматтык түрдө депутаттык мандатынан ажырайт.

Жогорку Кеңештин ыйгарым-укуктары
Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктоо укугу Президенттен Жогорку Кеңешке өткөрүлөт. Парламенттик азчылык да парламенттик көпчүлүк жана Президент сыяктуу эле БШКнын жана Эсептөө палатасынын курамынын үчтөн бирин сунуштоого укуктуу. Бюджет жана укук тартиби боюнча парламенттик комиттерди жетектөө да сөзсүз түрдө парламенттик азчылыктын өкүлдөрүнө берилет.
Мыйзам чыгаруу демилгесин көтөрүү укугу 10 миң шайлоочуга (мурда 30 миң болчу), Жогорку Кеңештин депутаттарына жана өкмөткө таандык.

Аткаруу бийлиги
Конституциянын долбооруна ылайык Аткаруу бийлигинин маккамындагы негизги өзгөрүүлөр анын дайындалуу тартиби жана кимге жооптуу экенине байланыштуу орун алды. Парламенттик фракция сунуштаган Премьер-министрдин талапкерлигин Президент бекитип келсе, жаңы долбоор боюнча өкмөт башчысын жана ал сунуштаган өкмөттүн структурасы менен курамын бекитүү Жогорку Кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылат. Президент качан парламент өкмөттүн курамын дайындоо боюнча бир бүтүмгө келе албай калганда гана мөөнөтүнөн мурда өтүүчү кийинки шайлоого чейин иштей турган убактылуу өкмөттү дайындай алат. Өкмөт Президенттин жана Жогорку Кеңештин алдында жооптуу болуп келсе, азыр бир гана мыйзам чыгаруу бийлигине отчет берет.
Учурдагы Конституциянын 73-беренесиндеги өкмөт "Президенттин нормативдик-укуктук актыларын, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн токтомдорун аткарууну камсыз кылат", "Өкмөттүн ишин анын Аппараты жүзөгө ашырат" деген жоболор алынып салынат.

Кыргыз Республикасынын башка борбордук органдары
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин борбордук органдары" деген Конституциянын 6-главасы "Кыргыз Республикасынын башка борбордук органдары" деп өзгөртүлгөн. Кызматкерлеринин жана жетекчилеринин дайындалуу жана бошотулуу жол-жоболорун эске албаганда, ошол борбордук органдар болгон Прокуратура, Улуттук банк, Борбордук шайлоо комиссиясы, Эсептөө палатасы жана Акыйкатчы институттарынын укуктук маккамдары эч кандай өзгөрүүгө учураган эмес.

Сот бийлиги
Бийликтин үчүнчү бутагы болгон сот системасындагы негизги өзгөрүүлөр Конституциялык Соттун жоюлуп, анын ыйгарым-укуктарынын Жогорку Сотко берилиши жана Жогорку Соттун судьялык кызматына иштөө боюнча жаш курактык чектөөнүн өзгөргөнү. Азыр 35 жаштан баштап бул кызматта иштөөгө мүмкүн болсо, долбоор боюнча 40 жаштык ченем белгиленген.
Андан сырткары, Жогорку Соттун Төрагасын жана анын орун басарларын Парламенттин макулдугу менен беш жылдык мөөнөткө Президент дайындап келсе, долбоор боюнча "Жогорку Соттун судьялары өздөрүнүн курамынан Төрагасын жана анын орун басарларын эки жылга шайлайт" (99-берене). Болгондо да бир эле адам эки мөөнөт катары менен Жогорку Соттун төрагасы болуп шайлана албайт.
Азыркы Конституция боюнча жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттигинин иштери боюнча улуттук Кеңештин сунушу менен Президент тарабынан дайындалат. Долбоор боюнча, эгерде Президент сунушталган талапкерди үч жумушчу күндүн ичинде бекитпесе, анда ал автоматтык түрдө дайындалды деп эсептелет. Ошентип, жергиликтүү сотторду дайындоодогу негизги рол Президенттен Сот адилеттигинин иштери боюнча улуттук Кеңешке өткөрүлөт. Жергиликтүү соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары да долбоор боюнча 5 жылга эмес эки гана жылга дайындалат жана бир адам эки мөөнөт катары менен жергиликтүү соттун төрагасы боло албайт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
Долбоордо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун "жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында чечүүнүн ушул Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү" деген жаңы аныктамасы берилген (108-берене). "Айыл округу" деген түшүнүк алынып коюлган.
Азыркы Конституцияда Президент жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жергиликтүү жетекчилерди дайындоодогу чоң ролу так көрсөтүлгөн. Ал эми долбоордо: "Айылдардын, шаарчалардын жана райондук маанидеги шаарлардын башчылары, ошондой эле шаарлардын мэрлери мыйзам менен каралган тартипте шайланат" (110-берене) деп гана жазылган.

Конституцияга өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
Азыркы башмыйзам боюнча Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жараянында Президенттин жана Конституциялык Соттун ролу күчтүү. Президент мындай сунуш менен Жогорку Кеңешке кайрыла алат. Жогорку Кеңештин баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору Конституциялык Сот кортунду бермейин каралбайт. Ал эми долбоор боюнча Президент конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси менен парламентке кайрылуу укугунан ажырайт. Конституциялык Соттун иштерин да аткара турган Жогорку Сот бул жараянга таптакыр катышпайт.
Башмыйзамдын долбоорунун азыркы Конституциядан айырмалары ушулар. Мамлекетти адилеттүү башкаруу маселеси, демек, өлкөбүздүн, элибиздин келечеги бул документ менен бекем байланыштуу болгондуктан, долбоорду талкуулап, бышырып-жетилтүү ишине аң сезимдүү атуулдарыбыз жандуу катышып берет деген үмүттөмүн.