кыргыз тилиндеги гезит "Zaman Кыргызстан"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ
2-бет
Сессияда спикерди жумуртка менен аткылашты
3-4-5-6-7-бет
БИРИНЧИ ГЛАВА
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

12-бет
Улугбек Бакенов: "Жыйырма бир жаштан
бийликке тартууну сунуштайбыз"

13-бет
Башмыйзамдын долбоорунун өзгөчөлүктөрү
14-бет
Финалда "Бавария" менен "Интер" беттешет


п»ї


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ
Биз, Кыргызстандын эли, кыргыз элинин эркиндиги үчүн курман болгон баатырларды эске тутуп;
адамдын укуктарын сыйлоого жана коргоого негизделген эркин жана демократиялык мамлекет курууну жактагандыгыбызды тастыктап;
кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана чың-доого, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана элдин биримдигин сактоого майтарылбас ишенимди жана бекем эркти билдирип;
укуктун жолу улуктугун, ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү, элдин экономикалык байкерлигин жана руханий өнүгүшүн бекемдөөгө умтулуп;
ата-бабаларыбыздын биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта жашоо жөнүндө айткан осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алабыз.

3-4-5-6-7-БЕТТЕРДЕ




Дүйнөнү дүңгүрөткөн эки окуучу
Нарын кыргыз-түрк лицейинин окуучулары Ишенбек Баатырбеков жана Эдил Конокалиев океандын ары жагынан жагымдуу кабар менен кайтып келишти. Эларалык илимий-долбоорлук олимпиаданын жыйынтыгында алар коло медалга татыктуу болушуп, ошону менен катар "өзгөчө чыгармачылыктык" сыйлыгына арзышкан.
- "АКШнын Хьюстон Университетинде ушуну менен үчүнчү курдай илимий-долбоорлук олимпиада болуп өттү. "Космос" деп аталган компания уюштурган бул олимпиадага 8-10-жана 11-12-класстардын окуучулары өз-өзүнчө топторго бөлүнүп катышат. Өткөн жылы Кыргызстандан алгачкы команда катышууга мүмкүнчүлүк алышыптыр. Бирок алдыңкы орундарды ала алышкан эмес экен. Быйыл эки команда бардык. Бири биздин окуучулар, экинчиси Токмок кыргыз-түрк лицейинин эки окуучусу. Аларга мен жетекчилик кылып, бешөөбүз 14-19-апрелде АКШда болуп келдик. Ал олимпиадада үч багыт (энергиялык, инженердик жана айлана-чөйрөнү коргоо) боюнча жалпысы 1500 окуучу долбоорлорун сунушташты. Биздин Нарындын окуучулары энергия багыты боюнча барышкан. Мында 230 долбоор сунуш кылынган экен. Натыйжада күнкараманын калдыктарынан "Биодизель" чыгаруу тууралуу Ишенбек менен Эдилдин долбоору коло медалга, ошондой эле өзгөчө сыйлыкка татыктуу болушту",-дейт долбоордун жетекчиси Нурлан Төрөкелдиев. Күмөндөр Усуптегин, Нарын





Кыргызстан Жеңиш эстафетасын кабыл алат
Кыргызстан Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин өлкөлөрүнүн Жеңиш эстафетасын кабыл алууга даярданууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагерлер кызматынын төрагасы Сталбек Асакеев маалымдады. Анын айтымында, акция Беларуссиянын Гродно жана Россиянын Мурманск шаарларында эки багыт боюнча өтөт. "Кыргызстан Россиянын көп шаарлары аркылуу өткөн экинчи каттамдын жолуна туш келди. Учурда Жеңиштин символу Казакстанда. Биздин республикага ал 2-майда келип жетет. Андан ары ал Каракол, Нарынга барып, 5-майда аны Бишкекке жеткиришет", -деп маалымдады С.Асакеев.
Ал студент, мектеп окуучулары, чек арачылар жана ардагерлер катышкан негизги иш-чаралар Жеңиш Аянтында өтөөрүн, аймактарда акциялар уюштурулаарын айтты. 7-майда эстафета Кызыл-Арт ашуусунан Тажикстанга өткөрүлүп берилмекчи.










??.??