Кутумчулардын аракети эл арасына бүлүк салууда
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
"Маевкадагы башаламандыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Мындай окуялардын дагы кайталанбашы үчүн өкмөттөн чечкиндүү аракет көрүүсүн талап кылабыз. Милиция болсо ички таарынычтарды унутуп, кыйын күндө эл менен биргеликте болушу керек", -дейт ал.
Түрк диаспорасынын президенти Мурафидин Сахимов, түрк диаспорасынын атынан Маевкадагы окуяда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Анын сөзүнө караганда, түрк диаспорасы тарабынан 7-8-апрелде жаракат алгандарга 40 литрге чейин кан берилип, 200 пакет азык-түлүк чогултулуп, жабыркагандарга таратылган. Ал эми акчалай жардамдын баасы 500 миң сомду түзгөн. Бирок, тилекке каршы 19-апрелде болгон Маевкадагы башаламандык жалпы элдин жүрөгүн канатты. Аны улуттук араздашуунун айынан келип чыкты деген имиштер чыгып жатат, бирок, бул туура эмес. "Мен өзүм ошол окуяларга катышып жүрдүм. Биринчи жолу 700 гектар айдоо аянтын басып алууга келген тынч митингде областтын жетекчилиги жер ээлеринин кайрылуусу менен күзгө чейин түшүмдү жыйнап алууга мүмкүнчүлүк беришин суранган болчу. Бул жетекчилик тарабынан жасалган тынч позиция эле. Бирок, жер талап кылгандардын арасынан кутумчулар чыгып, мушташуу болуп кетти. Ал жердеги аялдардын бири машинага түшүп бара жатып "мен азыр силерге көргөзөм", деп кетип калган. Ал аял барып түрк менен орустар кыргыздарды сабап жатышат деген сөздөрдү таркаткан. Мунун бардыгы жакшылап талдап келген учурда кутумчулук экендиги көрүнүп турат. Анткени бир дагы кыргыз илгертеден бир туугандай жашап келген башка улуттун өкүлдөрүнө бир-эки күндүн ичинде эле каршы чыгып, жек көрүүсү мүмкүн эмес. Бизге келген жаалдуу топтордон кыргыздар өздөрү да бизди коргоп чогуу жүрүштү. Ошондуктан бул жерде жалпыга маалымат берүү каражаттары маалыматты бурмалабай, улуттар аралык араздашууга жол бербей, элге оң маанайда кабар таратууга тийиш", -дейт М.Сахимов.

КЫРГЫЗ АКСАКАЛДАРЫ МЫНДАЙ ИШТИ ТУУРА КӨРБӨЙТ
М.Сахимовдун пикиринде, Түндүк Грузиядан Орто Азияга депортациялаган түрк элин бир кесим нанын бөлүшүп, үйүнө кийирип кучагын жайып тосуп алган бир тууган кыргыз эли бүгүнкү күндө өздөрү мындан 65 жыл илгери жасаган кадамына каршы турбайт. "Бардыгыбыз өлкөнү биргелешип курууга аракет жасайлы. Биз ушул жерде туулуп, ушул жерде өстүк, чоң ата, чоң энелерибиз ушул жерге көмүлгөн, кутумчулар кандай гана сөздөрдү айтпасын, биз эч жакка кетпейбиз. Биздин мекенибиз, өлкөбүз Кыргызстан. Биз бардыгыбыз биримдикте болгондо гана бутубузга турабыз деп ойлойм",-деп кошумчалады ал.
"Замандаш" партиясынын мүчөсү, курд диаспорасынын президенти Рамазан Сеидовдун пикиринде, бул окуяны улуттук негизде деп айтууга шылтоо жок, анткени эгерде бул жерлердин ээлери кыргыздар болгондо жер басып алуучулар аларга деле каршы чыгышмак. Маевкадагы окуяларда ошол айылда жашаган кыргыздар, орустар, түрктөр, курддар жана башка улуттардын бардыгы жабыр тартышты. Бардык партиялардын мүчөлөрү элге ушундай маалымат жыйындарын өткөрүп түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл. "Биз өлкөбүз ушундай оор кырдаалда турган учурда башка өлкөлөргө уят болуп, талап-тоноо, басып алуучулукту токтотуп, андан көрө бардыгын курууга, калыбына келтирүүгө аракет жасашыбыз керек. Убактылуу өкмөттөн суранаарыбыз, бир аз катуураак болсо дейбиз. Маевкадагы окуяларды кыргыздын бир дагы аксакалы туура көрбөйт болчу деп ойлойм. Анткени ал жерде күнөөсүз адамдар каза болду, үй-жайсыз калгандар болду. Ар бир кылмышкердин аты-жөнү бар, ошолорду гана таап чыгып, жоопко тартуу керек. Мындай окуяны бүткүл улутка шек келтирүү менен кароо туура эмес. Мисалы, Петровка, Көк-Жаңгак жана башка жерлерде бир жыл ичинде 57 зордуктоо болгон. Анын ичинен экөөсүн курд улутундагылар жасашкан. Мына ошол эки окуя бүт республикага бомбадай тараган, анын айынан бүтүндөй улутту каралоо, өч алуу акылга сыйбаган иш. Ошондуктан айрыкча, журналисттерди абайлап маалымат берүүгө чакырат элем",-дейт ал.

МЫНДАН АРЫ КАН ТӨГҮҮГӨ ЖОЛ БЕРБЕЙЛИ
"Гармония" орус маданият борборунун президенти Александр Степанюктун айтымында, акыркы күндөрдө телекөрсөтүү, радио аркылуу бул окуялар улуттук негизде болуп жатат деген маалыматтар байма-бай берилүүдө. Маевка окуясы атайы уюшкан топтордун жасап жаткан иштери. "Кылымдар бою көп улуттуу өлкөдө жашаган эл, бир-эки күн ичинде эле ушунчалыкка бармак эмес, бул кутумчулук деп эсептейм. Мунун артында өлкөдөгү башалмандыкка кызыкдар болгон адамдар турат. Бул маселе боюнча Ассамблеяда болуп өткөн отурумга Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигинин өкүлдөрү катышты. Анда бул боюнча бир катар фактылар бар экендиги айтылды",-дейт А.Степанюк.
Анын айтымында, шаардын айланасын коргоого миңдеген адамдардан турган ыктыярдуу адамдардын тобу келишкен. Шаардын четинде 15 миңге жакын кошуундар кайтарып жатышат. Бирок, кандай болгон күндө дагы бул укук коргоо органдарына тиешелүү болгондуктан, убактылуу өкмөт чечкиндүүрөөк аракет кылып, мындан ары кан төгүүгө жол бербеши керек. "Биз ой, максат, ишибиз аркылуу биригүү менен гана мындай кырдаалдан чыгып кете алабыз",-дейт ал.