Оттун ортосунда калганда…
АБДРАИМ МАМЫТОВ
Мындан бир нече жылдар илгери белгилүү саясат таануучу, экс-советолог Збигнев Бжезинский Борбордук Азияда "Жаңы Балкандын" пайда болуу ыктымалдуулугун божомолдоп, географиялык координатын да аныктаган. Албетте, Фергана өрөөнү. Мындагы буркан - шаркан түшкөн турмуш деңизинде ашкан-ташкан толкун, Бжезинскийдин сөзү менен айтканда "идеалдуу шторм" болушу үчүн бардык зарыл шарттардын бар экени айтылган.
Ал шарттар: өрөөндө калктын эң жогорку жыштыгы, этникалык жактан бир кылка эместик, энергоресурстардын молдугу, социалдык туруктуулуктун төмөндүгү, радикалдык мүнөздө кескин исламдашуу.
Ыраматылык СССР доорунда "Орто Азиянын бермети" аталган Фергана өрөөнүнө көпчүлүктүн көңүл борбору бурула баштаганы бекеринен эмес. Ырас, Бжезинскийдин "идеалдуу шторму" болуп өтүшү үчүн жогоруда аталган шарт-кырдаалдар комплекстүү аракетке келтирилиши керек. Анын бетин кудай ары кылсын. Бирок, айрымдарын коогалаңдуу кондицияга өстүрүп жеткирүүгө кызыккан күчтөр өздө да, жатта да, ичте да, тышта да бар экени баамдалуу иш.
Эл аралык саясатта акыркы мезгилдерде "ядролук тогоо", "босогодогу мамлекеттер" (атомдук куралдарды түзүүгө жетилип калган өлкөлөр), "аргасыз айбат" (Ирак, Афганистан, Пакистан, Корей жарым аралындагы, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдарга байланыштуу аскердик жаңы доктриналар), "Эки тараптын бирдей талкалануусунун кепилдиги" ж.б. сөз айкаштары пайдаланыла баштады. Буга жалгыз эле себеп - дүйнөдө адамдардын ар түрдүү топторунун ортосундагы каршылашуу өсүп, согуштук чыр-чатактардын зонасы кеңейип бараткандыгы. Аскердик - согуштук чыгым - сарптоолор айлап-жылдап эмес, саат-мүнөттөп көбөйүүдө. Алсак, АКШ Иракта армиясын үстүбүздөгү эле бир жылда кармап-кароого кошумча 130 млрд, Афганистандагысы үчүн 61 млрд. доллар жумшайт. Албетте, армияны аттап-тондоо бир маселе, ал эми курал-жарак соодасы-таптакыр башка иш: бекем, мыкты уюшулган, дүйнөдөгү эң күч-кудуреттүү үч (сойкулук, баңгилик менен кошо) бизнестин эң эле кирешелүүсү. Демек, куралдуу кагылышууларга, аскердик каршылашып-тирешүү, кыр көрсөтүп-текеберленүүчүлүктү шыкактап күчөтүүгө кызыкдар күчтөр көп экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Мунун фонунда албетте, али эсибизден чыгып үлгүрө элек "Жарыша куралдануу" түшүнүгү жаңыча өң - түс алып жатат. Деңиз каракчылыгынын күчөшүнөн улам Инд океанынын, Орто Чыгыштын, Түштүк Азиянын өлкөлөрү, Кытай, Япония деңиз флотторунун курал - жарактык жабдылышын күчөтүүгө мажбур болушту. Кургакта деле ушул көрүнүш: Индия, Пакистан, Россия, Кытай, Түндүк Корея өңдүү ядролук державалардын куйругун "Босогодогу өлкөлөр": Түштүк Корея, Тайвань, Япония, Израильжана Иран тебелеп алганга аз эле калууда. Бүгүнкү күндө Окинавадан эки Кореяга чейинки "ядролук тогоо", Мароккодон Пакистанга чейинки этникалык чыр-чатактар, Пакистандан Борбордук Азияга чейин болжолдонгон "Жаңы Югославия" жөнүндө көбүрөөк жана кызуу кеп-сөз жүрө баштаганы ойлондурбай койбойт.
Ушул тапта Борбордук Азиядагы, ириде Фергана өрөөнүнө коңшулаш Афганистандагы чиеленишкен абал кооптуураак болуп турганы көз көрүнөө. Учурда Пакистандын Вазиристан аймагын, Сват өрөөнүн жана Афганистанга чектеш бардык райондорду "Талибан" кыймылы көзөмөлдөөдө. Бул кыймылдын бир канаты Борбор Азия багытында аракеттенүү планын иштеп чыкканы тууралуу маалыматтар былтыр эле айтылган . 2009-жылкы Ханабад менен Анжиандагы террактылардын түбү ошол жакта деген божомолду жокко чыгарууга болбойт. Ырас, муну расмий Ташкент билбейт же маани бербейт деп ойлоо Ислам Каримовду бери дегенде апендиге теңөөгө тете. Тек гана бул террактылардын болуп кетишине коңшулаш Кыргызстанды кыйыр түрдө болсо да күнөөлөп алуу Ислам акебизге ыңгайлуу экендиги да анык.

ФЕРГАНА ЭЗЕЛТЕДЕН ЭЛЕ КЫЛ ЧАЙНАШААР ӨРӨӨН
Борбордук Азия анын ичинде дал ушул Фергана өрөөнү эзелтеден ири державалардын тышкы саясый кызыкчылыктары кесилишип, кыл чайнашаар чекити болуп калган. Геосаясый, геоэкономикалык жана этно-маданий шарттары ошого аргасыз кылат. Аймак көп жылдар бою СССР державасынын курамында болуп, ички жана эң негизгиси - тышкы коркунуч-кооптонуулардан бейташпиш жашады. Бирок, СССР кулап, анын саясый мураскору Россиянын саясый жана экономикалык кубатынын автоматтык түрдө алсызданышы себептүү Борбордук Азия кайрадан талашка түшкөнү белгилүү. Айрыкча, АКШ бул чөлкөмдү өзүнүн таасир көрсөтүү орбитасына тартуу аракетин башынан эле катуу жасоодо. Объективдүү себептерден улам, өз позициясын кыйла алдырып жиберген Россия кечигибирээк болсо да кайра бекемдөөгө жетишти. Өзбекстандын Каршисиндеги АКШ авиабазасын алып чыгып кетүүсүнө жетишип, Кыргызстанга көчүрүлгөн "Ганси" авиабазасына тең салмак катары Кантка аскердик авиабазасын кондурду.
Канттагы бул авиабаза оболу 15 жылга олтурат деп макулдашылса, быйыл ал кайра каралып чыгылып, 49 жылга узартылды. Россиянын Борбордук Азиядагы аскердик таасир-күчүнүн биротоло бекемделип-чыңдалышынын триумфу деп Кыргызстандан АКШнын "Ганси" авиабазасынын үстүбүздөгү жылдын 18-августунан чыгарылып кетүүсү жөнүндөгү Кыргызстан бийлигинин чечимин атаса болот. Буга кошумча аскердик негизги күчүн Россия көтөрө турган аскердик жаңы бирикмени Борбордук Азияга жайгаштыруу (КСОР) жөнүндө ОДКБ га мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин колдорун койдурууга Москвада даярдалып жаткан документи да Вашингтонду тынч уктатпашы турган сөз. Буга карата АКШ кандай мамиледе болот, белгисиз. Бирок КСОР Борбордук Азияга сырттан болуучу ар кандай коркунучтардын алдын алып, кооптуу кырдаал түздөн-түз түзүлгөн учурларда аларды четтетүүнүн ишенимдүү куралына айланаар ыктымалдуулугу бар экендиги көңүл жубатаарлык нерсе.
Арийне, эл аралык таасир күчтөрдү түздөн-түз, өлкөдөгү ички айрым радикалдуу оппоненттерди кыйыр түрдө пайдалануу аркылуу АКШ өз базасын башкача аталышта болсо да сактап турууга жетише алды. Бул Россияны тап-такыр канааттандырган жок. КСОРго расмий Ташкенттин каршы болуп, АКШга жакындай баштоосу Россиянын Курманбек Бакиевге сыртын салуусун шарттады.
Ушул жерде эске алып кое турган нерсе - бул эки дөө-шаа державанын ачык да, тымызын да тирешүүсүнөн үчүнчү бир күчтөрдүн пайдаланып калуу аракети.
Терроризмге каршы биргелешкен коалициянын ичиндеги ар кандай эле пикир келишпөөчүлүк террористтик күчтөргө дем-шык берип жатканы анык. Талибандын, ага кирген Өзбекстан ислам кыймылынын кокус эле жандана башташы буга күбө. Өзбекстан ислам кыймылынын лидери Тахир Юлдашев 2006 - жылы эле Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан лидерлерине (Эмомали Рахмон, Ислам Каримов, Курманбек Бакиев) "чыныгы мусулмандарды куугунтуктай турган болсоңор, сөзсүз терракт жасалат" деп эскерткени маалым. Ханабад менен Анжияндагы террактыларды ислам радикалдарына жөнсүз эле жабыштырып жатышкан жок. Буга кошумча өткөн жылдын апрель айынын этегинде жакшы куралданган 40 ислам согушчандары Афганистандын Бадахшанынан Баткен тарапка багыт алып жүрүп кеткени, ислам волонтёрлорунун жыйылаар пункттары Фариаб, Кундуз, Бадахшан провинциялары экендиги тууралуу маалымат немецтик бир басылмага жарыяланып, Гильменд провинциясынан Кундузга Тахир Юлдашев 100 согушчаны менен келип, ушул жерден топ - топторго бөлүнүшүп, тарап кетишкендиги айтылат. Жогорудагы ислам волонтерлорунун катары негизинен Фергана өрөөнүнүн (Наманган, Фергана, Анжиан) жаштарынын эсебинен толукталып, аларга маал-маалы менен ата-эне, урук-туугандары менен жолугушуп турууга афгандык өзбектер шарт түзүп, кам көрүп турушаары да маалымдалат.
Кандай болгон күндө да, Кыргызстан бүгүн эки оттун ортосунда жанталашууга мажбур. АКШ аба базасын сактап калуу аракетинен жанбайт. Россия тарабы аны айдап чыгууга Убактылуу өкмөттү түрткүлөйт. Анткени АКШ Афганистанга үстөмдүгүн орнотууга жетишсе эки державанын Борбордук Азиядагы күчтүк тең салмагы америкалыктардын пайдасына оойт.





Кыргызстан, Россия жана Кытай АЙДЫН ПАЗАРЖЫ
Кыргызстанда болуп өткөн саясий, социалдык кайгылуу окуя дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүнө бүлүк түшүрдү. Алардын ичинен Кытай, Америка жана бул каргашага эң көп тынчсызданган Россия болду. Айрыкча, окуя туурасында Россиянын президенти Дмитрий Медведев Американын Brookings институтунда "Кыргызстан түндүк-түштүк болуп бөлүнүү коркунучу алдында. Бул өлкө граждандык согуштун босогосунда турат. Андан кудай сактасын, болбосо, террорист жана экстремисттер опоңой эле кирип келишет. Кийинчерээк, Кыргызстан Афганистан болуп калышы мүмкүн. Ошол себептен, мындай кооптуулуктун алдын алуу үчүн колубуздан келишинче жардамыбызды беришибиз керек",- деди. Ал эми премьер-министр Владимир Путин "Кыргызстандын экономикалык жана социалдык абалы абдан кыйын учурда турат. Убактылуу өкмөт бизден жардам сурады. Албетте, биз да жардамыбызды аябайбыз",- деп айткандыгынын аркасында бул өлкөгө кандай маани бергендиги белгилүү болуп турат. Негизинен, Кыргызстан Орто Азияда аскердик шарттары боюнча Тажикстандан кийинки орунду ээлейт. Себеби, Тажикстан кургактагы аскердик күчкө (7-8 миң орус аскерлери) ээ болуу менен биринчи орунда турса, Кыргызстан аскердик аба күчтөрүнөн биринчи орунду ээлейт. Ал албетте, Канттагы авиабазанын жардамы менен болууда. Россия Кант авиабазасын Союздан кийин биринчи болуп Орто Азиянын ичинен Кыргызстанга 2003-жылы октябрь айынын аягында ачкан жана Американын Ганси авиабазасынан 50 чакырым аралыкта орун алган. Россиянын Кыргызстанга ачкан авиабазасы өлкөнүн Кара-Балта, Каракол аймактарында да бар экендиги айтылып келет. Ал гана эмес, өлкөнүн түштүгү Ош жергесине бир авиабаза куруу иши пландалгандыгы айтылууда. Россиянын Кыргызстанга мынчалык маани беришинин себеби, керектүү стратегиялык аймактарга ээ болгондугунан улам пайда болууда. Кыргызстандан бир топ алыс жерде орун алгандыгына карабастан Россиянын минтип жан үрөгөн себеби, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай жана Афганистанга да жакын болушу. Кыргызстандагы каргаша жана кандуу окуяга тынчсызданган дагы бир мамлекет - Кытай. Өлкөдөгү кайгылуу саясий окуяны угары менен Кытайдын Тышкы иштер Министрлиги өлкөгө тынчтык жана стабилдүүлүктүн орношун каалагандыктарын билдиришкен. Себеби Кытай бул өлкө менен чегаралаш кошуна турат. Соода жаатында аларга Эркештам жана Торугарт аркылуу өтүп келүүгө мүмкүндүктөр бар. Кумурскадай тынбай иштеген Кытай калкы Кыргызстанга келүү менен соодасын өнүктүрүүгө шарт эле. Айрыкча, өлкөгө чектеш Уйгур автономиялык облусу сооданын бешиги экендиги талашсыз. Эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү акыркы жылдарда 9,3 миллиард. Долларга чейин жеткен. Бул байланышта Кытай Кыргызстан менен соода жаатында достук мамилесинин чыңдалышына өбөлгө түзүүдө. Кыргызстанда 250 миң уйгур жашагандыктан алардын соода жана коопсуздугуна да тынчсызданышкандыгы белгилүү. Ошондой эле, бул өлкөдөн келген жарандардын инвестиция аркылуу ачкан соода түйүндөр, маркеттери ж.б. талап-тонолгондугу, анын зыяны төрт миллион доллар болгондугу айтылууда. Россиянын планындагыдай Кытай да Кыргызстанды башка өлкөлөр айрыкча, Орто Азия өлкөлөрүнө соода кылуу максатында оңой-олтоң кирип чыгууга, пайда көрүүгө умтулган жалгыз бир жол катары көрүлөт. Айрыкча, Орто Азиядан келүүчү электр линиясы Кыргызстан аркылуу өлкөгө жетет. Ошол себептен Кытай Кыргызстанда тынчтыктын орношун жана граждандык согуштун алдын алууну айтууда. Кайгылуу саясий жана социалдык окуяларды башынан өткөргөн Кыргызстан дүйнөнүн кайсы ири өлкөлөрүнүн басымы алдында калары ойлондурат. Тактап айтканда, Кыргызстан Россия жана Американын авторитеттик, беделдик күрөштүн ортосунда калуу коркунучунда турат. Кытай Кыргызстандын тийгизген жогорудагы таасирлеринен кур калуудан кооптонууда. Мындай көрүнүш Кытайды тынчсыздандырбай койбойт.