Оорулуу балага да окуу керек
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
АЙМИРА МЕНДЕЕВА
Бишкек шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ассоциациясынын жетекчиси Тамара Балкыбекованын айтымында, майыптыгы бар балдарга мамлекет тарабынан жетишерлик көңүл бурулбай жатат. Учурда айыл жерлеринде жаңы мектептер курулуп, мурда сатылып кеткен бала-бакчалар калыбына келтирилип жатканы менен алардын бири дагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын шартына архитектуралык жактан туура келбейт. "Жаңы салынып жаткан имараттарга даараткана, пандус, дубалдарга таянып басууга ылайыкталган кармагычтар жасалышы керек эле. Балдар үчүн бала бакча, мектепке барганда кошумча методиканы талап кылбай турган учурда дагы жөнөкөй эле күнүмдүк керектүү нерселер менен камсыз кылынса, башка балдар менен аралашып жүрсө деген тилегибиз бар",-дейт Т.Балкыбекова.
Ушул тапта Кыргызстанда 18 жашка чейинки 20 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Булар катталып, жөлөк пул алып жаткандары, ал эми каттоого турбагандары божомолдуу түрдө 25-30 миңге жакын деп эсептелет. Мисалы, Бишкек шаарында жашаган, бирок, жашаган жери боюнча каттоосу жок ата-энелер балдарын майыптыкка өткөрө алышпайт. Т.Балкыбекова бул маселеге айрым аттуу-баштуу эле депутаттардын кайдыгер карап келгендигине нааразылыгын билдирет: "Депутат Улугбек Ормонов "майыптык деген бул жөн гана оору, аны жергиликтүү бийликтер же болбосо айыл өкмөттөрү чечиши керек" деп эсептей тургандыгын айтты. Эгерде эл тагдырын чече турган депутаттардын айтаары ушул болсо анда башкалар эмне дейт. Мисалы жөнөкөй эле балдар мектепке барбай калса ал коомчулукту түйшөлтөт дагы, эмне үчүн майып балдарга келгенде бул ааламдык көйгөй экени унутулуп калат. Жогоруда айтылган 20 миң баланын тагдыры эмне болот?",-дейт ал.
Ата-энелер ассоциациясы келечекте 50 балага реабилитациялык борбор ачууну пландашкан. Бишкек шаарында төрөлгөндөн баштап 5 жашка чейинки балдар үчүн реабилитациялык борборлор жок. Мындай борборлор балдарга эртерээк диагноз коюуга, коомго эртелеп кошууга, эртелеп жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө жол ачмак. Мындай шарттардан кийин алар мектепке бара алышмак жана иш менен камсыз болушмак. Аталган уюмдагылар бул тууралуу мамлекеттик мүлк агенттигине, турак-жай фондуна, өкмөттүн астындагы социалдык камсыздандырууга кайрылып жатышкандыгын, бирок жыйынтык чыкпай жаткандыгын айтышат. "Бүгүнкү күндө ушундай балдар үчүн Бишкек шаарынан жок дегенде 2 бөлмө табылбаганына абдан кейийбиз. Биз ата-энелер ушинтип балдардын укугун коргой албай жатсак, ал эми ата-энеси өз жашоосу менен алек болуп, майыптыгынан үйдөн чыга албай жаткан балдар өздөрүнүн укуктарын кантип коргой алышат?",-дейт уюмдун жетекчиси.
Мисалы, Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ачылган реабилитациялык борборлордогу чыгымдын жарымын өкмөт төлөйт. Алар үчүн 2-3 кабаттуу жакшынакай үйлөр бөлүнүп берилген. Бишкек шаарында бардыгы болуп 1 жарым миң бала каттоодо турат. Ошолор үчүн ар бир райондо бирден үй ачылышы керек эле. Андай үйлөр айыл жерлеринде, райондо, областтарда канчалык эрте ачылса, ата-энелерге ошончолук колдоо болмок. Өкмөттүн бул багытта түзүлгөн өнүгүүнүн индивидуалдык планы деп аталган программасы боюнча токтом кабыл алынганы менен ал кагаз жүзүндө гана калган.

ТАМЧЫ ЖАРДАМ...
Учурда ар бир ата-эне өз күчү менен балдарын окута алганы окутуп, окута албаганы айласыздан аны менен өздөрү алпурушуп келишет. Мисалы, андай борборлордун жоктугунан атайы бала бакчага алып бара албай үйдө гана күн кечиргендер да толтура.
Т.Балкыбекованын айтымында, азыр мүмкүнчүлүгү чектелгендерге коляска, таяктарды бердик деп жарыя кылып келе жаткандары менен ал көлгө тамган бир тамчыдай гана элес калтырат. Көйгөйдүн 90 пайызы чечилбей жатат. "Эгерде биздин мамлекет гумандуу болсо, анда бала төрөлгөндөн эле аны мамлекеттик камкордукка алып, атайы программа түзүп, ата-энеге баланы өстүрүүнү үйрөтүп, атайы бала бакчаларды ачуу менен жакшы жолдорду иштеп чыкса, анда ата-энелерге ассоциациянын дагы кереги жок болмок. Ар бир ата-эне өз кесиби менен иштеп жүрмөк. Мисалы мен өз кызымдын мисалында алсам, ал он жашка чыккычакты көзүмдүн жашын төгүп барбаган жерге баргам. Себеби, кызым Зейнептин окуп кетээрине деле эч ким ишенген эмес. Мен мектеп жетекчилерин коркутуп, "эгерде кызымды мектепке албасаңар, өзүбүздү өзүбүз жок кылабыз" дегенге чейин бардым. Ошентип жатып, "балким бир жума же бир айда өзүң эле тажагандан кетесиң" деп мага мүмкүнчүлүк беришти. Бактыга жараша кызым жакшы окуп кетти",-дейт Т.Балкыбекова. Зейнеп Бишкек гуманитардык университетинде 2-курска чейин окуп, азыр болсо билимин АУЦАда укук коргоо факультетинде улантууда. Т.Балкыбекованын айтымында, мына ушул ийгиликтерге жетүү үчүн көптөгөн көз жаш, ден соолук жана нерв кеткен. Үйдөн баштап мектепке чейинки эки аялдаманы басып өтүү далай азаптарга алып келген. "Мен кызымдын ийгиликтерин көрүп, азыр өзүмдүн эмгегим акталып жатканына кубанып, көргөн түйшүктөрүмдү унута түшөм. Ал эми балдары эшикке чыга албаган, сүйлөй албаган энелер баланын да, өзүнүн да күйүтүн тартып олтурушат. Ошол моралдык кыйынчылыктарга ким жооп бериши керек. Биз ушундай балалуу болгубуз келди беле деп суроо беришет алар. Ар бир ата-эне баламдын алты саны аман, келечекте эл керегине жараган адам болсо экен деп жакшы тилек менен балалуу болушат эмеспи",-дейт ал.

БАЛА МАЙЫП ТӨРӨЛСӨ АГА БИЛИМ КЕРЕКПИ?
Уюмдун координатору Тамара Жумабекованын маалыматы боюнча былтыркы жылы 116 эне ассоциацияга келип катталышкан. Ошол 116 баланын ичинен 37си реабилитациялык борборлордогу мектептерге, 13ү кадимки мектепке барса, калган 66 бала үйдө олтурушат. Алар ден соолугунда олуттуу паталогиясы бар балдар. "Ошол 67 бала жана ошончо эненин тагдыры тууралуу эч ким ойлонгон жок. Эне баланы күнү-түнү багат, ал иштебейт. Жалпы балдардын көйгөйлөрү каралганы менен анын ичинде бул балдарга эч кандай шарт түзүлгөн жок. Эгерде ушул балдарга төрөлгөндөн тартып көңүл бөлүнсө бала башкача өңүттө өнүкмөк. Көпчүлүк адистер эгер бала ден соолугунда кемчилиги менен төрөлсө, биз анда ага билимдин кереги жок деп эсептейбиз. Балким билсек дагы ага көңүл кош карайбыз. Алар бала бакчада даярдалса, андан ары мектепке окууга мүмкүнчүлүк болмок. Мен бул балдардын ичинен көбү окуп кетмек деп ишенем. Мисалы, ошол 67 баланын ичинен буту-колу баса албай үйдө олтурган, бирок, акыл-эс жагынан кадимкидей өнүккөн балдар көп, алар кадимки мектептерден окуп кете алышмак",-дейт Т.Жумабекова.
Адатта мындай балдардын энелери биринчиден, аларды сыртка чыгаргандан коркот, себеби мектепте шарттар жок. Айрымдары "балам баспаса кантип окутмак элем" деп ойлошот. Уюмдун мүчөлөрү бул жерге кайрылган ата-энелер менен баланын мектепке барыш керектигин түшүндүрүп, аларды психологиялык жактан даярдашат. Т.Жумабекованын айтымында, ал өз учурунда укугун талашпай, баласын окутпай калганына өкүнөт. "Мен ыйлап-сыктап жүрүп, абдан көп убакытты өткөрүп жибердим, балам азыр 24 жашка келди",-дейт ал. Анын пикиринде, бала үчүн 6 жашка чейин педагогикалык билим абдан зарыл. Эгерде ата-эне анын 6 жашын жоготуп алса, анда бала мектепке барбай калат. Алардын ичинен анча-мынчалары гана ата-энесинин аракети менен барбаса, көпчүлүгү кала берет. Кыргызстанда майып балдарды төрөлгөндөн баштап алты жашка чейин окутуучу программа иштелип чыгышы зарыл. Коомчулукта эмнегедир бала майып болуп төрөлсө анда ага эч нерсенин кереги жок деген мамиле жасалат. Негизинен энелер окутуу эмес, дарылоого көп көңүл бурушат. Эгерде окутууну да, дарылоону да бир эле учурда алып кетсе анда баладан коомго пайдалуу инсан чыгышынан күмөн санабай эле койсо болот.
Атайы ачылган борборго 6 баланы тандап алуу үчүн балдардын баарынын үйүн кыдырууга туура келген, жыйынтыгында алардын көпчүлүгү балдар менен ойногонду билбегендиги анык болгон. Демек, баланы топторго берүү үчүн үйдөн көндүрүп даярдоо керек. Эгерде бала даярдалбай калса ал бала бакчага дагы, мектепке да барбай калат.

ЖАШЫРЫЛГАН МАЙЫП БАЛА
Ысык-Көл областындагы Бөкөнбаев айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөрдү колдоо борбору жана "Хелспром" уюмдары ата-энелер, мамлекеттик кызматкерлер жана психологдорго балдар менен кантип натыйжалуу иштөө керек деген суроонун тегерегинде тегерек столдорду өткөрүшөт. Алардын демөөрчүлөрүнүн бири Биг лото. Ал эми АКШнын элчилигиндеги Демократиялык комиссиянын колдоосундагы долбоор өлкөдөгү алты област боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоо тармагында иш алып барышууда. Долбоордо иштегендердин айтымында, шаардагыларга караганда, айыл жерлериндеги балдардын абалы кыйыныраак. Себеби, айыл жериндегилердин басымдуу бөлүгү балдарынын майыптыгынан уялышат, ошондуктан алардын майыптыкка өткөрүшпөйт. Т.Балкыбекованын айтымында Жалал-Абад областына барышканда ал жактагы ата-энелерден бир өкүнүчтүү окуяны угушкан. Анда бир үй-бүлөдө майып бала бар экен. Ата-эне аны эч качан туугандарына дагы көрсөтүшпөйт. Ал бала 17ге чыгып каза болгондо гана элдер көрүшкөн. "Бала ошончо жыл бою сыртка чыкпай, күн көрбөй үйдө жашырылып багылгандыктан өңү аппак кагаз болуп калган. Бул деген эң чоң трагедия эмеспи. Ал ата-эне мындай майып бала алардын гана үй-бүлөсүндө эмес экендигин билишкен эмес, ошондуктан мындан абдан уялышкан. Мүмкүн бул бир эле үй-бүлө эмес, биз билбеген дагы канчасы бар болду экен. Көпчүлүк ата-энелер коляскада олтурган баласын үйгө келгендер сурашса, "биз аны баспайт деп айткандан уялабыз, биз аны жүрөгү ооруйт деп коёбуз"-, дешет",-дейт Т.Балкыбекова.
Ассоциациянын педагогу Салтанат Төрөбекованын айтымында, алар ДЦП (балдардын церебралдык шал оорусу) менен ооруган төрт, кулагы укпаган бир баланы кошуп топ түзүшкөн. Аларды окутуп жаткандарына 7 ай болуп калды. Балдардын курагы төрттөн жети жашка чейинкилер. Ар бирине жекече программа каралган. Мисалы, эгер кадимки мектепте баары тең эле бирдей окутулса, бул жерде ар бир баланын оорусуна, анын мүнөзүнө, өзгөчөлүктөрүнө карата жекече ыкма пайдаланылат. "Жаңы ыкма абдан жакшы жыйынтык берүүдө. Бала кайсы тапшырманы аткаргысы келсе өзү тандап алат. Борбордо бардыгы үйдөгүдөй, жерге олтуруп окушат, ашкана бар. Балдар өзүн мектептегидей эмес, үйдөгүдөй сезишет. Алгач көнө албай кетебиз деп ыйлашкан. Азыр болсо сүйүнүп келишет, сүйлөй албагандары болсо биздин аттарыбызды айтып кыйкырып келишет. Ар бир бала атайы бардык ыңгайлуулуктар менен жабдылган автоунаа менен жеткирилет. Ата-энелер да балдарга кандай мамиле жасоо керектиги тууралуу биз менен кеңешет",-дейт С.Төрөбекова.
"Биз имарат сурап бардык жерлерге кайрылганбыз, мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов И.Ахунбаев көчөсүндөгү 184-үй уюмдарга берилсин деген буйрук берген. Бирок, "Мээрим" фондусунун документтери жоголуп кетип, аны ала албай жатабыз. Ошол боюнча башка жактан деле ала алган жокпуз, такыр жок деп айтышпайт, бирок, создуктуруп келет. Эми эл арасында бай жашаган инсандар деле бар. Бизге балким кайрымдуулук кылып ушул 4 бөлмөлүү үй сатып берсе, майып балдардын сообуна калган болоор эле. Биз дагы көбүрөөк балдарга жардам берсек, алар окуусун улантып, ошондон ары коомго да пайда келтире алышмак",-дейт Тамара Балкыбекова.

АЙРЫМ АТАЛАР НЕГЕ ТАШ БООР?
Ата-энелер менен иштөөчү педагог Мира Мадылбаеванын айтымында, март айында эле ассоциацияга 15 ата-эне келип жазылган. Алардагы негизги көйгөй - бул жалгыз бой энелер, айрымдары "жаңы эле ажыраштым" деп ыйлап келишет. Анткени аталар жактан баланын оорусуна, майыптыгына карата түшүнүү кыйын болууда. Алар үй-бүлөнүн башчысы, арка-бел боло турган таяныч деп эсептелгени менен мындай сыноого келгенде алсыз болуп, көтөрө албай кетип калып жатышат. "Ушул тапта бизге төрт эне келди. Алардын тагдырлары бири-бирине окшош, күйөөлөрү мындай оорулуу баланын кереги жок дешет экен. Бирөөсү жаңы эле ажырашып келе жатам деп ыйлап келди. Дагы бир эне анын күйөөсү оорукчан баланы "эмне үчүн сен ушундай оорулуу болуп төрөлдүң" деп ура тургандыгын айтат",-дейт М.Мадылбаева. Андай энелерге психологиялык жардам көрсөтүлөт. Андай энелерге атайы адистештирилген бала бакчалардын даректери берилет. Андан сырткары бул борбордо чыгарылган атайы колдонмолор берилет, аларды окуган энелер ыраазычылыгын айтып, "мен жалгыз эмес экенмин" деп телефон чалышат. Ошондой эле психологиялык тренингдерди өткөрүүнү суранышат. Айрым учурда ажырашуунун алдында турган ата-эне бул жерге келгенден кийин жарашып кайткандары дагы кездешет. "Ошол баланын айынан ажырашып жаткан ата-энени экөөнү тең бирдей бул жакка чакыргандан кийин, аталары түшүнүп кайра жарашып калгандары да бар. Дагы бир энени "көзү көрбөгөн кызың менен өзүң жашай бер" деп күйөөсү таштап кеткен экен. Ошол учурда биздин борбордун жардамы тийгенин ал ыраазы болуу менен айтты. Бизде ошондой энелерди окутуу үчүн акысыз чачтарач, маникюр, педикюр курстары бар. Биздин мүмкүнчүлүгү чектелген 12 жашка чейинки балдар үчүн бекер компьютердик курстар да бар",-дейт ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдырасаковдун айтымында (пикир 7-апрелге чейин алынган), алар учурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын абалы боюнча бир катар маселелерди камтыган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө сунушташкан. Учурда андай балдардын социалдык абалы өтө эле оор. Мисалы, башталгыч класстардын балдарына каралган бекер ысык тамак берүү, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн каралбай калган. "Биз өлкө боюнча башталгыч класстын окуучулары үчүн берилген ысык тамактан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар четте калган. Ошондой эле 18 жашка чейин, андан кийин деле өмүр бою андай балдарды баккан энелерге айлык акы төлөнүп берилиши керек. Дагы бир теңсиздик мисалы кары-картаңдарга социалдык кызматкерлер барып жардамдашып турушса, мындай балдар андай кызматтан да кур жалак калышкан",-дейт депутат. Анын маалыматында, учурда жогорку окуу жайларында 10 миңдей мүмкүнчүлүгү чектелген бала билим алат. Алар башка студенттер сыяктуу эле контрактык негизде окушат. Буга байланыштуу алардын бардыгын бюджеттин эсебинен окутуу, мектепке, жогорку окуу жайларынын имараттарынын ичине коляска жүрүүгө ылайыктуу пандустарды куруу сунушу да мыйзам долбоорунда сунушталган.
Ошентип, жалпы коомчулук мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дагы биздин өлкөнүн жараны катары эле колдоого, жардамга муктаж экендигин түшүнүүсү олуттуу маселе болууда. Бул маселеге тиешелүү органдар иштиктүү аракеттерди жасай тургандыгына ишенебиз.