Бажы биримдиги: Кыргызстанга эмне алып келет?
Кыргызстан ДСУга кошулуп, көбүрөөк реэкспорт тармагы боюнча жеңишке жетти. "Биздин өлкө бир эле мезгилде ДСУнун жана ЕврАзЭстин мүчөсү болгондуктан, ага кирген өлкөлөр Кыргызстан аркылуу соодасын жүргүзө баштады", -дейт ал. Жөнөкөйлөтүп айтканда, Бишкек шаарындагы "Дордой" базарына коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын сатуучулары келишет. Анткени алардын мамлекетинен товар алып өтүү шарттары татаал жана кымбат.

БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ

КЫРГЫЗСТАН ЭКИ ЖОЛДУН ОРТОСУНДА…
Өлкөбүз эгемендүүлүгүн алган соң, же ДСУга, же Бажы биримдигине кошулуусу зарыл болгон. ДСУ бул - дүйнөлүк масштабдагы эркин сооданын аймагы. Мындай уюмду түзүү зарылдыгы мамлекеттин ички товарын сырткы атаандаштардан коргоодон улам чыгат. Рыноктук экономикада көбүнчө белгилүү товарлардын импорттолуп келишине үстөк салык бекитилет. Ошентип, ал товарлар ички рынокко кымбат баа менен кирип, жергиликтүү товарлар менен атаандаштык кура албай калат. Кыргызстан мындай жол менен кете алмак эмес. Анткени ал товарын экспортко жибере албаса, "бир күн" да жашай албайт. Кыргызстан ДСУга кошулуп, анын мүчөсү болгон соң, буга чейинки товарды башка мамлекетке алып өтүү салыгы арзандаган. ДСУга киргенге чейин эле ал импорттук жана экспорттук тарифтерди төмөндөткөн.
Бишкектеги экономикалык анализ борборунун директору Сапар Орозбаковдун айтымында, Кыргызстан ДСУга кошулуп, көбүрөөк реэкспорт тармагы боюнча жеңишке жетти. "Биздин өлкө бир эле мезгилде ДСУнун жана ЕврАзЭстин мүчөсү болгондуктан, ага кирген өлкөлөр Кыргызстан аркылуу соодасын жүргүзө баштады",-дейт ал. Жөнөкөйлөтүп айтканда, Бишкек шаарындагы "Дордой" базарына коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын сатуучулары келишет. Анткени алардын мамлекетинен товар алып өтүү шарттары татаал жана кымбат.
Ал эми ДСУнун дагы бир жетишкендиги, анын кээ бир товарларды башка мамлекетте сатууга жардам бергендигинде. Бирок бул жагынан Кыргызстан аксаган. Ошондуктан биздин базарлар импорттолгон товарларга жык толгон. Эгерде, өзүбүз товарды өндүргөндө, башкалардыкына салыштырмалуу өтүмдүү болмок. Себеби, алардын жол чыгымы кошулуп, алар баадан уттурмак.
Жыйынтыгында, эки жолдун жетишкендиктерин жана кемчиликтерин эсептеп отуруп, Кыргызстан ДСУнун курамына кошулган.

БАЖЫ БИРИМДИГИ КАЙДАН ЧЫКТЫ?
Бажы биримдиги бул - эки же андан көп мамлекеттердин арасындагы соодалашууда бажы салыктарын жоюу жөнүндө макулдашуусу. Мындай биримдик эл аралык атаандаштыкка туруштук бере албаган ички товар өндүрүүчүлөрдү коргоо үчүн түзүлөт. Бир өлкөнүн рыногу жетишсиз болгондуктан, алар бир канча болуп, бир жаканын алдына чогулат. Ал өз ара жүргүзүлгөн соода операцияларына төмөн тариф коёт. Ал эми импорттолгон товарларга жогорку тариф орнотулуп, бул биримдикке кирген өлкөлөрдүн баарына бирдей болот. Сапар Орозбаковдун айтымында, Бажы биримдиги Кыргызстан үчүн пайдалуу болуш үчүн ал бирдей өнүгүү деңгээлиндеги мамлекеттерден турушу зарыл. Антпесе, күчтүүсү алсызынын эсебинен өнүгө берет.
Бажы биримдиги 1990-жылдары эле Россия тарабынан көтөрүлүп чыккан. Бирок анда Россиянын өзүнүн экономикасы бир калыпка келе электигинен улам, бул маселе создуктурулуп келген. Акырында орточо эсеп менен 20 жылдай өткөн соң, т.а. былтыркы жылдын декабрь айында мурунку СССРдин катарына кирген үч өлкө тарабынан Бажы биримдиги түзүлгөн.
Башында Бажы биримдигинин импорттук бажы салыгы Россия, Белоруссия жана Казакстандын бирдиктүү эсебине түшүүсү каралган. Орточо эсеп менен бажы салыгынын 90 пайызы Россияга, 6-7 пайызы Казакстанга жана 3-4 пайызы Белоруссияга бөлүштүрүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин так эсеби кабыл алына элек. Россиялык илимдер академиясынын элдик айыл-чарба божомолдоо институтунун баалоосу боюнча, бул биримдиктин пайдалуулугу 400 млрд. долларды түзөт.

АЛГАЧКЫ ТААСИР
Бажы биримдигинин биринчи таасири 1-апрелден баштап байкалды, т.а. Россиянын федералдык бажы кызматы бул күнү Кыргызстанга жөнөтүлгөн нефти продуктуларынын (бензин жана дизелдик май) ар бир тоннасына 193,5 доллар салык киргизүүнү буюрду. Бул тууралуу Нефтитрейдерлер ассоциациясынын президенти жана экономикалык саясат боюнча эл аралык эксперти Базарбай Мамбетов билдирген. Буга чейин Россия Кыргызстанга нефти продуктуларды экспорттоо үчүн эч кандай салык жок болчу, анткени экөөнүн ортосунда эркин соодалашуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга (1995-жыл) кол коюлган эле. "Бажы биримдиги күчүнө киргенде, буга чейин кабыл алынган макулдашуулар жоюлушу ыктымал",-дейт Б.Мамбетов. Айтмакчы, акыркы күнгө чейин жогоруда айтылган салыкты Кыргызстан жана Тажикстанга киргизүү маселеси чечилген эмес эле.
Бирок Алмаз Атамбаев маалымат жыйынында, мындай салык Тажикстанга карата коюлбагандыгын билдирди. "Ошондуктан, бул маселе жакын арада дагы бир жолу каралат",-дейт ал. Ал эми Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстанда күйүүчү май маселеси чындап эле курч боюнча калууда. Апрель айынын башындагы кандуу окуядан кийин Россия менен Казакстан гуманитардык жардам иретинде нефти продуктусун берерин жарыялаган. Бирок ушул күнгө чейин салык маселеси чечиле элек. Балким, бул убакытка көз каранды болуп тургандыр, себеби Убактылуу өкмөттүн андан дагы маанилүү чечилбеген маселелери турат. Ага карабастан, күйүүчү майдын деле маанилүү маселе экендиги белгилүү. Базар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын аткаруучу директору Сергей Пономаревдун айтымында, бензин кымбаттаса, анын айынан транспорттук кызмат көрсөтүү жана айыл чарба продуктуларынын баасы жогорулашы мүмкүн.
Монополияга каршы тескөө агенттигинин маалыматы боюнча, былтыркы жылдын апрель айына салыштырмалуу быйылкы жылдын бул айында бензин жана дизелдик майдын баасы 1-2 сомго кымбаттаган. Андан сырткары, Кыргызстандагы көптөгөн нефти компаниялар убактылуу дүңүнөн сатууну токтоткон. Биздин өлкөдөгү эң ири экспортчу "Газпром нефть" компаниясы 2006-жылы "Альянс" компаниясынан республикада жайгашкан 74 май куючу жайларын жана бир канча нефти сактоочу жайларды сатып алган. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанга Россиядан бир жылдын ичинде 1,2 млн. нефти продуктусу ташылып келет. Ал эми Бишкек шаарынын айдоочуларынын арасында күйүүчү май дагы бир айга жетерлик калды деген ушак-айың таркаган.

МОСКВАДАН КИЙИН АСТАНА
ТАЛАБЫН АЧЫККА ЧЫГАРДЫ
Россиянын нефти продуктулары боюнча бажы салыгы чечиле электе, эми Казакстан Бажы биримдигине ылайык, жаңы эрежесин билдирди. Казак Республикасынын Тышкы иштер министринин расмий өкүлү Аскар Абдрахманов мындан кийин Казакстанга кирген Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарын каттоодон милдеттүү өтүүсүн билдирди. Расмий Астана муну Бажы биримдигинин түзүлүшүнөн улам киргендигин жана Кыргызстандагы акыркы окуялардан эмес экендигин айтты. "13-апрелден баштап, буга чейинки каттоосуз Казакстанга кирүү күчүн жоготту. Мурун Кыргызстандын жарандары каттоосуз Казакстанда 90 күнгө чейин, ал эми Өзбекстандын жарандары 30 күнгө чейин жүрө алган",-дейт элчи. Мындан ары Казакстандын аймагына кирген КМШ өлкөлөрүнүн жарандары 5 күндүн ичинде ички иштер органына караган миграциялык полиция бөлүмдөрүнө кайрылып, турган жайынын адреси боюнча каттоого алынышы зарыл.

КЫРГЫЗСТАН БАЖЫ
БИРИМДИГИНЕ КИРЕБИ?
Биздин мамлекеттин тышкы экономикалык байланыштарынын жарымынан көбү Казакстан менен Россияга туура келет. Алардан күйүүчү май, азык-түлүк, өнөр жай товарлары ж.б. тынбай келип турат. Ошол эле учурда Кыргызстандын экспорту дээрлик толугу менен бул өлкөлөргө жөнөйт. Алсак, айыл чарба жана жеңил өнөр жай товарлары, курулуш материалдары ж.б.
Бажы биримдигине жаңы мүчөлөрдү кабыл алуунун тартибин Россия, Белоруссия жана Казакстан мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги кеңеште июль айында каралмакчы. Аталган биримдиктин комиссиясынын жооптуу катчысы Сергей Глазьев, буга тиешелүү документтердин долбоору даяр. Анын айтымында, учурда комиссияда биримдикке Кыргызстанды киргизүү маселесин иштеп жаткан жумушчу топ түзүлгөн.
Бирок Россия федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигинин тышкы экономикалык ишкердик департаментинин директору Алексей Лихачевдун айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кирген соң, кичине болсо да, бирок чыныгы суверенитетинен ажыроого туура келет. Анткени, аталган органга кошулуу үчүн анын көп сандагы катуу макулдашууларына баш ийип, улуттук бийлигин улут алдындагы органга өткөрүп берүү жөнүндө документтерге кол коюусу зарыл. "Бул ар бир өлкө кабыл алуучу саясий чечим",-дейт экономист. Анын айтымында, Кыргызстанда бажы тарифи төмөн. Ал эми Бажы биримдигине киргенден кийин анын көлөмү жогорулайт, ошондуктан ДСУнун мүчөлөрү тарабынан көп сандагы арыздар болушу ыктымал. Бирок ошол эле мезгилде Бажы биримдигине кирген мамлекеттер арасында өз ара макулдашуу ага компенсация болуп берет.

ЖЫЙЫНТЫК…
Бажы биримдигине кошулууга жогоруда айтылган көп экономикалык шарттар себеп болот. Азырынча Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн ичинен бир гана Алмаз Атамбаев ага кирүүнү туура көрөт. Анын сөзүнө жооп иретинде Бажы биримдигинин жооптуу катчысы Сергей Глазьев бул маселени Кыргызстандагы кырдаал жөнгө салынгандан кийин караларын билдирген. "Кыргызстан ЕвАзЭСтин мүчөсү, ошондуктан ал Бажы биримдигине кирүүгө укуктуу",-дейт ал. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА