Түштүк Корея "Линкстердин" учушун токтотту
Аталган тик учактын бири 15-апрелде, өлкөнүн түштүк-батыш тарабынын жээктеринен кырсыкка учураган. Кыйроонун жыйынтыгында, бир учкуч каза болуп, үч экипаж дайынсыз жоголгон. Экинчиси, 17-апрелде өлкөнүн батыш тарабынан кыйроого туш болуп, кырсыкка учурагандар болгон эмес.

Defense Newsтин маалыматына караганда, Түштүк Кореянын аскердик-деңиз күчтөрү Уестленд Линкс вертолётунун учушун токтотушту. Мунун себеби, үстүбүздөгү жылдын апрель айында бир учурда эки тик учактын жоголушу болгон. Кырсыктын чыгуу себеби такталмайынча учуу иши чечилбей тургандыгы билдирилди. Учурда аскердик-деңиз күчтөрүнүн (АДК) адистери бардык Линкс вертолётторуна техникалык текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. АДКнын аталган 25 тик учактын Түштүк Кореяга ар кандай модификациялоо максатында келген. Кырсык вертолёттун кыймылдаткычынын бузулушунан келип чыгышы мүмкүн экендигин түштүк кореялык аскер адамдары билдиришүүдө. Аталган тик учактын бири 15-апрелде, өлкөнүн түштүк-батыш тарабынын жээктеринен кырсыкка учураган. Кыйроонун жыйынтыгында, бир учкуч каза болуп, үч экипаж дайынсыз жоголгон. Экинчиси, 17-апрелде өлкөнүн батыш тарабынан кыйроого туш болуп, кырсыкка учурагандар болгон эмес. Линкс вертолётунун өтө катуу ылдамдыкта саатына 324 чакырым учууга мүмкүнчүлүгү бар. Андан тышкары, тик учак торпеда (авиациалык бомбалардын бир түрү), тереңдикте жарылуучу бомба (суу астындагы кемени кыйратуу үчүн колдонулат) ж.б. менен куралданышы мүмкүн.




Козу карындарга толкун жакшы таасир берген
fИвате (Япония) университетинин (Iwate University) окумуштууларынын изилдөөсүндө, толкундар козу карындардын түшүмдүү болушуна жакшы таасир берээри аныкталган. Жөнөкөй толкун өзүнө миллиарддаган вольтторду алып жүрөт. Албетте, өтө күчтүү толкундан козу карын күйүп калат. Бирок, топурак аркылуу жайылтылган электр заряды козу карындардын тез өсүшүнө жана көбөйүшүнө таасирин берген. Окумуштуу изилдөөчүлөрдүн бири Коити Такакинин (Koichi Takaki) айтымында, бул өсүмдүктөрдүн 10 түрүнө жасалган тажрыйбада мыкты жыйынтык чыгарылган. Япон илимпоздорунун изилдөөсүндө алгач козу карындар жасалма толкундардан белок жана ферменттердин иштеп чыгуусунан жана өндүрүүсүнөн начарлап, бирок күтүлбөгөн учурда жана тез арада көбөйгөн. Дагы бир изилдөөчү Юити Сакамотонун (Yuichi Sakaoto) айтымына караганда, козу карындар үчүн толкундун разряды өтө коркунучтуу. Алар келе жаткан коркунучтан өздөрүн сактоо үчүн өсүшүн токтотот. Япон изилдөөчүлөрү муну менен гана чектелбестен түрпкө да жогорудагыдай ыкманы колдонушууда.




"Boeing" ракеталардын жаңы версиясын иштеп жатат
Boeing америкалык концерндин жасаган иш-аракеттеринин негизинде Х-51А Waverider гиперүндүү учуучу аппарат иштелип чыккан. Келечекте анын негизинде глобалдуу тез атылуучу куралдарды даярдоого болоорун билдиришкен. Жаңы үндүү ракета Х-51А+ аты менен бир канча жылдан кийин иштелип бүтөт. Маалыматтарга караганда, Boeing Х-51А+ каржылык долбоорун 2011-жылга даярдоону пландоодо. Бул иш-чаранын программасы АКШнын Абадан коргонуу кызматынын (BBС) бюджетинен каржыланат. Ал эми 2010-жылы Х-51А ракетасы сыноодон өткөрүлөт. Себеби, аталган ракета жаңы болгондуктан алдын ала текшерүү керектелүүдө. Алгач 2009-жылдын декабрь айында Х-51А га аба сыноосун өткөрүшкөн. Ал абада 1,4 саатка чейин учкан. Ошондой эле саатына 8 миң чакырым ылдамдыкта жүрө алат, бул жогорку деңгээлде экендигин билдирет.


НАСА бюджети менен кызматкерлерин көбөйтөт
Вашингтондогу Өкмөт үйүнөн берилген маалыматтарга караганда, НАСАга Флорида штатында каржыга кошумча жаңы эки жарым миң жумушчу орунду түзүүдө 6 млрд. доллар каражат бөлүнөт. Бул 5 жылдын ичинде ишке ашат. АКШнын Ак үйдөгү өкүлдөрүнүн айтымында, Барак Обама оор ракеталарды НАСАнын куруусуна ишеним көрсөткөндүгүн билдиришти. Эске сала кетсек, мурда Б.Обама НАСА Constellation ай программасынын жабылышын колдогондугун белгилеген. Андагы негизги маселе Айга туруктуу базанын түзүлүүсү кирген. Бул программа АКШнын мурдагы өкмөт башчысы Жорж Буштун учурунда түзүлгөн жана берилген көрсөтмөдө 2020-жылы Айга көчүрүү каралган. Интернет булактарынан алып даярдаган Самара Кабылбекова




Изилдөөчүлөр тамекиде чочконун каны бар дешет
Өпкөгө зыяндуу жана рак оорусун алып келүүчү тамекинин дагы бир залакасы ачыкка чыкты. Австралиянын Сидней университетинин окумуштууларынын изилдөөлөрүнө таянсак, тамекинин фильтринде чочконун канынан алынган гемоглобиндин колдонулгандыгы белгиленди. Чылым фирмаларынын тамекиге гемоглобинди колдонгондугунун себеби, сигареттин фильтринен өткөн зыяндуу түтүндөрдүн өпкөгө көбүрөөк кирүүсүнө шарт түзгөндүгүн изилдөөчүлөр айтып чыгышты. Айрыкча, чочконун этин арам деп эсептеген жана тамеки чеккен мусулмандарга мындай кабар оор тийди. Ал эми сигарет фирмалары бул темада аныктама берүүдөн баш тартуу менен бирге коммерциялык сыр экендигин да жашырышкан жок.




Пентагон аскердик экспортту бир жерге топтошурмакчы
"The New York Times" гезитине, АКШ экспорттоодо жаңы системалык көзөмөлгө муктаж экендигин Коргоо министри Роберт Гейтс билдирген. Анын айтымында, экспорттук соода лицензияларын көзөмөлдөө үчүн бир гана ведомствого чогултуу керек. Ал Ички иштер министрлигине же Соода министрлигине гана топтоо керектигин билдирген. Бирок жаңы экспорттук агенттик кай жерде орун алып жана кимдин карамагында болору азырынча белгисиз. Жакынкы учурда, Пентагон өкмөткө сунушун билдирет. Ал эми Тышкы иштер, соода жана коргоо министрликтеринин имараттары бул варианттар боюнча каралууда. Андан тышкары, Роберт Гейтс аскердик экспортту карап чыгууну да сунуштаган. Экспортко пландалган ар бир F-16 истребителиндеги составдык бөлүк сөзсүз түрдө эки ведомствонун бирөөнүн купулуна толушу керек.


Медициналык жаңы аспапты жакшы жардамчы дешүүдө
Германиялык институттун адистеринин көрсөтүүсүндө, адамдардын саламаттыгын текшерүү үчүн эки жактуу электрондук компакттан аспап жасалган. Аспап дүйнөдөгү сегиз компания жана ондогон изилдөө университеттеринин негизинде иштелип чыккан. Дарыгер аны сканерлөө жолу менен тез эле оорулуунун ден соолугуна тийиштүү маалыматтарды ала алат. Бул аспап алыска аба жолдорунда саякат жасоочуларга, кош бойлууларга, тамеки чеккендерге, денени май басып кыйналгандарга, инсульттарга ж.б. ден соолугуна байланыштуу коркунуч жана кыйын абалга калгандарга керектүү деп табылган. Мындан башка дагы бир билерик сыяктуу саатка окшош аспап да ойлоп чыгарылган. Ал электрлюминесценттик дисплей организмдеги температураны көрсөтүп берет. Андан тышкары бул аспап сенсордук электромагниттик талаа менен жабдылган. Ал мындай көрсөткүч менен бардык нерселерден, кооптуулукту алдын ала эскертет.


Муздун чоң кесектери Айдан табылды
Изилдөөчүлөр Селенанын түндүк уюлунда музду табышкан. Анын пайда болуу себебине бир канча варианттар каралган. Астрофизиктердин эсептөөлөрүнө караганда, Түндүк уюл алты жүз миллион куб. метр муз менен курчалган. Окумуштуулардын божомолунда муздун пайда болуу булагы болуп комета саналган. Ал жердеги абанын суугунан муз пайда болгон. Себеби, жердин спутнигинде көпкө кармалган суу күндүн эң аз температурасында 25-30 К же болбосо -243төн -248 градусунда муз болуу менен бууланбайт же эрибейт. Илимпоздор иликтөөлөрүнөн чыккан, кызыктуу жана таң калычтуу жерлерди дагы да карап чыгуу үчүн Айга келечекте роботтук миссияны жөнөтүү керектиги айтылууда.


Мексикада космостук агенттик түзүлдү
AEXA атындагы жаңы өздүк космостук агенттик Мексикада ачылды. 2010-жылдын 20-апрелинде мексикалык парламенттин төмөнкү палатасы агенттикти ачуу боюнча колдогон добушу менен ишке ашкан. Ал эми жогорку палатасы мурдагы жылы бул долбоорду жактырып, кабыл алышкан. Аталган долбоорду ачуу туурасындагы сунушу 2007-жылы америкалык астронавт Хосе Эрнандеске тийиштүү болгон. Мексика колдоого алынган космосттук агенттикти Юкатан жарым аралына курууну пландоодо.