Роза Отунбаева:
"Окуянын үчүнчү жолу кайталанышын тарых кечирбейт"
"Биз, оппозициянын өкүлдөрү президенттик администрацияга бир канча жолу сүйлөшүү столуна отурууга чакырдык, бирок андай болгон жок, акыркы бир жыл ичинде биз бир да жолу президент менен жолуга албадык",-дейт Убактылуу өкмөттүн төрайымы.
СҮРӨТ: АЛИЖАН ЯКУБОВ
Кыргызстандын элдеринин ассамблеясы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен жолугушуу өткөрдү. "7-апрелден кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт мурунку жашоо калыбына кайтуу үчүн кырдаалды көзөмөлдөп жатат",-дейт Р.Отунбаева. Анын айтымында, учурда тактан кулатылган президент Курманбек Бакиевдин маселеси менен алектенип, республиканын түштүгү өзгөчө көңүл бурууга муктаж болуп турат. Кандуу окуядан кийин дүйнөнүн туш тарабынан келген журналисттер окуя эмнеден улам пайда болгону жөнүндө көп суроолорду жаадырышкан. "Биз, оппозициянын өкүлдөрү президенттик администрацияга бир канча жолу сүйлөшүү столуна отурууга чакырдык, бирок андай болгон жок, акыркы бир жыл ичинде биз бир да жолу президент менен жолуга албадык",-дейт Убактылуу өкмөттүн төрайымы. Ага чейин мурунку президенттик аппараттын жетекчиси маркум Медет Садыркулов оппозиция менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп тургандыгын билдирди. "Ортодогу диалог үзгүлтүккө учурап, бул аралыкта көп маселе топтолду, мына азыр да Курманбек Бакиев менен сүйлөшө албай жатабыз, ал күндөн-күнгө өлкөнүн туруктуулугуна жолтоо болуп жатат",-дейт Роза Отунбаева.
Ал Кыргызстандагы диаспоралардын өкүлдөрүнө кайрылып жатып, аларды туруктуулукка чакырды. "Сиздер бизге бөтөн эмессиздер, сиздер биз сыяктуу эле ушул өлкөнүн жараны болосуздар",-дейт ал. Анын айтымында, Кыргызстандын элдеринин ассамблеясы чоң күчкө ээ, ошондуктан өз ара түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Кыргызстандагы уйгур коомчулугунун төрагасы Дильмурат Акбаровдун айтымында, кыргызстандык уйгурлар кыргыз эли менен кайгыда да, кубанычта да бирге болот. Алар 7-8-апрелде жабыр тарткандар үчүн жардам чогултууда. 7-апрелде Ак үйдүн жанында 20 жашар Фархат Ахметов курман болсо, 1997-жылда туулган Тахиржан Аширов оор жаракат алгандыгын да билдирди. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА




Бишкектин тегерегинде жер басып алуу кайталанууда
7-апрелдеги кандуу окуядан кийин Бишкек шаарынын аймагында жана анын чет жакасында жер басып алуу башталды. Бишкектин мэриясында жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуу маселелерин кароо үчүн атайын штаб түзүлгөн. Вице-мэр Бактыбек Дүйшембиевдин айтымында, түшүндүрүү иш-чаралары башталган. "Биз аларга мунун мыйзамсыз экендигин айтып жатабыз, кээ бир адамдар биздин сөзүбүзгө кирип, жер тилкесинен кетишти",-дейт ал.
Бирок 14-апрель күнү "Дордой" базарынын тегерегинде жайгашкан "Ак-Бата" конушунун жанындагы 45 гектар аянтты 2 миңдей адам төрт сотыхтан бөлүп алган. Жер басып алуучулардын айтымында, алардын жеке үй-турагы жок жана жерди сатып алууга каражаты да жок. "Биз ээлеп алган аймак шаардын көркүнө деле таасир бербейт, анткени, бул жерде шаардык акыр-чикир төгүү жайы бар",-дейт алар. Бул жерге эч ким деле келбейт, жок дегенде, бизге окшогондорго уруксат беришсин деп билдиришти. Аларга түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн келген Аламүдүн районунун прокурору Акылбек Бакачиев басып алынган жердин менчик экендигин билдирди. Ал жерде Аламүдүндүн 849 жашоочусунун үлүшү бар. "Биз ушунча маселе көтөрүлүп калды, мамлекеттин жеринен карап, мүмкүнчүлүк болсо, элге бөлүп бергиле деп, тиешелүү органдарга кайрылдык",-дейт А.Бакачиев. Прокурордун сөзүнө макул болбогон жер басып алуучулар алар ээлеп алган жер тилкесинин ээлеринин документтерин көрсөтүүнү талап кылышты.
Ал эми ошол жерде сырттан карап жүргөн "Калчатай-профи" юридикалык компаниянын директору Таалайбек Алыбаевдин айтымында, мындай маселенин жергиликтүү деңгээлде эмес, мамлекеттик деңгээлде чечилиши шарт. Анткени, 2005-жылы деле ушундай окуя болуп, анда демилгечи топтордун башчылары жерди алышып, акырында жөнөкөй карапайым калк жерсиз калган.
14-апрель күнү Убактылуу өкмөт Чүй облусундагы жер басып алуучулук боюнча буйрук чыгарып, ага ылайык кырдаалды жөнгө салууга комиссия түздү. Бул комиссия үч күндүн ичинде жер басып алуучулардын башчылары менен жолугуп, маселенин чечүү жолдорун карап чыгышат. Бир айдан кийин өз алдынча жер басып алгандарга байланышкан маселени чечүү жыйынтыгын көрсөтүшөт. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА


Ошто эл Курманбек Бакиевди сүйлөтпөй койду
Кыргызстандын бийликтен четтетилген президенти Курманбек Бакиев аптанын башынан берүү митинг уюштурууда. Алгач өз айылы Тейиттен баштап, Жалал-Абад шаарынан улантып, бирок Оштогу элдик курултай эки тараптын кагылышуусу менен бүттү. К.Бакиев өз тобу менен келгенге чейин белгилүү бир адамдар тобу келип, башаламандык уюштурган. Аларды милиция көзөмөлдөөгө аракет кылган. Мындан кийин Курманбек Бакиев иниси Жаныш Бакиев менен борбордук аянттагы курултайга келген. Бирок чогулгандар К.Бакиевге эл алдына чыгып сүйлөөгө жол берген эмес. Аны менен биргеликте Улуттук театрдын имаратынын жанынан бир канча ок атышуунун үнү угулган. Мындан улам, К.Бакиев ал жерди таштап кетүүгө аргасыз болгон. Анын келип-кеткен убактысы орточо эсеп менен бир саатка уланган, т.а. ал Ош шаарындагы аянтка 11:20да келип, саат 12:30да кайра кеткен. Элдик курултайга катышкан Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жусуев менен Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелисбек Мырзакматов элди провокацияга берилбөөгө чакырды.
Ошентип, К.Бакиев Тейит айылына түшкү саат 14:30да келген.




Бир катар өлкөлөр кыргыз элине көңүл айтып, стабилдүүлүк каалашты
КРнын Убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министри Манучхер Моттаки мырза менен телефон аркылуу сүйлөштү. Р.Отунбаева республикадагы абал жана аны стабилдештирүү үчүн убактылуу өкмөт көрүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Иран тарап, Кыргызстандагы 7-8-апрелдеги окуяларда каза болгондордун жакындарына жана кыргыз элине көңүл айтты. Ошондой эле Кыргызстандагы абалдын тез арада калыбына келишине ишенерин билдирди.
Мындай форматтагы сүйлөшүү Түркиянын Тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу менен да болду. Түркия Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кунт коюу менен карап жаткандыгын билдирүү менен өлкөдөгү кырдаалды стабилдештирүү боюнча жардамын сунуштады. "Кыргызстан элинин кайрадан тынчтыкка жана бейпилдикке жетүүсү үчүн Түрк мамлекети колунан келишинче жардамын аябайт",-деди министр А.Давутоглу. Ошондой эле ал Кыргызстанда элдин колдоосу менен саясий бийлик курулушу керек деп кошумчалады.
Р.Отунбаева өз кезегинде өлкөдөгү кырдаал тууралуу билдирүү менен Вашингтондогу өзөктүк коопсуздук боюнча саммиттеги жолугушуулардын алкагында Кыргызстандагы түзүлгөн кырдаал тууралуу маселени карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.
Ал эми 14-апрелде Р.Отунбаева Кыргыз Республикасындагы Түркиянын толук ыйгарымдуу элчиси Нежат Акчалды кабыл алды. Элчи 6-7-апрелдеги окуяларда каза болгондордун жакындарына жана кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ал ошондой эле Түркия Республикасы кыргыз өкмөтүнө мындай оор мезгилде бардык тараптан жардам берүүгө даяр экендигин да билдирди.

Түркиянын КРдеги элчиси Нежат Акчал:
"Эң кыска мөөнөттө туруктуулуктун орношун каалайбыз"
Түркия дос жана боордош өлкө болгон Кыргыз Республикасынын туруктуулук, тынчтык жана бакубат жашоосуна чоң маани берет. Өз ара тыгыз мамилелерде болгон бул мамлекетке коопсуздук жана бейпилдиктин камсыздандыруу максатында ар түрдүү салым кошууга жана колдоо көрсөтүүгө даяр.
Негизинен Кыргыз Республикасынын туруктуулугу жана коопсуздугу бардык Борбордук Азия аймагы үчүн абдан чоң мааниге ээ. Түркия дос жана боордош өлкөдө эң кыска мөөнөттө туруктуулуктун орношун каалайт.

Исмаил Исаков акталып, аскердик наамы кайтарылды
Кечээ, Аскердик сот мурдагы коргоо министри, азыркы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, жана кайрадан коргоо министринин милдетин аткарып жаткан Исмаил Исаковду толугу менен актады. Андан ажыратылган "генерал-лейтенант" наамы кайтарылып берилди. Үстүбүздөгү жылдын 11-январында Бишкек гарнизондук соту кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып менен сегиз жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле генерал-лейтенанттык аскердик наамынан ажыраткан. Муну И.Исаков өзү саясий куугунтук деп эсептеп келген. Оппозиция лидерлери Исмаил Исаковду 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин абакта отурган жеринен бошотушкан.

Күзөт кызматы имараттарды кайтарууда
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) адистештирилген мамлекеттик башкы коргоо кызматы жарандарга жана ишкерлерге объектилерди коргоо боюнча адаттагыдай эле тартипте иштеп жаткандыгын билдирет. Мобилдүү топтор кайтарылып жаткан объектилерден жана жарандардан түшкөн бардык чакырыктарга токтоосуз барып жатышат. ИИМдин коргоо кызматынын бардык күчү жана каражаты коргоого алынган имараттарга жана үйлөргө жумшалууда. Бул кызматты автоунаалардагы "Күзөт кызматы" деген жазуулардан таанууга болот.