Эртеңки күнүбүздү эл ынтымагы чечет
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
7-апрелдеги ок атуудан каза болгон 83 жараныбыз, ооруканаларда жана үйлөрүндө, кошуна өлкөлөрдө жаткан миңге жакын жарадар адамдар, алардын арасында милиция кызматкерлери, кечээ эле Таласта, Бишкекте, дагы башка шаарларда бири-бирине таш атышкан укуккоргоочулар менен жөнжай жарандар... Менчикти кайра бөлүштүрүү... жер басып алуулар... Бишкек шаарында 7-8-апрелде болгон мародерлуктун 112 фактысы, борбор калаанын бизнесмендеринин 7 миллион доллардан артык чыгым тартышы... Өкмөт үйүнүн, Жогорку Кеңеш жана Башкы прокуратура имараттарынын адамдар кирип чыгууга мүмкүн болбой күлү көккө сапырылып турушу... Аткаруу бийлигиндеги орто жана төмөнкү звенодогу жетекчилердин ишке ыргалжын мамилеси, эпсиз көп мыйзамдуу да, мыйзамсыз да кадрлык алмаштыруулар, кызмат орундарын басып алуулар... Өрттөлгөн жана уурдалган документтер... Андай болот экен, мындай болот экен деген имиш-имиштер...

УШУНДАЙ УЧУРДА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Мындай кырдаалдан кантип чыкса болот, деги чыга алабызбы, улуттун, мамлекеттин эртеңки тагдыры кайсы күндө калат? Качан кыргыз бирөөнүн оокатын талап кетип, качан кыргыз көкмөк болуп турган буудай талаасына кирип барып, тебелеп-тепсеп майкандап салчу эле?! Качан кыргыз аялдары эркекке, эркектери аялга кол көтөрчү эле? Ушуларды ойлоп-ойлоп отуруп эл тагдыры деп кирпик какпай таң атырасың. Эгемендүүлүк деги бизге керек беле, кудайдын бизге бирген ырыскысын көтөрө албай жатабызбы дейсиң?
Деги качан, эмнеден ката кетирдик дейсиң. Ооба, бизде бийлик төбөлдөрү элдин алдында пас болбоду, элге отчёт бербеди, "дежур чалдар" көбөйүп кетти, паракорлук, коррупция оожаланды, дүйнөкорлук көздү тунартты, стратегиялык тармактарды контролдоп туруучу күчтүү бийликти түзө албадык, жумуш орундарын таап, ошолор менен элди алаксыта албадык, чет элдик терс таасирлерден жаштарды коргой албай калдык, аксакалчылык жана айылдык соттор институтунун кадыры кетти, тарбия-таалим жукпады. Булардын ордуна биз уруучулуктун, жердешчиликтин, тааныш-билиштиктин ураанын көтөрүп чыктык. Мамлекеттик байлыкты талап-тоноп менчикке алып, бийликти мураска калтырууну көздөдүк, тигил айылдагы карапайым калк кантип оокат кылып жатат деп ойлободук...

НАТЫЙЖАДА ЭМНЕ БОЛДУ?
Эгемендүүлүк алгандан бери эле эки жолу төңкөрүш ишке ашты, эки жолу Ак үйдү басып алдык, эки жолу дүкөндөрдү талап-тонодук, эки жолу ыйладык, эки жолу үй-бүлөлүк башкарууну кыйраттык деп кол чапкыладык. Экинчи революцияны көтөрө албайбыз деп жатып аргасы жок мынтип көтөрүүдөбүз...
Баарынан да абал азыр курч бойдон тургандагы карапайым адамдарды ойлондуруп жатат, жаңы өкмөт - убактылуу өкмөт элдин толук ишенимине али кире алган жок. Өлкөнүн экономикасы алсырап, кансырап турат, инвесторлор не кылышын билбей башы катат. Сырттагы билермандар болсо уруучулукка, кландык негизге таянган өлкөгө демократия орнотуу мүмкүн эмес десе, Орусия президенти биздин бараткан жолду Ооганстанга теңештирип таштады, кээ бирлер Африканын айрым өлкөлөрүнүн кейпин киет деп прогноздошууда, а түгүл Кыргызстанда аймактар менен аймактардын, улуттар менен улуттардын ортосунда атуулдук согушу чыгышы мүмкүн дегендер да, а түгүл ошого түртүп аткандар да, шыкак бергендер да жок эмес. Бул жерде АКШнын да, Орусиянын да, Казакстандын да, Өзбекстандын да, Кытайдын да кызыкчылыгы бар, алардын аскердик күчтөрү бир кылт эткен кыймылды карап турушат, кичине эле мындай болсо куралдуу күчтөрүн жайнатып ийет. Анда эле биздин эгемендүүлүгүбүздүн да, элдүүлүгүбүздүн да күнү бүткөнү. Улут катары бизди жоюп ийүүчү, мамлекет катары дүйнөлүк картадан чийип салуучу күчтөр толтура. Ичтен да, сырттан да. Ошолорго багынып бербөө үчүн

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
Эң башкы нерсе - эл ынтымагы, ынтымак бар жерде ырыс бар деген сөз дагы да учурдун урааны болууга тийиш. Саясатчы саясаты менен, дыйкан кетмени менен болсо, азыр ажаан аялдардын отряддары барып эле каалаганын кызматтан ала берсе, сакалы жайкалган аталарыбыз түкүнчөнү кызматтан алып, ордуна паланчаны коюп бергиле деп пикетте турса, беш баласын жетелеген энелер бирөөлөрдүн там салат элек деген жерин өзүнүкү кылып ээлеп отурса...
Эки жылда, үч жылда, беш жылда бирден мамлекет башчыбызды айдай берсек...
Ушундай-ушундай ойлор келе берет, артта келе жаткан бөбөктөрдү ойлойсуң, дүйнөгө бизди талоончул, баскынчы калк кылып көрсөтүп жаткан журналист "достордун" "жакшылыгын" ойлойсуң. Ойлойсуң да үн ката албайсың, эл ичинен Бакайдай бабаларыбыз чыкса, Каныкейден акылман энелерибиз чыкса, эстүү жаштарыбыз көп болсо, анан алар элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн, улутубуз үчүн кам көрсө, өткөндү эмес, анын сабактарын ойлоп, келечек үчүн кам көрсөк дейсиң...




Жаңы кызматтарга ким келди?
Бийликке Убактылуу өкмөт келген күндөн тарта, бош калган кызмат орундары башка адамдар менен толуктала баштады.
6-7-апрелдеги кандуу окуядан кийин 8-апрель күнү Жогорку Кеңештин имаратында депутат жана Социал-демократтар фракциясынын лидери Роза Отунбаева маалымат жыйынын өткөрдү. Анда президент Курманбек Бакиев жетектеген бийлик тобунун ордуна Убактылуу өкмөт (УӨ) келгендиги билдирилди. Анын төрайымы катары Роза Отунбаева бекитилсе, андан сырткары, анын төрт орун басары белгилүү болду. Ошентип, төмөндө жаңы кызмат ээлеринин тизмеси менен тааныштырабыз:

1. УӨнүн төрайымынын биринчи орунбасары, Экономикалык блоктун жетекчиси - Алмаз Атамбаев
2. УӨнүн төрайымынын орунбасары, каржы министри - Темир Сариев
3. УӨнүн төрайымынын орунбасары - Өмүрбек Текебаев
4. УӨнүн прокуратура жана сот органдарынын ишкердиги боюнча координатору - Азимбек Бекназаров
5. УӨнүн төрайымынын аппаратынын жетекчиси - Эдиль Байсалов
6. УӨнүн Коргоо министринин милдетин аткаруучу (м.а.) - Исмаил Исаков
7. УӨнүн Тышкы иштер министринин м.а. - Руслан Казакбаев
8. УӨнүн Ички иштер министринин м.а. - Болотбек Шерниязов
9. УӨнүн Саламаттыкты сактоо министринин м.а. - Дамира Ниязалиева
10. УӨнүн Энергетика министринин м.а. - Осмонбек Артыкбаев
11. УӨнүн Маданият агенттигинин директорунун м.а. - Рыскелди Момбеков
12. УӨнүн Өзгөчө кырдаалдар министринин м.а. - Дүйшөнкул Чотонов
13. УӨнүн Юстиция министринин м.а. - Аида Салянова
14. УӨнүн Айыл чарба министринин м.а. - Кубат Касейинов
15. УӨнүн Билим берүү жана илим министрлигинин орун басарынын м.а. - Ирина Карамушкина
16. УӨнүн мүчөсү - Эмилбек Каптагаев
17. УӨнүн Баш прокурорунун м.а. - Байтемир Ибраев
18. УӨнүн Жогорку сот төрагасынын м.а. - Кубанычбек Момбеков
19. УӨнүн Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын м.а. - Кеңешбек Дүйшебаев
20. УӨнүн социалдык тармак, коомчулук менен байланышуу жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча координатору - Эльмира Ибраимова
21. УӨнүн Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгынын агенттигинин директорунун м.а. - Топчубек Тургуналиев
22. УӨнүн Каржы полиция кызматынын төрагасынын м.а. - Эркин Булекбаев
23. УӨнүн Бажы кызматынын төрагасынын м.а. - Кубан Кулматов
24. УӨнүн Кадр кызматынын төрагасынын м.а. - Чолпонкул Арабаев
25. УӨнүн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын м.а. - Алмамбет Шыкмаматов
26. УӨнүн Аскердик прокурорунун м.а. - Айбек Турганбаев
27. УӨнүн Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын м.а. - Таалайбек Нуралиев
28. УӨнүн Салык кызматынын төрагасынын м.а - Адылбек Касымалиев
29. УӨнүн Социалдык фондунун төрагасынын м.а. - Мукан Абулгазиев
30. УӨнүн Милдеттүү медициналык кепилдик фондусунун төрагасынын м.а. - Болот Элебесов
31. УӨнүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун төрагасынын м.а. - Бактыбек Сүйүмбаев
32. УӨнүн Эсептөө палатасынын төрагасынын м.а. - Бактыбек Аширов
33. УӨнүн Аскердик сотунун төрагасынын м.а. - Нурлан Ашимбек уулу
34. Бишкек шаарынын мэринин м.а. - Иса Өмүркулов
35. Ысык-Көл облусунун губернаторунун м.а. - Мирбек Асанакунов
36. Чүй облусунун губернаторунун м.а. - Сагынбек Абдрахманов
37. УӨнүн "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын баш директорунун м.а. - Албек Ибраимов
38. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Тороо районунун акиминин м.а. - Сталмамбет Абдылдаев
39. Баткен облусунун губернаторунун м.а. - Карамат Орозова
40. УӨнүн Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун м.а. - Алмазбек Касенов
41. Жалал-Абад облусунун губернаторунун м.а. - Бектур Асанов
Транспорт жана коммуникация министрлиги, Эмгек, миграция жана жумушка орноштуруу министрлиги, Экономикалык тескөө министрлиги, Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Мамлекеттик менчик министрлиги азырынча жетекчисиз отурат.