Эмгегин элге арнаган инсан
Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Жангороз Каниметов алтымыш жашка чыкты. Бүгүн юбилярдын ишмердүүлүгү, жасаган эмгектери туурасында азыноолак сөз кылууну туура көрдүк.

Жангороз Каниметов
1950-жылы, 30-мартта Ысык-Көл областынын Түп районунун Токтоян айылында туулган.
Пржевальскидеги мамлекеттик педагогикалык институтта жана Ж.Баласагын атындагы улуттук университетте билим алган. "Кыргыз Республикасынын билим берүү ишин башкарууну демократизациялаштыруу" деген темада докторлук диссертациясын коргогон.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы

Мамлекеттик сыйлыктары:
СССРдин, Кыргыз ССРинин билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы, Кыргыз Республикасынын "Манас-1000", "Даңк" медалынын ээси.

Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү:
Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндөгү", "Мугалимдин статусу", "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасынын туруктуу өнүктүрүү" мыйзамдарынын автору.

Класстык чини:
Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи
Биздин каармандын буга чейинки басып өткөн өмүр-жолуна назар салсак, адам баласынын жашоосунда майнаптуу жана өтөлгөлүү ишти жасагандыгына күбө болобуз. Биздин юбиляр кесиптердин кымбаттуусу жана түйшүктүүсү, ыйыгы жана кыйыны - мугалимдик кесиптин ээси. Чоң дүйнөгө жетелеп, чоң турмушка багыт берген - билимдин ээси. Жангороз Каниметович эмгек жолун 1971-жылы Түп районунун Каркыра орто мектебинде физика мугалими болуудан баштайт. Беш жылдан кийин мектептин директорлугуна дайындалган. Биздин каарман баш-аягы мектепке 15 жылга жакын эмгегин арнады.
Бул туурасында Жангороз Каниметович төмөнкүчө эскерет. "Өмүр бою билим берүү системасында иштедим. Министр гана болбодум, калган кызматтын баарын аркаладым. Мектеп директору деген абдан жакшы, кызыктуу иш да. Эртең менен кечке чейин балдар, мугалимдер менен биргесиң, кошо аралашып жүрөсүң, кылган ишиңди жана анын жыйынтыгын көрүп турасың. Үч жыл орун басар, 12 жыл директор болдум. 3 мектепте иштедим, начар мектептер эле, республикалык деңгээлге чейин көтөрдүк",-дейт.

Айылдык кеңештен Жогорку Кеңешке чейинки жол
Депутаттык ишмердүүлүгүндө Айылдык кеңештен Жогорку Кеңешке чейинки баскычтарды өттү. Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болду.
"Айылдык, райондук, областтык кеңештерде мыйзам чыгаруу эмес, жергиликтүү элдин тагдырына, социалдык көйгөйлөрүнө байланыштуу маселелер каралат эмеспи. Бул боюнча иштеп жүрдүм. Улам көтөрүлүп, деңгээлиң андан аркыга жетерин ойлогондон кийин, алдыга кадам таштайсың да. Ошентип Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына талапкерлигимди коюп калдым. Баш-аягы 17 киши чыктык эле… Алардын ичинен элдин, мугалимдердин колдоосу менен депутат болуп келдим. Эки жылдан кийин социалдык саясат боюнча комитетти жетектеп калдым. Ал мезгилдери саламаттыкты сактоо, билим берүү боюнча бир топ маселелерди көтөрүп чыктык…",-дейт Жангороз Каниметович.
Андан кийинки депутаттык жол Мыйзам чыгаруу палатасына түштү. Мектеп түйшүгүнөн колун үзсө да, бул системага сиңирген эмгеги Жангороз Каниметовичтин мугалимдер, ата-энелер менен болгон жипсиз байланышын, урматтоосун үзгөн жок. Алар мыйзам чыгаруучу органда билим берүүнүн көйгөйлөрүн алаканга салгандай көргөн өкүл деп көп талапкерлердин ичинен Жангороз Каниметовичти тандап алышты. Бул туурасында юбилярдын эскерүүсү бар. "2000-2005-жылдардагы чакырылыштагы Мыйзам Чыгаруу жыйынында биздин округдан бир топ талапкерлер, алардын арасында экс-президенттин балдызы да бар эле. Бийлик, губернатор, акимдер мага каршы чыкты. Мени анда да эл менен мугалимдер колдоду. Жети жолу соттоштум, бийлик сотко берип, мени алдырып салыш максатын кылган. Депутат болорго бир күн калганда, шайлоодон алып салып да жатышты. Жогорку Сотто адилеттүүлүк бар экен. Депутат болгондон кийин да соттоштук. Кайра Жогорку соттон нейтралдуу абалга коюп, ар кандай кызыктуу учурлар болгон",-дейт.
Депутаттык ишмердүүлүгүңүздө жемиштүү эмгектенген учурларыңыз деген суроо узаттык. "Үч чакырылышты салыштыра келсем, мен үчүн эң кызыктуусу мыйзам чыгаруу палатасы болуптур. Айрыкча, 2000-2005-жылдары үзүрлүү иштедим деп ойлойм. 2001-2003-жылдары "Мугалимдер статусу" жана "Билим берүү" боюнча мыйзамды кабыл алдык, бул чоң резонанс болду. Абдан эле идеалдуу шарт түзүп бердик деп айта албайм, бирок, бул жаатта чоң жылыштар болду",-дейт юбиляр.
Жасай турган иштер али арбын
2007-жылы "Ак Жол" элдик саясий партиясынын арткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеп, аталган партиянын түптөлүшүнө өз салымын кошкон. Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен болгон шайлоодо депутат болуп келди. Учурда парламенттеги Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин мүчөсү.
"Азыркы Жогорку Кеңештин курамында да потенциалдуу бир топ депутаттарыбыз бар. Бир жыл ооруп калбадымбы, андыктан жыйындарга бир сааттан катышып жаттым.
Учурда мектептер боюнча мыйзам долбоорун киргиздим, дагы бир топ мыйзамдарды баштадык.
Албетте, коюлган милдеттер, ой-максаттар бар. Кудай ден соолук берсе, аманчылык болсо, эл үчүн кызмат кылайын деген аруу тилектер алдыда" ,-дейт эл депутаты.

Кубаныч жана түйшөлүү
Биздин каарман менен маектешип отуруп, аны түйшөлгөнү да, кубанганы да көбүрөөк билим берүү тармагына байланышканын байкадык.
"Билим берүү жаатында коррупция күчтүү деп суроо берип жатпайсызбы. Бул боюнча, биринчи кемчилик, жыл сайын министрликтин, кадрлардын алмашуусу болуп жатат. Анан да студенттердин басымдуу бөлүгүнүн сапаттуу билим алууга эмес, эптеп эле дипломдуу болууга умтулуп калышы. Мени учурда түйшөлдүргөн нерсе - билим берүүнүн жакшы өнүкпөй жатышы",-дейт.
Кубанган учурларыңыз деген сурообузга "Кубанычтуу учурлар көп болот. Мектеп директору болуп жүргөн учурларым эске түшөт. Мектебиң жакшы мектеп болгондо бир кубанасың, түйшүктүү иштер өз жемишин бергенде бир кубанасың… Жеке кубанычтар - балалуу болгондо, келин алганда кубанасың, неберелүү болгондо кубанасың, кыйынчылык учурда, эл колдоп жеңишке жеткенде кубанасың",-деп жооп берди.