"Түрк аба жолдоруна" кайрылган компаниялар көбөйдү
ЧАГАЛАР АВЖЫ ZAMAN
Дүйнөлүк экономикалык кризиске карабастан ишин алдыга жылдыруу менен ийгиликке жетишкен "Түрк аба жолдоруна" дүйнөнүн төрт бурчунан аба жолдору компаниялары "бизди сатып алгыла дешсе кээ бирлери биргеликте өнөктөш болуу" туурасындагы сунуштарын компаниянын президенти Хамди Топчу билдирди. "Бизге эң аз дегенде эле 10 аба жолу фирмалары компаниясын сатып алуубузду каалашты",-деди Х.Топчу. Анын айтымында, "Түрк аба жолдоруна" сунуш киргизген өлкөлөрдөн Италиянын белгилүү "Алиталиа", Сербиянын "JAT" жана Польшанын "LOT" фирмалары болгон. Калган сунуш киргизген фирмалар менен азырынча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыктан алардын аттарын айтуудан компаниянын президенти баш тартты. Европанын төртүнчү орунда турган бул ири аба жолу компаниясынын негизги максаты 2023-жылында алдыңкы орунга жетишүү. Бул аракет мамлекеттин курулушунун 100-жылдыгына карата жасалган аракеттер. Компания алдыга койгон максатына жетүү үчүн дүйнөгө учуучу түйүндөрүн көбөйтүү менен биргеликте спорттук клубдарда да спонсордук келишимдерге кол коюуда. Бул алкакта, Испаниянын "Барселона" клубу жана Грециянын "Мароусси" баскетбол командасынын артынан Англиянын ири клубу "Манчестер Юнайтед" менен 3,5 жылга спонсордук келишим түздү. "Биздин максаттарыбыз дүйнөлүк аба жолу фирмасы болууга жасалган аракет",- деп билдирет Х.Топчу. Фирма 2010-жылы он самолёт сатып алат. 2011-жылдын аягынан баштап, көбүрөөк жүргүнчү ташуу үчүн ичи кенен учактар 83 пайызга жогорулайт. Азыркы учурда фирмада 133 учак бар. 2023-жылы 250гө жогорулатууну максат кылып келишет. "Түрк аба жолдору" Стамбулдан 120 тышкы жана 37 ички каттамдык учууну ишке ашырып келет. Бул фирманын спорттук командаларга демөөрчү болуусунун да өз себеби бар. Анткени, Түрк фирмасы өзүн таанытууда жана спонсордук келишимден пайда табууда жасаган аракети иш жүзүнө ашып келет. Башка командалардан айырмаланган Англис клубун тандап алууда бул фирма көптөгөн киреше таба аларына көзү жеткен.

ВИЗАЛАРДЫН КӨБӨЙҮШҮ ЖҮРГҮНЧҮЛӨРДҮН САНЫН АРТТЫРДЫ
"Кризистин тийгизген таасирине карабастан өкмөт ички жана тышкы иштерди ийгиликтүү аткарып келет. Өкмөттүк саясат биздин маркабыздын деңгээлин жогорулатты. Ошондой эле бир канча өлкөлөрдө визалар көбөйдү. Биздин фирманын өнүгүүсүнө шарт түзүлүү менен бирге кошуналар менен мамилебиз түзөлдү",- деп билдирет Хамди Топчу. Ошондой эле, Стамбул, "Түрк аба жолдорунун" тышкы учууларынын борбору болуп эсептелет. Бирок Анкара да 2023-жылдын планында орун алган.

"600 УЧКУЧ, 1000 СТЮАРДЕССА АЛАБЫЗ"
Хамди Топчунун айтымына караганда, учактарды алган менен иш бүтпөйт. Ал үчүн тажрыйбалуу учкуч алуу керектигин белгиледи. "Бул жылы чет элдик капитандарды ала баштадык. Азыркыга чейин 120 чет элдик капитандарды алганбыз. Ушул жылдын июнь айынын соңунда бул көрсөткүч 33гө чейин жетиши күтүлүүдө",- деп билдирет Топчу.




Насыяны кантип алууга болот?
Бүгүнкү күндө өлкөнүн калкына жүздөгөн микрокредиттик уюмдар жана банктар кредиттин түрүн тартуулап, кызмат көрсөтүүдө. Ушундай уюмдардын бири - "AUB-Агро" жабык акционердик коому-микрокредиттик компаниясы өлкөнүн айыл чарбасын каржылоодо иштеп келет. Насыяны алуунун шарттары, жол-жоболору тууралуу сурап "AUB-Агронун" башкы директору Вячеслав Рожковго кайрылдык.

- Учурда өлкөдө айыл чарбасын каржылоодо адистешкен канча микрокредиттик компания бар?
- Учурда Кыргызстанда бир нече жүздөгөн микрокредиттик уюмдар катталган. Ушуну менен бирге 20дай банк мекемелери иштейт. Адистештирилген Айыл Банкы бар. Алардын бардыгы тигил же бул деңгээлде айыл чарба тармагына каржылоо тартуулайт. Бирок маселе башкада - каржылоонун шарттарында жана жылдык пайыздык ченинде. Өнүктүрүү фонду тарабынан түзүлгөн микрокредиттик компания агрокаржылоодо гана адистешет.
Биз, жаңы түзүлгөн компаниянын кредиттерди тартуулоо боюнча шарттары деги эле финансы мекемелери ортосундагы атаандаштык тармагына таасирин тийгизерине ишенебиз. Кыязы, "AUB-Агро" микрокредиттик компаниясынын насыяга болгон атаандаш шарттары фермерлер үчүн болгон насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.
- "AUB-Агро" микрокредиттик компаниясынын насыясын кайсы жерден алса болот?
- Микрокредиттерди алуу үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында жайгашкан АзияУниверсалБанктын филиал жана сактык кассаларына кайрылып, тиешелүү документтерди толтуруп, алса болот.
- Насыяны берүүнүн процедурасы кандай?
- Айыл тургундары үчүн насыяны алуудагы процедураны жеңилдетүү максатында карыз алуу үчүн билдирмени адегенде эле талдоо айылдык кеңештер аркылуу өткөрүлөт. Айылдык кеңештер "AUB-Агро" микрокредиттик компаниясынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара тыгыз иш алып баруусунун натыйжасында түзүлүүдө. Айылдык кеңештер микрокредиттик компанияга көрсөткөн жардамы зор. Мисалы үчүн, алар жоопкерчиликтүү жана ишкер айылдаштарын карыз алуу үчүн микрокредиттик компанияга сунуштайт. Айылдык кеңештердин жыйындарында насыянын суммасы да, тигил же бул жарандын карыз алуу мүмкүнчүлүктөрү да талкууланат.
Ошентип, айыл тургандары насыя алууга тиешелүү кагаздарды толтуруу үчүн компаниянын офисине баруу зарылдыгынан кутулат. Анткени адегенде айылдык кеңештин сунушуна татыктуу болуу зарыл. Жер-жерлерден билдирмелер топтолгон соң, алар "AUB-Агро" микрокредиттик компаниясынын кызматкерлерине тапшырылып, кийинки алдын-ала талдоо иштерине жөнөтүлөт.
Насыя алууга ниеттенген жарандын кредиттик тарыхы текшерилип, насыя берүү жөнүндө чечим кабыл алына турган болсо, анын чарбасын барып текшерүүнүн убактысы аныкталат. Кредиттик комитет тараптан билдирме жактырылган болсо, карыз алуучу акча каражатын АзияУниверсалБанктын жакынкы бөлүмүнөн 5-7 күндүн ичинде ала алат.
- Микрокредиттик компаниянын тартиптүү карыз алуучулары үчүн кандайдыр бир кызыктыруучу схемалар караштырылганбы?
- Ооба, каралган. Тартиптүү карыз алуучулар - насыя боюнча төлөмдү белгисиз мөөнөткө жылдырбагандар, негизги сумма жана пайыздар боюнча төлөмдөрдү өз убагында жүргүзгөндөр, кредиттик эксперттин телефон чалуусун күтпөй, келишим боюнча өз милдеттерин аткарган жарандар. Алар тиешелүү жеңилдиктер/бонустар жана пайыздык чендин төмөндөтүлүшүнө жана насыяны жол-жоболоштуруунун жеңилдетилген процедурасына ниеттенсе болот. Мындан тышкары, карыз алуучулардын тартиптүү төлөмдөрү алардын кредиттик тарыхында жазылат. Мунун өзү карыз алуу үчүн кийинки жолу кайрылууда пайыздык чендин төмөндөшүнө оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошентип, карызды берүү тууралуу чечим кабыл алынса, кредиторлор карыз алуучунун аброюн да эске алышат. Биздин компания жылдык пайыздык ченден 2 пайыз көлөмүндөгү мотивдештирүү бонусун карызды мөөнөтүндө кайтарган бардык карыз алуучулар үчүн берүүнү пландаштырууда. Программалык камсыз кылуу системасы мындай карыз алуучулардын тизмесин өзү эле түзүп коет.
Ушуну менен бирге, "AUB-Агро" микрокредиттик компаниясы биринчи насыяны мөөнөтүндө кайтарып берип, кийинки насыяга кайрылган кардарлар үчүн насыянын жылдык пайыздык ченин 0,2 пайызга төмөндөтүүнө караштырмакчы.
- Кредит берүүдөн баш тартуунун себептери кайсылар?
- Карыз алуучуларга кредит бербей коюнун негизги себептери катары төмөнкүнү айтып кетет элем. Биринчиден, фермердин башка финансылык мекемелерден кредит алып коюшу. Кредиттик бюронун маалыматына таянсак, айыл тургундарынын көпчүлүгү 2 же андан да көп кредит алып койгон да, алардын көпчүлүгүнүн кредиттик тарыхы начар. Башка себеп - активдердин жоктугу. Көпчүлүк учурда кредит алууну каалаган фермерлердин колунда болгону гана жерди ижарага алуу жөнүндө келишими гана бар. Ушуну менен бирге, чоң өлчөмдөгү кредиттер суралып, аларды өздөштүрүүнүн так пландары жок. Андыктан мындай карыз алуучуларга биз кредит бербейбиз, анткени кредиттерди кайтарып берүүнүн тобокелдиктери өтө жогору. ДАЯРДАГАН НУР ТУРАТБЕКОВА