Учуң бир жерден чыгат, кыргызым?
Муратбек Долотбеков
Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагы
Көңүл буруп карасаң, элдик оозеки чыгармаларда атактуу Көкүм бий, анын уулу Тейиш хан, анын балдары Аккочкор, Каңкы тууралуу көп материалдар бар. Кыска ырларда, узун уламыштарда, ал тургай Абдыкалык Чоробаевдин айтуусунда, жазып алынган "Жаңыл Мырза" эпосунда да эскертилет. Эпосто Тейиш кыпчак ханы деп айтылат. Чынында ал Тагайдан тараган Карачоросунун уулу Багыштан. Бирок, андагы майда жаңылыштыкты көңүлдөн чыгарып, эң негизги жагдайды - мындай тарыхый инсандар элдик оозеки чыгармаларда чагылдырылып калгандыгына басым жасообуз зарыл. Демек бул адамдардын элдин чыгармаларында сакталып калгандыгынын себеби бекеринен эмес, алардын элге сиңирген эмгеги бар!
Кыргыз Эл жазуучусу Жунай Мавляновдун 85 жылдыгына арналган Кербенде өткөрүлгөн иш-чарага Асанбек Стамов да келген болчу. Аны менен маектешип калганда ал Тейиш хан жөнүндө тарыхый роман жазып жаткандыгын айткан. Мен да ага эл оозундагы сөздөрдүн баарын айтып берген болчумун. А.Стамов "Кыргыз Туусу" гезитине Жунай аке жөнүндө "Мен билген Жунай Мавлянов" деген макаласында Тейиш хан тууралуу кызыктуу маалыматтарды жарыялаптыр. Анда Көкүм бийдин аялы Сабыркан Эр Эшимдин бир тууганы карындашы болгондуктан жээни Тейишти көк ордодо өзүнүн уулу Тооке султан менен бирге чоңойткондугу, Таласта болгон жыйында Тейиш хан көтөрүлүп, ага кыргыздын кайсы уруулары катышкандыгы, кайсылары келбегендиги, көп кол менен келген Галдан Бошокту менен болгон салгылашта кайсы баатырлардын каза болгондугу, Талкан баатырдын уулу Байболоттун колго түшкөндүгү тууралуу жазып чыккан эле.
Өткөн жылы Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун "Тейиш хан" аттуу көлөмдүү романы жарык көрдү. Ал тарыхый темаларды мыкты сүрөттөгөн калемгер эмеспи. Жазуучунун жаңы чыгармасы тууралуу республикалык басма сөз беттеринде жылуу пикирлер айтылды. Бул нерсе - Тейиш хандын түздөн түз урпактары болгон аксылыктар үчүн абдан сыймыктуу окуя болду.
Мен көп жылдардан бери багыш Көкүм бийден тарагандар тууралуу иликтеп жүрөм. Багыш - Тагайдын Карачоросунун уулу. Эл оозундагы багыш кыргызга эки ханды бергендиги тууралуу уламыштарды тарыхый документтер тастыктап жатат. Көкүм бийдин уулу Тейиш хандын биринчи аялы казак султанынын кызы. Андан Аккочкор, Каңкы. Кыргыз аялынан Тиеке, Чиеке. Биз чиекесинен болобуз. Чиеке бара-бара "чиеге" айланып кеткен. Чиеке багыштары Аксы, Ала-Букада, коңшулаш Өзбекстанда жашашат. Кош-Төбөдө 500 түтүн болсок, 300 түтүндөн ашыгы Өзбекстанда. Мурда кыргыздардын кыштоосу Наманган тарапта болгондугу эч кимге жашыруун эмес.
Айтууда Тейиш оң, солдун, отуз уулдун атактуу бийлеринин колдоосу менен ак кийизге салынып хандыкка көтөрүлөт. Ал кийинчерээк ордосун IХ-Х кылымдарда Саманилер мамлекетине караган Фергана дубанынын борбору болгон, атактуу Өмөр шайык хандын ордосу, белгилүү аалымдар, акындар чыккан Сырдарыянын оң өйүзүндө, Тура-Коргон кыштагынын түштүк-батыш тарабынан жайгашкан Аксыкентке көчүрөт. Тейиш хандын бийлиги эл оозунда "тайгадан келген ойроттор", тарыхта "жунгарлар жапырагы" деген мезгилге туш келген. Бул учур казак-кыргыз үчүн оор учур болчу. Жунгарлар Цин (азыркы Кытай) мамлекети менен кагылышып тургандыгына карабастан адегенде казактарды жапырып, Орто Азияга чейин келгендиги тарых булактарында белгилүү. Ошол катаал учур элдик уламыштарда, оозеки чыгармаларда да чагылдырып келген. Тейиш хандын мезгилинде жунгар ханы Галдан Бошокту менен кандуу кагылышуулар көп болгон деп айтылат. Тейиш хандын балдары да атадан кем калбаган, атага тең чыккан азамат болгон экен. Алар ар дайым уруштун алдыңкы сабында турушчу. Аскер ишин жакшы билгендиктен сарбаздардын алдында да кадыр-баркы күчтүү болгон деп айтылат. Бир жолку теңдешсиз салгылашта Тейиш хандын чоң уулдары Аккочкор менен Каңкы экөө тең окко учушат.
Компартиянын күч алып турган учурунда ата-тегиңди иликтөөгө жасалган аракет "улутчулдуктун, уруучулдуктун" көрүнүшү катары бааланчу. Ага кызыгып артынан түшкөн адам сөзсүз бир балээге кабылчусуң. Ошондуктан ага кызыккандардын аракетинен майнап чыкпай келген. Азыркы учурда кудага шүгүр, өткөнгө кайрылуу, жаштарды улуу инсандардын үлгүсүндө Ата Мекенин сүйүүгө тарбиялоо багытында жакшы иштер жүрүп жатат. Кийинки мезгилде Россия Федерациясында да ушундай аракеттер байкалып, келечек муундарга үлгү болсун үчүн белгилүү адамдар өзүнүн ата-тегин териштирүүгө аракеттенип жатышканын көрүп, "Россиялыктардын да бир билгени бар" деген ой келет экен.
Мен азыркы учурда Чиеке менен Тиекеден тарагандардын тизмесин алып, аны атайын схемага салып, жазып бүткөнү калдым. Аманчылык, ден соолук болсо анын аягына чыгамын деген ой бар. Айрымдар "Жарыктык киши, убара болуп жатат да…" деп көңүл кош болсо, бир тобу кызыгып жатат. Тегиңди таанып билүү - жаш муундарды ата-бабалардын үлгүсү менен эли-жерин сүйүүгө, патриоттук сезимге тарбиялайт. Аны бир эле биз тараптагылар гана эмес, башка аймактагылар да колго алууга тийиш. Алар бул ишке көңүл коюп изилдесе өзүлөрүнүн ата-тектеринин учу бир жерден биригип чыгаары турган нерсе.




Башкы сыйлык - балдар кубанычы
К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында "Азур" басма үйү тарабынан уюштурулган "Балдар китеби - 2009" конкурсунун жыйынтыгын чыгарууга арналган азем 22-мартта болуп өттү. Конкурс орус жана кыргыз тилдеринде "чакан проза" жана "поэзия" номинацияларында өтүп, ага Кыргызстандан тышкары Казакстан, Украина, Өзбекстан, Түркия, АКШ, Израиль өлкөлөрүндө жашаган авторлордон кол жазмалар келип түшкөн.
"Азур" басмасынын уюштуруучусу жана ээси О.Ю.Прядко-Каныбекованын айтуусуна караганда аталган басманын негизделгендигине үч эле жыл болсо да балдар үчүн адистешип, жүз элүүдөй наамдагы китептерди чыгарууга жетишкен, бул конкурс да жаңы авторлорду табуу, балдардын көркөм адабиятка муктаждыгын канааттандыруу максатында уюштурулду. Калыстар тобуна акын-жазуучулардан тышкары психолог-педагогдор да тартылган.
Калыстар тобунун төрагасы, Кыргыз эл акыны Токтосун Самудиновдун пикири боюнча он беш жылдан бери мамлекеттик "Мектеп" басмасы жабылган соң балдар китептери дээрлик чыкпай калып, соңку үч-төрт жылда бир аз динамика байкалды. Анын бири ушул конкурс, негизинен конкурс максатына жетсе да анын бир топ сабактары болду, айтсак, көп авторлор үйрөнчүк деңгээлден өйдө көтөрүлө алган эмес, бир топ авторлор балдар адабиятынын өзгөчөлүктөрүн ажырата албаса, ошол эле кезде конкурс балдар үчүн журналистиканын жана балдар адабиятынын чыгармаларын редакторлоонун проблемаларын да көрсөттү, жанрдык чектелүү да байкалды.
Байгеде ат салышуу үчүн 15 жаштан 82 жашка чейинки авторлор 113 эмгегин жөнөткөн, алардын ичинде окуучулардан тартып Эл акындарына чейинкилер бар. Бул иштерди калыстар тобу үч ай бою эки тур менен дыкат караган. 1000 евро биринчи сыйлыкты орус тилдүү авторлордон израилдик Татьяна Шапиро ээлесе, кыргыз тилдүү чыгармалардан ушундай эле байгеге Жакыпбек Абдылдаев татыктуу болду. Ошондой эле басма байгелүү орундарга татыган Жылкычы Жапиев, Сулайман Рысбаев, Бактыбек Максутов, Байтемир Асаналиев, Нургазы Ахмедулин сыяктуу авторлордун чыгармаларын да жарыялоону моюнга алды.
Конкурс канткен менен балдар адабиятында жазган авторлордун аз эместигин жана алардын китеп чыгарууга кызыгуулары өчө электигин тастыктады. Эмки ушундай байге, буйруса, 2012-жылы уюштурулмак болду.