Адамдын сезимин түшүнгөн, эл деп күйгөн инсан
Доор өзгөрөт, заман жаңырат. Биздин арабыздагы ошондой бир өткөөл доордо өзгөчө көзгө көрүнгөн чыгаан саясатчы адамдарыбыздын бири - Жумагул Сааданбеков. Анын ушул күндөрдө кутман курак - 70 жашка келгени менен куттуктап, элге деп кылган иш-аракетине ийгилик каалайбыз!
Жумагул Сааданбеков арабыздан эле чыккан, жөнөкөй мугалимдиктен тартып илимдин, дипломатиянын жана бийликтин бийик тепкичтерине чейин өз күчү, маңдай тери жана карама-каршылыктар менен жеткен заманыбыздагы интеллигенциянын алдыңкы тобуна кирген белгилүү адамдардын бири.
Ж.Сааданбеков мамлекеттик жоопкерчиликтүү көптөгөн кызматтарды аркалап, алай-дүлөй болуп турган 90-жылдарда республиканын идеология тармагын башкарган жетекчиге чейин өсүп жетип, союздун тоталитардык системасына биринчилерден болуп сын айткандыгы менен кыргыз элинин эсинде калды. 1990-жылдардын башында парламентте депутат болуп туруп кыргыз демократиясынын башталышына анын өнүгүшүнө кошкон салымы, ошол учурда парламентте сүйлөгөн салмактуу, олуттуу сөздөрү, кыргыз эли деп көтөргөн маанилүү маселелери элдин эсинен бүгүн да кете элек.
Албетте, ал жөнүндө ар бир пендеге айтыла турган түрдүү пикирлер бар. Бирок, күнүмдүк саясаттан ары үңүлүп, баалай турган болсок, анда Жумагул агабызды адамдын сезимин түшүнгөн, эл деп күйгөн белгилүү инсан десек жаңылышпайбыз.
Бул жөнүндө кыргыз маданиятындагы белгилүү да, таланттуу да адамыбыз Түгөлбай Казаковдун мындай айтканы бар. Түкөбүздүн бир окуяга байланыштуу Жумагул Сааданбековду эскерүүсү басма сөзгө жарыяланган: "Совет доорунда өз элибиздин кызыкчылыгын жактап сөз айтып, иш кылуудан тартынчу элек. Биз тарткан "Кайран эл" аттуу тасмабызды бийликтин көзөмөлүнөн кантип өткөрүп элге алып чыгабыз деген ой менен жүрдүк. Өкмөттөн аны идеологиялык таразадан өткөрүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билип, комиссиядагылардын көзүн жазгыруу үчүн кино-тасмабызга бир-эки курч эпизоддорду атайын киргизип койдук. Тигилер ошол чектен чыккандай көрүнгөн эпизоддорго көнүлү бурулуп, аларды алдырса да, кинотасмабыздын өзөгүнө тийбей элге жеткирүүгө уруксат болоор деген ой эле. Ал комиссияны башкарып келген Жумагул Сааданбеков экен. "Кайран элди" көрүп чыккандан кийин эле ал: "Биздин маданиятка мындай иштер керек. Силердей калкым деп күйгөн жигиттер болбосо, журттун үнүн угузган мындай иштер чыкпаса анда кайсы арыбызга элбиз деп жүрөбүз. Тигил эпизоддоруңар ашыкча. Биз колдоого алабыз",-деп кетти. Ошондон кийин Жумакебиздин тагдырына көңүл кош карай албай калдык".
Элдин келечеги дагы, маданиятты, экономиканы көтөрө турган адистерге, алардын деңгээлине, ал-абалына, коомдо пайдаланышына байланыштуу экендиги белгилүү нерсе. Адистердин, сандык критерийге эмес, сапатка терең кете турган өнүгүү жолу акыры келип алардын билимине жана азыркы замандын талабына жооп бере ала турган жогорку деңгээлдеги илимий иш билгилигине келип такалат. Бул жагынан да Жумагул Сааданбеков өзүн көрсөтө алды. Анын политология, социология тармагында жазган эмгектери, китептери постсоветтик мейкиндикте белгилүү. Айрыкча, кыргыз демократиясынын башталышына, анын өнүгүүсүнө, дүйнөлүк деңгээлдеги мамлекеттик лидерлердин мыйзам ченемдүү өнүгүшүн чагылдырганы, ал лидер өз мамлекетин анын коомдук өнүгүшүн 50-100 жыл алдыга жылдырганын ачык далилдер менен көрсөткөн илимий эмгектери бүгүнкү чындыкка күбө боло алат.
Бул инсанды саясат тармагында практикалык да, теориялык да жактан абдан такшалган ишмер десем жаңылышпайм. Көп жыл мурда Алматыда саясат боюнча докторлук диссертациясын жактап жатканында катышып, анын билимдүүлүгүнө, жогорку деңгээлдеги илимий иш жүргүзө билген жөндөмүнө күбө болдук. Илим жолунда такшалган чыныгы адистер гана илим-билимдин жогорку деңгээлде болушуна, анын сапатын кармап турууга жана өнүктүрүүгө жол ачат.
Жумагул Сааданбеков өзү эле жогорку деңгээлге жетпестен, Ысык-Көлдө губернаторлук кызматта жүргөндө Касым Тыныстанов атындагы университеттин уюштурулушуна, билим берүү системасынын өнүгүшүнө жана башка көптөгөн иштердин калыптанышына чоң салымы бар, мен дагы бул киши менен кызматташ болгонума сыймыктанам. Жаңы өсүп келе жаткан мамлекеттик кызматта иштеген жаштардын мууну үчүн анын ишке жасаган мамилеси, саясаттагы жолу профессионалдуулуктун үлгүсү деп бааласак болот. Анын жетекчилиги астында таалим-тарбия алып көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, коомдук тармактардын бардык багыттарында ийгиликтүү иштеген инсандар өсүп жетилди.
Ар намыстуу көпчүлүк эл деген сезим менен жашайт. Эл деген адамдарды баалайт. Азыркы доордо, эл деп күйгөн, идеология майданында курчуган жана практикалык даярдыгы бар адамдардын ичинен өзгөчө көрүнүп турган инсан. Анын потенциялын туура пайдалануу мамлекетибизге пайда гана алып келери баарыбызга белгилүү. Тээ алыскы айылда башталып, анан ушундай журт көзүнө көрүнгөн деңгээлге жеткен тагдырды аркалап келип, аксакалдык куракка жеткен атуул, чыгаан саясатчы - Жумагул Сааданбеков бактылуу адам десек жаңылышпайбыз.
Урматтуу Жумагул аба, сиздин өмүр жолуңуз жаштарга да, коомдун өнүгүшүндө да үлгү боло турган көрүнүш.
Кутман курак кут болсун!
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты,
"Ысык-Көл" коомдук фондусунун
төрагасы Жангороз КАНИМЕТОВ




  Көз жаздымда калган кол өнөрчүлүк

Абдраман Беккулу
Жаш Ишкерлер Ассоциациясынын эксперти
Маданият тармагындагы анын ичинде кол өнөрчүлүктөгү акыркы кээ бир өзгөрүүлөргө көңүл бурмакчымын. Ар кандай маалымат каражаттарынан, илимий эмгектерден кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн кайра жаралуу доорун башынан өткөзүп атканы тууралуу угуп көрүп жүрөбүз. Көкүрөк кагып мактанып улуттук кол өнөрчүлүгүбүз өркүндөп өсүп жатат дегенибиз менен анын кандай өзгөрүүлөр менен өнүгүп атканын эч кимдин иши жоктой. Бийликтегилерден баштап, илимпоз жана жөнөкөй катардагы мекендештерибиздин ичинен бирөө дагы өз сын пикирин билдирген жазуу-сызууларды көрө албай жатабыз.
Кол өнөрчүлүктүн өркүндөп-өскөнү жөнүндө анализ кылып, туура же туура эмес жактарын көрө жана көрсөтө билиш үчүн эң биринчиден, кыргыз кол өнөрчүлүгү тууралуу дегеле материалдык маданияты тууралуу ар бир мен кыргызмын деген жарандын жалпы маалыматы болуш керек го деп ойлойм. Ушул жерден бир окуя эсиме түштү, кайсы жылы экени эсимде жок чет өлкөлүк "Дисковери канал" телеканалынан дүйнө элдеринин улуттук оюндары программасын көрүп жатып күтүлбөгөн жерден кыргыз улуттук оюндарын көрсөтүп жатканын кубануу менен аягына чейин көрдүм. Бирок, биздин өлкөгө келип биздин улуттук оюндарды дүйнөгө таанытып жаткан чет өлкөлүк фильм тартуучуларга котормочу болгон кыргыз кызынын сөздөрү эч эсимден чыккыс болду. Биздин өлкөгө таанылган берүүнүн соңунда котормочу кыздан интервью алып калышты. Кыздын "силерге (чет өлкөлүк фильм тартуучулар) чоң рахмат, силер аркылуу мен кыргыз улуттук оюндары тууралуу көп маалымат алдым" дебеспи. "Улуттук кол өнөрчүлүк тууралуу сөз кылып бер" десек мекендештерибиз канча сөздүн башын курап канча барак аңгеме түзө алат дейсиздер. Бул маселенин бир жагы. Экинчи жагы болсо, ушундай деңгээлде кыргыз маданиятынан, кол өнөрчүлүгүнөн кабары жок кишилердин бийликке келгендерин бир ойлонсок. Жыйынтыгында эмне болмок эле, эч нерсе кыла албай, "Манас" сыяктуу дүйнөлүк шедеврлерибизди башкаларга тарттырып отуруп калабыз.

УЛУТТУК КОЛОРИТТИН БУЗУЛУШУ ОРИГИНАЛДУУЛУКТАН АЛЫСТАТУУДА
Кол өнөрчүлүктөгү акыркы айрым жетишкендиктерибизди айта кетүү менен болуп жаткан кээ бир өзгөрүүлөрдү көрүп зээниң кейийт. Мисалы, жетишкендиктерибиз - кийиз иштетүү менен дүйнөгө атыбыз чыкты. Бирок мунун жанында кээ бир биздин ата-бабалардан калган кол өнөрчүлүк түрлөрү таптакыр жок болуп кетти десек жаңылышпайбыз. Атын кээ бир адабияттардан эле окуп угуп калбасак, чыныгы жашоодо көрө албайбыз. Кийиз басканды бир көрүп, эң жөнөкөй орнаментин түшүргөндү үйрөнүп алып мен кол өнөрчүмүн дегендердин козу карындай жайнап кетишин биз жетишкендик катары карабашыбыз керек. Алардын жасап жаткан иштерин кандай сапатта экенине көңүл бурушубуз зарыл эле. Мына ушулардын жасап жаткан иштерин көрүп этнографтар же тарыхчынын, же болбосо кол өнөрчүлүк менен алектенген ар бир жаран сын пикирин айтып кемчилик жана каталарын көрсөтүшү керек. Бул жерден айтайын дегеним, улуттук колориттин бузулушу, өзүнүн оригиналдуулугунан алыстап орнаменттеринин жөнөкөйлөнүшү болуп жатат. Эң жакшы мисал катары улуттук кийимдерди айтсак болот. Себеби, күнүгө телевизордон ар кандай майрамдык шаан-шөкөттөрдө артисттердин кийип чыккандарынан көрсөк болот. Ал улуттук кийимдерди азыркы кол өнөрчүмүн деген уз-чеберлер жасап жатышат. Карап көрүңүздөрчү, шырдактын колтойгон бир оюу элементин кийимине, кыздар баш кийимине басып алып улуттук кийим деп чыкканын кандай айтсак болот. Улуттук кийим деп кийип чыккандардын кыяпатын карасаңар монголдордон айырмасы калбай калды. Бул жазуунун окугандан кийин өтүнүч урматтуу окурман, "Махабат дастаны", "Кожожаш" сыяктуу эски кинолордогу кыргыз кийимдерин караңыз, андан кийин азыркы учурдагы биздин улуттук кийим кийип жүрөм дегендердин кебетесин караңыз.
Менин оюмча, улуттук кол өнөрчүлүк үч жактуу иштеши керек. Биринчи - ошол нерсени жасагандар, чеберлер же усталар. Экинчи муну изилдегендер - этнографтар, тарыхчылар. Үчүнчү - керектөөчүлөр, биз кыргыз эли же туристтер. Ар бир тараптардын өзүнчө милдеттери жана башкаларындан талаптары бар. Башынан баштасак, этнографтын милдети - кол өнөрчүлүктү изилдеш, алиппесин түзүп китеп сыяктуу маалымат булактарын жаратышы лаазым. Эң башкы милдети - улуттук колориттин жок болуп кетиши же деформацияга дуушар болушун көзөмөлдөп турушу керек. Бул үчүн башка тараптардан талап кылат, сындайт. Керектөөчүлөрдүн милдети - кол өнөрчүлүк товарлардын кайсы түрүн алса дагы ал жөнүндө маалыматы болуш керек. Антпесе чоочун элементтер кирип кеткен кол өнөрчүлүк буюмдарын алып алып, аңырайып "бул биздин маданиятыбыз" деши толук мүмкүн. Талаптары болсо, мен этнограф мен тарыхчы дегендерден маалыматтарды туура толук убагында алыш. Кол өнөрчүлөрдөн өзүнүн рухуна жакын товарларды суроо. Үчүнчү жак болгон кол өнөрчүлөрдүн милдеттери болсо, жасап жаткан кол өнөрчүлүк тууралуу толук маалыматы болуп, колоритти сактоо менен иш жасашы керек. Эки жолу бар, оригиналдарга жакын иштерди же ошолордун копиясын жасоо. Муну биз консерватизм дейбиз. Экинчи жолу оригиналдардан кээ бир элементтерди алуу менен жаңы бир нерселерди жасоо. Ушул айтылгандардын жарыгында учурдагы кол өнөрчүлүгүбүзгө карап көрөлүчү? Биздин этнографтардын кыргыз улуттук кийимдери, кыргыз ат же кыргыз музыкалык аспаптары ж.б. ушул сыяктуу темалардагы китептерди чыгаргандарын уктуңуз беле. Этнографтарын жасалып жаткан иштерге болгон сын көз караштарын билдирген жазууларын окудуңуз беле? Керектөөчүлөрдү карасак, кол өнөрчүлүк буюмдарын же болбосо сувенирлерди алып жаткандар көбүнчө чет өлкөдөн келген меймандар же чет өлкөгө кетип бараткан мекендештер же бийлик төбөлдөрү. Бирок эч качан кыргыз кыргызга улуттук кол өнөрчүлүк буюмун белек катары бербейт. Мунун ордуна кытайдын арзан жылтыр-жултур белектерин беребиз. Демек, биз кол өнөрчүлүк буюмдарын керектебейбиз десек туура болот. Кол өнөрчүлөрүбүздү жашатып аткандар чет өлкөлүктөр десек дагы туура болоор. Биз өзүбүз керектебегенден кийин уздар менен усталарыбыз чет өлкөлүктөрдүн суроо-талаптары боюнча иш жасап аткандарын көрсөк болот. Мындай учурда кол өнөрчүлүккө башка чоочун элементтер аралышып жатат демек, деформацияга дуушар болууда.
PS:Эгерде суроолоруңуз, пикирлериңиз болсо ЖИАнын электрондук jia@jia.kg дарегине жазып, www.jia.kg сайтына кирип, же 35 25 63 телефонуна чалсаңыздар болот.