Нарындагы үчүнчү талап саясатташты
Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Нарын шаарынын борбордук аянтында 800-1000 киши катышкан санкцияланбаган митинг өттү.

17-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтына саат 10-30 чамасында эл келе баштады. Арадан 15 минута өткөндө шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мында келгендерди митинг өткөрүү болбостугун түшүндүрүп киришти. Ал аңгыча шаардын мэри Алмаз Кулматов келип, элдин тарап кетүүсүн, борбордук аянтта унаа жүрүү тоскоолдугу жаралгандыгын, мында келгендер мыйзамсыз чогулуп жаткандыктарын билдирди. Бирок эл тарабай тургандыктарын, митинг өткөрүлөөрүн айтышып каршылык көрсөтүштү. Саат 11ге карата айрым байкоочулардын баамында жыйылган эл саны бир миңден ашып, борбордук аянттын жолу жабылып калды. Ушул маалда губернатор Алмазбек Акматалиев келип, жыйынды облустук театрга өткөрүү сунушун келтирди да, өзү театр тарапка жөнөдү. Бирок жаалданган көпчүлүк бири-бирине сөз бербей, ал жакка баруудан баш тартышты. Баамдоочулар 20 мүнөт аралыгында чогулган элдин саны 2 миңге жакындагандыгын белгилешти. Ушул учурда олбурлуу адам менен бир ардагер апанын ортосунда кайым айтышуу келип чыгып, эл толкуну пайда болуп басылды. Көп өтпөй элдин толкуну чыгыш тарапка удургуп, милициялар айылдардан келгендерди киргизбей жатат дешип дүрбөп кыйкырып жөнөштү. Ал тарапта болсо милициянын атайын даярдыктагы отряды тизилип турган экен. Толкуган элдин бөлүгү кайрадан аянтка топтолушуп, электр наркын арзандатуу талабын айта башташты. Саат 11-40 чамасында аянтка үн күчөтүүчү шаймандар орнотулуп, митинг башталды. Губернатор Алмазбек Акматалиев эл алдына чыгып, өкмөт башчысы менен болгон жолугушуунун жыйынтыктарын билдирип, бүгүнкү чогулуунун мыйзамсыздыгын, аны сот аныктагандыгын айтты. Бирок эл ызы-чуу түшүп губернатордун сүйлөгөндүгүнө тоскоолдук жаратты. Андан соң эл арасынан каалоочу адамдар чыгып пикирлерин билдире башташты. Чыгып сүйлөгөндөр электр баасын калыбына келтирүү, Жетим тоосун кытайлыктарга сатпоо, Ак-Сай, Арпаны ижарага бербөө ж.б. талаптарды коюшуп булар аткарылмайынча токтобостуктарын билдиришти. Кеп арасында саясый да талаптар айтылып, Бакиевге да, премьерге да ишенич жок калгандыгын, алардын кызматтан кетүүлөрүн, Д.Үсөновду сот жообуна тартуу белгиленди. Нарын шаарынын борбордук аянтына серепчилердин айтымында 3,5 миңдин айланасында адам чогулду. Ал эми айрым бийлик адамдары 1,5 миң киши болгондугун билдиришти. Өз ысымын айтпаган укук коргоо органынын кызматкеринин талдоосунда 2 саат аралыгында келип кеткендерди кошкондо 6 миңге жакын адам митингге күбө болду. Нарын шаарынын борбордук аянтына келген алгачкы адамдар тобуна шаар мэри Алмаз Кулматов мыйзамсыз чогулуп жаткандыктарын белгилеп, чара колдонулат деп эскертип жатты.
-Азыр мыйзамсыз чыгып жатасыңар. Мен силерге эскертип коёун жолду тосуп жатасыңар. Азыр тарагыла. Болбосо мыйзамдуу чара колдонулат.
Бирок топтолгондор саны тез арада арбып, губернатордун келишин талап кылышты.
- Акматалиев чыксын, Акматалиев элдин алдында жооп берсин!
Ал эми шаардын жетекчиси элди театрга барууга үгүттөй баштады.
Драма театрга баргыла, микрофон даяр, ошол жерден сүйлөшөлү.
Бирок мындай кайрылууга эл макул болбой, акыры аянтка үн күчөткүч алынып келип митинг башталды. Жаалданган эл бийликти колдоп сүйлөгүсү келген адамды сүйлөтүшкөн жок. Эл арасынан суурулуп чыгып сөз алган ардагер мындай деп билдирди.
- Эми биз свет үчүн аягына чейин турабыз. Экинчиси мобул жерде митингге келген адамдарды кысым кылып атышат. Мен өзүмдү айтсам ушул жерден бир сары толук киши СНБнын кишиси экен, менден Жылдызды тааныйсыңбы деди. Мен тааныбаймын десем эле мени сөктү,-дегенде эл күүлдөп барып токтоду.
Суроолорго жооп берген губернатор Алмазбек Акматалиев эл талабы өкмөткө жеткирилгендигин билдирди.
- Биз ырасмий түрдө силердин үнүңөрдү жеткирдик. Азыр өкмөт ойлонуп жатат.
Нарын районундагы айылдан жаран бир жылда 30 миң сом электрге төлөм төлөөрүн мындайча билдирди.
- Мен Таш-Башат айылынан келдим. Аялым экөөбүз тең иштебейбиз, төрт балабыз бар. Анан бир күндүк светти эсептесем 78 сом чыгат экен. Бир жылда болсо 30 миң сом болот экен. Үч уюң, түстүү телевизоруң бар деп пособиени кыркып салышкан. Анда мен үч уйду свет үчүн төгүп берип салып, төрт баламды эмне кылып багам,-дейт айылдык тургун Эркин. Митингге катышкандардын өкүлдөрү 28-мартка чейин кайрадан өкмөткө талаптарды коюшуп, болбосо 28-мартта жол тосуу, жүрүш жасоого барышаарын дагы бир жолу белгилеп тарап кетишти.

ИИМ: НАРЫНДАГЫ МИТИНГГЕ 800-1000 КИШИ КАТЫШТЫ
Үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Нарын шаарынын борбордук аянтында 800-1000 киши катышкан санкцияланбаган митинг өттү. Ага облустун губернатору Алмазбек Акматалиев, шаар мэри Алмаз Кулматов жана регион жетекчилигинин бир катар расмий жетекчилеринен катышты деп билдирди Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат жана коомчулук менен байланыш башкармалыгынан.
"Оперативдүү маалыматтарга караганда, ким экендиги аныкталбаган кишилер санкцияланбаган митингге эртең менентен тарта даярдык көрүп, борбордук базарда соода кылгандарды коркутуп-үркүтүп, митингге чыкканга мажбурлашты" деп айтылат аталган маалыматта.
Аталган башкармалык учурда жогоруда айтылган адамдардын ким экендиги тактоо иштери жүрүп жаткандыгын, митинг бүтүп, эл тарап, Нарын шаарында абал тынч экендигин билдирди.




Адистештирилген микрокредиттик компания бир айлык иштин жыйынтыгын чыгарууда
Мындан туура бир ай мурун Кыргызстанда биринчи адистештирилген элет калкын каржылоого багытталган компания ишке киргизилген. Жабык типтеги акционердик коом "МКК "AUB-Агро" КРдин өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жана Өнүктүрүү фондунун жарандардын жетиштүүлүгүн жогорулатуу жана экономиканы өнүктүрүү боюнча атайын программасынын алкагында түзүлгөн. Биздин сурообузга компаниянын маркетинг жана өнүктүрүү боюнча директору Луиза Мамарасулова айым жооп берет.
- "МКК"AUB-Агро" компаниясына кредит алуу максаты менен кайрылган жарандарга кандай мүнөздөмө бере аласыз?
- Алар элет тургундары, көбүнесе талаачылык жана мал чарбачылыкта эмгектенишет. Үстүбүздөгү жылдын 11-мартына карата биз 51 кредит бере алдык. Микрокредиттик компаниянын кредиттик куржуну 4,2 миллион сомго жетти. Берилген кредиттердин орточо мөөнөтү - 13 ай.
- Кредитке кайрылгандар өзүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүн канчалык деңгээлде объективдүү баалашат?
- Көпчүлүк учурда алар кредиттин суммасын өздөштүрүү боюнча жөндөмүн жогорулатып коюшат. Алардын ар биринин өзүнүн эсептөөлөрү бар. Бирок биз өзүбүздүн талдоону өткөрүп, ар кандай тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу, кредиттердин суммаларын баалоодогу коэффициенттерди колдонобуз.
- Кредитке кайрылган калктын кайсы пайызы "МКК"AUB-Агро" компаниясынан кредит ала алат?
- Биздин кредиттер айыл чарбасында мыкты эмгектенген, өзүнүн чарбасын андан ары өркүндөтүүгө жол алган айыл тургундары үчүн караштырылган. Ушуну менен бирге, мындай жарандар кредитти иштетүү пландарын так билиши керек.
- Учурда айыл тургундары кредиттин кандай көлөмүн көбүрөөк сурашат?
- Мындай кредиттин орточо суммасы 90 миң сом.
- Дыйкан-фермер, айтылуу форс-мажор учуруна туш болуп калса, микрокредиттик компаниянын чарасы кандай болмокчу?
- Биз компаниянын кардарларынын жашоосун камсыздандыруу системасын киргизүүнү пландаштырып жатабыз. Бул өз учурунда кырсык учурларындагы тобокелдиктерди кайсы бир деңгээлде кыскартууга жардам берет.
Жабык типтеги коом "МКК" AUB-Агро" микрокредиттик компаниясы айыл тургундарына тартуулаган кредиттик программасынын негизги артыкчылыгы - күрөө жана кредитти кайтаруу боюнча графикти иштеп чыгуудагы кардарга өзгөчө мамиле, ошону менен бирге ар түрдүү "жашыруун" комиссиялардын жоктугу. НУР ТУРАТБЕКОВА