Окуучулардын укугу бузулууда
Мектептердеги каржылык абалдын начардыгы, андагы ата-энелерди тажаткан акча чогултуу, акы төлөп кошумча окутуу сыяктуу маселелер көп айтылып келе жатканы менен чечилбей келет. Балдардын билим алуу тармагындагы укуктарынын сакталышын изилдөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишинин жыйынтыгын талкууга салды.

АЙМИРА МЕНДЕЕВА
Мектеп жетекчилиги менен ата-энелердин ортосундагы акча каражаты боюнча маселелер нааразылык жаратып, чыр-чатактарга чейин алып келген учурлар аз эмес. Эгерде мектеп чогултуп жаткан төлөмдөрдү ата-эне төлөөдөн баш тартса, анда анын баласына куугунтук башталаарын көп ата-энелер айтышат. Ошондой эле кайсы бир предмет боюнча акы төлөнүүчү кошумча сабактарга катышпай койгон окуучунун баасы төмөндөп калаары да жашыруун эмес. q БИЛИМ БЕРҮҮ 04




Өкмөт отчёту ишеним артпоо чакырыгын жаратты
Өкмөт Жогорку Кеңеште 16-мартта кеңейтилген комитетте, эртеси "Ак жолдун" фракциялык жыйынында былтыркы жылдын отчётун берди. Эки жыйында тең министрлер кабинетинин ишин канааттандырарлык деп табылганы менен, депутаттар арасынан ага ишеним артпагандары да болду.
Комитеттер жыйынындагы Экономикалык тескөө министри Жеңишбек Байгуттиевдин маалыматында 2009-жылы экономикалык өсүүнүн төмөндөө коркунучун ашып өтүп, дүйнөлүк каржылык кризиске карабай өсүүнүн деңгээли 2,3 пайыз менен сакталган. "Өлкөбүз үчүн былтыркы жылдын I жарымы оор жана туруксуз болсо, жылдын аягына барып экономикалык өсүү жакшырган",-дейт министр. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкө инфляция боюнча нөл көрсөткүчү менен чыккан. q КАБАРЛАР 02




Байкоочулардын баамында жыйылган эл саны бир миңден ашып, борбордук аянттын жолу жабылып калды. СҮРӨТ: КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН
Нарындагы үчүнчү талап саясатташты
КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН НАРЫН
Нарын шаарында буга чейин бир нече жолу өткөн нааразычылык митингдери, бул аптанын 17-мартында кайрадан кайталанды. Ар кыл булактарга таянсак, жалпысынан нааразычылыкка келип-кеткендердин саны 6000ге чамалаганын айтышса, ИИМ 800-1000 адамдын тегерегинде деген маалыматты таратты. q ДУБАН 05