Он түстө жаңырган жаз…

Ким бирөө аппак кар менен коштошкусу келбесе, көптөгөн адамдар кирип келген жаздын жашыл түсүн сагынды. Бирок быйылкы жаз мезгили кыз-келиндерди өзүнүн он түсү менен сүйүнтөт.

Жыл сайын мода дүйнөсүнүн жаңылыгы Кыргызстанга тереңирээк жайылып бара жатканы байкалат. Чет өлкөдөгүдөй моданын артынан массалык кууп алуу, белгилүү дизайнерлердин кийимин сатып алуу биздин жарандардын көбүнүн чөнтөгүнө чак эмес. Эгерде баамдасаңыз, кийимдин өзү болбосо да, мода болгон түскө кыргызстандык кыз-келиндер көбүрөөк басым кыла баштады. Алсак, былтыркы жылы мезгилге карабай, сыя көк гүлүндөй түс бирдей аялзатында да, эркектерде да мода болгон. Эсиңизде болсо, жазында жана жайында сары өңдүү кийимдер базарда жайнап кеткен эле. Мода тармагынын дөө-шаалары быйылкы жылдын жазын он түскө боёшту. Серепчилердин айтымында, жаңы сезондун башталышы менен сөзсүз гардеробду баштан-аягына чейин жаңыртууга баарынын эле мүмкүнчүлүгү туура келбейт. Анын үстүнө биз кээ бир кийимибизге көнүп, же жактырып калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан жаздын модасына айлануучу түстөн бир кийим алып, колубузда болгон кийимге кошсок деле, модада болобуз. Төмөндө жаздын 10 "каарманы" менен тааныштырабыз:

1Бирюза - жаз жана жай мезгили адамды көлдүн, деңиздин жээгине баруу каалоосун күчөтөт. Бирюза өңүндөгү кофта сиздеги кадимки кара шым, же кара юбка менен куп жарашат.
2Жашыл менен көктүн ортосундагы адамды тынчтантуучу, т.а. көлөкөнүн түсү десек туура болот. Кадимки ачык көк өңүнөн айырмаланып, жылуулук берет. Бул өңдөгү буюм шым, же көйнөк болушу ыктымал, аны ак түстөгү кийим менен аралаштырса болот.
3Ачылып келе жаткан гүлгө окшоп, романтика тартуулаган сыя көк түсү биз менен дагы көпкө болчудай. Бирок анын сизде болгону байкалбасын, анткени былтыркы жылдан бери адамдын көзүнө уруна берип, бир аз тажаткандай сезим калтырган. Ошондуктан сыя көктүн анча билинбеген түсүнөн моюн орогуч, же дагы башка кичинекей буюм жетиштүү.
4Таң эрте мененки сары түс жаздын байчечекей гүлүндөй быйылкы мода жаңылыктарынын бири. Аны коюу жашыл кийимдер менен кошуп кийсе, алсыз көрүнгөн сары сонун ачылат.
5Коралл - бул сезондун салтына айлануучу кызыл түс. Ал апельсин менен томаттын ортосундагы өң, аны бирюза менен аралаштырып кийсе, ретро стилинин өкүлүнө айланасыз.
6Кылдаттык менен тандалып алынган нейтралдуу- боз, ак саргыл, ж.б. түстөр башка коюу түстөрдүн өңүн ачууга жардам берет.
7Ачык кызгылтым - сезондун жапжаңы жана хитке айлануучу түстөрүнүн бири. Дээрлик бардык түстөгү кийимдер менен жарашат.
8Жогорудагы жети "каарманга" астыдагы үч түс кошумча иретинде сунушталат. Тоскана - саргыч боз түс, буга чейинки айтылган коралл жана сыя көк түстөгү кийимдер менен мыкты фонду түзөт.
9Кургак чөп - жашыл түсүнүн нейтралдуу жана ачыктыгы боюнча акыркы орунда турган түс. Бардык түстөгү кийимдер менен коошот.
10Эвкалипт - бул түстөгү кийим баарынан эң көп байкалып турушу шарт. Алсак, жеңил куртка, юбка, кофта, же шым. Ага кызыл, же сары түстөгү бут кийим, сумка жана асем буюмдары туура келет.