Калия Касымбекова: "Кыргызстанда
дагы жасалма азыктар чыгарылууда"
"Бизге башка өлкөлөрдөн импорттолуп келген товарлар көп болгондуктан, генетикалык жактан модификацияланган азыктар да көп келүүдө. Былтыркы жылы 42 үлгү изилденсе анын ичинен 12,9 пайызынан генетикалык жактан модификацияланган организмдер (ГМО) чыкты",-дейт Калия Касымова.
СҮРӨТ: АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Ааламдашуунун шары менен генндик инженерия да дүркүрөп өнүгүп, укмуштуудай ийгиликтерге жетүүдө. Бирок, анын адам баласына, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири канчалык болууда? Учурда биздин өлкөгө дагы жасалма азыктардын чет өлкөлөрдөн агылып келиши байкалууда. Бул боюнча Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин микробиологиялык жана молекулярдык-генетикалык изилдөө борборунун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Калия Касымбекова менен маектештик.

- Айтыңызчы, Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн келген азыктарга кандай көзөмөл жүргүзүлөт?
- Бизге башка өлкөлөрдөн импорттолуп келген товарлар көп болгондуктан, генетикалык жактан модификацияланган азыктар да көп келүүдө. Былтыркы жылы 42 үлгү изилденсе анын ичинен 12,9 пайызынан генетикалык жактан модификацияланган организмдер (ГМО) чыкты. Ошондуктан биздин өлкөдө бул боюнча мыйзамдык укуктук нормативдердин иштелип чыгуусу зарыл болуп турат. Биздин лаборатория өлкө боюнча тамак-ашты изилдеген жалгыз эле лаборатория. Негизинен бул тармакта бир нече топ иштеши керек. Биз текшерүүгө чыкканда азык-түлүктүн үлгүлөрүн изилдейбиз. Биз ГМО бар экенин тапкандан кийин деле аларды сатып жаткандарга же өндүрүүчүлөргө эч кандай таасир эте албайбыз. Себеби, бизде андай укуктар мыйзам тарабынан каралган эмес. Ошондуктан ал продукция кайра эле сатылышы мүмкүн. Биз болгону аны сатпагыла деп эскертүү беребиз. Бирок, сатуучу аны алабы, албайбы өзү билет.
- Биздин өлкөдө өндүрүлгөн азыктардын сапаты да текшерилеби?
- Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктарды текшергенибизде, алардан дагы ГМОнун компоненттери чыгып жатат. Мисалы колбаса, сосиска өңдүү азыктарга соя түрүндө кошулгандыгы лабораториядан изилденип, тастыкталды. Ал гана эмес жакында эле Россияга импорттолуп жаткан өзгөн күрүчүнөн да соя чыкты, аны өндүрүүчлөр товардык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн соя менен кайра иштетишкен. Бул акырындап генндик инженериянын биздин өлкөгө да келишин түшүндүрүп жатат. Мамлекеттик көзөмөл болмоюнча генндик инженериянын азыктары бара-бара табигый азык-түлүктү түртүп чыгышы ыктымал болууда.
- Жасалма организмдин курамы азыкта канча пайызга чейин болушу керек?
- Мисалы Россияда ар бир чыгарылган товарга маркировка киргизишкен, анда ГМО бар болсо канча пайыз экендигин жазып коюшат. Бул аллергиясы бар, ден соолугу начар адамдарга же болбосо жаш балдарга колдонууга болбойт дегенди түшүндүрөт. Европалык стандартта эгерде азыкта ГМОнун курамы 0,9 пайыздан жогору болсо аны колдонууга болбойт деп эсептелинет. Европанын көптөгөн өлкөлөрү андай продуктуларды колдонууга толугу менен тыюу салышты. Американын азыктарында да ГМО бар, бирок, алар сөзсүз түрдө этикеткага жазып коюшат. Себеби, аны окуган адам сатып алышты же андан баш тартууну өзү чечет. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тарапта изилдөөлөрдү жакшыртуу максатында бизге тест системаларын алып беришти. Ошону менен бирге пайыздык изилдөө жүргүзүү үчүн сандык жаңы ыкма киргизилди. Буга чейин мындай ыкма жок болчу, 2008-жылдан тартып ошону изилдөөнүн үстүндө иштеп жатабыз. Рыноктогу азыктарды бир сыйра текшергенден кийин өлкөдөгү көпчүлүк товарларда жасалма ген бар экендиги тастыкталды.
- Ал эми жашылча-жемиштерди текшерүү, аларга көзөмөл жасоо канчалык деңгээлде жүрүп жатат?
- Дагы бир орчундуу маселе, базарга келип түшкөн жашылча-жемиштерди текшерүү биздин милдетибизге кирбейт. Аны Айыл чарба министрлиги көзөмөлгө алышы керек. Учурда аларда дагы андай мүмкүнчүлүктөр каралган эмес, лабораториясы жок. Буга да өзүнчө акча каражаты бөлүнүшү керек. Ушул тапта дүкөндөрдө, базарларда көлөмдөрү бирдей, тунук, эч бир курту жок, канча турса дагы бузулбаган жашылчалар жайнап кетти. Аларды жайы-кышы эле сатып алып жей берсе болот, бирок, алардын бардыгы жасалма. Анткени алар ошондой жакшы сапаттарды алып жүрүшү үчүн генндик инженерия аркылуу иштелип чыгып, өстүрүлөт.
- Андай азыктардын адамдардын организмине тийгизген таасири канчалык деңгээлде коркунучтуу?
- Мындай азыктарды колдонуу экологиялык, медициналык жана социалдык-экономикалык коркунучтарга алып келет десе да болот. Ал биринчиден, аллергиялык ооруларга алып келиши ыктымал. Генетикалык манипуляциялар өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды ага таандык болгон сапаттарга ээ кылат. Ошондуктан биз жеп жаткан жасалма азыктар жаңы уулуу заттарды иштеп чыгышы да мүмкүн. Андан антибиотиктердин таасирине карата туруктуулук келип чыгат деген да божомолдор бар. Аны көбүнчө кош бойлуу аялдарга, жаш балдарга колдонууга болбойт. Азыкты сатып алаардан мурда кутудагы жазууну окуу керек. Учурда шоколаддан жана сүт аралашмаларынан да чыгып жатат. Россияда көзөмөл болгондуктан алардын өндүрүшүнөн чыккан балдардын сүттөрүндө жасалма гендер жок. Ал эми башка өлкөлөрдөн сапаты начар, өздөрүндө өтпөй калган, ГМО кошулган продуктулар келет. МАЕКТЕШКЕН АЙМИРА МЕНДЕЕВА




Дарылоонун элдик ыкмалары
ДИАБЕТТИН ЖАҢЫ БАСКЫЧЫНДА
1. 1 аш кашык бай теректин кургатылган кабыгын майдалап, жай отто 2 стакан сууга жарым саат кайнатат. Даяр болгондон кийин жылуу жаап 2-3 саат коюп, тундуруп алат. Күнүнө тамактын астында үч жолу 5тен бир же 4төн бир бөлүгүн ичет. Дарылоо мөөнөтү 3 ай же андан көбүрөөк. Диабеттин башкы баскычында жакшы жардам берет.

2. Черниканын жалбырактары
1 аш кашык черниканын кургатылган жалбырактарын 1 стакан кайнак сууга салып, 30-40 мүнөткө жылуу жаап, андан кийин чыпкалайт. Муздатылган түрүндө аны күнүнө 3 жолу 1 стакандан аз-аздан ууртап ичет.
3. Черниканын жалбырагы, фасолдун кургатылган сырткы кабыгы (эки жакка ачылган), зыгырдын уругу, сулунун саманынан бир бөлүктөн кошуп аралаштырат. 3 аш кашык аралашманы 3 стакан сууга салып 20 мүнөт кайнатат, 30-40 мүнөткө жаап, андан кийин чыпкалайт. Күнүнө 6-8 жолу стакандын 4төн бир бөлүгүн ичет.

CАРЫКТА
1. Мажүрүм талдын кургатылып майдаланган кабыгын 1 литр сууга 15-20 мүнөт кайнатып алып жылуу жаап, 1 суткага калтырат. Андан соң чыпкалап алып, күнүнө үч ирет жарым стакандан тамакка чейин кабыл алат.
2. 25 грамм соолубас гүлүн 1 литр сууга жарымы калгычакты кайнатып, муздагандан кийин чыпкалайт. Күнүнө 3 жолу тамакка чейин 50 граммдан ичет. Толук айыккычакты аны иче берүү абзел.
3. Ачытылган капустанын ширеси. Күн сайын эртең менентен баштап ар бир 2-3 саат сайын 1 стакандан ичүү керек. Дарылоо курсу эки жума.

Уулануу жана андан дарылануу
Ар кандай тиричилик химиясынын каражаттары, дары-дармектер, алкоголь, козу карын, ис газы, уу химикат, уулуу өсүмдүктөр, жаныбарлардын уусу, тамактагы бактериялардын ишмердүүлүгүнүн продуктулары ууланууга алып келет.
Ууланууда оорулууну ошол замат жылуу суу же өсүмдүк майын ичирип кустуруу керек. Кускандан кийин көп өлчөмдө сүт же кайнатылган чалкандын сары май менен кошулмасын ичүүсү зарыл. Эгер кускандан кийин температура көтөрүлсө, оорулууга муздаткычтагы суу же роза майы кошулган булак суусун берип, бир мүнөткө да уктатпай кайрадан кустуруу керек.

УУГА КАРШЫ ЗАТТАР
Ууга каршы зат - бул уунун зыяндуу касиетин нейтралдаштыруучу зат.
Чийки жумуртканын агын (ичкенде) көп өлчөмдө кабыл алуу металл жана металлдардын туздары, өзгөчө сымап жана сулема, жез, калай, коргошун жана күкүрт кислотасы менен ууланган учурда жардам берет. Белокту уу белгисиз болгон учурда берсе болот.
КАМФОРА- өсүмдүк заттары, уулуу курт-кумурскалардан, өзгөчө шпан коңузунан, чүчөккө каршы каражаттардан, тамеки, ачуу бадам жана синил кислотасын камтыган башка мөмөлөрдөн ууланганда башкы каражат. Бул өзгөчө уулануунун белгилери кусуу жана ич өтүү, өңдүн кубарышы, буттардын муздашы жана эстен тануу менен коштолгон учурда пайдалуу.

КОФЕ
Кофе апийим, кустуруучу жаңгак, дурман (уулуу өсүмдүктүн бир түрү), баңгилик козу карын, ачуу бадам, синил кислотасы жана аны камтыган заттар менен жабыркаганда жардам берет. Аны шайман кетүү, мас болуу же акыл-эстен тануу, галлюцинация белгилеринде колдонуу пайдалуу.

ӨСҮМДҮК МАЙЫ - азот, күкүрт жана ошолор өңдүү күчтүү жана жегич кислоталарда пайдалуу келет. Эгерде көзгө же кулакка байкоосуздан курт кирип кетсе, аны жок кылуу же чыгаруу үчүн ошол жерге бир тамчыдан өсүмдүк майын куюу керек. Ал металл же металлдын туздары менен ууланууда пайдасыз, ал гана эмес шпан курту жана мышьяктан жабыркаган учурда зыяндуу.

СҮТ - бардык учурларда, өзгөчө жегичтер менен ууланууда жардам берет.
Ак самындын (балдардын самыны өңдүүлөрү) суудагы эритмесин, жумуртканын агы жардам бербей калган учурда ичүү абдан пайдалуу . Күкүрт, азот сыяктуу күчтүү кислоталарга жана ошол сыяктуу эле квасцы (ачуу таш), ачуу өсүмдүк заттары, касторка майына каршы жакшы таасир берет.
Аны шакар, кристаллдык йод, ляпис (медицинада күйгүзүү үчүн колдонулат), поташ (самын, айнек жасоодо колдонулат), сода, нашатырь, учуучу аммиак щелочь содасы, жегич же күйгүзүлгөн акиташта колдонуу зыяндуу.

КАНТ (КАНТ СУУСУ)
Кант минералдык кислота жана щелочтор менен ууланууда тиешелүү дарылануудан кийин пайдаланууда эң жакшы каражат. Айрым боёктор, жез, көк таш, квасцыдан жабыркаганда жардам берет. Эгерде кантты колдонууда бейтап өзүн жакшы сезсе, анда жумуртканын агы жана самын эритмеси менен алмак-салмак берүү керек. Андан сырткары кант мышьяк жана жегич өсүмдүк заттары менен ууланууда эң мыкты каражаттардын бири.
Дарыга ууланууда бейтаптын башы айланып, денеси ысып, ыктытуу жана зарына пайда болот. Аны дарылоо үчүн алгач кустуруп, оорулуунун температурасын түшүрүп, сары май жана каймактуу сүт ичирүү керек. Андан кийин ага кычкыл-таттуу анардын ширесин берет.

ГРИППТЕ ЖАНА СУУК ТИЙГЕНДЕ
Орус агроному Болотовдун рецеби:
1. Талаа шалфейи, дарыкана ромашкасы жана кадимки шалфейден 1 бөлүктөн кошуп, майдалап жана жакшылап аралаштырат. 1 аш кашык аралашманы 0,5 литр кайнак сууга салып, думбалап жаап, 30-40 мүнөт коюп, анан чыпкалап алат. Түнкүсүн ысык тундурмага бал кошуп 2-3 чыны ичип жатат. Күндүзү болсо чай катары ичет. Эгерде ал баш оору менен коштолсо, анда аралашманын бир бөлүгүнө жалбыз кошот. Даярдалышы жана кабыл алуу жогорудагыдай эле тартипте.
2. Ит мурун. 5 аш кашык кургатылган мөмөнү жанчып 1 литр муздак суу куят. Отко коюп 10 мүнөт кайнатат. Андан соң 8-10 саатка жылуу жаап, чыпкалап алат. Таң эртеден баштап бир сутканын ичинде ар бир 2-3 саат сайын 1 стакандан ичүү зарыл. Ага бал, варенье, кант кошуп ичсе болот. Коюураак кылып демдесе да болот. Мүмкүн болсо ошол күнү эч нерсе жебеш керек. Ит мурунду ичкен сайын артынан жылуу суу менен оозду чайкап коюп туруу абзел, себеби, кислота тиштерди "жейт". Гриппте өлчөмүн бара-бара азайтуу менен ит мурунду бир жума бою ичүү өтө пайдалуу.
3. Липанын гүлдөрү - Липанын гүлүнөн бир бөлүк, малинанын мөмөсүнөн бир бөлүк кошот. 2 аш кашык аралашмага 2 стакан кайнак суу куюп, 5-10 мүнөт кайнатып, чыпкалап алат. Жатаарда ысык бойдон 1-2 чыныдан ичет. Аны ревматизмде, гриппте жана суук тийген учурларда колдонот.
4. Малинанын мөмөсү - 40 грамм жана өгөй-эне-өз эне жалбырактарынан - 40 грамм кошуп аралаштырып, 3 рецептте көрсөтүлгөндөй тартипте даярдап ичет.
5. 1 бөлүк липанын гүлү жана бөлүк кара бузинанын гүлүн аралаштырат. 2 аш кашык даяр болгон аралашмага 1 стакан кайнак суу куюп 5-10 мүнөт кайнатат, чыпкалайт. Гриппте жана суук тийгенде ысык боюнча бир эле жолу кабыл алат. ДАЯРДАГАН АЙМИРА МЕНДЕЕВА