"Медиа стар" студиясынын продюсери Сүйүн Откеев: "Биздин кардарыбыз эң сапаттуу тейлөөгө татыктуу деп эсептейбиз"
ЖИА бул сапар "Медиа стар" студиясынын продюсери Сүйүн Откеев менен маекти сизге сунуштайт. Негизинен биздин баарлашуу Кыргызстандагы ишкер чөйрөдөгү маданият, учурдагы кемчиликтер, бул жааттагы алака-катыштар, кардарларга кызмат көрсөтүүнүн сапаты туурасында жүрдү.

"Менимче кайсы багытта иштебейли, жаңыча ой жүгүртө билүүбүз, жаңы көз караш менен иш алып баруубуз шарт. Өнүккөн өлкөлөрдө бардык иш-аракеттер жогорку деңгээлде иш жүзүнө ашырылышы үчүн колдон келген баардык күч жумшалат. Алардын басып өткөн жолун жакшылап изилдеп чыгып, ээ болгон тажрыйбалардан пайдалансак ийгиликке жетерибизден күмөн санабайм",- дейт Сүйүн Откеев

- Камера, студия, фотоаппарат, клип, ролик... көбүбүзгө бул өзүнчө эле табышмактуу дүйнө сезилет. Бул сырдуу дүйнөнүн босогосун кантип аттадыңыз? Эмне түрткү болду?
- Бала кезимде эле телевизор көргөндү аябай жакшы көрчүмүн. Кандай көрсөтүү болбосун кызыгуу менен көрүп, андан бир нерселерди үйрөнүүгө аркеттенер элем. Эң кызыгы телевизор көрүп отурганда аябай жасанып, бөлмөнү да тазалап, жасалгалап коер элем. Балалык сезим менен көгүлтүр экрандагылар да мени көрүшөт деп ойлочумун. Массалык басма сөз каражаттарына кызыгуум ошондо эле башталган деп айта алам. Кийинчерээк студент кезимде ар кандай чогулушта, той-топурларда, концерттерде, кичинекей видеокамерамды алып, тартып, чыгармачылык дараметимди өркүндөтүүгө аракеттенчүмүн. Бул кызыгуум, же азыркылардын айткандай "хоббим" бара-бара чыныгы кесибиме айланды. Кийин кесибимди өркүндөтүү максатында Германияда Медиа продакшн багытында билим алдым, узун мөөнөт иштеп, тажрыйба топтодум. Эми мына минтип бир жылдан берим өзүмдүн Кыргызстанымда кесибимди аркалап дегендей, чакан эмгек жамаатыбыз менен эмгектенип келе жатабыз.
- Өзүңүз айткандай узун мөөнөт чет мамлекетте иштеп, алардын иш алып баруу ыкмалары менен жакындан таанышыпсыз, сиздин оюңуз боюнча бүгүнкү күндө кыргызстандык ишкердин ишмердүүлүгүндөгү көзгө урунган эң чоң кемчилик эмнеде?
- Германияда окуп, жашап, иштеген киши катары немец ишкерлердин жана жумушчулардын ишине болгон жоопкерчилиги таң калтырды. Аткарылган жумуштун көлөмүнө карабай, чоң-кичине дебей, берилген жумушту 100 пайыз аткарат. Жумушуна эч качан кайдыгер мамиле кылбайт. Ал элдин бир өкүлү менен бир нерсеге келишим түзсөң, коркпой үркпөй, аркаңа кылчактабай ишенимдүү кызматташасың. Бизде тилекке каршы, акыркы убакытта "кыргызчылык " деген зээнди кейиткен бир термин пайда болду. Кылымдардан бери ата-бабабыз барктап, сактап келип, бизге мурас калтырылган атыбызды, биз кемчиликтин бир белгиси катары колдоно баштадык. Бир эле мисал катары убакыт түшүнүгүнө көз салалычы, бир немец дайыма так жүрөт, ал эми биз айтылган жерге кеч барабыз, аны дагы "кыргызча келди" деп маашырланабыз. Бул балким, субъективдүү көз караш бирок, эң негизги кемчилигибиз жаңылануу процессине даяр болбогонубуз, бир кадам аттап, жаңы дүйнөгө, интернетке, жаңы маалыматка умтулбаганыбыз. Биз биринчи келгенде абдан кыйналдык. Көп жерлерге барып долбоорлорубузду сунуштадык бирок, эмнегедир барган жерлерибиз бизди угуп эле, макул деп баш ийкеп, ишендирип, бизди күттүрө берди. Кийин жок болбой калды деп баш чайкап баса беришти. Берген убадаларын аткарышкан жок. Ошентип көп убакытты текке кетирдик. Андан көрө дурус мамиле жасап, "жок колдон келбейт" деп так айтышса дагы жакшы болмок. Чынын айтсак, ошондон кийин биздин башкаларга болгон ишенимибиз солгундай түштү. Ишкерлердин чөйрөсүндө ишенимсиздик атмосферасы бар. Бул ишкерлер үчүн өтө зыян нерсе, жакшылыкка алып барбайт деп ойлойм.
- Балким, бул ишкердик тармагындагы маданияттын калыптанбагандан болуп жаткандыр?
- Балким, болушу мүмкүн. Биздин иш алып барган медиа тармагын айта кетсек, бул тармак өлкөбүз үчүн салыштырмалуу жаңы деп эсептесек болот. Биз өнөктөштөрүбүзгө көптөгөн жаңы долбоорлорду сунуштайбыз. Бирок көбү кооптонуу менен мамиле кылышат. Иш маданиятынын принциптери биринчиден аң сезимдерде калыптанып бир нукка түшө элек.
- Өлкөбүздө тармагыңызда белгилүү бир канча жеке компания иш алып барат. Бул багытта, ээси жана жетекчиси сиз болгон "Медиа стар" компаниясынын башкалардан айырмасы эмнеде же болбосо эмнеде болуш керек деп ойлойсуз?
- Менимче кайсы багытта иштебейли, жаңыча ой жүгүртө билүүбүз, жаңы көз караш менен иш алып баруубуз шарт. Өнүккөн өлкөлөрдө бардык иш-аракеттер жогорку деңгээлде иш жүзүнө ашырылышы үчүн колдон келген баардык күч жумшалат. Алардын басып өткөн жолун жакшылап изилдеп чыгып, ээ болгон тажрыйбалардан пайдалансак ийгиликке жетерибизден күмөн санабайм. Сиз күбө болгондой биз да чет мамлекеттен алган билимибиз жана топтогон тажрыйбабыздын негизинде иш алып барууга аракеттенип жатабыз. Эмгек жамаатыбызды түзгөн балдардын көбү чет жактан ушул багытта билим алгандыктан, көп маселелерди жаңыча көз караш менен карап, ар нерсени дыкаттык менен иликтеп иш алып барабыз. Тилекке каршы, өлкөбүздө көп нерсе терс мүнөздө калыптанып калган, ушул нерселерге баары бир башка ракурстан көз салып, баамдаганга аракеттенебиз. Мисал катары биз тарабынан тартылган клиптерди, тасмаларды, жарнамаларды айта кетели, бул түрдөгү өнүмдөрүбүздүн көпчүлүгүндө сөзсүз жаңыча көз карашты чагылдырган элементтерди таба аласыз. Биздин чыгармачылыгыбыздын, эмгегибиздин башкалардан айырмачылыгы бир жумушту бүтүрүп эле акысын алуу эмес. Биз өзүбүзгө жаңыланууну, изденүүнү негизги милдет катары кабыл алганбыз. Бул замандын талабына ылайык, иш алып баруу менен бирге, кардарыбызга жогорку деңгээлде кызмат кылуу дегендик. Анткени биздин кардарыбыз эң сапаттуу тейлөөгө татыктуу деп эсептейбиз. Ошондой эле сапаттуу түрдө кызмат көрсөтүү менен биз өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуп жатканыбызга ишенебиз.
- Сиз шоу дүйнөсү менен да иш алып барасыз, социалдык маселелерди чагылдырган роликтерди даярдайсыз... Ишиңизге мүнөздөмө бере турган болсоңуз, өзүңүздү кантип баалар элеңиз? Сиз чыгармачыл адамсызбы же кесибиңизди киреше булагы катары көргөн ишкерсизби?
- Абдан кызык суроо экен... Чыгышта "өйдө түкүрсөң мурут, ылдый түкүрсөң сакал" деген сөз бар эмеспи. Ошо сыңары бул эки жактуу маселе. Мен өзүмдү чыгармачыл адам десем да болот, толук кандуу ишкермин десем да болчудай. Себеби азыркы заман талабы ушундай, 1-2 мүнөттүк социалдык тасма же 30 мүнөттүк коммерциялык тасма тартайын десең деле баардык нерсе барып кендирди кескен каражат маселесине такалат. Колдонулган техника, каражаттар арзан эмес, баасы кээде асманды чапчыйт. Бул да тармагыбыздын жетишээрлик даражада өнүкпөгөндөн болсо керек. Ошондуктан, колдоо болбосо же таяна турган каражат жок болсо чыгармачылыгың токтоп кала тургандай. Заманыбыздын көйгөйлөрүнө чыгармачыл көз караш менен кароо бир топ маселелерди жеңилдетет. Негизи, кеcибибиздин өзөгү чыгармачылыкты, ал эми уюштуруу иштери ишкердик мүнөзүбүздү талап кылат. Балким, бул тармактын өкүлү катары мен чыгармачыл ишкермин деп да айта алам го (күлүп).
- Жаш ишкерлер ассоциациясына окшогон бизнес уюмдардын сиздин ишмердүүлүгүңүзгө пайда алып келээрине ишенесизби? Конкреттүү түрдө кайсыл багытта көмөк көрсөтүүсүн каалар элеңиз?
- Албетте, ишкерлердин бир уюмга биригүүсү өтө маанилүү. "Жаш ишкерлер ассоциациясынын" жеке ишкерлердин өзүнө жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошконуна терең ишенебиз. Мүчө катары баардыгыбыздын максатыбыз да бул багытта. Ишкерлердин көйгөйлөрүн чечиш, экономикабыздын күчтөнүүсүнө түздөн-түз өбөлгө түзөт эмеспи. Биздин кааларыбыз "Жаш ишкерлер ассоциациясы" ишкерлерди бири-бири менен тааныштырып, арабыздагы мамилени бекемдетсе. Анткени ишкерлердин таанышуусу профессионалдык көз караш менен мүмкүнчүлүк дегендикке жатат. Өлкөбүздө балким, биз билбеген, биздин кызматыбызга муктаж болгон канчалаган ишкер бар болуш керек...




Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов:
"Шаардын жаңылануусунун жаңы барагы ачылды"
Президенттик кеңешмеде өлкө башчысы К.Бакиев "Түштүк баш калааны жаңыртуу" долбоорун иштеп чыгуу жагын өлкөнүн тиешелүү кызматтарына тапшырган болчу. Ушуга байланыштуу Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовго шаарды жаңыртуунун жаңы кадамдары боюнча бир нече суроолор менен кайрылдык.

- Келечекте Ош шаарын кандай өзгөрүүлөр күтүүдө?
- Баарына маалым, Президенттик кеңешмеде региондорду этап-этабы менен өнүктүрүү маселеси каралды. Биринчи баш калаабыз Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн жаңы программасы түзүлүп, ал турмушка ашууда. Экинчи кезекте Түштүк борборубуз Ош шаарын өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, бир айлык мөөнөт берилди. Ушул белгиленген убакыттын ичинде Ош шаарын кантип, кандай жол менен өнүктүрөбүз мына ушунун айланасында иш жүргүзөбүз. Андан кийинки кадам Ысык-Көл облусун өнүктүрүү маселеси карала тургандыгы айтылды. Кудай буюрса, мына жумушчу топ Ош шаарын кайсы багытта, кантип өнүктүрүүнүн план-долбоорун бир айдын ичинде иштеп чыгат. Биз өзүбүздүн программабызды сунуштайбыз. Буюрса, өлкө башчыбыздын катышуусу менен жаңы түзүлгөн программанын бет ачарын Улуу Нооруз майрамында тааныштырабыз.
- Шаарды өнүктүрүүнүн ириде кайсы багытын баса белгилеп кетесиз?
- Негизинен бул жерде социалдык багытка көбүрөөк көңүл бурулат. Социалдык багыт дегенде көп тармак бар, ошол эле суу, коммуникация, коммуналдык чарба, андан сырткары көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу боюнча иш алып барабыз. Бул боюнча мамлекет башчыбыз да шаар айылга айланып баратканын белгиледи. Акыркы убактарда эл көп кабаттуу үйдүн курула баштаганын унутуп деле калбадыбы. Мына ушул көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун жолго коюу, жалпы эле шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери каралат. Мына быйылкы жылы да бул маселелерге катуу көңүл буруп, жергиликтүү казынадан көбүрөөк сумма бөлгөнгө аракет жасадык. Оштун карт тарыхында 2010-жыл өнүгүүгө карай өрүш алган жаңы барактын ачылышы болуп калат деп ойлойм. Себеби, буга чейин Түштүк борбор деп статус берилгени менен ошол боюнча аны өнүктүрүү жагына көңүл бурулган эмес.
- Президентибиз 15 жылдан бери толук чечилбей келген шаардын башкы планы боюнча да белгилеп өтпөдүбү. Шаардын башкы планы туурасында да айтса кетсеңиз?
- Ооба, шаардын башкы планы боюнча жакында эле мэрияда кеңешме болуп өттү. Шаардын башкы планынын долбоорун даярдоо боюнча бюджеттен жетиштүү түрдө акча каражаты бөлүнүп берилген. Учурда Ош шаарынын башкы планы иштелип жатат. Башкы план деген бул шаардын юридикалык документи болуп эсептелет. Мына ошол документ жок болгондуктан шаарда башаламандык орун алып, көзөмөлдөн чыгып кеткен. Мындан сырткары деталдык пландоо долбоору деп коет. Мунун үстүнөн да иштеп жатабыз. Буюрса, шаардын башкы планы жакынкы күндө түзүлөт. Бүгүнкү күндө шаардын жыйырмадан ашуун анклавы бар. Жолдун бир чети районго караса, бир чети шаарга карайт. Бирок, жаман жагын шаар ала берет. Биз ал жерге көзөмөл да жүргүзө албайбыз. Мына ушул анклавдар жоюлат. Бирдиктүү бир чоң шаардын башкы планы иштелип чыгат.
- Шаарга көп кабаттуу үйлөрдү куруу маселеси боюнча да айта кетсеңиз?
- Бул боюнча Ош шаары менен Ош облустук мамлекеттик администрациясынын кошмо комиссиясы иштеп жатат. Азыр 2,5 миң гектар жерди шаар аймагына кошуп алып, суу маселесин чечип жатабыз. Бүгүнкү күндө шаарда 30 миңден ашуун жаран жер алууга муктаж. Мына ошол себептен калаабызды жогору карай өнүктүрүшүбүз керек. Борбордук бөлүктөгү негизинен көп кабаттуу үйлөр бүгүнкү шаар куруу талабына жооп берген үйлөр. Маселен, чоң шаарларга барсаң бейпил (спальный) район деген түшүнүк бар. Ал жерде өзүнүн нормалары болуп, ал тургай машина сигнал бергенге мүмкүн эмес. Бизде андай түшүнүк таптакыр жок. Келечекте ушундай райондорду түзүү маселеси турат. Мындан сырткары, бак-дарактарды өстүрүп, көрктөндүрүшүбүз керек. Бул багытта быйыл жаз алды менен Чехиядан гүлдөргө буюртма берип, талкаланып калган питомниктерди жандандырып, шаардыктарга жаңы гүлдөрдү тартуулайлы деген ниетибиз бар. МАЕКТЕШКЕН НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА, ОШ