Пайдасынан зыяны көп - экран
Көптөгөн ата-энелер жаш балдардын телевизор, же компьютер алдында алаксып отурганына сүйүнүшөт. Бирок чет өлкөдөгү окумуштуулар эң кыска убакыттын ичинде бул адаттан кутулуу керектигин айтышууда.

Балдар убактысынын көбүн экрандын алдында өткөрсө, алар келечекте көптөгөн оорулар менен жабыркашат. Мындай билдирүүнү британиялык окумуштуу, психолог жана биолог Эрик Сигман айтып чыккан.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ар бир үйдө компьютер жок болсо да, сөзсүз бирден телевизор бар. Телевизор маалымат алуунун булагы жана көңүл ачуучу программалардын чордонуна айланып, үй-бүлөнүн ичинде өзүнчө орунга ээ. Көптөгөн ата-энелер күндүзү балдарын үйгө жаны жок "бала багуучу" телевизорго ишенип ташташат. Жаш балдар ата-энеси жумуштан келгенге чейин түрдүү программаларды жана дисктерден тасма, мультфильм көрүп отурушат.

ЭКРАНДЫН ДЕН СООЛУККА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ
Балдар убактысынын көбүн экрандын алдында өткөрсө, алар келечекте көптөгөн оорулар менен жабыркашат. Мындай билдирүүнү британиялык окумуштуу, психолог жана биолог Эрик Сигман айтып чыккан. Ал Улуу Британия жана АКШдагы 35 түрдүү илимий изилдөөлөрдү карап чыгып, ушундай жыйынтыкка келген. Э.Сигман экрандын жаш балдарга болгон зыяндуулугу жөнүндө белгилүү "Biologist" журналына макаласын жарыялаган. Окумуштуунун айтымында, экран төмөнкүдөй ооруларга себепкер болот:
1. Салмак кошуу, же семирүү - экранга байланып калган жаш бала сыртка чыгып ойноону унутуп да калат. Кыймылдабай отура бергендиктен, зат алмашуу бузулат жана жеген тамагы сиңбейт. Бул жагдай аны диабет оорусуна алып келет.
2. Иммунитет алсырайт. Уйку-соонун ортосунда болгондуктан, мелатонин гормону убактысынан эрте иштелип чыгат.
3. Жүрөк кан тамыр оорулары пайда болот.
4. Көздүн көрүүсү начарлайт.
5. Жаш баланын бир предметке болгон көңүл буруу сапаты жоголот. Эске жакшы туталбай, унутчаак боло баштайт. Эрте чоңоюп, эрте карып - Альцгеймер оорусуна чалдыгуусу ыктымал.
6. Уйку бузулат. Экрандан чыккан жарык организмдин өзүнө тиешелүү саатын иштен чыгарат. Адам уйкуга тойбосо, табити тамакка тарта берет. Андан сырткары, жаш бала же ач болгонун, же курсагы тойгонун билбей калат.
7. Жаш баланын ДНКсында мутация жүрө баштап, рак, же аутизм оорусун пайда кылышы мүмкүн.
8. Маалыматты көрүү аркылуу мээге кабыл алгандыктан, жаш бала барып-барып окуганда жакшы түшүнбөй, көрсөткөндө гана түшүнө турган болот.

ЭКРАНДЫ КАНЧА СААТ КӨРСӨ БОЛОТ?
Жогорудагы маалыматты эске алып, Эрик Сигман жаш балдар мүмкүн болушунча экранга жолобосун деп, кеңеш берет. Анын айтымында, үч жашка чейинки бала экран (телевизор, компьютер) деген эмне экенин билбеш керек. Ал эми 3-5 жаштагы жаш балдар ата-энесинин уруксаты менен атайын программаны жарым сааттан ашыкча көрбөшү зарыл. Окуучулук курактын 5-12 жаш мезгилинде 1 саатка көбөйтсө болот, 12 жаштан өткөн өспүрүмдөргө 1,5 саат экранды кароо уруксат. Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, Улуу Британиядагы жаш бала алты жылдык өмүрүндө бир жылын экрандын алдында өткөргөндүгү аныкталган. Демек, англиялык бала күндө төрт саат экран көрүп отурган. Эгерде жогоруда айтылган ооруларга себепкер болбоюн десеңиз, балаңызды экрандан алыстатууга аракет жасаңыз. Алсак, мектепте уюштурулган түрдүү кошумча курстарга катыштырыңыз. Же баланын убактысын болушунча башка нерселерге жумшап, китеп окуу, шахмат ойноо ж.б. алектенүүчү нерселерге көңүлүн буруңуз.




Ак чүч!
Дүйнөнүн кайсы бурчу болбосун, кайсы тилде айтылбасын, адам чүчкүргөндө ага карата кандайдыр бир сөздүн жооп берилиши өзүнчө салтка айланган. Мындай жөрөлгө эмнеден улам айтылып калганын карап көрөлү.

Бизде "ак чүч" деп, анын чүчкүргөнүн акка, же жакшылыкка чүчкүрсүн деп түшүндүрүшөт. Орустар "Саламатта болуңуз", англиялыктар "Жараткан сени колдосун", түрктөр "Жакшы болуп кет" дешет. Немистер менен орустар чың ден соолукту, италиялыктар бакытты кааласа, Жакынкы жана Орто Чыгышта алакандарын чаап, чүчкүргөн адам тарапка жүгүнүшөт.
Бул салттын келип чыгышынын кээ бири ырым-жырымга байланыштуу. Илгери-илгери адамдын жаны абадан, же дем алуудан туруп, ал башта жайгашкан деп ишенишкен. Чүчкүрүп жатканда, кишинин жаны башынан белгилүү бир убакытка, балким биротоло учуп чыгып жараткан менен кезигет. Ошондуктан, чүчкүргөн адамга жүгүнүү бул - "Жаныңыз эч качан учуп кетпесин" дегенди түшүндүрүп калган.
Бирок кээ бирлеринин айтымында, чүчкүрүүгө жооп берүү салты ырым-жырымдан эмес, оорудан улам айтылып калган. Биздин заманга чейинки кылымдарда Европа аймагында чума оорусу жайылып кетет. Ал эми чүчкүрүү чуманын биринчи белгиси катары таанылып, "Жараткан сени колдосун" деп, дартына дабаа тапсын дегендей жооп беришкен.
Дүйнөдө адамдын чүчкүргөнүнө карап, жакын аралыкта эмне болорун билгендер да бар. Анын биринде, эрте менен жаш бала бир жолу чүчкүрсө, үйгө чакырылбаган конок келет, же бул күн ийгиликтүү болот деп ишенишет.





Куттуктоо баракчасын жасайбыз!
Куттуктоо баракчасы аягында кандай болбосун, ал сиздин чыгармачылыгыңыздан көз каранды. Жасалып бүткөндөн кийин аны белекке берүүдөн тартынбаңыз.
Бул аптанын аягында жаштар арасында Валентин күнү белгиленет. Андан көп өтпөй, 23-февраль, 8-март майрамдары куттуктоо баракчасыз өтпөйт. Бирок жакын адамыңызды өзгөчө куттуктоо баракчасы менен сүйүнткүңүз келсе, төмөндөгү материал сиз үчүн!
1-мисал:
Сизге кургатылган гүлдүн желекчелери, сабагы жана жалбырактары керектелет. Эң биринчи кагазды алып, ага көңүлүңүзгө жараша сүрөттү тартып алыңыз. Кийин ошол форманын негизинде кургатылган гүлдү жайгаштырыңыз. Жүрөкчө формасын тандасаңыз, кызыл түстөгү кургатылган гүл желекчелерин пайдаланса болот. Эгерде коёнек, же мамалактын формасын чийсеңиз, фантазияңызга жараша куттуктоо баракчасын кооздоп алуу сиздин колуңузда.

2-мисал:
Сизге картон, кофенин данектери, күмүш, же алтын түстөгү тор, атлас лентасы зарыл. Картонду каалаган формада кесип алып, анын үстүнө клей менен кофенин данектерин тартып алган боюнча жабыштырасыз. Кийин торду кесип алып, бантик, гүл же дагы башка түрдө байлап, баракчага бекитесиз. Ал эми атлас лентасы менен байлап койсо болот. Бул жерде материал менен түстөрдү жарашыгы менен тандай билүү маанилүү.

3-мисал:
Эгерде куттуктоо баракчаңыз жаш кызга бериле турган болсо, кебез, топчу ж.б. тигүүгө керектелген буюмдарды сатуучу жайга барып, майда мончокторду сатып алыңыз. Ошол эле жерден түрдүү түстөгү лента, бантик да ала келиңиз. Үйдө калың бир кагазды алып, мурун чийип алган сүрөт боюнча мончоктон куттуктоо баракчасын жасайсыз. Же кыздын бир сүрөтүн алып, аны ортосуна бекитип, тегерегин мончок менен кооздосоңуз болот. Чекесин пахта менен жабыштырып чыкса, өзгөчө көрүнөт.
Куттуктоо баракчасы аягында кандай болбосун, ал сиздин чыгармачылыгыңыздан көз каранды. Жасалып бүткөндөн кийин аны белекке берүүдөн тартынбаңыз. Эсиңизде тутуңуз: "Сиз жасаган баракча эч жерде сатылбайт жана ал баарынан өзгөчө болот!"




Жылуулукту сактоо ыкмалары
Кыштын акыркы айында суук катуу түшүп, сиздер менен бөлмөнүн жылуулугун сактоо ыкмалары жөнүндө материалды бөлүшөбүз.
1. Зал жана ашкананын жылуулугу 20дан жогору болбошу керек. Ал эми уктоочу бөлмө 15 градус жылуулукта болсо жетиштүү.
2. Пайдаланган гана бөлмөлөрдү жылытыңыз.
3. Апта аягында үйдө болбосоңуз, же сыртта көп убакытка кармалсаңыз, жылыткычты өчүрүңүз.
4. Жылыткычтын үстүнө эч качан буюм (кийим-кече, сүлгү ж.б.) койбоңуз. Ал буюм жылуулуктун таралышына тоскоол болот.
5. Күн терезеге тийгенде, парданы ачып, жылыткычты өчүрүңүз. Күндүн нуру кайтканда, парданы жапканды унутпаңыз.
6. Калың кебезден тигилген парда терезеден кирген сууктун төрттөн бирин өткөрбөйт.
7. Парда текченин алдындагы жылыткычты тоспогондой тагылса, жылуулук бөлмөгө тоскоолсуз тарайт. Ал үчүн жаңы парда тиктирбей, эски парданын ортосуна топчу тигиңиз. Кечинде суук өз күчүнө киргенде, парданы топчуларына илип, көтөрүп коюңуз.
8. Бөлмөгө таза аба киргизүү үчүн аз-аздан көп жолу терезени ачкандан көрө, эрте менен жарым саатка ачып койгон туура. Бул учурда жылыткычты өчүрүп салыңыз.
9. Терезенин жана эшиктин жылчыкчаларынан суук кирбей жатканын шам жагып текшериңиз. Шамдын оту бир тарапка карай ийилсе, жылчыкчаларды пахта, же поролон менен жакшылап бекитиңиз. Андан сырткары, туурасы 4-5 см. кесилген кебезди самындап, терезенин рамасын жабыштырып чыкса болот.
10. Жылыткыч менен дубалдын ортосуна алюминийдин жалтырагынан жасалган кагазды жабыштырыңыз. Бул жагдай жылуулукту дубалга эмес, бөлмөгө чагылдырат.
11. Үйдөгү бардык электр энергиясынын 45 пайызы жылыткычка жумшалат.
12. Кыш айларында отуруучу бөлмөдө эч качан кийим-кече кургатпаңыз. Бөлмө бууланып, зыяндуу газдар адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизет.
13. Бөлмөнүн ортосундагы коридорлорду жылытуунун зарылчылыгы жок.

БЕТТИ ДАЯРДАГАН ЭЛЬВИРА КАРАЕВА