Ооган тоолорундагы кар көчкүсү
Айнура Жекше кызы, "Азаттык"
Ооганстандын Саланг ашуусунда кардын алдынан 160тай кишинин сөөгү чыкты. 8-февралда Гиндукуш тоолорунда көчкү жүрүп, ондогон автобустарды, жүк тарткан оор машиналарды көмүп калган. Куткаруучулар өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн дешүүдө.
Өлкөнүн түштүгүн баш калаа Кабул менен байланыштырган Саланг ашуусу өзгөчө кышында өтө кооптуу жолдордун бири болуп эсептелет. 3 миң 300 метр бийиктикте жайгашкан кан жол кар баскан тоолордун этегинде салынган.
- Автобусумду кар басып калды. Анын ичинде 40 жүргүнчү бар эле, 18и гана тирүү калды. Калгандары эмне болгонун билбейм. Бардыгы эле өз жанын сактап калайын деп тырмышып жатышты,-дейт кардын алдында калган автобустун айдоочусу Нур Афгаа.
10-февралдын кечине карай 160тан ашуун адамдын сөөгү табылды. Бирок аман калгандардын айткандарына караганда, өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн. Куткаруучулар өз ишин улантышууда, бирок кырсыктын чыныгы масштабы жөнүндө жаз келип, кар эригенде гана айтса болот.
Биринчи көчкү Саланг туннелинин түштүк жагын тороп калганда, жүк ташыган оор машиналар, автобустар, менчик унаа кооптуу тилкеде камалып калышты. Биринин аркасынан бири 16 көчкү жүрүп, машиналар ичиндеги адамдар менен кошо тоолордон ылдый кулашты.
Жарадар болгондор жакын жердеги ооруканага жеткирилишти. Алардын көпчүлүгү карапайым оогандар. Күбөлөрдүн айтып бергендери үрөй учурат:
- Биздин автобуста 10 жаштагы бала бар болчу. "Мени бул жактан алып чыккылачы", -деп тынбай ыйлап жатты. Бороон ушунчалык катуу болду. Сууктан тоңуп кала жаздадык.
Дагы бир автобустун айдоочусу тирүү калгандар эптеп өйдө чыгып, жардам күтүп жатышканын айтып берди:
- 300 метрдей кайра жолго көтөрүлүүгө туура келди. Жолдо алма, картошка тартып бараткан машина туруптур. Анын ичине кирип жылынып алдык. Анан түн ортосуна чейин от жагып отурдук. Бир убакытта жүк ташыган машиналар келди. Алар бизге жылуу кийим-кече ыргытышты. Биз аларды кийип алып, ошол машиналарга чыгып отурдук.
Куткаруучулар тирүү калгандарды табууга дагы эле үмүттөнүшөт.
Борбор Азия, өзгөчө Кыргызстандын тоолуу аймактарында да көчкү көп жүрөт. 10-февралда эле Нарында 1 киши көчкүнүн алдында калып, каза тапты. Көчкү коркунучу болгон кезде кан жолдордун кооптуу тилкелери жабылып, көпчүлүк учурда кар атып түшүрүлөт.
Ооган өкмөтү ушундай ыкманы колдонсо болот беле? Бул суроону кесиптешибиз, ооган кызматынын кабарчысы Ахмад Такалга узаттык.
- Ооган бийлиги өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн байланыштырган кан жолдо өзгөчө көп болгон көчкүлөрдү алдын-алуу үчүн жабдыктар жок деп айтып келет. Ашууда кар дайыма көп жаайт. Жолду жаап салсаң да болбойт. Эл эки жакка көп каттайт. Андан көрө тиешелүү мекемелерди жабдыктар менен камсыздоо зарыл. Балким, 160тан ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен кырсыктан кийин жетекчилик көчкүлөрдү алдын-алуу иштерин жакшыртуунун жолдорун табууга аракеттенет.
Саланг ашуусунда көчкү жыл сайын жүрөт. Бирок, оогандардын айтымында, мынчалык көп адамдын жанын кыйган кырсык көптөн бери боло элек эле.




Бишкек-Нарын-Торугарт жолун кар бөгөдү
Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 353 чакырымында калың кар көчкү түштү. Кардын көлөмү 7 миң 200 кубометр, курман болгондор жана жабыр тарткандар жок. Учурда аталган жолдо каттамдар убактылуу токтотулду. №41 жол-эксплуатациялык ишканасы жол техникасын пайдаланып кар көчкүсүн тазалоо үчүн иштеп жатат. Мындан тышкары Ош-Сарыташ-Иркештам жолунун 205 чакырымынан баштап 237 чакырымына чейинки аралык убактылуу жабылды. Учурда карды тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. КАБАР БОРБОРУ

Кара-Кулжада көчкүдө калгандар куткарылды
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ош областынын Кара-Кулжа районундагы кар көчкүнүн астында калган адамдарды чыгарып алууну аякташты. Бул тууралуу аталган министрликтин пресс-кызматынын кызматкери Кылычбек Досумбетов билдирди. Белгилүү болгондой, 10-февралда Коргоо министрлигинин МИ-8 тик учагы ӨКМдин куткаруучулары менен Ош областынын Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылына үч жолу катташкан. 5-февралдан 6-февралга караган түнү Мырза-Аке-Каракулжа-Алайкуу автожолунда кар көчкүнүн алдында калган 69 адамдын 64ү куткарылды. Табигаттын туткунунда калгандардын арасында оорулуулар болгондуктан аларды биринчи кезекте алып чыгышкан. Жапа чеккендерди Кара-Кулжага алып барышкан. Алардын арасында ооруканага төрөттөн кийинки татаалдашуулар менен жергиликтүү жашоочу Паризат Султанова да жеткирилген. Жакын арада жолду ачууга мүмкүн болбогондуктан ӨКМ жетекчилиги тарабынан оорулууларды алып чыгуу жана жардам берүүнү аба аркылуу жүргүзүү чечими кабыл алынды. Жергиликтүү бийликтин өтүнүчү менен аба ырайынын тез өзгөрүшү жана жолдун жабылышына байланыштуу Алайкууга эки айдын пенсиясы жана жөлөк пулу тик учактар аркылуу жөнөтүлгөн. АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Борбор калаага кар тазалагычтар келди
Бишкекке кар тазалоочу 10 машина алынып келинди. Бирок, учурда булар шаардын муктаждыгын толук камтый албайт. Келген жаңы техникалар "Тазалык" муниципалдык ишканасынын карамагында болот. Аларды жайында газондорду сугаруу, ал эми кышкысын кар тазалап, кум чачуу үчүн колдонсо болот. Техникалардын наркы 52 миң доллар. Азырынча Белоруссиядан алгачкы партиясы келди, планда дагы 15 партия алып келүү пландалууда. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. КАБАР БОРБОРУ

Айдоочулар кар туткунунда
Кыргызстан менен Кытай чек арасындагы Ош-Эркечтам жолунда айдоочулар кар көчкүгө кабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирип, аларга азык-түлүк жеткирилип берерин айтышты. Тоң-Мурун ашуусунда калып кеткен айдоочуларга Коргоо министрлигинин вертолёту миң даана эт консервасы жана нан жеткирет. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА





"Суу державасынын" баркталбаган байлыгы
Нуржигит Кадырбеков
Мунай менен газ эларалык мамилелердин ырайын аныктаган доор аяктап, эң тартыш жана эң кымбат товар суу болчу заман да кирип келди дешет айрым адистер. Бул жагдайдан караганда Ала-Тообуздун аркырап аккан тунук сууларга байлыгы - бул бизге Жараткандын тартуулаган улуу белеги эмей эмне. Дөөлөт ("держава") болуу ар бир өлкө үчүн жоокер кол башчы болгусу келгендей эле кыял-тилек эмеспи. Тышкы иштер министрлигинде иштеп жүргөнүмдө белгилүү немис дипломатынын: "Кыргызстан - бул держава, тагыраак айтканда, суу державасы", - деп бир нече жолу айтканына күбө болгом. Ошол держава деген даражаны сактап, асырап, баа-баркына жетиш үчүн биз, кыргыз атуулдары, жетиштүү аракет кылып жатабызбы?
Жакында эле Кыргызстандагы гезиттердин бирөөсү мекендештерибиздин Кудай ыроологон байлыктарыбызга карата сарамжалдуулугу тууралуу сурамжылаптыр. Суралгандардын жарымынан көбү сууну үнөмдүү колдонуу тууралуу түк ойлонуп да коюшпаптыр. "Кудай чексиз кылып берген сууну аяганда эмне, ага берсин",- дегендей мамиле кылышат экен. Бул кандай чоң жаңылыштык. Суу - деген түгөнбөй турган, чеги-чени жок зат эмес. Ал деле мунай, газ, алтын же жакут сыяктуу белгилүү бир өлчөмдө гана берилген. Дүйнөнүн 70 пайыздай аймагын суу каптап турганы менен, анын үч гана пайызы ичүүгө жарамдуу. Анысы да бүт адамзатка тегиз бөлүнбөгөн экен. Бир жерлерде биздегидей ашып-ташып баркталбай жатса, экинчи жактарда анын бир тамчысына зар болуп олтурушат. Маселен, Орусиянын Байкөлү эле ичүүгө жарамдуу суунун 20 пайызын же бештен бирин түзөт. Ошол эле мезгилде Африканын, Жакынкы Чыгыштын жана Латын Америкасынын канчалаган аймактары кургакчылыктан курушуп жатат. Эки чакага суу толтуруш үчүн эртеден кечке деңиз жээгинде кум казып, жерден чыккан кир сууну кебезден өткөзүп тазалап, ошондон колдору бошобой мектепке баралбай сабатсыз бойдон өсүп жаткан африкалык балдар тууралуу телеберүүнү көрүп таң калып, зээним кейиген. Араб өлкөлөрүндө сууга караганда унаа май (бензин) арзан деп айтышса ишенбей да жүргөм. Ал кезде жердин баары эле Кыргызстандай болот деп ойлосом керек. Көрсө, араб мамлекеттеринин көбүнүн кыйырсыз чөлдөрү мунайга жык толгон менен ныпым суусуз тура.

ЭМНЕНИ КОР ТУТСАҢ, ОШОГО ЗАР БОЛОСУҢ
Кыргызстанда деле ошондой суу теңсиздиги бар. Кара-Кулжада, маселен, дээрлик ар бир кокту-колоттон чоң-кичине дайралар агат. Лейлектин бир айылында болсо күнүгө унаа менен алынып келинген сууну адамдар кезекке туруп сатып алышарын 2002-жылы көргөм. Канткен менен, жалпы жонунан Ала-Тообузга жараткан сууну аябай берген экен. Ошон үчүн, аны үнөмдүү пайдалануу жогорудагы суралгандардын акылына да келбептир. Эмнени кор тутсаң, ошого зар болосуң дейт го кыргызда, ушундай кесирдигибиздин кесепет-азабын тартпасак эле болду. Дегеним, жылдан-жылга суу тартыш болуп баратканын Токтогул суу сактагычы толбой, жарыкты үнөмдөөгө аргасыз болгонубуз айтып турбайбы.
Таза суу кайдан келет? Тээтиги кышын-жайын эрибеген улуу мөңгүлөрдөн. Айрым иликтөөлөр боюнча кыргыз жериндеги 6,5 миңден ашык мөңгүлөрдө 650 миллиард кубикалык метр ичер суунун запасы бар экен. Бирок, алар да эрип, азайып барат, кашайгырдыкы. Кээ бир окумуштуулар жыйырма жылдан кийин мөңгүлөрдүн жалпы аянты 35 пайызга суюлат деп болжоп жатышат. Жүрө-жүрө азыркы 6-7 миң ак мөңгүлөрдүн саны дээрлик 200гө чейин кыскарышы мүмкүн деп үрөйдү учургандар да бар. Албетте, мунун негизги себеби ааламдагы аба ырайынын жылып бара жатышы. Деген менен, токойлордун көп кыйылышы да буга негиз болот экен. Өз колубуз менен канчалаган каман өтө алгыс токойлорубузду таз талаага айлантып жатканыбыз жалганбы?
Кыскасын айтканда суунун да чек-чени бар. Канчалык үнөмдөсөк, ошончолук узак ырахат-жыргалын көрөрбүз. Азыркыдай ысырапкор мамиле кылсак, анда тамчы суу тартыш болуп, "аттиң" деп бармагыбызды тиштээр күн алыс эмес. (Жараткан ошондон сактасын). Азыр деле андай кесепеттин четин сезип-билип жатпайбызбы. Айылыма барганда жаш балдардын кычыраган кышта, жардын тайгалак боору менен сайга түшүп суу алып чыгып жатканын көрүп, Кудай сакта деп кабатырланам. Ал балдардын көбү СССРдин учурунда ар бир төрт көчөдө курулган кранттар шарылдап токтобой агып турган учурда төрөлө элек да болсо керек. Ал суулар эч ким албаган учурда деле эмнеге токтобой агып турганын ойлонгонубузда, балким азыркыдай абал жаралмак эмес. Кесирдигибиздин кесепетин кийинки муун кошо тартып жатканына өкүнөм. "Ар бир нерсенин эсеби бар" деген айныксыз кеп экен.