Кызыл тилдин кысылышы
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
Балдар бакчасында, башталгыч, орто жана жогорку мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлмөк. Окуу жана усулдук китептер, окуучулар жана мугалимдер үчүн ар кандай колдонмолор, кошумча окуу үчүн адабияттар, ар кандай курактагы (эмгектеген баладан эңкейген карыга чейинки) окурмандар үчүн адабияттар жетиштүү санда, сапаттуу кагазга, кооздолуп, түркүн түс берилип басылып чыкмак. Кыргыз тилинде терминдерди түзүү, калыптандыруу жана байытып туруу иши дайыма көңүлдүн чордонунда болмок жана ырааттуу жүргүзүлмөк.
Кыргызча көрнөктөрдү (вывеска) туура жазып илүүгө, жарнама (реклама) ишин туура жүргүзүүгө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулмак. Улуттук телерадиодо, башка телеканалдарда кыргыз тилинин туура, так жана мазмундуу сүйлөнүшү, алып баруучулардын сөз байлыгы дайыма көңүлдүн борборунда болмок.
Кыргыз тили жана адабияты боюнча адистерди, анын ичинде мугалимдерди, даярдоо иши көңүлдүн чордонунда турмак.
Жогорку төрт абзацтын ар бир сүйлөмүндө токтоосуз чечилишти талап кылган олчойгон маселелер жатат. Буларды чечмелесек, ар бири олуттуу бир нече макалага материал болмокчу. Биз азыр айрым бир жүрөктү өйүгөн, кой десең болбой оркоюп турган нерселерге токтолмокчубуз.
Кылымдарды карыткан, мамлекет куруп жашап келе жатканына бир нече миң жыл болгон байыркы кыргыз элинин тили дүйнөдөгү бай тилдердин бири экендиги белгилүү. Демек, кыргыз тили азыркыдай 4 миллион адамдын үйүндө өз ара пикир алмашуунун гана тили болбостон, илгери көөнө кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына кызмат кылып келген, эл аралык деңгээлдеги тил болгондугуна ой чабыты кеңири ар бир адам түшүнөт.

Ушул маселеге кыскача кайрылып коёлу
Орто кылымдарда, монгол жапырыгына чейин эле, түркий тилдерде сүйлөгөн элдер чыгыштан батышка карай Тынч океандан тартып Атлантика океанына чейин, түштүктөн түндүккө карай Инд океанынан тартып Түндүк Муз океанына чейин жайгашып жашап, же болбосо үстөмдүк кылып келген. Түркий тил, тактап айтканда, кыргыз-кыпчак тили, ошол мезгилде эл аралык катнаштын тили болгон. Ошол учурда билимдүү ар бир адам эреже катары бул тилди билген. Мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдө, соода-сатыкта, деги эле ар башка элдердин өкүлдөрү катышкан ушул сыяктуу алака-катнаштарда бул тил негизги ролду ойногон. Ал эми монгол жапырыгынан кийин, айрыкча Алтын ордо мамлекети орногон соң, кыргыз-кыпчак тилинин бул ролу ого бетер күчөгөндүгү белгилүү. Кичинекей бир мисал. Азыркы Дагестанда жашаган 6 негизги элдин бири болгон кумуктардын тили (кумук тили тигил кыргыз-кыпчак тилинин бир варианты) бардык тоолуктар үчүн, ал эмес бүткүл Кавказ үчүн кийинки мезгилдерге чейин эле эл аралык тил болуп кызмат кылып келген. Ушул орчундуу нерсени билбеген, же билгиси келбеген айрым кыргыздар эне тилибиз дайым эле азыркыдай адам ыйлагандай абалда болуп келген экен деп ойлошот. Андай болсо бул тилдин эмне кереги бар, тезирээк орусча, англисче тилдерге өтүп кетиш керек деп эсептешет окшойт. Бишкекти эле мисалга алалы. Азыр Бишкекте мейли көчөдө болсун, мейли коомдук транспортто болсун, мейли башка коомдук жайларда болсун, орус тили өкүм сүрүп калды. Же болбосо, жарымын орусча, жарымын чала-була кыргызча кылып тантыраган бир "атала" тилде сүйлөшөт. Баарынан өкүнүчтүүсү, так ушу "атала" тилде депутаттарыбыз мамлекеттик маанилүү маселелер тууралуу кеп курушат. Улуттук 1-телеканалдан баштап, башка каналдарда дагы ушул тил басымдуулук кылат.

Бир-эки мисал келтирели
Бир нече жыл мурда КООРТ өзгөрүп, 5-канал болгон учурда бир алып баруучу кыз депутаттардын кайсы уруудан экенине сереп салмакчы болуп жатат. Айтып жатпайбы: "сарбагыш уурусунан мынча, азык уурусунан мынча" деп. Уруу менен уурунун айырмасын билбеген неме элдин туура сүйлөшүнө кандай таасир берет? Уруучулдукту мамлекеттик деңгээлде кайра ойготуп жатканын айтпай эле коёлу. 1-каналда балдарыбыз жактырып көргөн "Керемет көч" берүүсү бар. Мурда алып баруучу балдар менен учурашканда "Саламатсыңарбы, балдар жана кыздар" дечү. Азыр кудай жалгап антпей калды. Бул сүйлөмдү орусчаласак: "Здравствуйте дети и девочки" болот. Өзүңөр ойлонуп көргүлө. Уул да бала, кыз да бала, "балдар" деген термин өз ичине уландарды да, кыздарды да камтыйт. Демек, "Саламатсыңарбы, балдар" деп гана салам айтуу жетиштүү. Ушул берүүдөгү бир орчундуу маселеге назар салалычы. Кыргыз баласы өз турмушунда байыртадан козу-улак, кулун-тай, музоо-торпок, бото-тайлак, күчүк менен ойноп келген эмеспи. Эшек биздин турмушка кечөө эле, советтик-партиялык жетекчилер кыргызды аттан ажыратып койгон кезде кирди. Ал эми "Керемет көч" берүүсү, өз аты айтып тургандай, жаш муундарды кыргыздын өткөндөгү керемет көчүнө, керемет жашоосуна сүңгүтүп, аны менен тааныштырышы керек болуп жатпайбы. Эмне үчүн эшектин такайынын ордуна жароокер кумайык, же учкаяк тай коюлган эмес? Балдарыбызда "кыргыз байыртадан эшек минип, эшек арабага түшүп жүргөн, балдары эшектин такайы менен ойногон" деген түшүнүк алдыртадан калыптанып жатпайбы?

Расмий жазылыштар жана айтылыштар
Албетте, алар биринчи кезекте, мектеп, ата-эне дагы, адамдын кеп маданиятын калыптандырат, анын сөз корун түзүп берет. Мына, көчөлөрдүн аты жазылган көрнөктөрдү алалычы. Акчаны үнөмдөшкөнү го, бир эле тактага орусчасын дагы, кыргызчасын дагы жазышат. Жөн жазбай, бири-бирине улап, учкаштырып жазышат. Мисалы, "Улица Лермонтова көчөсү", "Улица Баха көчөсү". Ушундан улам азыркы кыргыздар "Лермонтова көчөсү", "Баха көчөсү" деп тантырап калды. "Лермонтов көчөсү" же "Бах көчөсү" деп туура сүйлөгөн бир да кыргызды жолуктура элекмин.
Эки-үч жыл мурдагы күлкү келтирген "Эмнемди жесем?" деген жарнама эсиңерде бар чыгар. Азыр абал жарнама маселесинде мурдагыдан болор-болбос оңолгонсуп калды. Ошентсе да, кемчиликтер дагы эле толтура. Бир кичинекей мисал. Азыр сыналгыдагы жарнамалардан "саркеч" деген терминдин туура эмес колдонулушун жолуктуруп жүрөбүз. Муну Токтогулдун "Алымкан" деген ырынан алышкан окшойт. Ырда "Саркечтеп сайган жоолугуң,…Көчкечтеп сайган жоолугуң" деген саптар бар. Бул терминди чечмелеп көрөлү. Жоолукту кештелеп саймалайт. Сайманын сары кеште, көк кеште ж.б. деген түрлөрү бар. Демек так айтсак: "Сары кештелеп сайган жоолугуң" болот. Бирок, бул сап ырдалганда жогоркудай кыскартылып калат.

"Катынды" качан актайбыз?
Биздин тилибизде туура эмес колдонулуп келаткан бир сөз, "кулакка" тартылып, дээрлик колдонулбай калган дагы бир сөз тууралуу айтпай коё албайм. Булардын биринчиси - "киши", экинчиси - "катын". "Киши" деп жынысы эркек жана турмушта өз ордун тапкан, чыныгы адамдык касиеттерге ээ болгон адамды айтабыз. Демек, 25-30 жаш курагынан мурда эркектер да "киши" деген ардактуу атка коно албайт. Албетте, жынысы ургаачы адам дагы "киши" боло албайт. "Тоок куш эмес, аял киши эмес" дейт го акылман кыргыз эли. Бул - кээ бирөөлөр айткандай, аялды кемсинтүү эмес, фактыны гана баяндоо. Макалдын орусчасы: "Курица - не птица, женщина - не мужчина". Буга эч кимдин талашы жок го. Эми "катын" термини тууралуу. Кыргыздан айырмаланып, башка түркий элдерде, мисалы, өзбектерде, азербайжандарда, бул термин активдүү колдонулуп келе жатат. Тактап айтсак, катын - кишинин түгөйү. Байы экөө кадыр-баркка ээ болгон, ак уул-кызыл кыз төрөп очор-бачар болгон аялды гана "катын" дешкен. Бул кемсинтүү эмес, тескерисинче - урматтоо. Эмне үчүн катын уят, одоно сөз болуп калды? Муну мындайча түшүндүрүүгө болот. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында аялдын абалын жакшыртуу үчүн аёосуз күрөш жүргөнүн билебиз. Кыргыз турмушунда аялды кем туткан фактылар жокко эсе экен. Айрым учурларда жолуккан эки аял алуу фактыларын мындай койгондо, аялдарга паранжы жаппайт экенбиз, аларды ичкериге камабайт экенбиз, аялдар коомдук турмушка, ал эмес эл башкарууга, элди жоодон коргоого, илгертен эле активдүү катышып келген экен. Бул жерде ар кайсы доордо жашаган жана ар бир кыргыз баласына аттын кашкасындай белгилүү Кыз Сайкал, Каныкей, Жаңыл Мырза, Курманжан датка, Бурулча, Апар байбиче, Сайкал эжелердин атын атап коюу жетиштүү болот го. Ошентип, кыргыз коомунда илгертен эле иш жүзүндө эркек-аял тең укукта болуптур. Анан биздин туура чабарларыбыз "катын" сөзүн жаманга, одоного чыгарып койбойт бекен. Ошентип, бул сөздү 70-80 жыл бою тепкилеп келбедикпи. Бүгүн бул сөздү актап чыгып, активдүү сөзгө айландырып алганыбыз оң.
Эми, биздин "чоңдорубуз" колдонууга киргизип таштап, биз баш тарта албай келе жаткан айрым терминдерге токтололу. Мисалы, "губернатор", "мэр" терминдери. Россиянын артынан ээрчүүнүн дагы чеги бар го. Эч ким бизди мааниси "сатрап" дегенди билдирген, кыргыз элин 1916-жылы кыргынга учураткан орус падышасын эстетип турган "губернатор" деген сөздү киргизип алгыла деп милдеттендирген эмес чыгар. Кошуналарыбыз колдонуп жаткан "аким" терминин эмнеге колдонбойбуз? Область дебей эле, элибиз илгертен колдонуп келген "дуван" терминин эмнеге албайбыз? Мекемелерди дуван, район же шаар акимчилиги десек, жетекчилерин дуван акими, район акими, шаар акими, айыл акими десек эмне жаман угулабы? Батыштын ар кандай нерсесине келиндей жүгүнүү - биздин айыкпаган оорубуз окшойт. "Мэр", "департамент" деп койсок эле баары өзүнөн-өзү өзгөрүп калчудай көрөбүз. Менимче, адегенде мекеменин же уюмдун, кайсы бир кубулуштун атын эмес, затын өзгөртүү керек болсо керек. Макул, бул көрүнүштү "эми мурда орун алып калыптыр, атааңдын көрү, өзгөртө албай жатпайбызбы" деп коёлу. Аз эле убактан бери, "айыл өкмөтү" дештин ордуна "айыл округу" деп калганыбызга жол болсун. Тили келбеген чал-кемпир муну "айыл өкүрүгү" деп алыптыр. Ушул сөз айкашын өзүңөр айтып туруп, өзүнөр кулак салып көргүлөчү. Кандай угумсуз, кандай жаман сөз? "Округ" деген терминди колдонуш эле керек болсо, анын кыргызча вариантын эмнеге колдонбойбуз? Таштаган эле жерден "аймак", "чөлкөм" деген эки сөздү көрүп турам. Эми "айыл аймагы" же "айыл чөлкөмү" деп үн чыгарып окуп, аны жогорудагы "өкүрүк" менен салыштырып көргүлөчү.
Жер-суу аталыштарынын бурмаланышы тууралуу да эки ооз кеп айта кетели. Биринчиден, бизде жер-суунун атын орусчалап коюп алуу көрүнүшү орун алган. Биз бул жерде Лебединовка, Гавриловка, Покровка, Теплоключенко сыяктуу орустар курган орус кыштактарынын аталышын азыр эле өзгөртүү керек деп жаткан жокпуз. Ал өзүнчө маселе. Эгемендик алгандан кийин эле Тёплые Ключи деп өзгөрүп калган Аламүдүн капчыгайындагы Жылуу-Булакты айтып жатабыз. Буга себепти өзүбүздүн эле белибиздин артыкча ийилгичтигинен издеш керек. Экинчи бир көрүнүш: жер-суу аттарын бурмалап туура эмес колдонуу. Мисалы, Боом капчыгайынан бери чыга бериштеги кыштактын туура аты Жел-Арык эмес, Жел-Аргы. Себеби, бул кыштактын жанындагы чоң колоттун аты Жел-Аргы. Колоттон дайыма шамал согуп, б.а. жел аргып турат. Эл кыштагына ошол жердин атын коюп алган. Дагы бир мисал. Аламүдүн капчыгайынын баш жагынан орун алган белгилүү жайлоонун аты Чуңкурчак. Аны бурмалашып, Чоң-Курчак деп жазышканын көрүп жүрөбүз. Ошентип, Чуңкурчак жайлоосу чоң куурчакка айланып калды. Кызыл-Бирлик, Бирлик сыяктуу кыштактардын аттары Кызыл-Берлик, Берлик болуп өзгөрүп кетти. Мындай көрүнүштөр биздин маңкурт болуп калганыбыздын дагы бир далили. Айтсаң - айыптуу күн, айтпасаң - кокуй күн.
Кыргыз тили азыр мурда болуп көрбөгөндөй коргоого муктаж. Батыш серепчилери болжолдогондой, жер бетинен жок болуп кеткибиз келбесе ар кимибиз өз деңгээлибизде козголушубуз зарыл. Момун, мокок жүз кыргыз эли бар, чакан болсо да өз алдынча территориясы, мамлекеттик символдору бар кыргыз дөөлөтү жок болуп кетсе, анда кимди ары-бери калчап башкарарын атка минерлерибиз чоңунан кичинесине чейин акылы менен да, жүрөгү менен да, чөнтөгү менен да түшүнүшү зарыл. Ошол эле учурда, кыргыз тилине камкордук көрүү, аны бардык тараптан өз алына ылайык коргоо - ар бир кыргыздын ыйык милдети.
Орус мамлекети 130 миллиондой адамдын эне тили болгон орус тилин коргоо маселесин колго алып олтурат, Франция парламенти француз тилин коргоо маселесин көтөрүп жатканын билебиз. А биздин башчыларыбыздын, депутаттарыбыздын кыргыз тилинин абалына баш оорутушканын эч кимибиз көрө элекпиз. Мамлекеттик тил тууралуу кабыл алынган шалтурук мыйзамды бул жерде оозго алуунун деле кажаты жок. Ошондуктан, ар бир "мен кыргызмын" деген адамды өз тилинде таза, так жана мазмундуу сүйлөй билүүгө, жана бул ишти өзүнөн жана өз үй-бүлөсүнөн баштоого чакырар элек. Бала ыйлабаса, эмчек кайда?