Мурдагы шалдырканы чыккан вагондордун кыйласы жаңыланып, поюз каттамдарынын абалы мурункусунан кыйла жакшырганы менен, Казакстан аркылуу өтүү дагыле кыйынга туруп, ыксыз текшерүүлөр токтолбой келет.
СҮРӨТ: АЛИЖАН ЯКУБОВ
Кош сызык жолдогу талаш: каттамчы күнөөлүү
Бекташ Шамшиев, "Азаттык"
qКыргызстандын темир жол узундугу 425 чакырымды түзөт. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында миңден ашуун адам эмгектенгени менен кыйласы азыр жумушсуз отурушат.
Бишкектен Орусиянын төрт шаарына накаан-накаанда каттаган поюздар баарына жетпейт. Каттаган поюздардын Казакстан, Орусия чек араларынан өтүүсү толгон-токой тоскоолдуктарга кабылууда.

Кылтылдаган поюзда калтыраган каттамчылар
Бишкектен Москва, Екатеринбург, Новокузнецк, Новосибирск шаарларына каттаган поюздардын баары Казакстан аркылуу өтөт. Темир жол тармагында 20 жылга жакын иштеген № 17-18-Бишкек-Москва поюз каттам жетекчиси Бактыгүл Асанбаеванын айтуусунда, бажычылардан да чек арачылардын тоскоолу күчөп кетти.
- Жүктөрдү, жүргүнчүлөрдүн буюмдарын шыпырып түшүрүп, товарларды түшүрсө биздин жетекчиликке поюзду жолдо кармоо деп бул жакка кабар жөнөтүшөт. Биздин жетекчилер болсо бизге жалаң сөгүштөрдү берип, алар үчүн каттамдан алып коюшат. Башка поюздардын жетекчилерине да эскертүүлөр бар.
Б.Асанбаева чек ара тоскоолунан өтүү толгон-токой түйшүктөргө чулганып, кылдан кыйкым издегендердин айынан поюз коштоочулары менен каттам жетекчилери зыян тартышарын ырастады. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын каттамдарды уюштуруу кызматынын жетекчиси Муратбек Казакбаев андай кинелерди четке кагып, Б.Асанбаева убактылуу иштен четтетилгенине нааразы болуп, арыз-арманын көрүнгөн жерде билдирип жатканын айтты.
- Биз жыл сайын жыйынтыгын чыгарабыз. Ким кандай поюзда жүрөт? Кимдики канча акт, кимдики канча жүк, кимдики канча кармалды? Ошолорду бузбай, инструкция боюнча жүрсө эч ким эчтекеге тиймек эмес. Анткен себеби эң көп акт жолдо кармалышы жагынан дагы, жүк жагынан да Б.Асанбаеваныкы болот. Ага чейин Б.Асанбаеванын эскертүүсү бар болчу. Сөгүш берилген.
Кыргызстандык поюздардын Казакстан менен Орусия чек арасынан өтүшү кыйын экенин, бажы менен чек ара кызматы атайылап эле убакытты созуп, вагондорду кадалып ыксыз текшерип отуруп алышарын поюз каттамчы Мээрим Абдылдаева да билдирди.
- Алар телеграмма менен бул жакка жөнөтөт. Биздин жетекчилер ал жакты карабайт.

Кимди тосот, кимди тоспойт?
Ошол эле Бишкек-Москва поюз каттамынын жетекчиси Эркинай Черикбаева ушу тапта чек араларда ыксыз текшерүүлөр азайып, проблема мурдагыдай курч мүнөз албай калганын белгилейт.
- Жөнсүз токтотуу, жөн эле күнөөлөп кармай берген жеке менин бригадамда жок. Себеби дегенде чек арачы биздин жүргүнчүнүн, каттамчынын укугун бузуп жатса биз ошол жерден документ түзөбүз. Анан ошол документтин негизинде ошол чек ара кызматынын структурасына, өзүбүздүн чек ара кызматына кайрылабыз. Ошону менен чара колдонулат. Бул жагына келгенде жылыш азыр аябай чоң деп ишенимдүү айта алам.
Темир жол тармагында мурдагы жылдарга салыштырмалуу дурус дегидей шарт түзүлүп калганын Эмгек коопсуздугу кызматынын инженери Орузбай Чымыров да ырастады.
- Вагондор оңолуп, андан кийин тартипке келе башташты.
Жүргүнчүлөрдүн аздыгынан Бишкек-Уфа поюз каттамы жабылып, 268 адам ушу тапта аргасыз эс алууда. Тармак жетекчилери жазында Екатеринбург менен Москва каттамдары көбөйсө жумушка жайгаштыруу проблемасы кыйла жеңилдешине үмүт артып олтурушат. Мурдагы шалдырканы чыккан вагондордун кыйласы жаңыланып, поюз каттамдарынын абалы мурункусунан кыйла жакшырганы менен, Казакстан аркылуу өтүү дагыле кыйынга туруп, ыксыз текшерүүлөр токтолбой, териштирүүлөрдүн жыйынтыгында вагондордун каттамчылары менен каттам жетекчилери айыпка жыгылып каларын Б.Асанбаева Бишкекте өткөн маалымат жыйынында ачыкка чыгарды. Темир жолдо 20 жылга жакын иштеп, жалгыз өзү төрт баласын, анын ичинде майып баласын тарбиялап, бир үй-бүлө түйшүгүн өз мойнуна алган каттам жетекчисинин жүйөөсүн тармак башчылары анын убактылуу иштен бошотулушуна нааразылыгы катары гана карашууда.




Январь айы 1 млрд. сомго көбүрөөк бааланды
Былтыркы жылдын январь айына салыштырмалуу быйылкы жылдын январь айы жемиштүү деп аталды. Салыкчылар 2009-жылдын январында 1 млрд. 542 млн. сом топтосо, өткөн айда 2 млрд. 630 млн. сом жыйнап, бир жылдын ичинде бир миллиарддан ашуун сомго секирик жасады. Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Акматбек Келдибековдун айтымында, былтыркы жылы жалпы салык көлөмүндө "Кумтөрдүн" энчи 136 млн. сом болсо, быйылкы жылы 990 млн. сомго жогорулаган. Эгерде 15 жыл бою "Кумтөр" мамлекеттик бюджетке 5 млрд. 641 млн. сом тапшырса, бул ишкана быйылкы жылдын ичинде эле 3 млрд. сомдон ашуун салык берет. Андан сырткары, аталган мекеме былтыркы жылы өлкөдөгү соода түйүндөрү боюнча маалымат топтошкон. Бул жагдай кырдаалды текшерүүгө жана паракорчулукту жоюуга жардам берет. "Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, салыктын көлөмү 20-30 пайызга көбөйүшү ыктымал",-дейт А.Келдибеков. ЭЛЬВИРА КАРАЕВА

Бишкектин жашоочулары союз түзүү демилгесин көтөрүштү
"Кыргызстандын борборунда турак-жай менчик ээлеринин биримдигин түзүү зарыл" дейт көп квартиралуу үйдүн үй комитети, турак-жайды жашабай турган имаратка кайрадан оңдоого каршы болгон Раиса Билимова. Анын айтымында, Бишкектеги башка көптөгөн уюмдар сыяктуу эле бул тармак да болушу зарыл. "Көпчүлүк учурда үй комитеттери сотторго барып, көйгөйлөр менен жалгыз күрөшөт. Акыркы учурларда чектен ашуулар көбөйүп, мыйзамдар жана курулуштун нормалары бузулуп жаткандыгына байланыштуу биз биригишибиз керек",-деп билдирди Р.Билимова.
"Мен өзүм курулушчумун, мага Бишкек шаар башкармалыгынын босогосун жыртыууга туура келүүдө. Мен жашаган Киев көчөсүндөгү 49-үйдө эле он тогуз жолу мыйзам бузулду. Эгерде биз бардыгына жол бере берсек балдар бакчасы, аянтча жана үй астындагы тилкелерден айрылабыз",-дейт ал. Жеке менчик үй ээлеринин жолдошчулугунун (ЖМЖ) өкүлдөрү 1994-жылдан тарта мэрия жана атайы мамлекеттик органдар турак-жай фондунун сакталышына жана пайдалануусуна карата көзөмөлдү бошоңдоткондугун белгилешти. "Биз эл жашабай калган имараттарды сатууда алардын башка бизнеске ылайыкталып жасалышына каршыбыз",-дейт "Жол болсун" ЖМЖсынын төрайымы Валентина Корниенко.

"Манас" аэропортунан бөлүнгөн жер талашка түшүүдө…
Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министрлиги курулушчуларга бөлүнгөн жерди тартып алууга аракет кылууда. Мындай кабарды "Семетей интер" коомдук фондунун координаторлору маалымдашты. Юрист Нурлан Сулаймановдун айтымында, сөз "Манас" эл аралык аэропортунун түндүк-чыгышка карай жайгашкан 500 гектар жер тууралуу болууда. "2009-жылы КРнын өкмөтүнүн токтому менен 489 гектар жер бөлүнгөн. Премьер-министр жыйын өткөрүп, фонддун мүчөлөрүнүн арасында жер бөлүштүрүүнүн тартиби бекитилген. Топографиялык сүрөттөрү тартылып, жаңы эл жашоочу массивдин башкы планы түзүлгөн. Кийинчерээк ал генплан оңдолуп түзүлүп, КРнын Мамлекеттик курулушу жана башка ведомстволор менен макулдашылган. Бул документти Новопавлов айылдык кеңешинин сессиясында бекитишкен",-дейт Н.Сулайманов.
Фонддун координатору Ынакгүл Мураталиеванын айтымында, учурда Транспорт министрлиги келечектеги калк жашоочу массивге курулуш баштоо маселесин көтөрүүдө. "Бизге жердин 90 гектарына жайгашып, калганын Транспорт министрлигине берүүнү сунушташууда. Биз буга караманча каршыбыз. Жер алуу үчүн 4 миңден ашуун адам кезекте турат, ошондой эле 700 адамдын жер пайдалануу үчүн документтери бар",-дейт Ы.Мураталиева. АЙМИРА МЕНДЕЕВА





"Түндүкэлектро" 40 млн. долларга сатылды
Кыргызстандагы "Түндүкэлектро" ачык акционердик коомунун мамлекет акцияларынын пакети сатылганын "АКИпресс" маалымат агенттиги билдирет. Мамлекеттик менчик министрлигинин чыгарган чечими боюнча, акциянын 87,9 пайызы 40 млн. долларга бааланган. Аны курамында "К.С.Д Казахстан Нимисико холдинг" (Кипр), "Колинар холдинг" (Кипр) жана "Ала-Тоо Тени" ачык акционердик коомунан турган инвестициялык компаниялар консорциуму алган. Министрлик бул тууралуу маалымат "Эркин-Тоо" гезитинин жакынкы сандарында жарык көрөрүн айткан. "Түндүк электро" Чүй, Талас жана Бишкек шаарын энергия менен камсыз кылган уюм жана Кыргызстандагы алдыңкы компаниялардын катарына кирет.

Кыргызстанда 36 казино жана 55 оюн автоматтары иштеп жатат
Алар оюн мекемелерин түзүү жана кумар оюндарын уюштуруу боюнча лицензия алышкан. Кыргызстандын каржылык рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызмат кабарлагандай, казинонун көбү, б.а. 27си борбор калаада, төртөө Ош, экөө Жалал-Абад шаарында жайгашкан, ал эми Чүй, Ысык-Көл жана Баткен областарында бирден казино иштейт. Ошондой эле оюн автоматтары боюнча 36 зал Бишкекте, алтоо Чүй областында, Талас жана Ош областында төрттөн, үчөө Баткен областында, экөө Жалал-Абад областында иштеп жатат.
Мамлекеттик каржы көзөмөлдөн кабарлашкандай, оюн ишмердүүлүгүн патенттөөдөн Кыргызстандын бюджетине 2009-жылы 641,9 миллион сом киреше түшкөн, бул 2008-жылга караганда 24,3%га көп. "Zpress.kg"