Жер өз жашоосун аяктап баратат…
Адам баласы жер карызын качан төлөйт?
Мурзапар Үсөн, Баткен облусу, "Муз-Булак" коругу
Дүйнөнүн татаалданып баратканы адам баласынын жашоосунда күн санап эмес саат санап көзүбүзгө көрсөтүп "сага жашоо берип келген жерди асырап кал, анын да мүмкүнчүлүгү чектелүү, түгөнбөс нерсе, түбөлүктүү нерсе болбойт" деп кулак кагыш кыла табигатка болгон мамилесине көз сала бар нерсени көр тутсаң эртең зар болосуң" дегениндей бар деп эле көр тута ысырап кыла берсең эртеби-кечпи анын түгөнчү мезгили да келет. Мына эми башкасын коёлу адам баласын алмустактан бери көтөрө жашоо берип келген жерге да кезек келип жеткендей кооптонууну жаратты. Жер жерлигинен түтө кордук-зордуктун баарына кайыл боло чыдап бул күндөргө жетти көрүнөт. Эми мындан аркы тагдырын тобокелге сала илимий-техникалык прогресстин ачылыштарына умтулган адам баласынын ай чапчыган акыл-эсине таштап койгондой тариз өкүм сүрөт. Чынында эле кийинки илимий-техникалык чоң ачылыштарды жасап таң каларлык ийгиликтерге умтулган адам баласы өзүнүн жашоо жыргалчылыгына кам көрүп, а жер тагдыры эртең кандай болот, таптакыр эле унутуп койгондой ээлеп алган жерлерибизди ой келди пайдаланып жерге болгон кайтарым эч бирөөбүздүн эсибизде жок жүргөнүбүздүн корун эртеби-кечпи тартпасак эле болду деп каласың. Миллиондогон жылдар баш паанек кыла жашап келип эми мындай жер кайтарымын бере турган даражага жетип отурсак да өзүбүздүн жыргалчылыгыбызды ойлоп жердин кожоюну биз, бизсиз жерде жашоо жок деп түшүнөбүз.

А жерди жок кылып алсак адам баласынын жашоосу болобу деген ой эч бирөөбүздүн кыялыбызга да келбейт
Демек мындай жөнөкөйлөштүрүп айтканда жер карызын жаратканга бералбасак да жердин өзүнө беришибиз керек, өзүнүн нукура табиятын сактап калуу үчүн жумшашыбыз керек. Адам баласын ким багып, ким асырап келгенин унутканыбыз эртеңки күндөрдө болчу жакшылыктын жышааны эмес. Бири-бирисиз жашай албаган жер ажарын эсепсиз кор кылсак эртеби-кечпи табигат да адам баласынан аёосуз өч аларын күн санап көзүбүзгө көрсөтүп жатпайбы. Ааламдын тең салмактуулугунун жоголуп баратышы андан бетер. Илимий-техникалык акыл-эске таянып күчкө салуу менен жасалган кубулуштар, мен сенден өтөм деген атомдук жарышуулар бул адам баласынын биринчиден өзүнө, анан биротоло жок болчу жерге жасаган кыянатчылыгы эмей эмне. Жер да өз мүмкүнчүлүгүнө жараша акыл-эстүү адам баласы баш болгон жандыктарды асырап келет. Туура, бири-бирине кас алдуу алсызды кырып турчу процесс да табигаттын тең салмактуулугун сактоодо жашоо мүмкүнчүлүгүнө кам көрөт. Бул жашоо ыргагынын закон ченемдүү көрүнүшү. Акыл-эстүү адам баласынын өмүр бою келаткан бири-бири менен касташуусу, аёосуз согуштары, бири-биринен күч жагынан өтүп туруусу, экинчисинин кырылып туруусу деле табигат тарабынан берилген тең салмактуулуктун көрүнүшү. Тоголок жерде жашап турасыңбы аны эч ким танып кеталбайт, танып, бул жашоону өзгөртө да алган эмес. Жакшысы жердеги жашоону андан ары узартабыз десек эң ириде жердин нукуралуулугуна, табигаттын өзгөртүүгө болбогон тең салмактуулугуна кам көрүп, бизди курчап турган ааламга чабыттаган космостук учууларды, ошо жактан жашоо издегенибизди токтотолу. Ансыз деле бизди күн нурларынан калкалап турчу, тең салмактуулукту сактап турчу озон катмарларынын экинчи бүтөп болбогон тешилип, жыртылып жатышы жердин өз жашоосун дагы да тез аяктоого шарт түзүп жаткандыгы, чабыттаган мен сенден кемби деген атаандашуусу адам баласы өзү атаган кыямат-кайыпка алып бараткансыйт. Бир билгеним нукура жаралган жерде эч өзгөртүүгө учурабаган нукуралуулук гана жашай алат. Азыр эми акчасы көп миллионер космоско саякаттоону адатка айлантып баратышат. А ошо миллионерлер жалгыз өзүнүн кызыкчылыгы үчүн мени көрсүнгө чиренбей жерге болгон карызын төлөсүн, адам баласынын эртеңкиси үчүн жер аманчылыгына кам көрсүн. Жерди байырлап, жерде жашагандан кийин ар бир адам өзүн көтөрүп турган ааламдагы жашоосу бар кара жерге кам көрсүн.

Жер деген бирөө гана
Анын кожоюну жараткан болсо, анда башпаанек кылып ижарада турган биз адам баласы. А жердин азыркы учурунда 7 млрд. дан ашык калк жашайт экен. А жердин болсо адам баласын көтөрө бакканга 11 млрд. ка жакынына гана чама-чаркы жетет деген эсептөөлөр бар. Жашырыны жок тең салмактуулуктун бул жагын да эске алган жакшы. Жер шарында мында миллионго жакын калк ачка, жакыр жашашат деп гранттык жардамдар, мээрим булактары иштеп келет. Аны менен эле ошо жакыр, ачка адамдар тоюнуп төгөрөгү төп келишип жатып калбайт дечи. Андай нерселер убактынча көрүлгөн камкордук. А биздин кыргызда эскилерден калган бир жакшы накыл кеп бар. "Баланын эртеңкисине камкор алсаң гана жарат" деген. Мындан өткөн сөз болбос. Турмуштук философиянын тереңинде эч ким айталбаган терең ой жаткандыгы менен таң бердиртет. Мында адамдын жакшы жашоосуна болгон камкордук, санда эмес сапатта, сиз менен мен айталбаган ойлор ушу бир сапка батырылган. Жер карызы - бул дүйнө окумуштууларын, мамлекет башчыларын, саясатчыларды, колунда бар миллионерлерди, жалпы эле адам баласын ойго салчу нерсе. Биз адамдар ушу кара жер боорун илме тешикке айлантып бар байлыгын казмалап, жармалап алып жатпайбызбы. Жер карызы десе айрымдар жашап жаткан короо жайына төлөнчү жер налогу деп түшүнүшү мүмкүн. Ал деген мамлекеттин казынасына түшчү чыгым. Мен айткан жер карызы жерди илме тешикке айлантып байлыгын алып жаткан накта жердин өзүнүн эртеңки тагдырына, келечегине жумшалчу карызы.

Өлчөмсүз байлыкты жерден алып жаткандан кийин табигатты кайра калыбына келтирүү үчүн ошо байлыкты иштеткендер төлөсүн
А байлыкты алса ала берсин, экологиялык бузулуулар эмне болсо ошо болсун деп кайдыгерликке алсак анда көрбөсөм көчүгүмдү бөрү жесин, эртеңки күн эмне болсо ошо болсун деген менен барабар болуп жатпайбы.
Айтор, азил-чыны аралаш кептин бир нерсеге таянган мандеми бардыгын баарыбыз эле туюп көкүрөк көйүбүздө толгонуп турабыз. Бирок бул деген бир топ адамдардын колунан келчү иш эмес. Башкага кайдыгер кашаң тартсаң да жер тагдырына адам баласы кол шилтеп кетпесине бөркүмдөй ишенем. Айтаарым жер жерлигинен миллион жылдар түтө өз жашоосун аяктап баратат. Өзүбүздү илимий-техникалык ачылыштар менен жоонтпойлу, нукура жашоосу бар жерден ажырап калбайбы десек жерге болгон карызыбызды төлөп, кеч боло электе жердин нукуралуулугун сактап калалы!
"Жер карызын төлөшүм керек" деген ой ар бир адамдын көкүрөгүндө жашаш керек. Азили жок чын айтам, адам баласы жерге берчү карызыбызды качан төлөйбүз!?




 [ жаңы китептер жентеги ]

Түшүндүрмө сөздүктүн таанытымы
Улуттук Илимдер академиясында "Кыргыз тил сөздүгү" деп аталган китептин таанытымы болуп өттү. Бул эмгек Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, УИА мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиев башында турган редакциялык топ тарабынан иштелип чыккан.
Мындан мурда кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү 1969-жылы 24 миң сөздү камтып жарык көрсө, 1984-жылы мындай сөздүктүн 1-тому чыгып, 2-тому ошол бойдон басылбай калган, а түгүл колжазмасы да жоголуп кеткен. Жаңы сөздүк 50 миңден ашык сөздү ичине камтыйт, көлөмү А-4 форматында 1458 беттен турат. Китепте ар бир сөздүн түшүндүрмөсү берилүү менен ошол сөз катышкан тексттерден мисалдар келтирилет. Ал гана эмес басылманын соңунда жылдыздардын, пирлердин, убакыттын, жылдан, айдын, аптанын күндөрүнүн кыргызча аталыштары да берилет.
Таанытымга белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев баш болгон бир нече академиктер, тилчи окумуштуулар катышты. Жогорку Кеңештин депутаттары Турдукан Жумабекова, Роза Абдыраимова китеп чыгаруучуларды бул чоң иши менен куттуктады.


Педагогдун бараандуу эмгеги
Исак Бекбовдин "Кыргыз педагогикасы - кыргыз улутунун жүзү" деген көлөмдүү китеби жарык көрүп, ал 8 главадан турат. Баш сөздү Кыргыз билим берүү академиясынын президенти А.Мамытов жазган.
Китеп "Педагогиканын жалпы маселелери", "Мектепти илимий башкаруу маселелери", "Адистикти жогорулатуунун проблемалары", "Жогорку окуу жайларында билим берүү", "Тарбия маселелери" деген сыяктуу бөлүмдөрдөн туруп, белгилүү окумуштуунун жарым кылымдан ашык илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндөгү урунттуу эмгектеринин бир бөлүгүн камтыйт. Теориялык жана методикалык багыттагы бул жыйнак менен таанышкан окурман, өзгөчө билим берүү, балдарды тарбиялоо багытында иш алып барып жаткан адистер жана ата-энелер өздөрүнө керектүү көп нерселерди табат.


Эл мугалими тууралуу эмгек
Улуттук педагогикабыздын патриархы тууралуу "И.Б.Бекбоев - мугалимдердин мугалими" аттуу китеп басылып чыкты. Анда окумуштуунун кыскача өмүр баяны, библиографиясы берилүү менен ал инсан тууралуу кесиптештери, шакирттери ой жүгүртөт, арноо ырларын сунуш кылышат. Ошондой эле педагог-профессордун ар түрдүү басылмаларга берген маектери, ал киши тууралуу портреттик очерктер да ушул китептен орун алган. Бул китеп менен таанышкан окурман өз өмүрүн татыктуу өткөрүп жаткан жана кыргыз илимине, билим берүүсүнө ак ниет мамиле кылып жүргөн адам тууралуу көп нерселерди билет жана китеп өрнөктүү адамдын өмүрү жаштарга үлгү катары таанытуу үчүн кызмат кылат. Абдыкерим МУРАТОВ