Дүйнөнүн дагы бир көйгөйү: Кытай-АКШ мамилесинин салкындоосу
БАШЫ БИРИНЧИ БЕТТЕ
1949-жылга чейин чоң Кытайдын аралдык провинциясы болуп келген Тайван менен АКШнын ортосундагы курал-жарак менен камсыздоо боюнча келишимге 2008-жылдын октябрь айында ал кездеги президент Жорж Буш тарабынан кол коюлган. Ошо мезгилде да расмий Пекин эки тараптык мамиле жаңыдан оңтойлуу жакка бурулуп баратканына карабастан, коргонуу жаатындагы диалогду токтотуу чечимин кабыл алган. Тоңуп калган мамиле Вашингтондо бийлик алмашып, АКШнын президенти болуп Барак Обама 2009-жылдын башында ишке киришкенден кийин гана кайра оңоло баштаган эле.
Тайвандын көз каранды эместигин, 1949-жылкы Кытайдагы коммунисттик революциядан ошо кездеги бийлик өкүлдөрү качууга аргасыз болуп, аралга барып жашынып, өзүнчө бийлик системасын түзүүгө жетишкен Гоминьдан партиясы жарыя кылган. Коммунисттик бийликтин карамагынан чыгууга далалат кылган башка өлкөлөргө колдоо көрсөткөн сымал эле, мында да АКШ Пекинге баш ийбегендей кылып, Тайванга саясый гана колдоо көрсөтүп, аны менен мамиле түзүүгө өтпөстөн, ага материалдык жактан да колдоо кыла баштаган. Эң оболу андай колдоо Тайвандын куралдуу күчтөрүн чыңоо үчүн көрсөтүлүп, андан соң гана башка тармакка көңүл бурулган. Андай колдоо эч үзгүлтүксүз ошондон бери уланып, АКШнын Кытай менен мамилени жакшыртууга кылган умтулуусуна тоскоолдук болуп келген. Расмий Кытай Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болсо да, эми дүйнөнүн эң күчтүү экономикасына айланса да, эл аралык саясый аренада бир гана чоң Кытай мамлекети бар деген ураанды башкаларга таңуулап, башка мамлекеттердин Тайванды расмий таануусуна катуу каршылык көрсөтүп келген. АКШ менен алакасын оңдоодо да дал ушул тезисти алдыга чыгарып, сепаратисттик кыймылдар бар маселелерге өтө сезимтал мамиле кылып келген. Учурда Кытай менен дипломатиялык мамиле курган мамлекеттер дүйнөдө бир гана Кытай мамлекетин тааный тургандыгын жарыя кылышкандардан турат.
Саясый эксперттердин баамында, Пекиндин мындай катуу позицияны ээлөөсүнүн артында өзүнүн саясый гана бедели менен урмат-сыйын сактап калуу максаты турбастан, көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекет болгон Кытайдын ыдырап-бөлүнүүдөн сактап калуу аракети турат. Кытайдагы эң проблемалуу маселе катары Тибеттин статусу менен Синьзян-Уйгур автономиялык райондо жашаган ондогон түрлүү тилдеги улуттардын келечеги тууралуу маселелерди айтса болот. 1,3 миллиард калкы бар Кытай жер жетишпей кала турган учурга кабылаарын, коммунисттердин колунда турган расмий бийлик жакшы сезет. Ошол себептерден улам мындан 35-40 жыл мурун "бир үй-бүлөдө бир бала" деген ураанды ишке киргизип, элдин санын азайтуу аракетине аргасыздан барган. Бирок акыркы 15-20 жыл ичинде Кытай экономикасы дүркүрөп өсүп, элдин жашоо деңгээли бир топ өйдөлөгөн сайын, мындай талап-чектөөлөр жумшара баштаган. Ошол эле мезгилде Кытайдан чыгабыз, өз алдынча мамлекет курабыз деген кыймыл-аракеттерди расмий бийлик ырайымсыз басып келүүдө. Анын акыркы эле мисалы катары 2008-жылы күзүндө, Тибеттеги тургундардын Далай-Ламанын талабын колдоого алгандар менен, 2009-жылы жайында Синъзяндагы уйгурлардын өз алдынчалыкка жетишүүгө жасаган аракеттерин курал колдонуу менен басып койгонун келтирсе болот. Чоң Кытайдын кооптонуусун жараткан дагы бир себеп - Тайвандагы түзүлгөн демократиялык система жана эркиндик. Андагы система чоң Кытайдагы элге жуга турган болсо, анда башаламандыкка жол ачылат деген кооптонуулар, Пекиндин ушуга чейин карманган позициясын ого бетер бекемдеп келген.
Эл аралык деңгээлдеги Кытайды изил-дөөчүлөр, АКШга акаарат көрсөтүүгө батынган Пекиндеги расмий бийлик, экинчи жагынан Вашингтон менен толук кол үзүшкөнгө даай албайт деген ойдо. Анын бирден бир себеби, азыркы Кытай экономикасы дүйнөлүк экономикалык система менен абдан тыгыз байланып калганы. Мамилелерди чыңалтуудан Кытай бир жагынан болбосо да, башка жагынан запкы жеп калышы ыктымал. Андыктан Кытайдын ичиндеги эле аналитиктердин айтуусунда, Пекиндин катуу позициясы азыр саясый жактан утуштун ордуна экономикалык жактан утулууга алып келиши мүмкүн дешүүдө. Анткени, учурдагы Кытайдын жаңы технологияларга, өзгөчө авиа-космостук өнөр-жайды өнүктүрүү боюнча пландары ишке ашуусу үчүн, зарылдык абдан чоң. Ал эми жогорку темп менен иштеп жаткан Кытай экономикасын токтотуп коюу мамлекеттин жалпы абалына терс таасир тийгизет деген адистер аз эмес. Ошол себептен Кытайдын тышкы иштер министрлиги АКШнын Тайванга курал-жарак сатуусу боюнча келишимге катуу эскертүү менен чыгышы, ошону менен эле аяктап, андан катуу кадамдарды жасоосуна тоскоолдук кылышы толук мүмкүн.
Ошол эле учурда фактыларга караганда, акыркы бир жыл ичинде расмий Кытай АКШга карата бир топ кыр көрсөткөн позицияда болуп келгени байкалат. Алардын арасында учурда дүйнө жүзү башынан кечирип жаткан глобалдык кризистин себепкери АКШ деп айып такканы, климаттын өзгөрүүсү боюнча дээрлик үзгүлтүккө учураган Копенгагендеги өткөн конференцияда АКШнын сунушун четке кагуусу, Иран боюнча БУУдагы талаш-тартышта жалаң өзүнүн көз карашын жактоого алуусу өңдөнгөн бир топ мисалдар бар. Мындай кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алган Вашингтон бара-бара өзүн ишенимдүү сезип, Пекинге карай жетишээрлик катуу жоопторду берүүгө өтүүсү да байкалат. Анын бири болуп дал Кытай каршы чыгып жаткан Тайванга курал-жарак сатуу келишими дешүүдө АКШ серепчилери. Дипломатиялык майданда азыр тирешүү абдан кызып турган кез. Тайванга курал сатууга нааразылык эмнегедир Сенатта талкуу боло электе, себеби Сенат келишимди колдобой да коюусу мүмкүн, бирок АКШнын Мамкатчысы Хилари Клинтон расмий Кытай бийлигинин Иран маселесине байланыштуу ээлеген позициясын сындап чыккандан кийин жарыяланган. Терең иликтөөчү аналитиктер АКШнын Кытайга карата мамилеси, Вашингтон жүргүзгөн эл аралык саясаттын арасында Афганистан менен Ирактагы согуштан кийинки эң маанилүү маселеге айланышы менен байланыштырып жатышат.
Эки тараптык мамиле түзүүнүн тарыхында акыркы 20 жыл ичинде бир топ чыңалуу менен жумшаруу учурлары байкалат. Билл Клинтондун учурунда Вашингтон Кытайды негизинен адам укугу маселесинде сындап келген. Ошо кездеги АКШ Администрациясынын позициясын, Кытайдын эл аралык аренага толук кандуу кошулуу келечеги өлкөдөгү адам укуктарыын абалына жараша болуусу керек деген көз караш түзгөн. Бирок Клинтон андан соң көз карашын өзгөртүп, Кытай эл аралык деңгээлде изоляцияга алынбаса, анда эки тараптын кызыкчылыгы үчүн көбүрөөк пайда алып келет деп өзгөргөн. Ошол сымал эле Буштун бийликке келүүсү да эки тараптын алакасын адегенде начарлатууга алып барган.
Азыр Барак Обама президент болору менен, эки тараптык мамиле эки өлкөгө бирдей экономикалык утуштарды алып келүүсү зарыл деген көз караш үстөмдүк кылган эле. Жумшак мамиле менен Вашингтон Пекиндеги бийликти өз тарабына тартууга аракет кылып, бирок андан майнап аз болгондугуна байланыштуу, позициясын катаалдатууга аргасыздан барган. Мунун артында, албетте, Кытайдын глобалдык кризистен жөн гана жоготуусуз чыгуусу эмес, өз экономикасын 2009-жылы 8 пайыздан көбүрөөк өстүрүп, потенциалы жагынан дүйнөдө экинчи орунга чыккан экономикага айланып, Японияны үчүнчү орунга жылдыруусунан пайда болгон өзүнө өзү болгон ишенимдин күчтүүлүгү турат. Андыктан, Тайванга келишим менен сатыла турган курал-жарак маселеси эки тараптык мамилени сынай турган көптөгөн маселелердин алгачкысы гана болуусу ыктымал. Муну жакшы түшүнгөн АКШ бийлиги эми Кытай бийлигин сынай турган кадамдарга баруусу мүмкүн. "Алардын бири, жакында Барак Обама менен Тибеттин руханий лидери болгон Далай Лама менен сүйлөшүү жүргүзүүсү болушу мүмкүн",- деп жарыя кылды АКШ Мамкатчысы Х.Клинтон. Мындай кездешүү былтыр эле белгиленген. Бирок Вашингтон Пекиндин айыптоолорунан ары болуш үчүн аны өткөргөн эмес. Эми Пекинден чыккан бир топ катуу сындан кийин, мындай кездешүү болуушу эки тараптык мамилени дагы бир жолу сыноого алмакчы жана Кытайдын чай-чарпы канчалык экендигин даана көрсөтмөкчү.




"Газпром" жана Орто Азия: келечектүү жана узак мөөнөткө созулган шериктештик
"Газпром" компаниясы ишмердигинде кызматташтыкты жана өз ара кирешеге негизделген ишкердикти жогору коёт. Анын ичинде Орто Азиядагы соода өнөктөштөрү менен болгон мамилесинде бул сапаттар маанилүү. Аталган компания жаратылыш газ индустриясын баштаган күндөн бери аймакта таасирдүү ишкана катары орун алууда. Келечекте төрт тарабы келишкен долбоорлордун ишин илгерилетип, аларды кеңейтүүнү максат кылат.
Орто Азиядан келген көгүлтүр оту "Газпром" компаниясына олуттуу кошумча болуп берет. Бир гана Россиянын ичиндеги сатуучуларды эмес, КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн керектөөчүлөрүн да камсыз кылат. Курулуштун жылдан-жылга жаңылануу жана жакшыруусунун эсеби менен алыс аралыктагы түтүктөрдү орнотуп жатабыз. Аны менен бирге жаратылыш газы жогорку деңгээлдеги туруктуу жана ишенимдүү түтүктөр аркылуу келүүдө. Ошондуктан, бул аймакта шериктештерибиз менен газды экспорттоп, ийгиликке жетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайданалып, иштин өтөсүнө чыгуу абалында турабыз. 2008-жылы "Газпром" компаниясы Орто Азиядан баары биригип, 66,1 млрд. метр куб газ сатып алды. Анын ичинде Түркмөнстан - 42,3 млрд. метр куб, Өзбекстан - 14,2 млрд. метр куб жана Казакстандан 9,6 млрд. метр куб жаратылыш газы келди. Андан сырткары, "Газпром" эң кыска убакыттын ичинде Азербайжан өлкөсү менен 500 млн. метр куб газ сатып алуу келишимине кол койду.
Былтыркы жылы биздин компания Өзбекстан, Казакстандан ала турган көгүлтүр отун 15,4 млрд. метр куб жана 10 млрд. метр кубуна жогорулатты. Бирок компаниянын рыногунда суроо-талап төмөндөп, ага кошумча каржылык жана экономикалык кризистин күчөшү менен Орто Азиядан келген жаратылыш газдын көлөмү 37,3 млрд. метр куб боюнча калды. Мында 2009-жылдын апрель айында Түркмөнстандан келчү газ түтүктөрүндө болуп өткөн кырсык да себептердин бирине кирди. Бирок Түркмөнстан өз ишин кайра үстүбүздөгү жылдын январь айында жаңылады. Быйылкы жылы Азербайжан менен Орто Азиядан келген көгүлтүр оттун көлөмү 40 млрд. метр кубдан ашат. 2013-2015-жылдарда эски деңгээлге жетүү менен биргеликте "Газпром" компаниясы 2008-жылдын деңгээлине кайра чыгууга кызыкдар. Орто Азиядан келген жаратылыш газы биздин компания үчүн маанилүү боюнча кала берет. Бул аймактан келген жаратылыш газы ички рынокту да, чет өлкөлүк рыноктордун талабын да аткарууга мүмкүнчүлүк берет.
Өз ара кирешеге таянган ишкердикти жөнгө салуу "Газпром" компаниясы үчүн маанилүү. Орто Азиядан Россияга ишенимдүү жеткен газ көлөмүнүн жогорулашы бизге дагы, аймактагы өнөктөштөргө дагы пайда алып келет. Каспий деңизинен өтүүчү газ түтүктөрүнүн курулушу, Түркмөнстан менен Казакстандын президенттери кол койгон келишими Россияны бирдиктүү кирешеге басым жасайт. 2008-жылы "Газпром" Түркмөнстандагы долбоорлорго инвестиция берүүгө макулдугун берген. Былтыркы жылдын декабрь айында түркмөнстандык шериктештерибиз менен биргеликте "Каспий" жана "Чыгыш-Батыш" газ түтүктөрүн куруу маселеси боюнча чечимибиз дагы бир жолу далилдеди. Жылына 30 млрд. метр куб газ ташыган "Каспий" түтүгү 1 700 чакырымды камтып, Түркмөнстандын газын Казакстан аркылуу Россияга байланыштырат. "Чыгыш-Батыш" түтүгү болсо, азырынча аягына чыга элек Түркмөнстандын газын ташуу системасынын маанилүү байланыштыруучу түтүгүнө айланат.
Энергия булактарына бай болгон Орто Азия кыска убакыттын ичинде кызыктыруучу борбор болуп калды. Ал эми "Газпром" компаниясы атаандаштык майданында аракетин көрсөтүү жана максатын иш жүзүнө ашыруу боюнча тажрыйба алып бүткөн. Орто Азия өлкөлөрү менен болгон мамилебиз бул көп жылдар бою аткарган ишибиздин жемиши. "Газпром" техникалык маалыматын жана тажрыйбасын Орто Азиядагы шериктештери менен бөлүшүүгө даяр. Азыркы учурда Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан мамлекеттери менен жаратылыш газын өндүрүү, ташуу жана кенди изилдөө тармактары боюнча бирдиктүү инвестиция долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз.
"Газпром" Европага газды экспорттоону баштагандан бери Орто Азия газы өтө маанилүү бир үлүшкө ээ. Башкача айтканда, Орто Азия менен болгон мамилебиз Европанын энергия коопсуздугунун көп жылдарга созуларына кепил боло алат. Европа Россиянын катышы жок "Набукко" газ түтүгү менен бул аймактан түздөн-түз газды алуу боюнча макулдук алса да, мындай абалга биз да келишүүнү камсыз кылабыз. Бирок жаңы бир газ түтүктөрүн куруу долбоору көп жылдар бою бизге жана кардарларыбызга кызмат кылган "Газпром" стратегиясынан баш тартты дегенге эч кандай себеп жок. АЛЕКСАНДР МЕДВЕДЕВ, "ГАЗПРОМ" КОМПАНИЯСЫНЫН БАШ ДИРЕКТОРУ
"ZAMAN" ГЕЗИТИ, 28-ЯНВАРЬ, 2010-ЖЫЛ